п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жогору жакта

Ажолордун балдары эмне менен алек?
Буга чейин өлкө башчыларынын жеке жашоо-турмушу, аялдары тууралуу сөз козгоп келген болсок, бул жолкусунда өлкө башкарган атанын балдары бай болду бекен?-деп кызыгып, казып көрүп, кай бирлерин калпып алдык.

Номер биринчи бизнесмен
Молдавиянын президенти Владимир Воронин бир кыз, бир уулдун атасы. Кызы Наталья эң мыкты даражадагы доктур болуп иштейт. Өз кесибин мыкты билген Натальяны кайрылган адамдардын көбү макташат. Ал эми баласы Олег Воронин - бизнесмен. Официалдуу маалыматтар боюнча Олег "Финкомбанкты" башкарып, финансы чөйрөсүндө да кеңири: кумшекерден баштап, ири курулуш-транспорт жана энергоресурска чейин көзөмөл кылып турат. Былтыр Молдавиянын "Банк жана финансы" журналынын жарыялаган рейтинги боюнча, таасирдүү, барктуу адамдардын арасынан биринчи орунга татыктуу болгон. Оппозиционерлер Олегди "Республиканы башкарган атасынын арты менен атак-даңкка жеткен" деп эсептешет. Белгилей кетчү нерсе, Олег Воронин атасы бийликке келе электе эле ири иштер менен алек болуп келген.

Атасына окшош Виктор Лукашенко
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко эки уулдун атасы. Атасына улуу баласы Виктор көбүрөөк окшошуп кетет. Эки баласы тең чек ара аскеринде кызмат өтөшкөн. Бул президенттин үй-бүлөсүнүн салты болуп эсептелинет. Ошондой эле экөө тең Белоруссиянын Улуттук университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде билим алышып, улуусу Виктор элчи (дипломат), кичүүсү Дмитрий эл аралык укук боюнча адистигин алышкан. Саясий чөйрөгө Виктор көбүрөөк аралашат. Ал 2001-жылдын март айынан тарта Белоруссия республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин Батыш Европадагы үчүнчү жооптуу катчысынын кызматын аткарган. 2003-жылы тышкы экономикалык байланыш бөлүмүнүн башчысы. 2005-жылы Белоруссия Республикасынын президентинин жардамчысы болуп келген болсо, 2007-жылдан баштап Белоруссия Республикасынын коопсуздук кызматынын кеңешчиси болуп дайындалып, өз кызматын аркалап келет. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Биринин шапкесин экинчисине кийгизген Мурад Ниязов
Мурад Ниязов Түркмөнстандын президентинин баласы 1993-жылдан баштап бизнес менен алектенип келет. Өзү Ленинграддагы Политехникалык институтту бүтүргөн. 80-жылдардын башында Максим Горький атындагы Түркмөн университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Шартка байланыштуу өзүнүн кесибин аркалабай, 1993-жылдан тарта ар кандай бизнес-долбоорлор менен иш алып бара баштаган. Алгачкы бизнесин пахта жана Түркмөнстандын жаратылыш газын КМШ өлкөлөрүнө сатуу менен баштаган. Мисалга ала турган болсок, Украинага берген Түркмөнстандын жаратылыш газы үчүн Т-72 үлгүсүндөгү 300 танка алып, аны кайра Пакистан өлкөсүнө сатып жиберген. Андан кийин тамеки жана алкоголдук ичимдиктерин импорттоп иштей баштаган. Биринин шапкесин экинчисине кийгизип жүрүп, көп суммадагы акча карыз болуп калып, Москва шаарынан качып кетүүгө аргасыз болгон. Али да болсо бизнес менен алектенип келет.

"Франциянын жарымын башкарам" деген Жан Саркози
"Алма шагынан алыс түшпөйт" дегендей, Франциянын президентинин баласы Жан Саркози 65 жаштагы Патрик Деведжанунун ордуна кызматка келгени жатат. Париждин Ла Дэфанс финансы районун башкаруу төрагалыгына Николя Саркози өзүнүн баласы Жан Саркозини көрсөтүп жатат. Жан Саркозинин аталган кызматка келээри элди абдан дүрбөтүп жаткан чагы. Бул райондо жүздөгөн ири компаниялардын штаб-квартиралары жайгашып, жылына миллиарддаган еврону өлкөнүн бюджетине алып келип турат. Анткени "Жаш жана тажрыйбасы жок, болгону 23 жаштагы баланын мындай чоң кызматты аркалоого акылы жетпейт" деп оппозиционерлердин бардыгы каршы чыгышууда. Учурда Жан Саркози университеттин юридикалык факультетинин экинчи курсунун студенти.

Ислам Каримовдун көзгө басар көзүрү
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова учурда Тышкы иштер министрлигинин кеңешчисинин кызматын аткарып келет. Алгач Өзбекстандагы Ташкент Университетин бүтүрүп, андан соң Нью-Йорк университетине барып англис тилин үйрөнүп келген. Америкалык Мансур Максуди аттуу адамга турмушка чыгып, андан бир уул, бир кыздуу болгон. Бирок, Ислам Каримовдун кызынын күйөөсү башка кыздар менен көп баскандыктан, Гүлнара ажырашууга аргасыз болгон. 2008-жылдын сентябрь айынан тарта Гүлнара Каримова
БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын Женева шаарындагы Өзбекстандын көрүнүктүү өкүлү болуп келет. Ошол эле жылдын февраль айынан тарта Өзбек Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маданий жана гуманитардык суроолор боюнча орун басары. Андан тышкары "Өзбекстандын маданий жана искусство форуму" деген фондду ачкан. Аталган фонддун официалдуу өкүлдөрү Россияда, Кытайда, Японияда жана Францияда өз ишин алып барып келет. Бардыгына тең караган Гүлнара айыл жергесиндеги элдерге жардам катары кредиттерди берип, ар кандай кайрымдуулук уюмдарын түзүп жаткан чагы.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??