п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  шыр маек

Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"
"Мен башканы түшүнсөм, ал да мени түшүнөт" деген ураан менен иш алып барган НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери, Нурдин Урмамбетов менен маек куруп, учурда популярдуу болуп келаткан "Музканал", "Лидерkg" телекөрсөтүүлөрү тууралуу маалымат алдык.

- Нурдин байке, сиздердин телеканалдагы жаңы көрсөтүүлөр "Музканал", "Лидерkg" жөнүндө маалымат берсеңиз?
- "Музканал"телекөрсөтүүсү 24-августта биринчи жолу эфирге чыккан. Алгач бир сааттык түз эфир болсо, азыркы күндө үч саатка узарттык. Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин төрт-беш сааттык түз эфир кылалы деген тилегибиз бар. Буга чейин республика боюнча Улуттук биринчи каналда гана жумасына бир жолудан "Хит парад", "Браво" көрсөтүүлөрү кетчү. Биз дагы шоу-бизнеске өзүбүздүн салымыбызды кошолу деп "Музканал", "Лидерkg" көрсөтүүлөрүн ачтык. "Музканал"-телевизиондук аянтча. Бизге келгиле, эфирге чыккыла! Ал эми "Лидерkgде" телекөрүүчүлөр түз эфирде телефон чалып, смс аркылуу добуш беришип, добуш аркылуу ким канчалык деңгээлде популярдуу экени аныкталат.
- Добуштар жасалма жол менен көрсөтүлбөйбү?
- Добуштар тап-таза жүрөт. Эфирде баары көрүнүп турбайбы. Телефон чалдыбы, смс келдиби, дароо добуш кошулат. Телефон линиясы бирөө гана болгондуктан, эч кандай жасалма жолдорго жол берилбейт. Болгону кээде добуштар кечигип келиши мүмкүн. Анткени, техника деген техникада. Ошондой шартта бизге "Менин смсимди көрсөткөн жоксуңар"деген телефон чалуулар же билдирүүлөр келет.
- Көрсөтүүгө клиптерди, ырларды бериш үчүн акча сурайсыздарбы?
- Биз ырчылардан эч кандай акча сурабайбыз. Эгерде ырлары маанилүү, клиптери мазмундуу болсо эмнеге аларды колдобошубуз керек. Учурда ондон ашык продюсерлик борборлор, жыйырмадан ашык музыкалык студиялар бар экен. Алар сапаттуу ырларды, клиптерди алып чыгышса, биз сөзсүз колдоо көрсөтөбүз. Биз менен түз байланышып, кызматташабыз деген бардык өнөр адамдарына эшигибиз ачык. Анан дагы бизде тааныш-билиш деген мамиле жок. Эл артисти болсо дагы коюлган клиптер кезектешүү жолу менен гана эфирге берилет.
- Алыпбаруучулардын чач жасалгаларын, кийген кийимдерин ким каржылайт? Алардын эмгек акылары жакшы эле төлөнөбү?
- "Музканалда" үч, "Лидерkgде" бир алыпбаруучу иштесе, көрсөтүүлөрдү даярдагандар болуп, жалпы жамаатта он адам эмгектенет. Алыпбаруучулардын эфирге кийген кийимдери, чач жасалгалары боюнча биз атайын салондор, дүкөндөр менен кызматташабыз. Ал эми айлык акылары канча экенин ачык айта албайм, сыр болсун.
- Телевидениеде иштегендердин алган айлыктары аз болсо, анда аларды кармап турган өзгөчө стимул бар го?
- Биздин жамаат 18-25 жаш курактагы студенттер жана окууну жаңы бүткөндөр десем болот. Баары жаш болгондуктан иш дегенде күйүп, өз иштерин сүйүп турушат. Мен болгону аларга туура багыт гана берем. Калганын өздөрү жасашат. Өзүм да теле жаатына 24 жашымда келгем, азыр 43 жаштамын. Балким, менин да жүрөгүмдөгү каалоом бул жаатта иштөөмө чоң стимул болсо керек. Эгерде бизде иштегендердин көбү улуу муундар болсо, анда түшүнбөстүктөр, нааразычылыктар келип чыкмак болуш керек.
- Саясат менен шоу-бизнестин кайсынысы оор деп ойлойсуз?
- Өзүм он сегиз жыл саясат менен алектенип, жаңылыктарды алып барып жүрдүм. Биринчи шаардык канал болгонубузга бир эле жыл болбодубу. Анан дагы кошумча эмнелерди кошсом экен деп ойлонуп олтуруп, каналга шоу-бизнести ачтым. Мага шоу-бизнес абдан жакты. Бирок, саясатка караганда бул өтө татаал нерсе экен. Мунун артында ар кандай интрига, акча деген маселелер толтура. Саясатчылар менен сүйлөшүп, түшүнүшүп алсаң болот. А шоу-бизнестин өкүлдөрү...
Акыл Карачач










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??