п»ї
 Таанышуу жарыясы


  сыр маек

Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"
Жаркылдаган мүнөзүнөн жазбаган, тилинен чаң чыккан телеалыпбаруучу
Назира Айтбекова бош убактысын бизге бөлүп, үйүндө кандай кожейке, уулу Ариетке кандай эне болуп жатканын айтып, кызыктуу маек куруп берди.

- Назира, бала менен үйдө олтургандан зериккен жоксуңбу?
- Жок. Мен зеригип жатам деп айта албайм. Мен дүйнөдөгү эң бактылуу, эң кызыктуу "эне болуу" жумушуна орноштум. Баланын түйшүгү оңой эмес экен. Кантип таң атып, кантип кеч киргенин билбей калам. Көрсө, азыр ойлосом, мен мурун бойдок кезимде канчалык иштесем дагы бош жүрчү экенмин. Анткени, аялзаты үчүн чоң жумуш - эне болуу жана үй-бүлө очогун улоо экен.
- Турмушка чыгып, өзүң эне болгондон кийин апаңдын баркын сезип жатсаң керек?
- Ананчы?! Энелер дүйнөдөгү эң асыл адамдар тура. Өзүм бала кезде энелерим "Балакетиңди алайын, алдыңа кетейин" дешсе, анчейин түшүнө берчү эмесмин. Азыр эми өзүм энелеримден өтүп, баламан айланып,тегеренип, керек болсо балам үчүн дүйнөнүн каймагын калпып бергим келет. Өзгөчө төрөттү башымдан өткөргөн соң, бардык аялзатына таазим этип, алардан өткөн чыдамкай, мээримдүү жан жок экенине ынанып калдым.
- Ар кимдин өз баласы өзүнө жакшы көрүнөт эмеспи, азыр сенин эрмегиң да, жаншеригиң да балаң болуп жатса керек?
- Ооба. Түн ичинде бир нече жолу ойгонуп баламды эмизем. Эртең менен саат жетилерде туруп жолдошума ысык тамак ,чай берип жумушуна узатам. Калган убактым керели-кечке уулум менен өтүп, анын курсагын тойгузуп, ойнотуп, балам менен бала болом. Ал мага эркелейт, мен да ага эркелейм. Сахнадан да, эфирден да мынчалык көп сүйлөчү эмесмин. Балам экөөбүз бакылдап сүйлөшкөндө үйдө жүз киши жүргөндөй эле болот. Маңдайына туруп алып жомок айтып, үнүм бүткөнчө ырдап, артис болом. Анан уулум кечке кыткылыктап күлөт. Атасы келээрде жанталашып үй жыйнап, кирлерди жууп, тамак жасап, ажо келаткандай толкунданып тосуп алам. Анан атасы экөөбүз уулубузду киринтебиз. Ошентип үчөөбүздүн ар бир күнүбүз майрамдагыдай бака-шака өтөт.
- Уулуң көбүрөөк кимге окшош?
- Боюма түйүлдүк болуп бүткөндөн баштап эле Кудайдан жатып-туруп, "Балам атасын тартса экен" деп тилээр элем. Жакшы адамдын жолун улаган, атасынын изин баскан жакшы адамдан, жакшы уул төрөгүм келди. Көздөрү гана меники болуп калыптыр, калганы бүт атасыныкы. Мүнөзү да жайдары. Кыткылыктап эле күлө берет. Курсагы ачса бармагын чопулдатып соруп кирмейи бар. Бир жери ооруганда гана ыйлаганы болбосо абдан жоош. Мени тартса айламды алты кетирмек го, деп күлүп калам.
- Аябай баласаак окшойсуң?
- Балага деле үзүлүп түшчү эмесмин. Айылга барып калсам таякелеримдин балдарын сабап, урушуп, айласын кетирчүмүн. Ошондуктан айылдагылардын баары эле балдары ыйлап жатса, "Назира келатат, басылып кал!"- деп коркутушчу. Ошон үчүн азыр тамашалашып, "Эми сенден өч алабыз"-деп калышат. Балам төрөлгөндөн кийин аябай өзгөрдүм. Күйөөм да "Сенин мынчалык баласаак экениңди билбептирмин" -деп таң калат. Өзү болсо аябай баласаак. Менин төрөтүмө да катышып, курсагымды өзү кошо сыдырышып, төрөтүшкөн. Баламдын ысымын болсо тээ окуп жүргөндө эле Кусейин Карасаевдин сөздүгүнөн "Ариет" деген сөздүн маанисинин тереңдигин карап, тандап коюптур.
.- Кесиптештериң ишке чыгышыңды күтүп жатышса керек? Качан эфирге чыгайын деп жатасың?
- Ырас, мен декреттик эс алууга чыгып, кээ бир кесиптештеримдин короосуна күн тийип калбадыбы. Алар мени күтүп жатышкандарын бир кудай билет? Мага азыр жаңы долбоорлорго "Алыпбаруучу бол" деген сунуштар көп түшүп жатат. Кыргызстандан сырткары чет өлкөлөрдө иштөө мүмкүнчүлүгү да түзүлүүдө. Үй-бүлө күтүп, эне болгондон бери карьера мен үчүн экинчи орунда экенин сезип, жаңы долбоорлорго азырынча макулдугумду бере элекмин. Күйөөм жумушунан келгенче жол карап, эки көзүм төрт болуп сагынып калам. Бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө барганда баламды жалгыз таштап чыга албайм. Анан кантип аларды таштап, жумушка чыгаарымды билбейм...
- Сенин эрке мүнөзүң бар экенин билебиз. Жолдошуңа да болушунча эркелеп жаткандырсың?
- Чынында эркемин. Дал ушул эркелеген мүнөзүмдү күйөөм сүйүп, мага үйлөнгөн. Андыктан баламдан да кичинекей болуп эркелеп кетсем, ичи эзилип, ээрип кетеби, андай учурда ого бетер эркелетип калат. Бешинчи курсту бүткөнчө апамдын койнунда уктадым. Азыр эне болсом дагы өзүмдү эмчектен чыга элек наристедей элестетем. Жолдошумдун оор басырыктуулугуна, сабырдуулугуна миң мертебе кудайга ыраазымын.
- Таарынып калганыңда, кантип көңүлүңдү алат?
- Мүнөзүмдө көк беттик бар эле. Бир таарынсам көпкө чейин сүйлөбөй, коркутуп калган адатым турмушка чыккандан кийин жоголду. Жолдошума калп эле экиленип, эркелеп таарынганым менен жүрөгүм сыздап жаман болом. Күйөөм мен таарынганда эле эмес, күн сайын көңүлүмдү алганга аракет кылып, үйгө майрам уюштура берет. Өзгөчө "Мый-мый-ым" деп эзиле эркелетип, күнүгө таттуунун түрүн анан кучак гүлүн алдыма төшөп турса, кантип ага таарынам?..
- Ошентсе деле өзүңдүн үйүңө кеткиң келген учурлар болобу?
- Жолдошунан тажаган,бактысыз күндөрдөн чарчаган келиндер гана өз үйлөрүнө кеткиси келсе керек. Менин күйөөм көзүмдүн агы менен тең айланып, оюмдагыны айттырбай таап, бири-бирибизди сүйүп, сагынып турсак, тажамак, кетмек тургай, Искендеримди башка бөлмөгө бучкактап чыгарбайм. Эртең менен жумушка кетирмегим да тозок. Апам үйүбүзгө келип, бизге даамдуу тамактарды жасап бергенде сагынычымды таратып, бекем кучактап, жыттап-жыттап алам.
- Искендер ишинен кечиге баштаганда эң биринчи оюңа эмнелер келет?
- Курсагы токпу, аман-эсен болду бекен?-деп санаркай берем. Өзүмө кандай ишенсем, күйөөмө да ошондой ишенем.
- Турмушка чыкканыңдан кийин кат жазып, сүйүүсүн арнаган күйөрмандар азайса керек?
- Кат жазгандары бар, ал эми телефон чалгандардын аягы суюлду. Анткени эртеден-кечке чейин менин телефонум күйөөмдүн карамагына өтөт. Мага келген бардык телефон чалууларга өзү жооп берет.
- Жолдошуңдун башка кыздар менен жакын мамиледе болуп жүргөнүн байкап калсаң эмне кылат элең?
- Жүрөгүмдү ачып көрсөңөр күйөөмө болгон таза, тунук махабатымды, ага болгон чоң ишенимди, таза ойлорумду гана көрө алмаксыңар. Бекеринен жолдошумду "Инопланетиянин" деп атабасам керек. Бул кир дүйнөгө туура эмес адашып келип алган эркектерге таандык жаман сапаттар анын дүйнөсүндө жашабайт. Жалгыз өскөндүктөнбү, аябай өзүмчүлмүн. Искендин жүрөгүнө өзүмдөн башканы киргизбейм. Кээде көчөдөн сулуу кызды же жигитти көрсөк, чогуу эле суктанып калабыз.
- Ичимдикке болгон мамилеси кандай?
- Жолдошум ичкиликке жок. Мурун күйөө десе эле анын байпагын жууп, тамагын жасап, ал "ичип" келип көзүңдү көгөртө чапчудай, а сен ага балдарды быжыратып биринин артынан бирин төрөп берчүдөй түшүнчүмүн. Андай болсо күйөөнүн кереги эмне? Мен карьера курам десем, апам "Аялдын бактысы үй-бүлөлүк турмушта. Кудайдан жакшы күйөө тиле" деп урушаар эле. Кудай менин чоң тилегимди аткарды.

Айнура Касымова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??