п»ї
 Таанышуу жарыясы


Назми атайын курстарга барат
Кудай буюрса, апрель айында көз жарам деп толкунданып турган Назми азыр болгон убактысын өзүнө арнап, үйдө жылуу-жумшак жаткан кези. "Ыр жаздырып, клип деле тарттырган жокмун. Чыгармачылыктан эс алып, өзүмдү карап, эне болууга камынып жатам" дейт Назми. Жакынкы аралыкта атайын кош бойлуулар үчүн түзүлгөн атайын курстарга барууга камынып жатат. Ал жерден ырчы баланы кантип кароо керектигин мыкты өздөштүрөм деген ниетте.


Жанета+Мамашов
Жанета Бобкова менен Турусбек Мамашов "Кош жылдыз" долбооруна катышкандан бери экөөнөн мыкты тандем чыгаарына көздөрү жеткенби, КТР Жаңы жылдык "Көгүлтүр отто" бирин аяз кыз, экинчисин аяз ата кылып Жаңы жыл жөнүндөгү ырды дуэт аткарганга чакырышкан. Экөөнүн талантына элдер Жаңы жылга арналган концертте күбө боло алышат. Ажырагысы келбеген тандем Жаңы жылдан кийин дагы эмненин башын башташаар экен?


Иса казактардын клибине тартылат
Иса жакында Казакстанга тойго барган. Биз тааныган кичинекей Иса чоңоюп, бою 180 сантиметрге жетиптир. Ал жерден казак элинин ырчысы Айсулуу бою узун, келбеттүү жигиттерге суктангандыктан өзүнүн сүйүү темасына арналган клибинде башкы каармандын ролун ага сунуштаган. Ырчы ойлонуп отурбастан макулдугун берип, Айсулуу Кыргызстанга келмей болду. Ошентип Иса Өмүркулов сүйүүнүн даамын азырынча чыныгы жашоодо эмес, клипте тата турган болду.


Розанын уулунун тушоосу кесилди
Ырчы айым Роза Шакирова жолдошу менен дос -туугандарынын башын бириктирип уулуна "Рахат Лукум" кафесинде тушоо той беришти. Тойдо Роза Шакированын сахналаш достору басымдуураак болгон. Ырчылардын өзүнүн сөзү менен айтканда тойдо болушунча "атылышып" чер жазышкан. Уулу Русланга ата-энеси велосипед алып берели деп ниет кылып жатышса, тойдон андай велосипеддин далай белекке келип, ырчынын капчыгы көп деле "кагылбаптыр". Ошентип, Роза айым бир милдеттен кутулуп санаасы тынып калган кези.


Ильяз ден соолугун чыңдоодо
Ильяз Абдразаков Ысык-Көлгө барып, бир жумага "Голубой Иссык-Куль" санаторийине барып эс алып келди. Ыр жаздырып, клип тарттырып өзүнүн жеке жашоосуна убакыт таба албай чарчап жүргөн жаны эптеп бир жумага убакыт таап, ден соолугун чыңдаганга шарт түздү. Эми билекти түрүнүп, чыгармачылыгына "чөмүлүп" дагы далай хиттерди жаратам деп чамынып турган чагы.


Добр дүкөндө сатуучу
Добр үйдө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан үй-бүлөлүк бизнесин өзү колго алып, атасын эс алууга жибериптир. Бир эле убакта чач тарачын, дүкөнүн көзөмөлгө алып Добр азыр сатуучунун ролун аткарып жатат. Дүкөнгө баш баккан кардарлар реперди таанышып, кээси кол тамга алса, айрымдарына Добр "Мен Добр эмесмин, анын байкеси болом" деген жоопту кайтарууда. "Дүкөнүбүз чоң болгондуктан атам керелди-кечке иштеп көптөн бери эс ала элек болчу, азыр бош убактысынын баарын конокторго барып өткөрүп жатат. Дүкөндө соода кылып отурганым чыгармачылыгыма залакасын тийгизбегени менен сабагыма бир аз тоскоол болуп жатат" дейт репер.




  Жаңы ысым

Жакында "Эл ырчысы Эстебес" тобунун отчеттук концерти күйөрмандарга тартууланганы турат. Бул топто да жаңы ысымдар пайда болду. Кубулжуган үндөрү менен жаңыдан күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таба баштаган ырчы Алтынбек Каленов менен тааныштырабыз.


Алтынбек Каленов:
"Менин ырларым "кулактын" ырларына кирет"
- Алтынбек, "Эл ырчысы Эстебес" тобуна келгениңизге канча болду?
- 22-октябрда келгем. Топко келгенге чейин элдик ырларды аткарып, талантымды элге тартуулап жүргөм. Учурда Кыргыз Улуттук Консерваториясынын "Элдик ыр ырдоо" бөлүмүнүн 5-курсунун студентимин. Топко келгенден бери чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнүп, жоопкерчиликти сезип, койгон талаптарга жооп бергенге аракет кылып жатам.
- Өзүңүз ыр жазасызбы?
- Ооба, өзүм деле ыр жазып жүрөм. Азыр ырлар экиге бөлүнүп жатпайбы, жүрөктүн ыры жана кулактын ыры болуп. Жүрөктүн ыры дегеним элдик ырлар, кулактыкы болсо азыркы ырлар, көп болсо бир-эки ай популярдуу болуп, андан кийин көпчүлүгү унутулуп деле калат. Ошондон улам менин да ырларым кулактын ырлары болуп калат десем болот. Ошон үчүн өзүм жазган ырларды элдин алдына алып чыккым келбейт. Андан көрө ата- бабаларыбыз бизге мураска калтырган ырларды жандандырып ырдаган жакшы деп ойлойм.
- Эстрада мен үчүн эмес деңиз?
- Буюрса 15-январда "Эл ырчысы Эстебес" тобунун отчёттук концертинде жалаң комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдайбыз, алым-сабак айтышабыз. Таза эстрада менен эмес фольклордук кылып ырдап жүрөм. Табылды Актановдун "Ойлодуң бекен", Барпынын "Сулууга" деген ырлары менин аткаруумда радиолордон кетип жатат. Анан "Алыбай алына жараша" дегендей коркпой-этпей, уялбай эле "Кодойгон менин боюман" деген ыр жаздырдым.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Айбек, Гүланда куш
бооңор бек болсун!

2-бет
Назира Айтбекова:
"Жакшы адамдан жакшы уул төрөгүм келди"

3-бет
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет
Борончу Кудайбергенов"

4-бет
Камчыбек өзү кетпей премьерди кошо ала кетмекчи болду
5-бет
Тоо таптаган таланттар
6-бет
Гүлжигит продюсери Диляга үйлөнүп алганбы?
7-бет
Досторду, достор билет дечү беле?..
8-бет
Назми атайын курстарга барат
10-бет
Жогору жакта
11-бет
Чыныгы оору кандай болот
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок
Күйүт күндөр

13-бет
Кыргыз-казак оюнунун талаш-тартышы эмнеде?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Нурдин Урмамбетов,
НБТ биринчи шаардык телеканалынын башкы продюсери:
"Саясатта эмес, шоу-бизнесте интрига көп экен"











??.??