п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"
Сакадай бою сары алтын куудул Борончу Кудайбергеновдун бала кездеги жоруктары, тентектиги жөнүндө бир тууган ага-иниси айтып берсе, сахнадан сырткары сырларын достору ачып берди. Чындап эле куудулдун баскан кадамынын баары күлкү экенине өзүбүз ынандык.


Жубайы Ырыс:
"Урушканга убакыт деле болбойт"
- Борончу менен алты ай сүйлөшүп жүрүп мени алакачып алган, азыр эки уулдун ата-энесибиз. Жолдошум сахнада башкача, үйдө башкача жүрөт. Бирок, баары бир куудул болгондон кийин күлдүрмөйүн сүйлөбөйт. Аябай баласаак болгону менен убактысынын көбүн талаа-түздө өткөрүп балдардын тарбиясы менен ашканага көп кийлигише бербейт. Мындай күндөрү деле эрте кетип кеч келгендиктен аркы-беркини урушуп-талашканга убакыт жок. Кокус уруша кетсек элдешкенге биринчи кадамын таштайт, мага караганда ак көңүл десем болчудай.


Досу Сүйүн: "Борончу, көк бет анан кыз жандуу"
- Борончу менен бала кезден бери досмун, азыр деле үй-бүлөбүз менен катышабыз. Колунан келсе бирөөгө жардам берип, бирөөнүн көңүлүн көтөрүп койгонду жакшы көрөт. Өзү дагы "Бирөөнө жакшылык кылбасаңар да, жамандык кылбагыла" деп көп айтат. Көкбеттиги бар, бир нерсени баштаса аягына чыкмайын жаны тынбайт. Бою кичинекей болгону менен "быстрый-шустрый" жигит, кичинекей кезинде эле кыздарга көп барчу, кыздар менен көп сүйлөшчү, бир сөз менен айтканда кыз жандуу. Отуруштарда унчукпай отура берет, сөздүн кезеги келгенде бир каткыртып коёт, ашыкча ичимдик иче бербейт. Жакында эле ал катышкан концертке барып, андан чыгып кафеде түнкү саат үчкө чейин отурдук.
- Борончунун бою кичинекей болгону менен бою эки метр болгон агасы бар. Анын жанында Борончу белинен эле келип калат. Үйүнөн бою жагынан да, тамашакөйлүгү жагынан да атасын тартыптыр. Атасы согушка катышкан, тың киши болчу, сексенге чыкканда деле велосипед тээп жүрдү.

Классташы Айбек: "Борош кыздардын үйүн түнү менен кыдырып…"
- Жетинчи класста окуп жүргөндө "А" класс, "Б" класс болуп окучубуз. Эки классты бириктирип окуп калдык. Эки класстын кыздары баары биригип толгон-токой балдардын арасынан Борошту жакшы көрүшөт десең (мектепте Борончуну Борош дечүбүз). Биздин бери жакта туруп ичибиз күйөт, анан жинибиз келип Борончуну кармап алып жакалап, "Эмне үчүн кыздардын баары сени эле жакшы көрүш керек, кыздардын баарын бирден сөгүп чыгасың!" дедик. Биздин максат аны да жаман көрсөтүш болуп жатат. Борончу айласы жок макул болду, ошентип "А" класс менен "Б" класстын кыздарын бир класска чогултуп камадык. Анан ар бир кыздын мектепте койгон кличкалары бар да, Борончу ар бир кыздын кличкасын айтып шатыратып сөгүп чыкты. Бери жакта туруп "эми Борошту да кыздар жаман көрүп калды" деп биздин моокумубуз канып турабыз. Көрсө, Борончу класстагы төрт кыз менен кошуна турчу, кечинде аларга барып "мени балдар силерди кыйнап сөктүрдү, баарынан кечирим сурап чыгам, силер мени менен баргыла" деп төрт кызды ээрчитип алып баягы сөккөн кыздардын үйүн түнү менен кыдырып кечирим сурап чыгыптыр. Эртеси күнү сөгүү жеген кыздардын баары эле кайра "Борош, Борош " деп жүрүшөт.

Агасы Кубан:
"Санипа, ручкам жукпай калды..."
- Борончудан эки жаш улуумун, экөөбүз удаа эле чоңойдук. Мен беш жаштагы кезим болсо керек, апамдар Борончуну маңдайына отургузуп алышып манжаларын санап берип жатышат: "Бул баш бармак, бул сөөмөй, бу аты жок?" дешсе Борончу "Эмнеге аты жок, атын айткыла" дейт, апамдар "ой, бул манжанын аты ошо-аты жок деп аталат" десе болбой, "эмнеге аты жок атын айткыла эле айткыла" деп бир күн кечке ыйлап, атам менен апамдын айласын кетирген. Дагы бир жолу казанда эт кайнап жатат, улуу агабыз эттин учунан кичине кесип жеп "мени эт жеди деп апамдарга айтпагыла" десе биз башыбызды ийкеп тим болдук. Эшиктен апам кирип келсе Борончу тура калып "эч ким казандан эт кесип жеген жок" деп сурай электе эле кыйкырып айтып салган. Биздин үй мектепке аябай жакын эле. Санипа деген мектепте сабак берген эжекебиз апам менен теңтуш болчу, анда-санда үйгө келип чай ичип кетет. Апам аны Санипа деп атынан эле айтат да, аны Борончу угуп калса керек. Сентябрь айларында мектепке жаңы барган кезинде Борончу сабак жазып жатса ручкасы жукпай калат. Анан Санипа эжейинин маңдайына барып "Санипа, ручкаңды берип турбайсыңбы, меники жукпай жатат" дептир. Санипа эже апама даттанып үйгө келген болчу. Негизи Борончу өтө эле шок өстү. Удаа-удаа төрөлгөндүктөн бири-бирибизге ынак болдук.


Иниси Рысбек: "Борончунун колу кандуу болчу"
- Борончу байкем экөөбүздүн ортобуз бир жарым жаш. Кичинекей кезинде укмуштуудай тентек, анан көк болчу. Бирөөлөрдөн таяк жеп калса ыйлабай, ызырынып көгөрүп калчу, оңой менен көзүнөн жаш чыкпайт. Ата-энем тоодо мал бакчу, ал туулган 22-май күнү тоого 40 сантиметр кар жаап, бороон-чапкын болуптур, ошондон улам аты Борончу аталып калган. Алты айлык кезинде атамдын агасы багып алабыз деп калышты, ыйлаактыгын сураба. Апамдар да: "Мейли бакса багып алышсын, ыйлаактыгына чыдабай эки күндөн кийин кайра алып келип берет" дешиптир. Бирок алар байкемди алты айынан баштап алты жашка чыкканга чейин багышты. Алты жаштан кийин бизге келди, балдар менен күнүгө мушташат, анан дагы колу кандуу болчу, бирөөнү чапса дароо канайт. Бою кичине болсо да өзүнөн чоң балдар менен мушташчу. Оокат кылганда мага караганда элпек эле, бир нерсеге жумшаса чуркап барып алып келе калат. Бир жаман жери көк беттиги ушул күнгө чейин калды. Жеңем экөө уруша кетсе бир жумалап сүйлөшүшпөйт. Кээде мен айылдан барып калсам экөө сүйлөшпөй отурушкан болушат, мен да жөн турбай: "Эмне бири-бириң менен сүйлөшпөйсүңөр же мени жактырбай жатасыңарбы" десем "Урушканыбызга бир жума болду эле, көптөн бери сүйлөшпөй жаттык эле" дешип анан айла жок сүйлөшүп башташат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??