п»ї

  Жылдыздар кеңеш беришет

Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…
Татаал тагдырларга, жан кейиткен турмушка кайсы бир адам чыдаса, кээ бири чыдабай, эмне кылаар айласын таппай жүрүшөт. Ошондой адамдардын катарын биздин редакцияга кат жазган Зарина аттуу кыз да толуктап келет.


"Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты! Сиздердин "Жылдыздар кеңеш беришет" рубрикаңыздарды окуп алып, мен да башыман өтүп жаткан оор тагдырымды сиздер менен тең бөлүшүп, жылдыздардын кеңешин алгым келди"-деп, биринчи күйөөсүн чанып, аны менен ажырашкан соң экинчи жолу турмушка чыккан Зарина ал менен да жылдызы келишпей жатканын айтып, кат жазган.

Ырайы суук бала алакачып кетти
Мен Кыргызстандын алыскы облустарынан болом. Атым Зарина (аты өзгөрүлдү), 25 жаштамын. Айылдагы мектепти бүткөн соң апамдар мени элдин балдарынын катарынан калтырбай, шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшыртып, окутуп жатышты. Окууну жаңы бүткөн учурда айылда өрүк кургатуу убагы болуп калгандыктан, убактылуу атамдарга кол кабыш кылайын деген ойдо айылга барып калдым. Кимдин кызы шаардан окуп келсе, айылдагыларга абдан кызык болот эмеспи. Мени айылдын аркы өйүзүндөгү ырайы суук бир бала алакачып кетти. Апамдар "Таш түшкөн жеринде оор. Кызым, улаганы аттаба, кыргыздын салтын бузба, биздин эл караган бетибизди жер карата көрбө. Сен акылдуу кызсың" деп жатып ал жерге отургузуп коюшту.

Аны менен көчөдө баскандан уялчумун
Мен ал баланы сүймөк турсун, кичине да жакшы көрө албай койдум. Күйөөм болсо да, жада калса аны менен бир көчөдө баскандан уялчумун. Ырайы суук болгону аз келгенсип, мектепти да толук аяктабаптыр. Тогузунчу классты араң дегенде окуп бүтүптүр. Ал адам менен жашай албасыма көзүм жетип, "дүйнөдө күйөө менен ажырашкан жалгыз мен болсом да" деп баса бердим.

Аны менен ажырашып, шаарга иштеп калдым
Борбордогу мектептердин биринде математика-информатика сабагынан мугалим болуп жүргөн күндөрдүн биринде, мен окуган университетке "мугалим болуп иште" деген сунуш түшүп калды. Университетте эки жылдай иштеп калдым. Ушул күндөрдүн ичинде кыялымдагы адамга жолугуп калдым. Экөөбүз бат эле тил табышып, бирге турмуш куруп калдык.

Жолдошумдун айлыгы жалаң алиментке кетет
Жолдошумдун мурунку жашоосунан эки кызы бар экенин билчүмүн, бирок алар апасы менен кеткен экен. Мурдагы аялы жолдошумдун үйлөнүп алганын билип алып, эки кызын биздикине жиберип, окутуп койду. Күйөөмдүн тапкан акчасынын жарымынан көбү (70%) алиментке кетет. Калган акчасы жолунан ашпайт. Акчанын айынан ортобузда бат-баттан уруш пайда боло баштады. Менин унчукпасымды билип алып кайненем да менин ишиме кийлигишмей адат таап алды. Биринчиден көрбөгөн бакытты, экинчиден көрөм деп ойлогон жаным, экинчи жашоом да бул болуп жатат. Азыр ара жолдо турам, эмне кылаарымды билбейм. Мага кеңеш бериңиздерчи?

Гүлзат Байзакова:
"Чыныгы жашоодо кебете эмес, ички дүйнө биринчи орунда турат"
Биздин ата-бабалар чоң философ болгон. Кыргызда "Таш түшкөн жеринде оор" деген жакшы накыл кеп бар. Анын ары жагында эле кандай ой турат. Ошондуктан Зарина бир барган жеринин эшигин аттабастан, эмне болсо да баардыгына чыдаса, аягы жакшы болмок. Кыргыздын аялдары чыдамдуу болуп, көп нерсени чыдамдуулук менен жеңип келишкен. Биринчи күйөөсү жакшы көрүп алакачып кеткенден кийин Заринаны көкөлөтүп эле бакмак болуш керек. Кебетени чайга чылап ичпейт да, туурабы? Чыныгы жашоодо кебете эмес, ички дүйнө биринчи орунда тураарын эсиңден чыгарба, сиңдим. Ал эми азыркы жолдошуң экөөң бири-бириңерди чындап сүйсөңөр, акча боюнча эч кандай чыр-чатак чыкпашы керек эле. Эми чыдабаска айла жок, Зарина. Сен кайненең менен өмүр бою жашабайсың. Ал убактылуу гана болчу көрүнүш.


Марат Жанталиев:
"Үчүнчү, төртүнчү күйөөң менен да ажырашасың"
Кызык кыз экен. Бир күйөөдөн чыгып, кайра экинчиси менен эмне кылам деген. Турмушта өйдө-ылдый ар бир адамда болот. Чыдаш керек да. Анан "мунусу жаман, тигиниси да жаман. Кайненем мындай-андай" дегендин кереги жок. Келин болгондон кийин ар бир келиндин башында кайнене бар. Кайнене келинди ар кандай сыноолордон өткөрөт. Каарына чыдасаң, ийгилик сеники. Азыр акчага байланыштуу чыр-чатактар күнүмдүк эле көрүнүш болуп калбадыбы. Эгерде бул күйөөңө чыдабай ажырашсаң, үчүнчү, төртүнчү күйөөгө тийип, алардын да жакпаган жагын таап, ажырашып, бул нерсе көнүмүшкө айланып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн убактылуу кыйынчылыктарга кичине чыдап кой, карындашым.


Анапия Райымбекова:
"Ажырашканы эле туура"
Аялдын кырк чырагы болот. Кайненеси күндө мээсин жей берсе ажырашканы эле туура. Бирок, экөө "бактылуу болобуз" деп баш кошкондон кийин турмуштун оош-кыйышына чыдап, бири-бирин көтөрмөлөп жашап кетиши керек эле. Кыздарына алимент төлөгөнү мыйзамдуу көрүнүш. Зарина, ажырашкың келбесе, күйөөңдү сыйла.


Шайыр Касымалиева:
"Ар бир аялзатында түйшүк болот"
Ошончолук бел байлап ал адамга турмушка чыккандан кийин баарына чыдап жашашы керек. Ар бир үй-бүлөдө, ар бир аялзатында өзүнүн тарта турган түйшүгү болот. Жашоо биз ойлогондой жеңил эмес. Азыркы жолдошуңа турмушка чыгаардан мурун анын эки кызы бар экенин билген экенсиң. Эми кайненең, жолдошуңдун эки кызы менен тил табыштын амалын ойло. "Бул күйөөм минтип калды, тигиниси да антип калды"- деген ойдон алыс бол.


Гүлзинат Суранчиева: "Тагдырың бара-бара оңолооруна ишен"
Ар бир адамдын өзүнүн маңдайына жазылган тагдыры бар да. Эң негизгиси аялзаты турмуштун ар кандай кырдаалына чыдамкай болуп, чыдай билиш керек. Зарина, сен да чыдамкай бол. Сенин тагдырың азыр оор болгону менен бара-бара оңолооруна ишен. Күйөөңдү чындап сүйсөң, күйөөң сени чындап сүйсө андай кырдаалды кеңешип, оң жагына чечип алышыңарды каалайм.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??