п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  икая

Чыныгы оору кандай болот

Бир киши талаага эгин айдаганы жөнөйт. Күн кечтеп баратканын көргөн ал, Кудайга жалынып… "Оо,Кудай, менин жардамчым болсо, эгинди эки сааттын ичинде айдап бүтпөйт белем…" Токойдон аюу чуркап чыгып:
- Кел, мен сага жардам берем, экөөлөп иштесек көңүлдүү да болот.
Эгинди сээп бүтүшүп, тиги киши коштошуп үйүнө жөнөйт. Күз келип эгинин жыйнап жатып дагы үлгүрбөй ыйламсырап отурса баягы аюу бадалдын арасынан чуркап чыгып:
- Кел, сага эгин жыйнаганга жардам берем-дейт. Көктөн издегени жерден табылып тиги киши сүйүнүп экөөлөп эгинди жыйнап башташат. Жумуш бүткөндө:
- Аюу, жүрү сени үйгө алып барып коноктоюн, сага тамак жасатып койдум, ичели, жейли…
Аюу кишинин марттыгына кубанып, аны ээрчип үйүнө жөнөйт. Аюу оюнда арамдыгы жок: "Мына, мен сага жардам бердим, мен болбосом эгинди жалгыз сээп, жалгыз жыйнай алмак эмессиң…" Киши ичинен арам ойго алдырып: "Бул менден алда канча күчтүү, алдуу экен. Мени сабап, эгинимдин баарын тартып алса…Бекеринен мактанып жаткан жок да". Киши эшикке чуркап чыгып айры алып келип аюуну төшкө саят. Аюу ооруга чыдабай бакырган бойдон токойго качып кетет. Кийинки жазда киши кайрадан эгин сээп, былтыркы жумуштун жарымын араң жасаганга үлгүрөт. Күзүндө эгин жыйнап келе жатса алдынан баягы аюу чыгыптыр. Киши аюуну кекетип:
- Быйыл эмнеге мага жардам бергени келген жоксуң, мен сени үйүмө алып барып коноктоп, тамагымды, арагымды берсем…
Аюу төшүн ачып көрсөтүп:
- Менин бул жерим ооруп жатат.
Тиги киши аюунун төшүн сыйпалап көрүп:
- Айыгыптыр го, издер деле калбаптыр?
- Жара айыкты…Жан-дүйнөм ооруп жатат…




90/60 тан кийин кан басым төмөн болуп эсептелинет.
Эмне кылуу керек?
Бутту өйдө карай асып жатууңуз керек. Кумшекер кошуп кызыл чай же кофе ичсеңиз жакшы жыйынтык берет.

Кан басымы жогоруларга диета
Эмне жегенге болбойт?
Тузду азыраак колдонуп, бир күндө 3-5 грамм туз менен чектелүү керек, ошондой эле суюктуктун көлөмүн 1-1,2 литрден ашырбаңыз.
Ич майлардын ордуна тамак жасаганда суу май колдонуңуз, таттуу азыктардан (кумшекер, шоколад) баш тартыңыз.
Такыр колдонууга болбой турган азыктар:
спирт ичимдиктер
малдын мээсин, боорун
ачуу, туздалган, ышталган тамактар
майлуу балыктын этин
кофе, чай.
Кайсы азыктар пайдалуу
майлуу эмес малдын, балыктын эти
Эттен жасалган шорпону бир жумада эки жолу
сүттөн жасалган ботко, жер-жемиш
сыр, быштак
бир күндө 200 грамм кара нан
калий менен магнийге бай азыктар (өрүк, алма ж.б.)
Кан басымы төмөн
болгондор үчүн азыктар:
Кызыл шарап, күнүгө эртең менен 100 грамм ичүү керек
шоколад, кара чай, кофе
анар, курма, кызыл кызылча
бал, өрүк, мейиз, жаңгак.

Пайдалуу кеңештер
Эгерде тынымсыз
зарна боло берсеңиз…
Бир нече мүнөт арпанын же сулуунун данын чайнап, шилекейиңизди жутуңуз.
Чийки картошканы тазалап өткөргүчтөн (терка) өткөрүп, суусун сыгып алып күнүгө бир же эки аш кашыктан ичип туруңуз. Эске салчу нерсе, ширени улам сыгып алып жаңысын гана ичип туруу керек.
Жумуртканы сууга бышырып, кабыгын майдалап жанчып алып бир күндө чай кашык менен үч жолу жеп турса болот.
Эгерде жогорудагы кеңештер жардам бербесе күнүгө эртең менен ач карын гречкадан жасалган ботко жеп туруңуз.
Хондроздон кантип кутулуу керек?
Көпчүлүктүн көйгөйүнө айланган хондроз оорусу сиздин да жаныңызды кейитип, ашыкча чарчатып жатса төмөнкү көнүгүүлөрдү жасаңыз.
Башыңызды ылдый ийип, колуңуз менен желкеңизди ушалап 5-10 мүнөт катуу кармаңыз.
Түз отуруп ийниңизди түз кармап, башыңызды өйдө көтөрөсүз. Башыңызды оңго-солго каратып 10 секунд массаж жасайсыз. Колуңуз менен желкеңизди өйдө ылдый сыдырып, бул көнүгүүнү 5 мүнөткө жакын жасаңыз.
Ийниңизди түз кармап колуңузду кайчылаштырып туруп желкеңизге алып барыңыз. Башыңызды алсак-салмак оңго-солго кыймылдатып ушул ыкмада 5 мүнөт туруңуз.

А.Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??