п»ї
 Таанышуу жарыясы


Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда

"Атактуунун арзуусу" рубрикабызга кыргыздын белгилүү инсандарынын сүйүүсүн жаздык жана жазып келебиз. Кээ бирине "Сүйүү жана сүйүүңүз жөнүндө сүйлөп бересиз"-десең, алдасташып, "Мен анча фантазиялаштырганды билбейт элем" дешсе, кээ бири жакшы эле айтып келатышып, болбой эле турмуштун түмөн түйшүгүнө түшүп алышкандарын өздөрү байкабай калгандар да болду. Биздикилер минтип, "сүйүүнү" эмес "күйүүнү" сүйлөп туруп алышса, башкаларга баш бага баштайт экенсиң.
"Өткөнгө өкүнбө"-деп коебуз. А бирок кээде адамдын өткөндөгүсү келечеккке үмүт берип, дагы жашаганга кайрат-күч берип тураары да анык. Людмила Кальныш жаш кезинде бири-бирине сүйүү арнашкан Нуринин деми менен кырк жылдан ашык убакыт "аба жутуп" келет. Бүгүнкү күндө ошондогу жаш жигит Нури Казакстандын-президенти, ал эми Людмила-медайым. Эми муну маанилүү нерсе катары карабай деле койсок болот. Анда, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин арзуусуна көз чаптырып көрөлү, кызык экен!


1994- жыл. Украинанын Днепродзержинск шаарында жандануу өкүм сүрүп, көчөдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кортежи өтүп жатты. Президент өзү окуган №8 кесиптик орто окуу жайына келип, ал жактын окутуучулары, чогуу окуган парталаштары жана студенттери менен жолугушкан. Сүйлөп жаткан президент күтүүсүздөн ачылып кетип: "Мен силердин шаардан эки досума колукту алып бердим. А өзүмө ала алган жокмун", анан бир аз туруп, "…Мен бул шаарда алгачкы сүйүүмдү башымдан кечиргем" деген кошумчалап. Анын бул айткан сөзүн Людмила Ивановна радиодон уккан. Ал эми жолугушууга атайын келген эмес. Нурсултанды көргөндө эс-учун жоготуп, жыгылып калуудан корккон. Назарбаевдин өз оозунан чыккан "саламын" укканда, андан бетер толкунданып, "Демек ал да мени унутпаптыр да" деген ойдун туткунунан чыга албай калат.
Тангонун ритминде
бийлеп…
…Нури Люданы спортзалдан байкаган. Экөө бир залда : Нури күрөш менен залдын берки бурчунда машыкса, Люда көркөм гимнастика менен наркы бурчунда машыкчу. Люда машыгып жатып, артынан дайыма Нуринин көзү тиктеп тураарын сезчү. Тиктеп турган жигит - Комсомолдук курстун отличниги экенин кыз да билчү. "Эсимде, биз кыздар менен жыйналыш залында, кайталанма сөздөрдөн тажап, эригип отурганбыз. Бир убакта трибунага Нурсултан чыкты. Мени анын орусча "э", "ну" деген сыяктуу ашыкча сөздөрдү кошпой, так, даана, уккулуктуу сүйлөгөнү таң калтырды" деп эскерет Людмила Ивановна. Андан көп өтпөй машыгуудан кийин Нурсултан Люданы күтүп турат. Аны байкаган Люда толкунданганынан андан качып, көчө бойлоп чуркап, тааныбаган эле бир үйдүн подьездине кирип кетет. Артынан келген Нури "Бул сенин үйүң эмес да" дейт, "А сен аны кайдан билесиң?" деген суроого жооп берүүнүн ордуна, "Жүрү узатып коёюн. Караңгы кирип кетсе кете албай каласың" деген тура. Андан көп өтпөй өпкөсүнө суук тийип, Люда ооруканага жатып калат. Эки күндөн кийин ордунан акырын туруп, терезени караса, көчөдө- Нурсултан. Чочуп кеткен Люда терезе парданын аркасына жашынып жатканын байкап калган, жанында жаткан улгайган аял: "Кызым, эмне титирейсиң? Жакшы бала экени көрүнүп эле турат" деген экен. Айыгып, ооруканадан чыккандан кийин экөө кыз-жигит болуп жүрө башташат. Баарынан кызыктуусу: экөө тең биринчи жолу бири-бири менен танго бийин бийлегени болгон. "Нури мага абдан аяр мамиле кылчу. Башка балдардай болуп, асылганды билчү эмес. Ал менен жүргөндөн коркчу эмесмин, ишенимдүү жана тынч эле" -дейт Люда. Экөө бири-биринин сүрөттөрүн да алып жүрүшкөн. Ошентип, Люданын апасы менен таанышканга кезек келгенде, Нури абдан сүрдөгөнүнөн бут кийимин чече албай кире бериште бир топко турган. Сүйгөн кызынын апасына, Ата Мекенине кетиш керектигин айтып, андан ары сөзүн улай албай, дасторкондун четин кармалап, бир топко отуруп кеткен. Арадан саналуу күндөр өткөндөн кийин, Людага эң жакын курбусу келип, "Өткөндө Нури апаңа айтканга батына албай коюптур. Сен макул десең, "Казакстанга алып кетем" -деп жатат. Жообун айт" деп жарга такайт.
Өкүнүү
Люда Нуриге "отказ" берет. Бирок, Нури үмүтүн үзбөстөн, Казакстандан тынбай кат жазып турат. А Люда болсо ал убакта окуусун бүтүп, кийим тигүүчү ательелердин биринде иштеп калат. Тилекке каршы, директор Люданы эмнегедир жактыра бербей, дайыма кесиптештеринин көзүнчө кагып-силккени күчөгөндөн-күчөй берет. Люданын үйүнө ыйлап кеткени адатка айланат. Ошондой күндөрдүн биринде, Люда үйүнө ыйлап баратса, астынан жаш лейтенант чыгат. Таанышып калышып, ал Людага"Мага турмушка чык. Мен сени бул жерден алып кетейин " дейт. Ансыз да жумуштан, директорунан жадап жүргөн жаны, эмне болуп "Макул" деп жибергенин да билбейт. Анан нике кыйдырып жатканда "Бир да жолу өбүшүп көрбөгөн киши күйөө болот ээ?" -деп Люда өкүнүп, өзүнө-өзүнө суроо берген тура. Астрахань областына көчүп кетишкен жаш жубайлардын жашоосу 5 жылга араң созулган. Лейтенант күйөөсү кызыл камчы чыгып, гимнастикага катышып жүргөн сулуу кыз "бүкүргө" айланат. 25 жашында өз үйүнө ажырашып келет. Бир күнү үй жыйнап жатып, Нуринин бир катын таап алат. Окуп да, ыйлап да жаткан Люда ошондо гана "Аны чындап сүйөөрүн, бирок, колдон чыгарып алганын" түшүнөт. Бирок, катты окуп бүткөндөн кийин көкүрөгүндө өкүнүч менен бирге сүйүнүч да уялаганын байкайт. Ошол күнү чачын жасатып, жаңы көйнөк сатып алып, түптүз басып көчөгө чыгат… Бирок, эмнегедир Нурини издеп, кат жазып, кабарлашканга батынган эмес. Ал көптөн бери кыялданып жүргөн экинчи билимин алып, медайым болот. 18 жыл катары менен оорулуу апасын карап, жалгыз кызын жана Нурсултан экөө өткөргөн күндөрдү тумар кылып жашап жүрө берет.
сүйүү үчүн Беш мүнөт
20 жыл бою Люда Нурсултандын жашоосу жөнүндө эч нерсе билбей жүргөн кезинде, кокусунан гезит бетинен "Нурсултан Назарбаев Казакстан Компартиясынын БКна биринчи секретарлыкка дайындалганын" окуп калат. Союз ыдыраган соң 1991-жылы Нурсултан Абишович өлкөсүнүн президенти болгонун да угат. Качан 1994-жылы Нурсултан өзү Днепродзержинск шаарына келип, Людага салам жолдогондон кийин гана кат жазууну чечет. Дарегин билбегендиктен, "Казакстан. Президентке"- деп конвертке жазып, салып жиберет. Арадан бир ай өткөн соң Люданын телефону шыңгырайт. Ал Нуринин үнүн дароо тааныйт. Президент: "Кандай? Ким менен жашап жатасың?" , Люда: "Кызым, неберем менен", Президент: "Үчөөңбү?", Люда: "Үчөөбүз". Ал учурда Люда экинчи күйөөсү менен жашап жаткан эле. Экөө жашы өтүп калганда баш кошкондуктан, "ортодо сүйүү эмес, сый бар болчу" дейт. Нурсултан менен сүйлөшкөн күнү Люда кызыныкына түнөп калган боюнча, күйөөсүнө барган эмес. Барса, Нурсултанды алдап койгон болот эле. Анткени, "Үчөөбүз" деп айтпады беле ага. Ошондон көп өтпөй Нурсултан Назарбаев Днепродзержинск шаарынын юбилейине келет. Президент Людмила Ивановнага өзүнүн ишенимдүү адамдарын жиберип, салтанаттуу кечки тамакка алдыртып келет. "Биздин карамагыбызга 5 мүнөт гана убакыт бөлүнүптүр, мен ага эң башкысы- анын сүйүүсү эч качан, өзү ойлоп калгандай, жоопсуз болбогонун, менден алыс болсо да анын деми менен жашап келатканымды айтканга жетиштим" - дейт Людмила Ивановна.
Кайрымдуулук
Андан кийин Люда Казакстандын президентине бир гана жолу жардам сурап кайрылган. Жалгыз небересинин бөйрөгүнө операция жасаш керек болуп, врачтар көп сумманы айтышкан. Айласы кеткен Люда Назарбаевге телеграмма салып жиберет. Президенттин жообу тез эле келип, операция ийгиликтүү аяктаган.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??