п»ї
 Таанышуу жарыясы


  күнсүрөт

Жаңы жылдык
базар баасы жана "жардыргычтар"
Жаңы жыл жакындаган сайын көчөлөрдү өспүрүмдөр тарсылдатып эрте эле Жаңы жыл тосуп, жардыргычтар менен"ойной" башташат. Ал эми Жаңы жылдын эртеси күнү тарсылдактардын айынан эшикке чыкканда октун күкүртү жыттанып, дем алууга мүмкүн болбой калат эмеспи. А бирок, аталган жардыргычтар адамдын ден соолугуна зыян. Анда, Жаңы жыл менен кошо келген жардыргычтар жөнүндө кыскача маалымат.

"тарсылдактар" уулуу жардыргыч заттардай эле күчкө ээ
Мындан 10 жыл мурун Жаңы жылдык балатыны Бенгал шамдары менен кооздоп келген болсок, азыр "Пиротехникалык" (жардыргыч тарсылдактар) буюмдар менен тособуз. Азыр Жаңы жылды салютсуз, фейерверктерсиз ар кандай жардыруучу заттарсыз элестетүүгө болбой калды. Бул пиротехниканы жөн гана "Жаңы жылдык жардыргыч" деп атаганыбыз менен булар башка жардыруучу уулуу заттар менен таасири бирдей эле. Жаңы жылдык жардыруучу заттарды 5 класска бөлүп карай турган болсок, анда 1 ден 3 кө чейинки 5 метрден 20 метрге чейинки аралыкта- адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет. Төртүнчү жана бешинчи класстагы жардыргычтарды сатууда сөзсүз түрдө лицензия болушу керек. Жогорку класстагы жардыргычтарды колдонуунун аягы оор жаракат алуу менен бүтөөрүнөн шек жок. Мындай жардыргычтардан адамдар оор жаракат алышып, бул жарык дүйнө менен кош айтышып кеткендери канча дейсиз? Ал эми төмөнкү класстагы пиротехникалык заттардан адамдын көзү көрбөй, кулагы укпай, башы оорукчан болуп калат. Боюнда бар аялдардын боюнан козголуп же болбосо боюнан түшүп калган учурлар да көп учурайт. Жаңы жылды кээ бирлерибиз жардыргычтар менен кооз жана кызыктуу өткөрсөк, кай бирлери жаракат алып, ооруканага жатканга чейин барышат. Жогорку класстагы жардыргычтарды көбүнчө кылмышкерлер оор кылмыштарга колдонушат.

Россиянын экономикасына тарсылдактардан 30% киреше түшөт
Дүйнөлүк эксперттердин билдиргенине караганда Жаңы жылдык жардыргычтардын сатылуу деңгээли дүйнөлүк аренада жыл сайын өсүп жатат. Ал эми Жаңы жылдык майрамга карата эң көп сатылып жаткан товарлардын катарына жардыргычтар кирет. Бир үй-бүлө Жаңы жылга карата "албадым" дегенде эле 200-300 сомго жардыргыч сатып алышат. Жакынкы Россияда Жаңы жылдык жардыргыч, фейерверк, шамдардан түшкөн киреше өлкөнүн бюджетинин 30 пайызын түзөт. Аталган жардыргыч заттарды чыгаруучу ишканалар дүйнө жүзү боюна миңдеп саналат. Кытай жардыргыч заттарын импорттоочу ири өлкөлөрдүн катарына кирет. Дүйнө жүзүнө сатыкка кетип жаткан жардыргычтардын көбүнчөсү Кытайдан жасалып, башка өлкөлөргө жиберилип турат.

Бизде…
Кыргыз Республикасынын Ички иштер бөлүмү өлкөнүн ичиндеги базарларда жаңы жылга карата сатылуучу жардыргыч заттарга каршы иш-чараларды алып барып, аларды сатканга тыюу салган. Бирок, сатуучулар баары бир айласын таап, сатып жатышат. Демек, канчалык какшабайлы, көнгөн адат калбаган сыяктуу ар бир үй-бүлө баары бир жардыргыч сатып алышаарына шек жок. Ар бир майрамдын өзүнүн өзгөчөлүгү болгондой, Жаңы жылдын да бир өзгөчөлүгү мына ошол "тарсылдак-турсулдактарда" дешет. Демек, таптакыр колдонбогула дегенди аткарбасаңар да айрым эскертүүлөрдү эске алат деп ишенебиз.
o Тарсылдак жарылып бүткөндөн кийин анын жанына барбаңыз.
o Мөөнөтүнөн өтүп кеткен жардыргычты колдонбоңуз.
o Кичинекей балдарга тарсылдакты карматпаңыз.
o Күйүп бүткөндө күкүртүн оозуңузга салбаңыз, ууланасыз.
o Тарсылдап жатканда карабаңыз.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??