п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ташбоор тагдыр

Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"
"Бирөөгө кор, бирөөгө зар дүйнө" демекчи, кээде адам баласы алты саныбыз аман туруп, келбетибизге нааразы боло беребиз. Бирок, канчалык нааразы же ыраазы болбойлу, жараткан кандай кылышты өзү чечет окшобойбу. Эгер биздин колубузда Алланыкындай кудурет болгондо арабызда майып адамдар болмок эмес деп ойлойм. Айтайын дегеним, бир көзү жок, экинчи көзүн да чел басып жаткан Алмакан эженин азыркы күндөгү абалы оор. Анда сөздү эженин өзүнө берсек.


Чүйдүн чүрөгү
болчумун
Өзүм Чүй облусунун Мыкан айылынан болом. Жаш кезимде өң-келбетим келишкен кыз элем. Шаардагы Күреңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайын бүтүрүп, мугалим болуп иштеп жүргөн кезимде Нарынга алакачып кетишти. Кайненем катуу чыгып, жада калса жасаган тамагымды араң дегенде жеп, мага сын такканды жакшы көрчү эле. А мен болсо күйөөмдү такыр теңиме ала албай жүрдүм. Экөөбүз мен боюмда болуп калганда ажырашып кеткенбиз. Ортодон кайра бир жараштык, бирок бир бузулган соң болбойт экен.

Башында
"Машинистка"
болдум
Каракол шаарынын музыкалык орто окуу жайына мугалим керек болуп, мени чакырып калышты. Апам шаарда баламды багып калды. Ал жакта үч жылдай иштеп, кайра шаарга келип иш караштырып баштадым. Ал убакта Искусство Институтун да сырттан окуп жаткан болчумун. Иш таппай, көрүнгөн ишканага кирип, "жок дегенде пол жуугуч болуп орношуп алайын" деп жүрсөм, мени менен чогуу окуган группалашым "Профсоюзга кирип иштебейсиңби?" дегенинен барсам, мага орус аял "Машинистка болосуң" деп олтургузуп койду. Профсоюзда жогорку тепкичке жеткиче иштедим. Бир жылым ошол жакта өттү. Андан кийин Медициналык Институтка "Маданий-массалык иштер боюнча методист" болуп сегиз жыл иштедим. Жогорку окуу жайдын декандары, проректорлору, профессорлорунун арасында жүрдүм. Медициналык Институттун студенттери менен көп жакшы иштерди алып бардым. Азыр ошол убактагы мени менен иштешкен студент балдар-кыздардын көбү жакшы доктур болуп чыгышты.

кийин "Илбирсте"
иштедим
Медициналык Институтта иштеп жүргөн кезде бир аял келип, "Илбирс"- акционердик уюмунун маданият бөлүмүнө кызматкер керек болуп жаткандыгын, айлык акы бул жерден үч эсе көп экендигин айтып, жумушка чакырып калды. "Илбирстин" ("Илбирс" -жеңил өнөр жай ишканасы) башкы директору Тентиев деген киши экен. Ошол учурда "Илбирс" майрамдарды эң мыкты деңгээлде өткөргөн ишканалардын бирине кирет эле. Азыр чоңдор отурган Ала-Тоо аянтын ал кезде "Илбирстин" жумушчулары ээлеп отураар эле. Барсам, башкы директор "Ала-Тоо аянтына орустардын "Пасха" майрамын жогорку деңгээлде өткөрүп берсең, жумушка алам" деди. "Пасха" деген эмне экенин да билбейм, орустун чиркөөлөрүнө барып, аягында ал майрамда ырдалчу ырын да үйрөнүп алдым. Тентиев агай "Эстетикалык борбор" ачып, мени башкы директор кылып орноштуруп койду.

Музоо сүзүп
көзүмөн айрылгам
Бир жылы Жаңы жылда апам үйгө чакырып калды. Үйдөн картошканын кабыктарын короодогу музоого алпарып, астына койдум. Тиги Манька (музоомдун аты) кабыктын төрт-беш калдыгын калтырып койгонунан, колума салып сунсам, Манька "Жебейм" дегенсип мени бир сүздү. Ыргып кеттим, көзүмдөн ысык кан шорголоп, колум кыпкызыл канга боёлуп калды. Кыйкырып апамдарды чакырдым. Күзгүдөн карасам, эки көзүм чыгып кетиптир. Бир көзүмдү шишик басып кетти. Аламүдүн райондук ооруканасына келсек көзүмдүн шишигинен доктурлар көзүмө жете албай коюшуп, Республикалык ооруканага жөнөтүштү. Ал жакка жеткиче көзүмдүн майда кан тамырлары (капилярлары) үзүлүп, тарсылдап жатты. Доктурлар операция кылып, сол көзүмдү алып ташташыптыр. Ооруканадан чыгаарда доктурлар алып салган көзүмдүн ордуна "протез көз салалы" дешкенинен "Көрбөсө койсунчу, өзүмдүн көзүмдү эле салгылачы" деп суранып, болбой койдум. Анткени менин жанымда бир орус аял протез көзү менен жатчу. Уктаганда көзү жумулбай, мени тикирейип карап жаткандай болуп, жүрөгүм түшүп калган. Айыгып кайрадан жумушка чыгып иштей баштадым. Бирок, сол көзүм көрбөй калды.

Бир көзүм менен көп жыл иштедим
Операция кылгандан кийинки тогуз жылдын ичинде кайра салып койгон көзүм экинчи соо көзүмө таасир берип, оорубаган көзүм дагы начарлай баштады. Бир паста жол чырактарды (светофор), кишини көрбөй калдым. Доктурга кайрылсам онкологияга жиберишти. Ал жерден сол көзүмдү кайра алышып, протез салышты. Оң көзүмдү дарылап чыктым. "Илбирстен" ушул жашап жаткан бөлмөм үчүн жумуштан кеткем. Менчиктештирүү убагында башкы директорубуз ишкананын жатаканасынан бир секциядан (бир секцияда үч бөлмө) туугандарына, тааныштарына, досторуна менчикке чыгарып берип, ал эми ишкананын жумушчуларына бир бөлмөнү үч кызга берип жатты. Мен ага "Бир бөлмөнү үчөө кантип менчиктештирмек эле?" деп, жыйналыш өткөрүп, жумушчуларга айтып, жетекчиликке жаман көрүнүп, жумуштан чыгып калдым. Бирок, акыры мага бир бөлмө тийди.

Поликлиникада
пол жууп калдым
Жумуштан чыккандан кийин көрүнгөн жерден жумуш издеп жүрүп, поликлиникадан пол жуучу жумуш таап иштеп калдым. Бир курдай баягы соо оң көзүмдү булут каптап, каптал жагы көрбөй калды. Кайрадан көз доктурума чуркадым. Ал мени көрүп, түз эле Республикалык ооруканадагы көздүн абдан татаал ооруларын көргөн Усенко Валентина Александровнага жөнөттү. Ал көрүп эле дароо "Биз сизге эч кандай жардам бере албайбыз. Тезирээк Москвадагы Фёдоровдун ооруканасына жөнөңүз" деди. Акчасын сурасам бери дегенде 2 миң доллар керектигин айтты. Өзүм пенсионер болсом, пол жууп иштесем, 2миң сомум жок болуп олтурса менде каяктагы 2 миң АКШ доллары?! Менин көзүмдүкүндөй ооруну Кыргызстанда операция кылышпайт экен. Үйгө келип эмне кылаарымды билбей, "Кимден акча сурайм?" деп тагдырыма ушунчалык нааразы болуп ыйладым.

Экинчи көзүм
да көрбөй калды
Жашап жаткан бөлмөмдү банкка кредитке коёюн десем "Жатакана тибинде экен" деп албайт. Айла жок кыргыздын мен бай деген адамдарына, депутаттарга, акимиаттарга кат жаза баштадым. Банктан өзүмө счет (эсеп) ачтырып алдым. А.Сабиров деген депутат жигит менин эсебиме миң сом жөнөттү. Тилендибаев деген адам миң сом берди. Поликлиникадагы жумуштан чыгып, байлар жашаган кабат үйлөрдүн подьездин жууп калдым. Бир күнү неберем экөөбүз мончого кеткенбиз. Келсек катып жүргөн 2 миң сом пенсиям үйдө жок. Акчамды таппай, зээним кейип отурсам, телефон шыңгырап калды. Алсам "Алмаш, сага канча миң доллар керек?" деп "домкомдун" кызы чалып калды. Сүйүнгөнүмдөн калтырап, эч нерсе айта албай "эки… эки миң эле бергилечи?" деп ыйлап тура бериптирмин. Мен полун жууп жүргөн кабат үйдүн "домкому" (кабат үйлөрүнүн тартибин көзөмөлдөп турган киши) Солтобаев Тенти үй-бүлөсү менен мага жардам кылууну чечишиптир. Менин абалымды ал жакшы билчү да. Карабайсыңарбы, 2 миңге зар болуп отурсам, 2 миң доллар табылып калганын. Алар берген 2 миңге айылдагы уйубузду, эки койубузду сатып, Москвага операцияга сиңдим менен кеттим. Москвадагы доктурлар да операция кылбайбыз деп жатып, араң менин көзүмдөгү челди алышты. Операциядан кийин таңылган көзүмдү ачышса, медайым кыздын чачын анан жанымдагы доктурларды көрүп сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Доктурлар "Үч айдан кийин көзүңүзгө куюлган силиконду кайра сордуруп алышыбыз керек. Үч айдан кийин кайра келиңиз" деп узатышты. Акчаны ойлоп кайра маанайым түштү.

"домкомдун" мамилеси мени басынтты
Азыр профессор Усенка Валентина Александровнага көрүнүп жатам. Мен эми кайрадан Фёдоровдун ооруканасына барып көзүмө куйган силиконду сордуртушум керек. Ага да бери дегенде 2 миң доллар керек. Эгер ал операцияны кылдырбай койсом таптакыр сокур болуп калган жатам. Мен аз келгенсип, жалгыз баламдын да көзү абдан начар көргөнүнүн айынан үчүнчү топтогу майып болуп калды. Күйөөм башка аял алып, азыр Америкада жүрөт деп уктум. А мен эми ылдый да, өйдө да карабашым керек. Оор жумуштарды кылбашым керек. Бирок жашаш үчүн иштеш керек экен. Пенсия эч нерсеге жетпейт. Азыр биз жашаган үйдүн полун жууп иштеп жүрөм. Биздин үйдүн "домкому" "Сиз экинчи группадагы майыпсыз" деп мени жумушумдан бошоткон жатат.Пол жуугандан мен болгону 380 сом гана айлык алам.Аным эптеп коммуналдык төлөмдөргө тыгын болуп калсын десем, аны да ыраа көрбөй жаткан учуру. Бул "домком" бизге жаңы келген, анын мага кылган мамилеси мени абдан басынтты. Мага "Экинчи сорттогу адамдар, силер мындай иштерге иштегенге укугуңар жок!" дегендей мамиле кылганы адамдын жанын кашайтып жатат. Иштебей коёюн дейм, пенсиям болгону 2000 сом. Пол жууп алган акчам кичине болсо да бир нерсеге жарап турчу эле...






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??