п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
Адамдын өмүрүндөгү бактылуу көз ирмем үйлөнүп, турмуш жолуна аттанган убак эмеспи. Ошол бактылуу учурлар адамдын жүрөгүндө жана түшкөн сүрөттөрдө сакталат экен. Бул жолу биз атактуулардын жаңы үйлөнгөн күндөрү менен бүгүнкүсүн салыштырып, ошол кездеги кырчындай жаш курагы менен бүгүнкү ата-эне болгон кездеги сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов жубайы Назгүл Эгембердиева менен мектепте чогуу окуган классташтардан. 1969-жылы 13-октябрда баш кошкон түгөйлөрдүн чогуу түтүн булатканына туура 40 жыл болуптур. Үч уул-кыздын ата-энесине, үлгүлүү жубайларга 13 деген сан дайыма ийгилик алып келет.


1971- жылы бир институтка, бир факультетке тапшырышкан түгөйлөр эки жыл сүйлөшүп жүрүп 1973-жылы 20- октябрда баш кошушкан. Отуз алты жылдан бери кол кармашып келаткан бактылуу үй-бүлө артка кылчайып карашса бир топ ийгиликтерге жетишип, бир топ белестерди ашыптыр. Азыр Бактыбек Мамытов менен жубайы Жамила экөөнүн төрт уулу, бир кызы, жети небереси бар. Жетинчиси жакында эле (1- декабрда) жарык дүйнөгө келип, чоң ата, чоң энесин кубанычка бөлөдү.


Кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, булбулдай таңшыган ырчы Дилшат Кангелдиева жолдошу Саадатбек менен 1988-жылы 8-июлда турмуш жолуна аттанышкан. Бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алып жашагандарына 21 жыл болду. 19 жаштагы жалгыз уулу Кубанычка татыктуу тарбия берип, Дилшат Кангелдиева жолдошу менен чыгармачылыктын да, жеке турмуштун да арабасын бирге тартып келет.


"Заринамды "Заманадан" таптым" деп жубайын мактагандан тажабаган диктор Алмаз Касымалиев орус мүнөз жубайы менен баш кошконуна төрт жылдын жүзү болду. Жубайы менен чогуу окуп, чогуу иштеп башында анча маани бербей жүргөн кыз өмүрлүк жары болуп калаарын өзү деле ойлонбосо керек. Учурда жубайлардын ортосунда Нурдан аттуу ширин уулу бар.


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев студенттик күндөрүн Казакстанда өткөрүп жүрүп атына заты жарашкан түштүк кызы Атыргүлгө жүрөгү багынган. Жубайы өзү менен курсташ болгон, сулуу кызга сезимдерин билдире албай Исхак Масалиев төрт жыл убара тартыптыр. Азыр ал бийкеч Исхак Абсаматовичтин өмүрлүк жары, балдарынын энеси. Жубайлардын учурда Каныкей, Мээрим аттуу эки кызы, Адылбек аттуу бир уулу бар.


Ырчы Ынак Осмоналиев жубайы Сырга менен үч жылга жакын сүйлөшүп жүрүп 1998-жылы 26-декабрда баш кошушкан. Ырчы өзү айткандай убагында жакшы эле "жаңылып, мүдүрүлүптүр". Азыр Элес, Сумая, Айдан аттуу чолпондой болгон үч кыздын атасы, жаркылдаган жубайынын жары. Ынак байкебиз кандай "косяк" кетирсе да кабагым-кашым дебей кечирип, он бир жылдан бери жашап келе жаткан жеңебизге даңк жана дүңк.


Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Урмат менен нелянын
уулу Нурэлдин жентек тоюндагы
кызыктар

2-бет
Назира
шаршенова:
"Иши кылып ИИМде иштейм"

3-бет
Өскөнбаев Бейшен, "Аю" ири
компаниясынын генералдык директору:
"Мен өзүм "Родниктен" баштап "VIP"ге чейин…"

4-бет
Нурсултан Назарбаевдин жубайы да орус болмок тура, буюрганда
5-бет
Биринчи күйөөмдөн таппаган
бакытты, экинчисинен табам десем…

7-бет
"Бармактайдан баш кошуп, бактылуу ата-апабыз"
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
атайын репортаж
10-бет
Кандай
ата-энесиз?

11-бет
Киллер деген ким?
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Элдерди ойго салган
"Кармелита"

14-15-бет
Обон почта










??.??