п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-96-01. 1988-жылкы Кудайбергенов Канат 0551939461 номерине чалып койчу. Жабжик.
ОП-96-02. Акыйкат барбы? Музоон телеберүүсүндө биринчи орунга үнү, келбети, баары төп келген Бегимай Карабаева мыкты ырдады эле. Бегимай, эл тараза. Купулга толгон ырларды ырдап жүрө бер! Сен мыкты ырчысың! Элиң сени менен! Роза, Айнура, Нури, Жыпар, Гүлнур, Нурбек.
ОП-96-03. Ильязга Мирбек да, Султан да жетпейт. Ал супер! 0700170ххх.
ОП-96-04. Стардэнс силер суперсиңер! 0705121ххх.
ОП-96-05. Кайдасың Алтынбек? Биз сени сагындык! Сени жакшы көрөбүз жана эч качан унутпайбыз! Жаратканым өзү сени колдосун! Бизди күт! Нур.
ОП-96-06. Казарманга чоң салам! Гүлзада.
ОП-96-07. Кыз-келиндер менен таанышам. 0770136033.
ОП-96-08. Бишкек шаарында жашап жаткан досторум Айгерим, Кристи, Мадина, Малика, Эрика, Алтынай, Жанетта окууңарга ийгилик! Мен силерди сагындым! Жолугушканча аман болгула достор! Нуриза.
ОП-96-09. Таластын кыздары чалгыла, "Обон" менен обондуу таанышабыз! 0777159945 жана 0557159945.
ОП-96-10. Менин саламым апам Кутукулова Жаңылга, эжем Рыскүл, байкелерим Сүйүнбек, Улан жана Макенге ошону менен катар Гүлсүнгө жолдонот! Бар болгула! 0773662ххх.
ОП-96-11 . Ильяз Абдразаков супер! 0705150ххх.
ОП-96-12. Балдар менен таанышам. Атым Бактыгүл. Жашым он төрттө. 0770156ххх.
ОП-96-13. Саламатсыздарбы СМСчилер, достор! Менин саламым Кыргызстандын базарларында эмгектенген кесиптештериме! Өзгөчө Дордойдогуларга чоң салам! Достор ар дайым алга! Зулайка.
ОП-96-14. Таластын жигиттерине салам! Ар дайым бар болгула! 0773131ххх.
ОП-96-15. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Жашым он тогузда. 0770373ххх.
ОП-96-16. Ыймандуу, жөнөкөй кыздар менен таанышам. Атым Бекхан. 0772616704.
ОП-96-17. Саламым Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургундары атам Мырзабек, апам Самарага жолдонот. Ден соолугуңар чың болсун! 0772616ххх.
ОП-96-18. "Кош" деймин, кош дегенге таарынбагын, / Айлам жок андан башка айта албаймын. / А бирок жалгыз сага бакыт каалап, / Өзүңдү өмүр бою унутпаймын! / Зуля.
ОП-96-19. Досум Бекназар менен аяшым Айперинин үйлөнүү тойлору менен куттуктайм! Ар дайым кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Бактылуу болгула! Новосибирскден Асан.
ОП-96-20. Өмүр гүлү жаш курак, / Ойноп алгын ар убак! / Каалаймын сизге үч тилек, / Өмүр, бакыт, махабат! / Ширин келе жаткан 9-декабрь туулган күнүң менен! Сага кааларыбыз узун өмүр, чың ден соолук! Ата-энеңди сыйлаган кыздардан бол! Досторуң Мирбек жана Айназик.
ОП-96-21. Сен Кыргыз Республикасынын Сүйүү кодексинин, Жүрөк беренесинин Махабат бөлүмүнүн 435- пунктунун негизинде айыптуу деп табылдың. Эми өмүрүңдүн калган бөлүгүн менин Жүрөк камерамда өткөрөсүң. 0771012ххх.
ОП-96-22. Ой - бо-ой, супер СМСчилер десе. Баарыңар эле романтик, сүйүүнү билип түшүнгөн адам болуп кеттиңер го. Не шам дейм да, бекер акча коротуп. Ушунчалык кыйын болсоңор ошо адамдын өзүнө айтпайсыңарбы сүйүүңөрдү. Лирика жазганыңарга чыдабай кетем да. Баарынан да Амангүлдүкү өттү. Мактанчаак казак десе. Эхо 91.
ОП-96-23. Саламым Мирбек Иманбековго. 0543054138ге чалчы, сураныч.
ОП-96-24. Ким мени менен СМС жазышат? Кеттикпи анда. 0771012989.
ОП-96-25. Асман түшүп, жер жарылып кетсе да, / Каршы чыгып, эл жабылып келсе да. / Кайра кайтпайм кадам койгон максаттан, / Өлтүрсө да, өз сүйүүмдөн баш тартпайм! / Сизди түбөлүк күтөм Марат. (Кара-Суу) Эркин айылы. 0778653ххх.
ОП-96-26. Абыл Искендеров атындагы Кара-Булуң орто мектебинин 8-классынын окуучуларына чоң салам! 07788671ххх.
ОП-96-27. Салам Жибек! Толкундуу деңизсиңби, кемесиңби? / А мен жээкте күтөмүн келесиңби? / Аруулукка, арзууга чайып туруп, / Өзүңдү белекке бересиңби? / Муни.
ОП-96-28. Сүйдүм сени сүйүүгө бек убадам, / Көрбөсөм да үнүңдү уксам кубанам! / Таңда кел сен нурга бөлөп ааламды. / Күн уялып чыкпай турмак уядан. / Жакты мага сүйлөгөнүң, күлгөнүң. / Жакты мага бир мүнөздө жүргөнүң! / Сүйүп калдым аз убактын ичинде, / Кечирип кой катуу тийсе бул сөзүм! / Бултушка ар дайым жылмайып эле жүрө берчи ээ? Жаның.
ОП-96-29. Жумгалдын Шатман Садыбакасов мектебине ысык салам! 8 "а" суперсиңер! Назгүл 95.
ОП-96-30. Ильяз Абдразаков эң кыйын! 0777889ххх.
ОП-96-31. Шылдырап аккан суунун добушундай, Дирилдеген Токтогулдун комузундай. Күлө бергин, жүрө бергин, узун өмүр сүрө бергин! Сүйүү жана Махабат деңизинде сүзө бергин! Алла дегин, Кудай дегин, Ак сүйүүнүн жообун бергин! 0771012ххх.
ОП-96-32. Балдарики барсыңарбы? Шыңгыраткыла достошобуз. Атым Дина. 0778163453.
ОП-96-33. Таалай Ж. Канчанчы жылкысың? 0771012ххх.
ОП-96-34. Нурай, Нурай 2, Арзыгүл келе жаткан Жаңы жыл майрамыңар менен! Силерди жакшы көрөм! 0778326ххх.
ОП-96-35. Дүйнөмө жаралган жалгыз өзүң, / Жүрөктө жараланды жалгыз сезим. / Жүрөмүн, үмүтүм өчпөй барат, / Сагынып өзүңдү жүргөн кезим! / 0773155ххх.
ОП-96-36. Ильяз супер! Нуриза.
ОП-96-37. Жан дүйнөм жалгыздыкка курчалабы? / Жүрөгүмдүн бүт баарысын курчайт кайгы. / Эми мен сендей жанды таба аламбы? / Түшүнүп арманымды уга алабы? / Айлам жок ыйлап, сыздап мен кыйналам. / Алоолоп оттой жанып, кыйнайт санаам. / Түгөнгүс бакыт каалап мен өзүңө! / Үзүлгөн үмүт менен жашаймынбы? / Зуля.
ОП-96-38. Айрылып эми сенден жалгыз калдым, / Кайгырып Арман багын араладым. / Көзүмдөн жаш куюлат эч тыйылбайт, / Кайрылып сен келбейсиң менин жаным! / 0778296ххх.
ОП-96-40. Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдразаков суперсиңер! 0778183ххх.
ОП-96-41. Бишкекте жашап жаткан апам Айгүлгө, атам Байышка анын кыздар-балдарына салам! 0773115ххх.
ОП-96-42. Акман айылында жашап жаткан тагам Ырысбай, жеңем Үпөлдү уулдуу болушу менен куттуктайм! 0777573ххх.
ОП-96-43. Салам Базаркоргондун жашоочулары! 0777573ххх.
ОП-96-44. Көңүл деген назик нерсе түшүнчү аны, Сен мени кыйнадың го Жаны. 0771268ххх.
ОП-96-45. Айдин Шер, сенин ырларыңды абдан жакшы көрөм! 0771268ххх.
ОП-96-46. Кундуз эже, сиз Шахзодадан да сулуусуз. Өзгөнгө качан келесиз? Биз сизди сагындык! 0771268ххх.
ОП-96-47. Кыздар-балдар чалгыла. 0770312136.
ОП-96-48. Айланайын көрө албас адамдар, эмне мынча казак кызы Амангүлгө тийишип эле калдыңар? Кыздары деле, балдары деле ой тобоо! Дося Амангүл, сен эч качан капа болбо! Биз барбыз го сени урматтаган! Ишенген досторуң бар! Айгөлөк.
ОП-96-49. Бирөөсү мактап жазган, / Башкасы айыбын ачкан. / Чогулуп "Обонго" СМС жазган, / Амангүл болду го бүтпөс дастан. / Ыйман берсин баарыңарга жараткан! / Күнөө болот аныгын билбей кеп айткан. / Баш оорутпа зыяны жок болсо да, / Достор тынч жашайлы, суудан ичип, шар аккан! / Бакай.
ОП-96-50. Оп-95-34 Гузаля Оштун кыздары чүрөк. 0551473ххх.
ОП-96-51. Кант, Красная Речкадан Жанжигит Карагуловго таандык техпаспорт жоголду. Таап алгандарга сүйүнчүсү бар. 0553789858.
ОП-96-52. Саламым Ханышайга! Дося кайда жүрсөң да бактылуу бол! Сени сагындым! Айгөлөк.
ОП-96-53. Саламым биртуугандарыма! Асылдарым, ар дайым жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңөрдөн сүйүү кетпесин! Айгөлөк.
ОП-96-54. "Өз бактыңды издейт экенсиң алыстан, / Бирок, бактың жайгашканбы жаныңдан? / Аттиң, билген жан болсо, / Сурайт элем жан талаша башынан. / Күтүп учкан куштай зымырап, / Жаштык барат узак сапар ар тарап. / Шашылбай бир пас токтоп турчу? / Мен таап алайынчы бакыт, асылзат. /" -деп ойлонот экен ар бир адам. Айгөлөк.
ОП-96-55. Амангүлдү эмнеге көрө албайсыңар? Айгөлөк.
ОП-96-56. Эстеймин, мага дагы куса түшкөнсүйт. Элесиңди көргүм келет. Сени эстебей бир да таңым атпагансыйт. Кусалык койнуңдан мени чыгарчы. Кубанып мен да, сен да олтуралычы. Ар күнүм кайгы болбой, керемет болуп. Адамзатын барктайлычы? Айгөлөк.
ОП-96-57. Суусамырдагы Кереметке салам! 0770244ххх.
ОП-96-58. Арзыгүл супер кыз. 0700170ххх.
ОП-96-59. №7 мектепте окуган окуучуларга салам! Өзгөчө 9-б класс мен силерди сүйөм! Арзыгүл.
ОП-96-60. "Обонтайдан" кичине алыстап бараткан досторум Бакай, Макуся, Таир, Айзирек, Ангел, Асем, Табигат сырдуу Алтынай, Вася, Мисс Саинт Ангел, Мая 95, Айдана Анту, Татина, Нурзат 90, Гуля 88, Леди Гуличка, Барчынай, Айдем Мэри, Нурмухамед, Эх Мамбо, Канжар, Гузеля, Эркин КБШ, Нур Айжан, Барби, Айдеми, Айка, Бийчи Диана, Меришка, Кеминдик Наргиз, Жака Жазгүл, Мухит, Гүлшан, Кейси, Хан Шай, Билал Козу ж.б. аты аталбай калган СМСчилер дайыныңарды билгизип СМС жазып турсаңар. Кайсыл жерде болсоңор да аман болгула! Силерди сагынган досуңар Жанусь-Роза.
ОП-96-61. Урматтуу СМСчилер "Обон-почта" бири-бириңерди жамандаш жана ушакташ үчүн жаралган эмес го. Жаман ойлор менен менен жазган СМСке таасирленип, мени да жаман көрүшүңөр мүмкүн. Силерден сураныч, "Обонтай" гезитинин СМСчилери, окурмандары бири-бириңерди ушакташпай, жаман көрүшпөй бирге бололучу! Ушул көрүнүшкө жол бербейли достор! Жанусь-Роза.
ОП-96-62. Жанышев Омар Шейшенбековичке: Алыс болуп арабыз, ырбады жүрөк жарабыз, / Айтылып сырлар санаалар, сүйүүгө качан канабыз? / Унутту деп ойлобо, узак болсо арабыз. / Эки жүрөк бир соксо, ага да арга табабыз. / Жанусь-Роза.
ОП-96-63. Саламым Өзгөн шаарынын Каканоч айылындагы сүйгөнүм Асанов Артурга! Мен сени чексиз сүйөм! Салиева Уркуя.
ОП-96-64. "Жаш Кыял" бий тобу силерди бир жылдан бери таппай жүрөм. 05566773хх Сайкал.
ОП-96-65. "Бекжан" базарында 2-кабатта иштеген Фархатка салам жолдойм! Аман бол! Наргиза.
ОП-96-67. Жүзүңдө эмес сулуулуктун сымбаты, / Жан дүйнөңдүн тереңинде жаткансыйт. / Ишиңде эмес, адамдагы сырдуулук, / Карагаттай каректерде жаткансыйт. / Нурмухамед.
ОП-96-68. Баарыңарга ысык салам! 0555280ххх.
ОП-96-69. Миң-Булак айылынын жашоочусу менин алтындай болгон чоң энем Анипага жалындуу ысык салам! Апа ар дайым биздин маңдайыбызда жаркырап жүрө бериңиз! Бишкектен небереңиз.
ОП-96-70. Саячка эже, эмне жок болуп кеттиңиз? Мени менен байланышыңызчы. 0556747864.
ОП-96-71. Досум Сымбат Жумашева Ысык-Көлдүн Дархан айылынан болот. Мага чалып койчу суранам! 0550450233.
ОП-96-72. СГОдо иштеген Кубаныч акеме, Бермет жеңеме, Жыргал акеме, жээним Замир, Айбек, иним Адилетке чоң салам! Нурик Томас.
ОП-96-73. Зуля өнөрүң өркүндөп, талантың ташкындай берсин! Сен керемет жансың! Бактыгүл 92.
ОП-96-74. Тамада, аппаратура музыкасы менен сиздердин кызматыңыздарда. 0550652177.
ОП-96-75. Асылкеч досум Нурмухаммед, сен чыныгы кыргызымдын кайталангыс жигиттеринин бирисиң. Сени менен сыймыктанам! Бактыгүл 92.
ОП-96-76. Омар, сен Россияга фестивалга барганда Алла Пугачева "Сени сүйүп калдым" деп айтыптыр го. Ошол чынбы? Урматым менен Назира.
ОП-96-77. Бактыгүл Бадыева кытайлык жигиттериң барбы? 0771268ххх.
ОП-96-78. Саламым "Обондун" супер СМСчилерине! Жаным.
ОП-96-79. Саламым Кара-Дөбө айылында жашаган досум Беганас, аяшым Айпериге жолдонот! Ар дайым ушундай бактылуу болуп, ата-энеңерди сыйлаган жаштардан болушуңарга тилектешмин! Досуңар Алымбек Отуз-Адыр Барс 92.
ОП-96-80. Менин саламым Чоң энем Анипага жана байкем Айтбек, жеңем Кундузга, балдары Чыңгыз, Илгиз, Жылдызга, кызы Кумаркүлгө жолдонот. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Дайыма ден соолукта болуп жүрө бериңиздер. Мен сиздерди жакшы көрөм! Чоң эне көп жашаңыз! Мен сизди сүйөм! Кызыңыз.
ОП-96-81. Нарын шаарында жашап жаткан Нурлан байкеме, Зинат жеңеме, Нурсултанга жана сиңдим Маликага ысык салам! Бар болгула менин алтын туугандарым! Мен силерди сүйөм! Бишкектен кызыңар.
ОП-96-82. Балыкчыда жашаган чоң атам Бекболотко, чоң апам Ажарга Улан, Эсенбек, Руслан байкелериме, Тилек жеңеме чоң салам! Бар болгула! Биз сиздерди жакшы көрөбүз! Балдарыңыз.
ОП-96-83. Менин жаным Нурланга ысык салам! Мен сени сүйөм алтыным! Бултушкаң.
ОП-96-84. Миң-Булак айылынын Бөжөн сарайында жашаган атам Сүйүндүккө, апам Керезге ысык салам жолдойм! Ата-апа ар дайым бар болуңуздар! Сиздерди жандай жакшы көргөн кызыңар.
ОП-96-85. Бишкек шаарында жашап жаткан Айгүл эжеме, Токтосун жездеме салам жолдойм! Бактылуу болгула! Сиңдиңиз.
ОП-96-86. Нурсултанга чоң салам! Окууңду ийгиликтүү бүтүп алышыңа тилектешмин! Каалаган окуу жайыңа тапшырып, мыкты кесиптин ээси бол иним! Эжекең.
ОП-96-87. Миң-Булак айылында жашап жаткан сиңдим Айнурага сагынычтуу салам жолдойм! Уулуң Алишердин сый урматын көрүп, аман-эсен көз жарып ал алтышка! Жолдошуң экөөңдүн кармашкан колуңар эч качан үзүлбөй, кудагыйды сыйлаган келин бол! Эжең.
ОП-96-88. "Обон" гезитине салам! Дайыма алдыда боло бергиле! 0777187ххх.
ОП-96-89. Ата-апа силерди жакшы көрөм! Эч оорубаңыздар! Уулуңуз М.
ОП-96-90. Атым Сталбек. Кыздар менен дос болгум келет. +77011822376.
ОП-96-91. Саламым таланттуу кыргыздын ырчы мырзалары Мирбек Атабековго жана Сапарга жолдонмокчу! Таха.
ОП-96-92. Ильяз Абдразаковго ысык салам! Сен суперсиң! Аймашка 89.
ОП-96-93. Саламатсыздарбы супер СМСчилер! Мен сиздердин катарыңыздардамын. KG
ОП-96-94. Жаным менин. Мари сени сагындым! Э.
ОП-96-95. Көздөрүбүз түркүн сөздү сүйлөшөт, / Жүрөктөр бири-бирин сүйүшөт. / Ортодо чын сүйүүнү кыйнадык, / Аттиң ай! Акылыбыз аны неге түшүнбөйт! / Жүрөгүм чагылгандай кагылган, / Көз жашым жамгыр болуп агылган. / Эмне үчүн сүйбөгөндү сүйүп жүрөм, сагынам?! / Анткени татаал сүйүү тагдырына кабылгам! / Зуля.
ОП-96-96. Токмоктук Айнура, эгер окуп калсаң бизге байланышка чыкчы сураныч. Сени менен дос бололу деген оюбуз бар. Телефон номерди "Обонушкадан" алсаң болот. Ильяздын күйөрмандары 89.
ОП-96-97. "Жаным ай!" деп ырдадың, азаптарга малынып, / "Сен үчүн" деп ыр сундуң, муздак сезимге кабылып. / Айканын жүрөгү Даниелде экенин сезбедиң. 0709293ххх.
ОП-96-98. Токмоктук Айка, Ильязды жайына койчу суранам.0709293ххх.
ОП-96-99. Ильяз Абдразаков Айнура менен таанышып коюңузчу. Ал үчүн Токмокко чейин барууга даярмын. Эрке кыз 89.
ОП-96-100. Айнура, Ильяз сага жаңы төрт ырын арнады. Канча аракет кылып ийгиликке жеткирди. Кадырын түшүнбөгөн кыз экенсиң. Ийгилик сага! Бар бол! Аймашка 89.
ОП-96-101. Ильяз жаным, мен сенсиз жашай албаймын. Сени аябай сүйөм. Красотка 89.
ОП-96-102. Менин саламым сүйүктүү досторум Абда, Амангүл, Айгөлөк, Нурзат 90, Гуля 88, Билал Козуга жолдонот. Силерге кааларым узун өмүр, тунук сүйүү ошондой эле эң керектүү болгон ден соолук каалайм! Жанусь.
ОП-96-103. Базарда иштеген кыздар Ферузага , Назгүл, Айсулуу, Гүлнурага салам! +77027222ххх.
ОП-96-104. "Обондун" СМСчилери жашооңор кандай? +77053305ххх.
ОП-96-105. Амангүл капа болбо, баары жакшы болот. Сени жакшы көргөн досторуң. 0777527ххх.
ОП-96-106. Амангүл байкемдин башын айлантпа. Байкемдин аты Арман. Карындашы.
ОП-96-107. Алматыда иштеген Куттубекке салам жолдойм! Аман бол! Чымкенттен Наргиза.
ОП-96-108. Жуке кандай? Моруштун телефонун берип жиберчи? +79266950ххх.
ОП-96-109. Кыргызстанда түндүк-түштүк деген аябай күчөдү го чиркин! Айланайын кыргызым, бөлүнбөйлүчү! "Бөлүнгөндү бөрү жейт" дегендей, бизди да бөрү жеп кетпесин. Негизгиси аман бололу! Ариет.
ОП-96-110. Арстанбек, Дооронбек, Алмазбек Жаңы жылыңар менен! Жылдыз.
ОП-96-111. Ата, апа келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Кызыңар Дику.
ОП-96-112. Жаным Адиге салам жолдойм! Келе жаткан туулган күнүң менен! Дику.
ОП-96-113. Менин саламым сүйүктүү ырчым Сыймык Бейшекеевге арналат. Коңур күздө түшөт сары жалбырак, / Суук түштү күздү артка калтырат. / Ал суукка карабай, мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел! / Жакпаса да сөздөрүм, / Жоодур карап рубрикага күлүп кел! / Көлдүк кыз.
ОП-96-114 . Эжелерим Кочкорбаева Гүлнараны, Итибаева Зинаны келе жаткан Жаңы жылдары менен куттуктайм! Эч качан оорубагыла! Ишиңерге ийгилик! Айжан.
ОП-96-115. Жеңишбек Токтобеков чыныгы эркек! 0777611ххх.
ОП-96-116. Анжелика, сен абдан акылдуу, сулуу, сабырдуу кызсың. Ушунуңдан жазба! "Өмүр багы" жаңы ырың, жүрөгүмдөн чоң орун алды. Айзеля.
ОП-96-117. Урматтуу Амангүл сизди супер СМСчи катары билем. Бирок сиз абдан чырчыл кыз окшойсуз. Аллах сизге жар болсун! Ариет.
ОП-96-118. Урматтуу СМСчилер эмнеге эле Амангүлгө тийишип калгансыңар? Башка кылаарга ишиңер жокпу? Бирөөнү ушактагандан көрө ата-энеңерге салам жолдосоңор боло. Жанусь.
ОП-96-119. Эмнеге баарыбыз эле казак кызы Амангүл үчүн урушуп жатабыз. Амангүлгө маани бербей эле коёлу. Бишкектен Айка.
ОП-96-120. Саламатсыздарбы. Комуздан сабак берчүлөр болсо окуйт элем. 0555092ххх.
ОП-96-121. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы Байсалов Токтобай байке, сизди кыздарыңыз 18 жыл күттү. Дагы канча жыл күтөт. Тааныгандар барбы? Болсо чалып коюңуздарчы 0555092928.
ОП-96-122. Сенсиң менин жашоомдогу сүйүүм, / Сенсиң менин асмандагы жылдызым. / Сенсиң менин түбөлүктүү өмүрүм! / Сенсиң менин көңүлүмдөгү күлкүм! Бул ыр Акбар Сүйүнбаевге арналат. Назик 92.
ОП-96-123. Демирчик мен сизди сүйөм! Жашоонун ачуу-таттуусун да сиз менен тең бөлүшөм! Эркеңиз.
ОП-96-124. Өкүнбөс үчүн жаша, алданбас үчүн сүй, жеңилбес үчүн күрөш, сүйгөндү сүй, сүйбөгөнгө жалынба. Сүйбөдү деп сүйбөгөнгө таарынба. Капысынан сүйүп калып, жаш жүрөктү жаралаба. Биринчи сүйүү эстен кеткис. Экинчи сүйүү ага жеткис. Сүйүүгө өкүнбө, ачкычы өзүңдө. Сүй! Сүйгөндү, сен үчүн күйгөндү. 0771939ххх.
ОП-96-125. Кыздар чалгыла. 0777480404.
ОП-96-126. Бейиш болсун досторумдун арасы, Кандай гана бактылуумун карачы! Кереги жок байлык, бийлик, башканын. Бул өмүрдө достор менин канатым! "Бекжан" жана "Самал" базарында иштеген досторума салют! Ылайым кыргыздын мыкты жигиттери болгула! Силерге ийгилик, бакыт, сүйүү, жана узун өмүр каалайм! +77016031ххх.
ОП-96-127. Ошто окуп жаткан досум Гүлзинага салам жолдойм! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Алматыдан досуң Шахризада.
ОП-96-128. Менин саламым "Бекжан" базарында иштеп жаткан кыргыздын айдай сулуу, гүлдөй назик кыздары Мээрим жана Тахминага! Силердин 16-декабрь туулган күнүңөр менен чын жүрөктөн куттуктайм! Арчадай жаштык, музыкадай шаттык, Ала-тоодой бакыт каалайм! Кудайым сүйгөнүңөргө жеткирсин! Бар болгула! Таалай Ж.
ОП-96-129. Бишкектик Гузяля эмне Оштук кыздарды мактаса арданып жатасың? +77029827ххх.
ОП-96-130. Ош шаарынын тургуну атабыз Абдисаламды 15-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Ар дайым апам экөөңүздөр ден соолукта болуп, биздин бактыбызга бар болуңуздар! Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Чымкенттен уулуңуз Эрлан, кыздарыңыз Гүлбурак, Баяна.
ОП-96-131. Ким ойлоду жалган жансыз сүйүүнү?! / Ким ойлоду жалын отко күйүүнү?! / Ким ойлоду, ким ойлоду жалганды?! / Ким ойлоду боздогон бул арманды? / Аруужан.
ОП-96-132. Медиа Анара, Аида бар болгула! Келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Дилбар.
ОП-96-133. Махабаттын эки түрдүү жолу бар, / Биринчиси түбөлүккө сүйгөн жар. / Экинчисин "Бул эмне?" деп сурасаң. / "Күнүмдүк" деп күлүп коюп жүргөн бар. / Аруужан.
ОП-96-134. Менин саламым Тоң районундагы Кызыл-Туу айылындагы сүйүктүү досум Гүлзатка ысык салам! Миргүл.
ОП-96-135. Ашыктын ырын ырдап, ыйлай берем, / Арманда азап күүсүн чертип келем. / Айыкпас оору болдуң сен мен үчүн, / Ар убак сени ойлоп, "сен" дей берем. Зуля.
ОП-96-136. Кызыл-Туу орто мектебинин 9-А классы супер! Мен силерди сүйөм! Миргүл.
ОП-96-137. Урматтуу ОП-95-34 абоненти Ошко келип, Оштун кыздарын көрүп кетиңиз. Нур.
ОП-96-138. Айга барып сенин атың жазсам дейм! / Ах, сүйгөнүм дайым сага жаксам дейм! / Аттиң бирок, кайрылбайсың эч качан, / Ак сүйүүмдү эми кимге арнайм мен?! / Зуля.
ОП-96-139. Кош деймин, кош сүйгөнүм таарынбагын, / Айлам жок, андан башка айта албаймын. / …….0778296ххх.
ОП-96-140. Назгүл Насиева эжеге салам! Сиз суперсиз! 0778107ххх.
ОП-96-141. Дем менен чыгат менин армандарым, / Сен элең менин сүйгөн асыл жаным. / Мен өзүңсүз эми кантип жашайм, билбейм? / Бактылуу бол! Мени дайым унутпагын! / Түшүнбөйсүң менин азыркы абалымды, / Кой эми сага бакыт каалайынчы. / Түгөнбөс түйшүк ойлор эми басты, / Түшүнбөйм сени бирөө тартып алды. / Түгөнгүс бакыт каалайм бир өзүңө! / Ортодо чын сүйүүбүз жетим калды. Көрбөдүң көздөн аккан жаштарымды, / Өзүң жок эми жалгыз каламынбы? / А бирок, жалгыз сага бакыт каалап, / Өзүңдү өмүр бою унутпаймын! / Зуля.
ОП-96-142. Сүйүү деген мынча ташбоор болбосо, / Жардамга зар жаш жүрөктү ойлосо, / Сүйүштүрүп, биринчисин экинчиге, / Жарым жолдо ажыратып койбосо. / Аруужан.
ОП-96-143. Салам "Обончик"! ОП-95-34 абоненти Оштун кыздарына шек келтирбе. Милана.
ОП-96-144. Өткөргөн ал күндөрдү эстей берем, / Өмүрүм өтөбү эми кайгы менен? / Мен сени балким өзүм таарынттымбы? Өзүңсүз эми кантем, такыр билбейм?! / Зуля.
ОП-96-145. Достор, неге мынча жашоо татаал? Мен бир адамды жактырам. Бирок мени чындап жактырабы билбей жатам. Бир күнү аны жоготуп алуудан аябай корком. Деги эле түбөлүктүү сүйүү барбы? Кыздардын ж…… .. 0778296ххх
ОП-96-146. Кызыл-Сарай айылындагы досторума салам! Мамытов Элдиярга өзгөчө салам! 93түн жети кызы суперсиңер! Алина 93.
ОП-96-147. Саламым сүйүктүү досум Элдиярга ! Окууларыңарга ийгилик! Алина 93.
ОП-96-148. Эгер сүйсөң кечирилбеген күнөөбү? / Сүйүп жүрүп таштап кетсе бирөөнү, / Неге мындай сүйүү таштоо оңойу? / Ыйлатпачы суранам, жаш жүрөктү. / Ыйман берчи ар пендеге жараткан! / Ырыскысын туш тарапка тараткан. / Кең пейилсиң ишенемин Аллахым, / Аябачы ак сүйүүнү жаштардан! / Зуля.
ОП-96-149. Жайнагүл, мен сени түбөлүккө сүйөм! Бакнур.
ОП-96-150. Эхтияр байке келе жаткан 31-декабрь туулган күнүңүз жана 2010-Жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Каалаймын узун өмүр, ачык асман! / Жана да чексиз бакыт күлүп турган. / Жүзүңүздөн күлкү кетпей өмүр сүрүңүз! / Каалаган ой-максатыңызга жетип жүрүңүз! Өмүрүңүз аккан суудай узун болсун! Көңүлүңүз аткан таңдай тунук болсун! Алдыда сиз басуучу кенен жолдор, ачылган түркүн түстүү гүлгө толсун! Сүйүктүү карындашыңыз.
ОП-96-151. Сүйгөнүнө жетпегендер, сүйүп калып сүйүүсүн айта албай жүргөндөр азап-кайгыдабы? Сүйүү эмне экенин сүйүп көргөн адам гана билет. Ошондуктан келгиле достошобуз! +77016031544.
ОП-96-152. Чымкентте "Бекжан" базарында иштеген досум Умардын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Ушул жылы иш максаттарың орундалсын! Жаку 89.
ОП-96-153. Салам Аза! Мади экөөңө чексиз бакыт каалайм! Жаку 89.
ОП-96-154. Алыскы Ноокат районундагы Жар-Коргон айылында жашап жаткан ата-энемди, бир туугандарымды келе жаткан Жаңы жылдары менен куттуктайм! Ушул жыл ийгиликтүү болсун! Биздин пешенебизге бар болуңуздар! Жаркынай.
ОП-96-155. Э Дима азыраак акылдуу болчу сураныч! Медка.
ОП-96-156. Жалпы кыргыз элимдин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Жаку 89.
ОП-96-157. Кара-Дөбө айылында жашаган алтындай болгон атам Арып, апам Жамийлага салам жолдойм! Ар дайым биздин бактыбызга ден соолукта болгула! Кыздарыңыз Зирек, Айдана, уулдарыңыз Алымбек, Тажинур.
ОП-96-158. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына! Ар дайым ишиңер өркүндөй берсин! Алым, Барс.
ОП-96-159. Гүлнур Сатылганова сизге ийгилик! 0772800ххх.
ОП-96-160. "Обон" газетасынын окурмандары бириңди-бириң ыза кылбай келечегиңерди ойлосоңор боло? Ыймандан алыстап баратабыз. Ойлонгула! Тимурлан.
ОП-96-161. Мен орто бойлуу, терең ойлуу, Лейлектик, бирок шаарда туруктуу жашаган, темир тулпарлуу жакшынакай жигиттер менен таанышам. 0771501ххх.
ОП-96-162. Махабат бул көк деңиздир толкуп-ташып чалкыган. / Менин сүйүүм балким кеме суу үстүндө калкыган. / Суулар акпай соолуп калган какшыган. / Кемем жүрбөй көк деңизден айрылган. / Зуля.
ОП-96-163. Анекдот: Бир кыз бир балага кечке эле СМС жаза берет экен. Тажаган бала жооп жазат: "Сен кечке эле СМС жазганыңа караганда дудук окшойсуң?" Гузель.
ОП-96-164. "Обондон" тапкан досторум, эжелерим, айрыкча Жанусь, Роза, Гүлшайыр, Наргиза эже, Гуля 88, Айгөлөк, Сауле, Амангүл жана башкалар дайым бар болуңуздар! Кудайым сиздерден эч качан жакшылыгын аябасын! Кирип келген Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Гузель.
ОП-96-165. Алтындай болгон досторум баарыңарга кааларым дайрадай узун өмүр, арчадай жаштык, шампандай шаттык! Ар бир өтүп жаткан күндөрүңөр шоколаддай таттуу болсун! Дайым "Обондун" көркүн ачып жүрө бергиле! Жаңы жыл силерге жаңы жакшылыктарды ала келсин! Гузель.
ОП-96-166. Салам жанкаларым! Кандайсыңар? Мен шартка байланыштуу көптөн бери силердей алтындай болгон досторум менен байланыша албай жаттым. Силерди сагынган замандашыңар Гузель.
ОП-96-167. Атрауда "с" блокто иштеп жаткан Улук, Харшид, Айбек, Жыргал, Тынчтык, Шерлан силерге ден соолук каалайм! Түгөйүңөр менен кол кармашып, татаал турмушта түбөлүктүү үй-бүлө болгула! Аллах ар убакта жар болсун! Тимурлан.
ОП-96-168. Ош облусунун Папан өрөөнүндө жашаган кыздарым Альбина менен Жумагүлгө салам жолдойм! Силерди жаныман да жакшы көрөм алтындарым! Силерди сагынып, бетиңерден өөп, Атыраудан апаңар Гүлзада.
ОП-96-169. Айпери, мен сени чексиз сүйөм! Деңиз.
ОП-96-170. Кыздар эмне мынча ырчы жигиттерге асылып эле калдыңар? Алымбек (Барс) 92.
ОП-96-171. Ош шаарынын акылдуу, адептүү, чырайлуу кыздары барбы? СМС жазгыла 0778135517.
ОП-96-172. Кубаныч, койчу эми классташ таарынбачы! Ал тамаша болчу. Классташың Айка.
ОП-96-173. Ошто окуган досторум Азия, Жумагүл, Айчүрөк, Элианорага чоң салам! Студент болуш кандай экен? Окууларыңарга ийгилик каалайм! Таразды сагындыңарбы? Лунный Цветок.
ОП-96-174. Э Дима, сенин СМСтериң маанилүү экен. Сени менен таанышсамбы дедим эле. Тараздан Лунный Цветок.
ОП-96-175. Сүйөт десе сүйө бербей шартын билгин! / Сүйгөн соң, сүйгөнүңдүн баркын билгин! / Кызыкпа сырткы көрүнүш келбетине! / Жан дүйнөсүн, мээримин, сырын билгин! / Зуля.
ОП-96-176. Салам Сыймык байке, сизге чыгармачылык ийгилик! Менин жазган ырларым бар. Окуп көрүп, обон жазып ырдабайсызбы? Мен он жылдан бери ыр жазам. Кимге көрсөтүшүмдү билбейм! Ыр жазган адам "Ырларым окулуп, эл алдына чыкса" деп самайт тура. Өзүм Жалал-Абаддан болом. Азыр Ошто жашайм. Гүлбарчын.
ОП-96-178. Карды жакшы көргөн, жан дүйнөсү кардай таза, туруктуу, ыймандуу кыздар-балдар менен таанышам. 0778296793.
ОП-96-179. Салам достор, Кыргызстанда эмне жаңылык? Сүйүү жөнүндө ыр жазгылачы? +77025746ххх.
ОП-96-180. Менин саламым Жусупжан абамдын кызына жолдонот! Бар бол! Досяң.
ОП-96-181 . Бөжөн сарайында жашап жаткан атам менен апама сагынычтуу салам! Ар дайым бар болуңуздар! Кызыңар.
ОП-96-182. Нарын шаарынын тургундарына ысык салам! Жердешиңер Айка.
ОП-96-183. Менин сүйүүм Нурланга ысык салам! Жаным, мен сени сүйөм! Бултушкаң.
ОП-96-184. Мээрим жана Руслан бактылуу болгула! Мени тоюңарга качан чакырасыңар? Кара корооз.
ОП-96-185. Перизатка жана Нуриге салам! Кандай жүрөсүңөр алтышкалар? Мен силерди сагындым! Хони.
ОП-96-186. Кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктайм! Патриот кыз.
ОП-96-187. Бөлүнбөйлүчү ээ. Баары бир кыргызбыз го. Патриот кыз.
ОП-96-188. Сүйүүнү ким жакшы чагылдырып ыр жаза алат. Жазгылачы, окугум келип жатат. Асан.
ОП-96-189. Баарыңарды жакшы көрөм! Асан.
ОП-96-190. Ата-апамды, бир туугандарымды Жаңы жылы менен куттуктайм! Кызыңар.
ОП-96-191. СМСчилер силер суперсиңер! Ушунуңардан жазбагыа! Патриот кыз.
ОП-96-192 . Султан сахнага кайрылып келчи? Сенин мукам үнүңдү, сүйкүм жүзүңдү сагындым! Сени жакшы көрөм! Бактыгүл 92.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??