| п»ї
Таанышуу жарыясы Кызыктуу картина Тоо таптаган таланттар "Кызыктуу картина" - сиздин кандайдыр бир обьекттин (суу, таш, гүл, күзгү, дасторкон ж.б.) жанында түшкөн ар кандай сүрөттөрүңүздү окурмандарга тартуу кылат. Алгачкы чыгарылышыбызда биз "Тоону" обьект кылып алдык. Кыргызстандын тоолору кандай керемет! Тоолордо биздин ата-бабаларыбыздын буттарынын издери калган. Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын өзүбүздүн тоодон гана эмес, өзгөлөрдүн тоосунун койнунан орун алып, "чырк этмеге" эстеликке түшкөн сүрөттөрү, клипке жана киного тартылып жаткандан бир элестер. Ал эми кийинки саныбызда "Гүлдү" обьект кылып бермекчибиз. Урматтуу окурман, сиздин көз жоосун алган гүл менен түшкөн сүрөтүңүз бар болсо, анда көтөрүп алып түз эле редакцияга келиңиз. Образдуу, кызыктуу болсо кийинки "Кызыктуу картинадан" орун беребиз. Египеттин кум тоосуна жылаңайлак чыгып, ысыгына чыдабай жатса дагы кумга каалашынча басып, күнгө күйгөн Сема Жайлоону жакшы көргөн Нуриса Абазова Ысык-Көлдүн жайлоосуна кымыз ичкени барып, атка минип тоо кыдырган Сьездбек Искеналиев "Боз Салкын" тасмасында ат чаптырып, нукура кыргыздын баласынын образын чагылдырып жаткан чагы. Аталган тасмада Мураттын аты сүйгөн кызы Асеманын күйөөсү Сагындын аты менен алмашып кетип, жеткирип бараткан чагы Мүзүрдүн тоого чыгып, балатынын жытын жыттап, кыргыздын табигатынан ырахат алып эс алган күндөрүндө Мирлан Жетигенов биринчи жолу чет жерге фестивалга барып, Индиянын Маскат шаарындагы океандын жээгинде тоо таянып, Жаңы жылды жайда тоскон Жайдын ысыгынан качып, Ала-Арчадагы асканын жанында аттардын чөп жегенинен ырахат алган Кундуз Айдин Шер Кыргызстанды таланты менен кыдырып жүрүп, өзү жаш болсо да өлкөсүнүн тарыхына кайрылууну туура көрүп, Таш-Рабаттын ташын кармап турган кези Жаным Айзат эс тартып калганында биринчи жолу ата-энеси менен жайында Ош шаарындагы ыйык Сулайман тоого чыгып, Оштун самсысын жеп, эс алып жүргөн убагы Елина Абай кызынын Ысык-Көлдүн тоосуна чыгып алып, алыска көз чаптырып, клипке тартылып жаткан кези Төлөбүбү Касымалиева |