п»ї
 Таанышуу жарыясы


  окумал

Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр
Кунарсыз тикенектүү боз дубалдын ичинде кубаныч тартуулай турган учур- үйдөгүлөрдүн келиши. Ак эткенден так этип, селектордон фамилияңды тыңшап, түшүңдү түркүнгө жоруп эле күткөнүң-"свиданка". Кайсы гана аял болбосун "свиданкага" чыгып келгенден кийин көздөрүнөн нур төгүлүп, ууртуна жылмаюу уялап, көкүрөгүндөгү мээримдүүлүк, боорукерлик сезим сапаттары ойгонуп, эки-үч күн өзүн да, өзгөлөрдү да бактылуу көз ирмемдерге бөлөйт. Минтип жазганымдын себеби, үч айдан бери кыйналып ооруп санчаста жаткан Дарыянын "свиданкага" чыгаарын укканда Бегим экөөбүз бири-бирибизди тиктешип калдык.
- Эмне, күйөөсү бошоп келип калдыбы?- деди Бегим.
- Билбейм…
- Эми экөөбүздү тең ДПНК ал жакка өткөрбөйт. Сен санчастка деп суранып барып, чачы-башын тарап, даярдап чыгарып ийбейсиңби. Бул жакта баштыгында баласына деп токутуп койгон байпактарын ала бар. Ким келгенин да биле келесиң.
Дарыя "длительный свиданкада" эки күн болду. Көрсө кайненесинин сиңдисинин кызы бар экен Чаткалда. Ал Бишкекке келип таежесиникине кайрылса, "кемпир ооруканада, келин-уулу экөө тең түрмөдө, ээн үйдө кароосуз калган баласын убактылуу балдар үйүнө өткөрүүгө документи топтолуп бүткөнчө бала биздикинде" дейт кошуналарынын бири. Анан ал аял таежесин ооруканадан тапса байкуш кемпир "менин керээзим, айтаар аманатым ушул, неберемди келиниме бир көргөзүп келип бер" деп жалдыраптыр. Дарыяга бир сыйра кийим-кече, тамак-аш алып, уулун ээрчитип анан келген экен.
- Кыздар, баламдын кадимкидей бою өсүп калыптыр. Зирек бала болчудай. Каралдыма Кудайым өмүр берсинчи. Эки күн кучагыма алып жатып жытын жыттап, эркелетип жыргап эле калбадымбы. Кайнежем врачты чакыртып "Эмне дары-дармек керек? Эмне жетишпейт? Жакшы дарылаңыз" деп акчасын кассага төгүп кетти. Кемпир айыкканча каралашып, биякта болом, сарсанаа болбо деп кетти. Көңүлүм жайланып жакшы болбодубу,- деген Дарыя жанданып, сөзү тың чыгып, баягы өлөсөлү Дарыя жок!
Аны көрүп-угуп биз да кубанып калдык. "Тууган-кыйынчылык түшкөндө тирек болуш үчүн туулган" деген сөз бекеринен айтылган эмес турбайбы.
ххх
Ошол түнү түшүмө кызым кирди. (Кызым деп эле ойлодум) Түшүмдө ыйлап жатам. Биздин үй сыяктуу…Быйтыйган апакай алакандары менен жашымды сүртүп жанымда айланчыктап кичинекей кыз жүрөт. Аны кучактап боорума кысып өбөйүн дегичекти кайнежем пайда болду да колумдан жулуп кетти. Кыздын "чыр-р" эткен ыйынан чочуп ойгондум. Кадимкидей көзүмдөн жаш куюлуп жаздыгым сууланып, өзүм кыйналып калыптырмын. Ойгонуп алып чындап ыйладым. "Жада калса түшүмдө да баламдын жытын жыттап, эркелете албайм! Кай күнөөм, кайсы жазыгым үчүн ымыркайымды ыраа көрбөдүң?! Балким кызым тирүү болсо мен ушул күндү көрүп, ушул жерде отурбайт белем?! Жок дегенде көзүм көрүп, жүзүнөн өөп, энелик сүтүмдү эмизип элеси эсимде калса эмне?! Тогуз ай томолонуп көтөрүп, анан ой-кыялым, бар үмүтүм бир күндө үзүлдү да калды. Үй -бүлөлүк турмушумдун жиби ыдырады. Сүйүндүк тигинтип кайдыгер кишидей кабар албай кетти. Эмнеге? Эмне үчүн? Жообун кимден алам?! Кайдасың сен?!" деген ойлор мээмди эзип, соороно албай солуктап жатсам жанымдагы жанаша жаткан кыз ойгонуп кетип:
- Азде-ек, эмне ыйлап жатасыңбы? Эмне болду? Үйдөгүлөрүңдү сагындыңбы? Келип калышаар, кой ыйлаба?-деди шыбырап. - Дагы сеникилер тез-тез эле келип турушат го. Мына мен деле жүрөм үйдөн такыр дайыным жок. Алар мени кечип коюшкан. Мага чала! Биринчи "ходкамда" бат-бат келишип, дачка киргизишип, "колонкага"(колония- поселения) чыкканымда акчасын төлөп алып чыгып кетишкен. Анан мен да жөн жүрбөй бул жердеги "однахлебкам" менен шаардан табышып алып, аны ээрчип кайра "карманщица" болуп кеттим. Оңой акчага азгырылдым. Эки жолу эжемдер РОВДдан бошотуп кетишти, үчүнчүсүндө үчөөбүз элек, бир чет өлкөлүк аялдын үйүн тоноп кармалдык. Уялып үйдөгүлөргө билдирген жокмун, алар да издешкен жок. Мына эми беш жыл отурам. Өкүнүп жатам, бирок кеч. А сен ыйлаба, - деп жатты бала кыял ойноок мүнөзү кала элек он жетидеги супсулуу жаш кыз.
- Уйку бергилечи! Күбүрөшүп-шыбырашканга күндүз деле убактыңар толтура го!-деп какты наркы четтеги "нарада" жаткан аял.
- Булар ушундай, булардан күндүзү да, түнү да тынчтык жок! Жаштарды эмне биздин отрядга жаткызышат, түшүнбөйм!? -деп дагы бирөө күңкүлдөдү.
Айткандай эле Зейненин "хлебкасы" менен дагы бир "малолетка" кыз тамеки чегип сырттан кирип келе жатышкан экен. Нааразы үндү угуп алар ары баспай же бери жыла албай турган ордуларында катып калышты.
- Ооба, жаңы эле көзүм илингенде буттарын шалпылдатып бир ары-бери басып, кирип-чыгышат дейсиң! Мурдуңду курт жегирлер, түнкүсүн чекпей коюшса эмне болушат?! Же өздөрү укташпайт же элге уйку беришпейт. Бир ойгонгон соң ой басат да, анан балээни уктаймбы?! Таңга чейин ар кимдин коңурук тарканына көз артып тыңшап жатмай. Эми дагы түнкүсүн ким бутун сүйрөп басса шыйракка чабам! - деп заңкылдап коё берди "дневалка" кемпирибиз. (Отряддын полун жууп, бизди проверкага ойготкон ушул аялдан жалаңкычымдай корком.)Анын ачуу үнүнөн отряддын жарымы ойгонду окшойт. "Эмне болуп кетти?" дешип түшүнүшпөй баштарын көтөрүп карашып, кээси нааразы боло сүйлөнүп жатып калышты. "Баягы бакырчаак кемпир баштаган экен" дешсе керек. Бирин тыям деп экинчисин ойготуп, айтор бул түнү кызыктай эле тынчы жок түн болду. Эки-үчөө уруша да кетишти. Уктай албай таң сүрүп калганда туруп төшөнчү-ордумду жыйнап, "проверкага" эрте чыктым. Асманда жылдыздар тарай элек экен. Таңкы сыдырым желге ичиркене жемпиримди бүчүлөй ары-бери бастым. Түндөкү түшүм такыр оюмдан кетпей койду. Эмне деп кимге жоорутарымды билбей турдум. Чекесинен чубап биздин аялдар сыртка чыгып тизиле башташты. Абакта дагы бир таң атты.
ххх
Бир күнү жумушка кетип баратсам санчастын жанында жаш балдар ойноп жатыптыр. Зона боюнча алты жаш бала бар экенин билчүмүн. Алар үч жашка чейин энелери менен болушат да, андан кийин энелери бошоп чыкканча балдар үйүнө өткөрүшөөрүнөн кабарым бар эле. Колго тигилген кызыл көйнөгү өзүнө жарашып, ак жумал жүзүнүн ажарын ачкан эки жаштагы Аяранын кытылдаган күлкүсүн угуп токтоп калдым. Эт-жүрөгүм эзилип чуркап жетип колума ала төбөмдөн өйдө ыргытып, кайра тосуп эркелетип өөп алдым. Ал ансайын бала эмеспи өзүн жакшы көрүп жатканымды түшүнө мытыйган манжалары менен мойнумду кучактай күлөт. "Ка-ап чөнтөгүмдө эми эч нерсе жок. Эртең ала келем ээ" деп сөз берип, шашыла жөнөдүм. Кылмышкер энесинин айынан түрмөдө төрөлүп-өсүп келаткан наристелерди көрүп ким болбосун кыя өтө албайт. Жаш-карысы дебей бала менен бала болуп божурашып сөзгө тартып, таттуу тилин маашырлана тыңшап, чөнтөгүндөгү момпосуйун оозуна аарчып салып кичинекей баланын жанында турган беш мүнөттө өздөрүн кадимкидей жеңил сезип жол улашат аялдар. Балдар болсо эч нерсе менен иши жок. Бейтааныш бир эже берген момпосуйлуу болгонун мамасына сүйүнчүлөгөнгө шашылышат. "Машинени көрбөй, үнүн укпай чоңоюшкан немелер кээде промзонага машина кирсе кадимкидей элтеңдеп чочулашат, кызыга карашат" деп сөз кылып калышат аялдар.
- Ий, Аздек, эмнесин сурайсың?! - деген өткөндө бир "мамочка" оор үшкүрүнө. Мен санчастка Дарыяга барып жүрүп таанышып, жакшы мамиледе болуп калган элек. - Жети жыл жакшынакай жашоодо күйөөм менен жашадым. Баары жакшы, бир гана жери эч боюма бүтпөй койду. Мен жатпаган больница, мен көрүнбөгөн эмчи-домчу деле калган жок десем аша чаппайм. Менден кичүү эки абысыным экиден төрөштү. Акыры күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Эки жылдай бой жүрүп чогуу иштеген бир эркек менен жашап калдым. Ал да ажырашкан, эки кызы бар экен. Мен болсо ачык эле "Сага төрөп бере албайм! Кыздарыңдан кол үзбөй каралашып тур" дегем. Бир күнү жумушумдун чоң суммадагы акчасын жоготтум да, жыйынтыгында он жылга кесилдим. СИЗОнун "баландасынан" окшуп кусуп "отравление" болгон экенмин десем…Үч жумалык боюмда бар экен. Көп күтүп, күдөрүм үзүлгөндөгү күтүүсүз жаңылыкка же сүйүнөөрүмдү же күйүнөөрүмдү билбей жүрүп төрөгөн уулум ушул. Атабыз болсо мен камалганда эле менден кол үзгөн. Балалуу болгонун деле билбейт. Кыйылган никебиз, же нике кагазыбыз жок болгон соң мен ага эмне доомат коймок элем?! Өзүмдүн балам, өзүм багам. Ал эми Аздек, бул турмушта баарын күтсөң болоорун ушул жерден түшүндүм.




  Ырыскүл Кадырова

(Мистикалык баян)
Шайтандын торундагы
сүйүү
(Башы өткөн сандарда)
Айым менен Рустам, Жазира үчөө тең айылдаштар эле. Жигит аскер мөөнөтүн бүтүп келген соң айылда бир топ мезгил бош жүрүп калды. Өзүнө окшоп бош жүргөн теңтуштарына кошулуп күндө бир маал түшкө жуук мектептин спорт аянтчасына барып топ ойноп калышаар эле. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде жогорку, онунчу класстын окучу кыздары менен таанышышты. Арасында Айым менен Жазира да бар эле, дагы бир топ кыздар… Бирок ошондо Рустамдын көзүнө топ кыздардын ичинен Айым гана көрүнүп туруп алган. Кыздын ыйбалуу, тунук көз карашы, ошол көз карашты ээлеген сулуу каректери, тымылжыган жүзү да, боёк да, кайчы да тие элек капкара узун чачы жигиттин жүрөгүнө кандайдыр бир жылуу сезим жараткан. А кыздын башка кыздардан өзгөчөлөнөйүн деген деле ою жок болчу, болгон турпаты, табият берген артыкчылыгы ошол эле анын. Жазира болсо Айымдын бул артыкчылыгына ичинен тымызын суктанчу, кээде кадимкидей ичи тарып кетчү курбусуна. Экөө окуу жагынан да бири-биринен кем калышпай жакшы окуй турган. Бирок коомдук иштерге келгенде Жазира эч кимди алдына чыгарчу эмес. А Айым болсо эч нерсеге "мен" деп жулунбаган, токтоо, бир сырдуу мүнөзү бар кыз эле.
Мына, бүгүн болсо алар жигиттер менен таанышты, адаттагыдай эле көбүнүн көңүлү Жазирага эмес, Айымга бурулуп жатканын сезген кыз дагы ичи күйдү. Себеби, Рустамды көптөн бери сыртынан көрүп, көңүлүндө аздектеп, жактырып жүргөн эле, а жигит ага карачу түрү жок, алдыртан телмире тиктегени эле Айым…
Анын бул көз карашын Айым да сезди. Ички дүйнөсүн удургуткан бир уйгу-туйгу, ары жагымдуу сезимдин акырын түшүнө албай, ичинен жигиттин ошол көз карашын кайра-кайра көргүсү келип самап турду. Ал күнү түш оогонго чейин топ ойношту да тарап кетишти. Бирок бул күн жигит үчүн күндөгүдөн өзгөчө, жагымдуурак эле. Көптөн бери эмне издеп, эмнени самап, эмнени күтүп жүргөнүн бүгүн түшүнгөндөй болду. Ооба, Айымды көргөндөн кийин түшүнгөндөй болду. Эртеңки күндүн келишин, балдар менен топ ойноп, кайра кечээки кыздарды, тактап айтканда Айымды көрүүнү дегдеп жаткан жигитке убакыт бир орундан жылбай катып калгансыган ошондо. Ачык сүйлөшө албаганы менен кыздын капкара каректеринин тээ ары тереңинде өзүнө карата да кандайдыр бир сыр катылып турганын сезгендей болгон. Мына ошол көз караш жигиттин ички дүйнөсүнө дүрбөлөң салып, кандайдыр бир үмүттүн отун тутандырып турду.
Ошол түнү Айым бир ажайып да, коркунучтуу да түш көрүп чыкты таң аткыча. Өтө жакын тааныштыгы жок болсо деле түшүнө эмнегедир Рустам кирди. Экөө бир кылка аппак гүлдөр каптаган талаанын бетинде, тегиздикте кол кармаша жүгүрүп баратышты. Кыз өзүн өмүрүндө мынчалык бактылуу сезип көрбөсө керек сыягы, жүзүнөн нуру таамп, улам-улам карайт жигитти, а ал кызды…
Шамалдын шуулдаган үнүнө аралаша:
- Биз кайда баратабыз? - дейт кыз.
- Тээтигини көрдүңбү, карачы бийиктигин! Карачы кооздугун! Ошонун үстүнө чыгып, төмөн жакты карап көрөбүз!-деп, алыста мунарыктаган бийик, аппак тоону көрсөттү жигит.
- Алыс турбайбы?
- Алыс деле эмес, дагы бир аз чыдап, чуркасак жетебиз, карачы үстүндө күн бар экен!
Караса чын эле тоонун үстүндө кызгылтым-сары нурларын чачыраткан күн туруптур. Кооздугу бир укмуш! Күндү карап алаксып кеттиби, эмне болду байкабай калды, жанагы бут алдында жайнап, бажырайып турган аппак гүлдөрдүн баары кыпкызыл кызгалдактарга айланып кетти, бир заматта шамал катуулагандан катуулап, айлананы капкара уюлгуган чаң каптап, бири-биринен адашкан экөөнүн үндөрү гана угулуп, өздөрү көрүнбөй калышты. Уюлгуган куюн кызды тумчуктура кайдадыр алып учуп баратты. Оозуна "аа" деген кыйкырыктан бөлөк эч нерсе кирбей, жандалбастап аткан кызды
- Айым, ойгон! Ойгончу! Эмне болуп атасың?- деп жулкулдата кыйкырган апасынын үнү чочутуп жиберди.
- Өх, апа, ырас эле ойготуп ийдиң!
- Эмне албарсты басыптырбы?
- Жок, түш көрүп,кыйналып аттым эле…
- Ошо да, албарсты ошентип түш менен кошо баса берет. Келме келтир, мындан ары баспай калсын.
- Макул апа…- кыз ичинен келмени кайталап жатты, бир топтон соң өзүнө келип терезеден сыртты карады. Таң үрүл-бүрүл атып келе жаткан экен.
"…Кызык…бир көрүп эле жакшы тааныша элек жатып түшүмө киргенин карасаң?..Мен анын мындай келишимдүү, мындай токтоо жигит болгонун байкабаптырмын. Окучу кезинде болсо аябай тентек, шок бала эмес беле, аны баарыбыз жаман көрчүбүз, себеби жөнү жок эле тамашалап, ыза кыла бергенди жакшы көрчү кыздарды. Анан калса анда азыркыдай келишимдүү, сымбаттуу эмес болчу…же биз кичинекей кыздар болгон үчүн байкачу эмеспизби? Ким билет…Кечээ Жазира өзүнөн-өзү эле аябай жаман болду, ичи тарып, байкуш…Бирок ага теңелгим келбейт, ансыз да өгөй энеси ал бечарага жакшылыктуу күн көргөзбөйт. Өзү айтпаганы менен мен баарын сезип эле жүрөм. Байкуш Жазира! Намыскөй, атаандашчыл кыз, мен андан эч нерсени кызганчу да, талашчу да эмесмин, бирок Рустам…Рустам негедир мага башкача сезим калтырды кечээ. Бүгүн келишет болду бекен топ ойногонго? Келишсе экен…Капырай! Эчтекеден эчтеке жок эле өзүмчө көлөкөгө тон бычып, мен эмне болуп жатам? Балким ал мени эч кандай ою жок эле жөн ган тиктеп койгон чыгаар…Балким?" - Ушул сыяктуу кыздарга тиешелүү, көөдөнүнө тынчтык бербеген майда, бирок "маанилүү" ой-санаасы менен алпурушуп бир топко жатты Айым. Аңгыча апасы демейдегидей эле эрте турууга камынып, ордунан козголо берди. Ичиндеги оюн ким менен бөлүшөөрүн билбей араң жаткан кыз апасына эркелей унчукту:
- Апа! Ап-оов дейм!
- Ии, каралдым, уктай албай жатасыңбы дагы эле?
- Уйкум келбей жатат.
- Анда тур, тура гой.
- Тургум да келбей атат.
- Эркелегим келип жатат дечи…
- Апа…
- Ии?
- Биз кечээ кыздар болуп балдар менен тааныштык…
- Капырай де! Анан?
- Анан ошо…
- Ошо? Анын эмнесин айтасың "ошо" болсо? Же арасынан кимдир-бирөөсүн жактырып калдыңбы?
- Жок…- "ооба" дегендин ордуна ушул жоопту берди апасына. Негизи апасынан эч нерсе жашырчу эмес эле. Бул саам негедир жашырып койду. Апасы Гүлжан азыр пенсияда болгону менен өз кезегинде эң мыкты педагогдордон эле. Балдарынын баарын ата-энесине өз оюн жашырбай, ачык айтууга көндүрүп, тарбиялаган. Кыздарынын же балдарынын бири кандайдыр туура эмес иш жасап, же олдоксон, ката сөз сүйлөп алган күндө эч убакта катуу айтып урушчу да, жемелечү да эмес. Өз оюнда эгер кызы же баласы кетирген кемчилигин жашырып, оюн айтуудан тартынып жүрө берсе, ага кеңеш берчү киши да жок болуп, балдар каталыкты кантип оңдоону билбеген бойдон кала берет деп билчү, а көпчүлүктүн арасында болсо тескерисинче ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөөгө, ойлонуп иш кылууга, токтоо болууга чакырчу.
Айым апасынын дал ушул тарбиясында өскөн, үйүндө эрке, мектепте токтоо, үлгүлүү жүргөн кыз эле. Канчалык ачык айтууга көнүп чоңойсо да, эмнегедир Рустам тууралуу ачык сүйлөөгө батына албай койду. Бирок апасы Гүлжан кызынын жөн жерден эле кечээ балдар менен таанышкандыгы тууралуу айтып атпаганын "жок" деген сөздүн артында кандайдыр бир сырын жашырып, ичине катып алганын сезип койду. Оюнда "кимдир бирөөсүн жактырып же сүйлөшүп жүргөн өңдөнөт, айтса жакшы болот эле, билинбей отуруп бул кызым да чоңоюп калды, кыздар бат чоңоёт деген чын…Ким болду экен анысы…" деп ар кимди жоромолдоп, өзүнөн-өзү кеп баштады Гүлжан:
(Уландысы бар)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??