п»ї

Досторду, достор билет дечү беле?..
Ар бир адамдын жышыруун сырын, муңун досчолук эч ким билбейт эмеспи. Эл алдына таанылып калган белгилүүлөрдүн эң жакын досторун маекке тартып, алардын буга чейин сыр болуп катылып келген жоруктарын ачыкка чыгардык.

Куудул Айылчы Орозалиевдин жакын досу, Эркин:
"Кыздардыкына конуп анан тоңуп..."
- Айылчы экөөбүз он сегиз жашыбыздан бери дос болуп келатабыз. Мунун эми жасабаган жоругу жок го... Эсимде, жаңы студент болгон жылдар. 16-ноябрда дос кыздарыбыздын үйүнө конокко барып, ал жакка конуп калдык. Экөөбүз тең жасанып, жука көйнөктөрүбүздү кийип алганбыз. Эртеси күнү 17-ноябрда аппак кар жаап салса болобу. Калчылдап троллейбуска түшсөк, элдин баары кышкы кийимдерин: тумак, пальто, тон кийип алышыптыр. Чыйрыгып, үшүп бир баратабыз. Жүргүнчүлөрдүн баары бизди карашат. Кээ бирлери бирдеме деп шыбырашып жатышат. Каяктан дагы кыздарга бардык эле деп коёбуз. Бир маалда Айылчыны бир аял карап калды эле, "Эже, Эркин экөөбүздүн үйүбүздө кышкы кийимдерибиз бар. Отурушка келип уктап калыптырбыз. Азыр өзүбүздүн үйүбүзгө барып, кышкы кийимдерибизди киебиз"-деп, катуу-катуу айтып коёт. Менин болсо уялганымдан бетим кызарып, "Акырынчы, Айылчы"деп чукуласам да болбойт. Ошентип жасанып алып, кыздарга барабыз деп, троллейбустагы жүргүнчүлөргө күлкү болгонбуз.

Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин жакын досу, Самат:
"Азамат ыйлай албай же күлө албай..."
- Азамат досумдун бир окуясын айтып берейин. Былтыр кыргыздар менен казактардын айтышы болбодубу. Шайырбек Абдрахманов байкеси айтыш башталганда Азаматка машинесинин ачкычын берип коюптур. Айтыш аягына чыгып, казактарды сыйлаганга кафеге баралы дешсе эле Азамат ачкычты таппай калат. Шайырбек байке "Ачкычты жоготсоң машинемди кайтарып тур"деп акындардын баарын алып, кафеге кетип калыптыр. Анан ал мени телефон чалып чакырды. Экөөбүз эки жарым сааттай филармонияны айланып, ачкычты издеп тапкан жокпуз. Азамат өзүнө-өзү жини келип алган. Бир маалда вахтада олтурган аялды ойготуп, чечинген бөлмөсүнөн издедик. Андан чыгып агайынын бөлмөсүнө кирдик. Издеп олтуруп шкафтын үстүн сыйпаласам ачкыч колума урунду. Анан досума "Эй, таппагандан кийин жүрө беребизби, курсак да ачты, же бирдеме алып бербейсиң. Достун да чеги болот, мен кеттим"десем, "Ишенгеним сен болсоң, сен дагы ушинтесиң" деп капаланып калды. Берки аял да "Болду, жок болсо кеткиле" деп урушат. Сыртка чыгып машиненин жанына барып, ачып туруп ичине олтуруп сигнал бассам, Азамат же ыйлай албай, же күлө албай "Кайдан таптың? Өх, ырас болбодубу?!" деп сүйүнүп кеткен.

Куудул Тынар Курбаналиевдин жакын досу, Ажике:
"Тынар экөөбүз шымы жок калганда..."
- Тынар экөөбүз он беш жылдан бери дос болуп келебиз. Башынан эле сөзгө чечен, какшыктап, чукуп сүйлөгөндү жакшы көрөт. Тынардын кылыктарын айтып олтурсак толтура. Быйыл эле болгон кызыктуу окуя. Жалал-Абад шаарынын четиндеги көлмөгө түшүп келели деп кечке жуук барып калдык. Машинени жолдун жээгине токтотуп, кумга кийимдерибизди таштап, сууга кирип кеттик. Жарым сааттай чумкуп, чабак уруп чыксак ойноп жүргөн жаш балдар чөнтөктөрүбүздөн акча издешкенби, шымдарыбызды кошо уурдап кетишиптир. Эмне кылаарыбызды билбей шымы жок ич кийимчен машинеге олтуруп, Тынардын көп кабаттуу үйүнө келгенде сыртка чыга албайбыз десең. Үйдүн алдында болсо сейилдеп жүргөн кыз-келиндер, кемпир-чалдар, жаш балдар бар. Анан "Сен түш, мен түш болуп жатып, куудулдук өнөрүнө салып, "Мен элдин алдына чыгып эле жүргөм" деп жылаңач кебетеси менен чуркаган бойдон подьездге кирип кетти. Карап турган эл түшүнбөй эле калышты. Үйүнө кирип мага да шым ала чыккан.

Ырчы Гүлнара Тойгонбаеванын жакын досу, Мира:
"Гүлнара мени ташбака кылган"
- Гүлнара экөөбүз студент кезден баштап дос болуп келатабыз. Абдан шайыр, адам менен бат тил табышат. Досу болобу, тууганыбы көңүлү чөгүп турса жакшы сөздөрүн айтып, дароо маанайыңды көтөрөт. Ошондуктан биз Гүлнараны "Настроение" деп коёбуз. Гүлнараны ээрчип жүрсөң ачка да болбойсуң, талаада да калбайсың. Быйыл туулган күнүндө кафеге чакырып, ой-да жыргадык. Өзгөчө болсун дегенби, "Я на солнышке лежу" деген балдардын ырына конкурс уюштуруп, кагазга аттарыбызды жазып, алдыга чыгарды. Ошондо мени "Сага ташбаканын ролу туш келди, ташбака болосуң" деп жерге кездемелерди жайып, анын үстүнө жаткырып ырдаткан эле. Элестеткиле, кырк жаштагы аялдар жерге жатып алып ташбака, кичине бала болуп ырдап жаткандарын. Бизди карап тургандардын баарынын боорлору эзилип калышкан.

Ырчы Жылдыз Тутуеванын жакын досу, Гүлбара:
"шампандан, коньякка өткөндө..."
- Жылдыз менен жети жылдан бери досмун. Анын шайыр, ак көңүл, абдан тың экенин билсеңер керек. Башкалар билбеген сырларын мен айтып берейин. Жылдыз аябай бай айым. Үч үйү бар. Бир үйүндө өзү жашайт, экөөнү батирге берет. Анан "Бүгүн бул үйүмдөн мынча акча алдым, бүгүн тигил үйүмдөн тигинче акча алдым, досум жүрү кафеге барып олтуруп келебиз"-деп мени чакырып калат. Жакында Маданияттын мыкты кызматкери наамын алганда дагы мени кафеге чакырып, жууп берди. Шампандан ичип баштадык эле, аягы коньяк менен аяктады. Кызып калгандан кийин мен кетем деп баштаптырмын, Жылдыз болсо "Дагы бир аз олтуруп туралы" деп болбойт. Анан мен сыртка чыга качсам, Жылдыз айланадагы элге карабай, "Гүлбара, Гүлбара токто-оо"-деп артымдан кыйкырып алган. Эртеси, эмнеге антип качтым деп экөөбүз эки саат эзиле күлгөнбүз.

Куудул Жеңишбек
Айтиевдин жакын досу, Болотбек:
"Жеңиш бир да аялзатын капа кылбайт"
- Жеңиш менен көптөн бери досмун. Бир карасаң эрке жаш бала, бир карасаң кадыресе чоң киши болуп калат. Мага жакканы үйбүлөсүнө абдан жоопкерчиликтүү. Бир сом тапса дагы үйүнө алып барат. Кызыгы Жеңиш бардык аялзатын бирдей көрөт. Кээде "Ай, досум, сулуу кыздар менен сүйлөшүп олтурсаң боло" десем, "Мен үчүн баардыгы сулуу" деп жооп берип коёт. Анан да айткан сөзүн аткармайынча жаны тынбайт. Быйыл көлгө барганда кумдун үстүндө күнгө кактанып жатсак, "Эй, досум, мен азыр тээтиги "пристандан" секирем"деп калды. Анын бийиктигин көрүп, мен да сөзүнөн кармап, "Кана, айттыңбы, секир" десем, намыстанып кеттиби, эң үстүнө чыгып секирди эле, көпкө чейин суудан чыккан жок. Болду, болбоду бир жери соо чыкпайт деп турсам, суудан башын чыгарып, эч нерсе болбогондой, "Ылдыйды көздөй түшүп эле баратам, түшүп эле баратам, түбүнө жетпей койдум" деп жатпайбы. (Каткырып)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??