п»ї

  Кат куржун

Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
Менин саламым ырчы Гүлжигит Сатыбековго жолдонот. Сиздин ырларыңыз ар бир адамдын жүрөгүнүн тереңинен орун алса керек. Дайыма радиолордон сиздин ырларыңызды күтүп угам. "Жакында эле өзүнөн улуу продюсери Диляга үйлөнүп алыптыр" деп уктум. Бул маалыматтын чын-төгүнүн өздөрүнөн сурап бериңиздерчи? Эгерде чын болсо бактылуу болушсун! Бишкектен Асел.


Диля: "Гүлжигиттен боюмда бар"-деген кыздар көп"
- Мындай ушактарды өзүмдүн тааныштарымдан да уга баштадым. Мен Гүлжигитке жеңе болом. Аксыга келин болуп баргам. Менин он сегизге чыккан балам бар. Гүлжигитти өзүмдүн кайнилерим менен тааныштыргам. Продюсери болгондон кийин көп жерден чогуу жүргөнгө туура келет. Акыркы убакта Гүлжигитти ушактар жакшы эле ээрчип жатат. Кечээ эле "Гүлжигиттен боюмда бар, сизден коркуп телефон номерин да бербейт экен. Сиз уруксат берсеңиз эле үйлөнөт элек" деп бир кыз телефон чалды. (Каткырып) Өзү менден он жаш кичүү болсо, кантип мени алмак эле. Тескерисинче, ага ылайыктуу, жакшы кыз туш келсе экен деп тилек кылам. Телефон чалган кыздар көп болгондуктан, Гүлжигитке калың алат окшойм деп күлүп калам.


Гүлжигит Сатыбеков: "Кыздар дегенде жата кала турган жигиттерден эмесмин"
- Асел, сиз уккан имиштен кудай өзү сактасын. Продюсерим Диля эже менен эки жылдык келишимдин негизинде иштеп жатам. Келишимдин ичинде катуу тартип сакталган. Кыздар менен сүйлөшмөй жок. Мен аны буза албайм. Чын эле Диля эже мага тиешелүү иштердин баарына киришет. Азыр жердеш балдарым менен батирде жашайм. Продюсерим да мага жакын көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат. Диля эже менин үйүмө ким келип, ким кеткенин байкап, текшерип тураарын жакында эле билдим. А бирок өзүмдүн сүйлөшкөн кызым бар, убакыттын аздыгынан ага көп деле жолукпайм. Азыр менин жүрөгүмдү өйүгөн менин чыгармачылыгым. Ошондуктан качан үйлөнөөрүмдү айта албайм. Кыздар дегенде жата кала турган жигиттерден эмесмин.




Гүлзат Байзакова:
"Мен жинсы юбка кийип көргөн эмесмин"
"Обон" гезитинин телефондогу тамашасына ырчы Гүлзат Байзакова илинди. Уюлдук телефонуна байланышка чыгып, "Ретро-Метро" түнкү клубунан чалып жатканыбызды айтып, ырчыны Жаңы жылдык кечеге чакырдык. Оюнда эч нерсе жок сырын жашырбаган эжекебиз тамашанын сценарийине мындайча жооп берди.

- Саламатсызбы, бул Гүлзат эже болду бекен?
- Ооба, угуп жатам. Ким бул?
- Мен "Ретро-Метро" түнкү клубунун администратору болом. Сизди 29-декабрь күнү биздин клубда өтө турган Жаңы жылдык кечеге чакыралы дедик эле.
- А мен бир жолу ал клубга баргам. Саат канчага барып калайын.
- Саат 18.00дө башталат. Бирок, сиз саат төрттөрдө келип калышыңыз керек.
- Аа, эрте барып даярданышыбыз керек да ээ?
- Ооба. Сизден башка ырчылардан Асел, Айчүрөк болот.
- Аа, жакшы экен. Канча ыр ырдашыбыз керек?
- Сизге биздин талаптардын баарын түшүндүрүп берейин. Бул жакта "Билайн" компаниясы Казакстандын бизнесмендери менен бирге майрамдашат. Алар талап кылгандай, 80-жылдардагы эски ырлардан ырдап беришиңиз керек.
- Меники бүт баары эле эски ырлар. Казактар "Чагылган", "Жалжалым" аттуу ырларыбызды жакшы көрүшөт го. Эми ал жакка барып, кече башталганча оператор менен ырларды дагы тандай калабыз да.
- Ырларыңызды билебиз. А экинчи талап, сиз клубга улуттук кийимдерди кийип келбешиңиз керек. Шоу-майрам болуп жаткандан кийин кыска жинсы юбка же жинсы шым анан үстүңүзгө моюну ачык жалтырак кофта кийишиңиз керек.
- Мен тизеден келген, кыргызча оймо-чиймелери бар көйнөгүмдү эле кийип барайын. Башыма эч нерсе кийбей эле.
- Эже, ырчылардын кийип келген кийимдери боюнча мен жооп берем. Ошон үчүн мен айткандай кыска жинсы юбка кийип, чачыңызды жайып эле алыңыз. Антпесеңиз мен тил угам. Сиздин чачыңыздын узундугу канча эле?
- Чачым белден келет.
- Ошол чачыңызды жайып эле алыңыз.
- Сен менин стилимди уюштуруучуңа түшүндүрүп айтпайсыңбы. Мен майрам эмес, жөнөкөй күндөрү да жинсы кийип көргөн эмесмин. А тиги Айчүрөк менен Аселдин сахнадагы стилдери силердин талапка жакындашып жатпайбы.
- Сиз кийип келбесеңиз болбой калат го, эже?
- Канча сом төлөп беребиз дедиң?
- Бизге үч ыр ырдап бересиз. Ар бир ырга жүз доллардан төлөнөт.
- Ошол күнү менин дагы бир тоюм бар. Ага барып ырдап, анан силерге өтөйүн макулбу?
- Бизге кечикпей келсеңиз болду. Эгер биз берген 300 доллардан сырткары кошумча акча табам десеңиз, үч ырдан сырткары деле ырдасаңыз болот, отурган коноктор өздөрү төлөшөт. Казактар бай болушат го.
- Ий, хорошо. Мен анда Асел менен Айчүрөккө чалып сүйлөшөйүн. Анан айтылган сааттан кечикпей барып калам. Ий, баса, Актан Исабаевдин 7-8 баладан турган укмуш сонун эстрадалык тобу ачылган. Алар силер каалагандай бардык тилде ырдап беришет. Актанга да айтып көрсөң, силердин клубда биринчи жолу ырдап, кечеңер сонун болмок. Топтун арасында как раз менин да балам ырдайт. Актанга чалып, чакырсаңар болот.
- Ий, макул эже. Ага да чалып байланышабыз. Сиз болсо мен айткандай кийинип, чачыңызды жайып келиңиз. Мен сизди программага кошуп коёюн.
- Хорошо, хорошо. Ошол жактан жолугабыз анда. Сенин телефон номериң ушул да ээ?
- Ооба, соткам ушул, ал эми жумуштун номерин жазып алыңыз. 44-98-21 "Обон" гезитинин редакциясы. Сиз биздин тамашага түшүп калдыңыз.
- (Бир топко чейин унчукпай) Айтып туруп тамашага салбайсыңарбы?..

Бул тамаша аркылуу Гүлзат Байзакованын ишенчээк, жандүйнөсү таза адам экенине ынандык.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??