п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ийгилик формуласы

Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"
- Бейшен Мамбеталиевич, сиздин оюңузча "АЮ" компаниясынын ийгилигинин сыры эмнеде?
- Биринчи кезекте, биздин мекеменин ийгилиги-биздин кызматкерлерде. Биздин компания- бир максатты көздөгөн, кыйынчылыктарды бирге жеңген бир команда. Биринчи күндөн баштап эле биз жогорку сапаттагы продукция чыгарабыз деген максат койгонбуз. Көпчүлүгүнүн товары рынокто белгилүү болгондон кийин тез эле сапаты начарлап, элдин талабы солгундай түшөт. Биз чыгарган продукция беш жылдын ичинде өзүнүн сапатын да, популярдуулугун да жоготпой келе жатат. Сапаттуулукка умтулуп, түшкөн кирешенин көбүрөөк бөлүгүн биз кайрадан эле өндүрүшкө жумшайбыз. Алты жылдын ичинде совет мезгилинен мураска калган технологиябызды болушунча жаңырттык.
- Баарын башынан башташ оор болсо керек. Бир аз компаниянын тарыхына, басып өткөн жолуна кайрылбайлыбы?
- СССР маалында азыркы компаниянын ордунда башка өндүрүштүк завод бар болчу. Эң алгач биз өз аянтыбызды тазалоодон баштадык. 2003-жылы 12-апрелде биздин өндүрүш ишке киришип, биринчи күндөн баштап эле элдин жүрөгүнөн түнөк тапканга аракет кыла баштадык. Кичинекей таштанды завод беш жылдан кийин мааракесин белгилеп, өлкөдөгү чоң өндүрүш мекемесине айланат деп эч ким күтпөсө керек. Эң биринчи чыгарган "Русский медведь" арагы дүкөндөрдүн текчесинде тизилип турса да башка арактардан өзгөчөлөнө алды. Анын артынан "Аю", "Родник", "Sobranie" арактары да популярдуу боло баштады. Биз чыгарган продукциялар сапаттуу деп табылып, жыл сайын сыйлыктарга, медалдарга ээ болуп келебиз. Андан сырткары эл аралык сынактарга, көргөзмөлөргө катышып келебиз. Алган сыйлыктарыбыз ар бир кызматкердин компанияга кошкон салымынын үзүрү.
- "Аю" заводунан чыккан арак башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
- Арактын сапаты сууга көз каранды экенин билсеңиз керек. Сууну тазалап, даярдоо этабы бизде эң жогорку деңгээлде аткарылат. Заводду кураардан мурда Кеминден баштап Кара-Балтага чейин жер астынан чыккан суунун сапатын иликтегенбиз. Сууларды экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгында Сокулуктун суусу эң жакшы деп табылып, зоводду ушул жерге курганбыз. Эл аралык дегустациялык комиссия биздин арактын сапатын мыкты деп тапкан, албетте буга суунун сапаты да өз таасирин тийгизди.
- Жогоруда сиз медалдар менен сыйлыктар жөнүндө айттыңыз, сиздин компанияга кайсынысы маанилүүрөөк деп ойлойсуз?
- Менин оюмча "Жыл тандоосу" болсо керек. Андан сырткары эл аралык "United Vodka" конкурсунан алган күмүш медалдар да жеке биздин заводдун эле эмес, бүткүл Кыргызстандын сыймыгы деп эсептейм.
- А өзүңүз кайсы аракты жакшы ичесиз?
- Мага ушул суроону көп беришет. Мен дайыма бул суроого биздин арак - эң жакшысы деп жооп берем. Себеби "Родниктен" баштап "VIP" ке чейин жогорку сапаттагы заттан жасалаарын билем.
- Мындан аркы пландарыңыз кандай?
- Жакынкы аралыкта биз Европа өлкөлөрүндөгү базарларга чыгууну пландап жатабыз. Азыр биздин товарлар Өзбекстан, Казакстан, АКШга жеткирилет. Өндүрүштү мындан да кеңейтип, ар бир той, кече биздин компаниянын ичимдик продукциялары менен коштолушуна аракет кылабыз.




Баары акча тууралуу…

Акчаны шамалга сапырса болот, эгерде ал шамал сиз тарапка үйлөсө.
Америкага бара турган адамга эки нерсе сөзсүз керек, же акыл же акча…
Өзүңдүн капчыгыңдагы акча эч качан жетпегендей, аздай туюлат. Бирөөнүн капчыгындагы акча көптөй, ашыктай сезиле берет.
Акчанын сыйкырдуу күчү- адам акчасы болсо өзүн эч убакта жалгыз сезбейт.
Акча убакыт. Бизде бар убакыт-чөнтөгүбүздө жок акчага барабар.
Качан акчаң жок болгондо каражатка байланышкан каалоолоруң көп болот.
Акчанын өлчөмү канчалык көп болсо, каалоолоруң ошончолук азая баштайт…
Бирөөнүн алдында милдетиң бар адамга карызга акча бербей эле койгонуң оң, ал баары бир ал карызды кайтарып бербейт.
Акча дайым айланып, иштетилип турушу керек. Акчаны сары майдай сакташтын кажети жок. Кандайдыр бир пайдалуу ишке же банкка салганыңыз туура. Акчанын көбөйүп турушу-алардын жашоосу.
Акчаны алып жатканда ырахаттануу менен алып, бергенде ичиңизди оорутпай бериңиз.
Акча чогултам деген максатты алдыга койбоңуз. Анткени акча - ошол максатка жетүүнүн негизги куралы.
Акчаны эч убакта дүйшөмбү күнү карызга албаңыз, карызыңызды жума күндөн башка күндөрү кайтарып бериңиз.
Таман акы, маңдай териңиз менен тапкан акча өз берекесин жоготпосун десеңиз, айлык алган күнү бир сомун да коротпой үйгө "түнөтүп" чыгыңыз.
Оңой жол менен келген акча (оюндан утуп алган, кокусунан таап алган, бирөө белек катары берген) эч убакта береке алып келбейт. Андай акчаларды тез аранын ичинде жакындарыңызга жумшап салганыңыз оң.
Кийим илгичте илинип турган жайкы, кышкы кийимдердин чөнтөгүн куру калтырбай, майда тыйын салып коюңуз.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??