п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саясат

Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
Өткөн бейшемби күнкү өкмөт жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов Камчыбек Ташиевди чукул кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн. сомду министрликтин кызматкерлерине үй курууга пайдаланганы үчүн сынга алган эле. Буга териккен Камчыбек Ташиев ошол замат кызматтан кетээрин айтып, жыйындан чыгып кеткен. Ал ошол эле күнү арыз жазып, эртеси анын арызын президент кабыл алып, кызматтан бошотту. Бирок мурдагы министр кызматтан жөн кетпей, премьер-министрди кызматтан кетирүүгө бар күчүн жумшаарын, а бирок өзү президентке оппозицияда эмес экенин айткан. Ал эми Финансы полициясы чукул кырдаалдар министрлигинде 12 млн. сомго жакын каражат мыйзам бузуулар менен колдонулганын айтып, кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Коомчулук Камчыбек Ташиев өкмөт башчы айткан18 миллион сом министрликте турган товардык-материалдык мүлк болгонун, аны колдонуу министрликтин оперативдүү иштерине эч кандай зыянын тийгизбегенин айткан сөзүнө түшүнүшсө да, "Премьер-министрди кызматтан кетирүүгө болгон күчүмдү жумшайм" деген сөзүнө түшүнө албай, баштары маң болуп, бул чатактын арты эмне менен бүтөөр экен деп кулак түрүп турган чактары

  Кино

Жаш жубайларды бөлө албаган "Алыскы аралык"
Кыргыздардын жашоосу, тагыраак айтканда Ош шаарынын жаш жубайларынын жашоосу Америкада Хэмптон кинофестивалында кыргыз, орус тилдеринен англис тилине субтитр менен которулуп көрсөтүлүп, "Алтын деңиз жылдызы" (Золотую морскую звезду) наамына татыктуу болду. Швед режиссерлору тартышкан фильм "Алыскы аралыктагы сүйүү" деп аталат. 18 жашка жаңы чыккан жаштарды ата-энелери тааныштырышат. Үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит бир гана жолу парктан жолугушат. Жигит кыздын бетинен өпмөк турсун, колунан да кармаган эмес. Арадан аз убакыт өтпөй баш кошкон эки жашты үйлөнүү үлпөтү бүткөндөн кийин эле ортолорун Москва деген чоң шаар бөлүп коет. Жаңы үйлөнгөн күйөө акча табыш үчүн Москваны көздөй сапар тартат... Лентанын идеясы көрүнүп эле турат: эки жашты бөлгөн аралык, турмуштун татаалдыгы, акчанын азабы. Бирок, кандай гана кыйынчылык болбосун эки жаштын бактысына тоскоол боло алышкан эмес. Мына ушундай кыргыздын жашоосун, жүзүн көрсөткөн фильмдин кечесине Шарон Стоун, Стив Буш, Пирс Броснан катышышкан.

  Маданият

Жамал менен "Бетме-бет"
1957-жылдан Кыргыз драма театрын аттап, актриса болуп алгачкы жолу 1958-жылы "Алыскы тоолордо" фильминде Зиягүлдүн ролун аткарып, андан соң 1972-жылы "Отко таазим", 1977-жылы "Улан", 1979-жылы "Эрте келген турналарда" актердук чеберчилиги менен бирге тажрыйбалуулугун көрсөткөн КР Эл артисти Жамал Сейдакматова 16-октябрда "Кино үйүндө" киноискусство сүйүүчүлөрү менен жолугуп, чер жазыша сүйлөшмөкчү. "Бетме-бет" долбоорунун негизинде уюшулган бул жолугушууну Кинематографисттер улуу муун менен кичүү муундун ортосуна көпүрө болуп, кино өнөрүн өркүндөтүү үчүн атайын демилге көтөрүшкөн. Актрисага чейин "Бетме-беттин" коногу белгилүү режиссер Мар Байжиев болгонун эскерте кетели. Эгерде Жамал айым сиздин кумириңиз болуп, жолугууну көксөп жүрсөңүз түз эле "Кино үйүнө" жөнөңүз.

  Криминал

А. Алиевди аткандар акталабы?
ИИМдин наркобизнес менен күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары А. Алиев үстүбүздөгү жылдын 4-август күнү өзүнүн үйүнүн жанынан кылмышкерлердин колунан ок жеп каза тапкан. Кылмышка шектүү деп Ош облусунун ИИБнын майорлору- Ош облусунун наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Алмазбек Эргешбаевди (1968-ж), курал-жарак боюнча инспектор Манноб Тажибаевди (1960-ж), чарба иштеринин кызматкери Кахраман Исмаиловду (1963-ж) жана опер кызматкер Шавкатбек Жунусовду (1976-ж) кармашкан. Ошондой эле аларга Ош ИИБнан атайын сактоочу жайынан жоголгон 150кг наркотиканын түрүн уурдашты деп айып тагылган.
2009-жылдын 9- июнунда Свердлов районунун соту кылмышты уюштургандыгы үчүн Алмазбек Эргешбаев өмүр бою эркинен ажыраса, калган үчөөнө түрмөнүн ичинде жашоого 25 жылдан мөөнөт берген. Бирок, аларга мындай өкүм чыгарылган менен Алиевди аткан киши б.а. киллер ким экени так аныкталбай калган. Ноябрда болгон экинчи соттук териштирүүдө Бишкек шаардык соту Свердлов районунун өкүмүн жокко чыгарып, Ш. Жунусов акталып чыккан. Калган үчөөнүн ишин Генералдык прокуратурага өткөргөн. Шаардык сот Свердлов райондук сотунун жыйынтыгын жокко чыгарса, ишти баштан-аяк карап чыккан Жогорку сот, өзүнүн чечиминде Шаардык соттун чечимин четке чыгарды. Жыйынтыгында, кылмыш иши кайрадан каралып чыгыш үчүн Шаардык сотко өткөрүлдү. Ал эми биротоло бошодум деп кудуңдап жүргөн Шавкатбек да кайрадан камакка алынды.

  Сулуулук

22 жаштагы дүйнө сулуусу
Түштүк Африка Республикасында 12- декабрда өткөн бүткүл дүйнөлүк "Мисс мира- 2009" сулуулар конкурсунда Гибралтарь аралынан келген 22 жаштагы кадрлар бөлүмүндө иштеген Кайяне Алдорино 111 атаандашын артка калтырып, жеңишке жетти. Ал эми экинчи орунду Мексиканын сулуусу алса, үчүнчүнү конкурс өткөн жер Африканын сулуусу алган. Биринчи жолу бул конкурс 1951- жылы уюшулган. Андан бери "Мисс" титулун Венесуэл жана Индия аймагынын кыздары беш жолу утуп алышып, эки өлкө бул жагынан рекорд коюшкан. Конкурс жергиликтүү африкалык колоритти сактап, абдан шаан-шөкөт менен өткөн. Бирок, майрамдын эртеси эле ММКры "Өлкөнү жакырчылыктан чыгара албай жатып, конкурска 12 миллион доллар короткондун балакетин алышабы" деп Йоханнесбургдун бийлик өкүлдөрүн сын айтып, жазып чыгышкан.

  Укук

Кытайдагы өлүм жазасы уйгурларды кырууда
Быйылкы июль айында Кытайдын Шиңжаң-уйгур автономиялуу областында кытайлар менен уйгурлар ортосунда этникалык кагылыш чыккан. Сот эки улуттун ортосунан чыккан тополоң үчүн уйгурларды "адам өлтүргөн жана башка кылмыштарды жасаган" деп айып таккан. "Атууга кеткен адамдардын саны так айтылбай жашырылып жатат" дейт кыргызстандык уйгур Эркин Абдыраимов. "Үрүмчү шаарында, өзүңөр билесиңер, тынч демонстрация болгон. Бүткөндөн кийин Кытай өкмөтү аялдарды да уруп-сабап, кыйнап түрмөгө салды, жүздөгөн адамдарды өлтүрдү. Алгач 9 адамды атты, анан дагы беш, анан 20. Ондогон адам бир аптанын ичинде атылып кетти. Ошондо миңдеген адамдарды камакка алды. Ошондон бери атып атат. Үч-төрт күн мурда "адам өлтүргөн"-деп 16 жаштагы кызды атты. Ага жөн гана жалаа жабылды. Кытайларга уйгур калкы геноцид болуп атат. Буга чейин башка казак, кыргыз калктарын да камакка көп алган. Азыр өтө татаал учур болуп атат. Дүйнөдө азыр адам укугу тепселип жаткан жер Кытай деп эсептелинет" дейт ал каңырыгы түтөп, "Азаттык" үналгысына берген маегинде.

  Чет элде

Италияда премьер-министрдин мурдун сындырышты
73 жаштагы Италиянын өкмөт-башчысы Сильвио Берлускони мурду сынып, азыр ооруканада жатат. Ал жекшембиде Миландагы жөө жүрүшкө барган эле. Өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөйүн дегенде, 42 жаштагы киши ага чабуул жасаган. Көрсө ал көптөн бери психикалык жактан ооруп жүргөн экен. Полиция аны дароо камакка алды.


WWW. Маалымат булактарынан
алып даярдаган Эльмира Мадиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??