п»ї
 Таанышуу жарыясы


Көз
мончок
Күйүт күндөр
"Проверка-а!" деген дневалканын кыйкырыгынан чочуп ойгонсом отряддын ичи тапырап, аялдар шашып-бушуп кийинип сыртка чыгып жатышыптыр. Уйкум ачылбай, өзүмөн-өзүм буулугуп ыйлагым келип, кийинип жатып терезеге үңүлсөм караңгы. "Проверкага чыкканда үрүл-бүрүл жарык түшүп калчу эмес беле?" деп ойлой шашыла сыртка жөнөдүм. Үтүрөйүшүп жүздөрүнөн кимгедир, эмнегедир нааразы болгондой күбүрөнүп сүйлөшүшүп бүжүрөп сыртка чубаган кемпирлер. Сыртта болсо күзгү жамгыр шатыратып төгүп жатыптыр. Башыма жамына турганга жылтырак баштык алып албаганыма кейий, суу болоорума кайыл болуп, кечигип калбайын деп кете бердим.
- …Качыптырбы? Ким качыптыр?
- Кайсы отряддан экен? -деген аялдардын чурулдагынан бул жөн "проверка" эмес экенин боолголодум. Анткени, саат түнкү эки жарым экен.
- Ой, мен деле силер сыяктуу уктап жаттым го? Ким экенин кайдан билейин? Кызыктай эле суроо бере бересиңер да! - деп жактырбагандай үн катты үчүнчү аял.
- Жо-ок, ушул жаанда эле ким кача койсун? "Запреткадан" бирөөнүн изин көрүп эле дүрбөп жатышса керек. - деди Зейне. - Эмне бул биринчи жолкусу дейсиңерби? Түн ортосунда бир эмес эки жолу санактан өткөргөн деле күндөр болбоду беле? Эми башка отряддагылар тез чыгышпай бирден каалгып келишип анан бизди санап бүткүчө суу болот экенбиз да? Качан болсо эле биздин отряд бир нерседен кур калчудай биринчи чыгып алабыз. Шашпай эле калың жемпиримди кийип чыксам болмок экен,- деп наалып жатты.
- "Запреткаң" эмне?- деди кечээ жаңы келген аял.
Зейне күлүп:
- "Запретка" - зонаны курчап турган бийик боз дубалдарды бойлой "дубачкалар" кыдырып текшерип өтүүчү бир кишилик жолу бар, бери жагы зым тор менен тосулган айдалган жер. Ким бирөө качууга аракет кылса айдалган жердеги жумшак топуракта сөзсүз изи калат. Эртең жарыкта көрөсүз, көрмөк тургай барып ташын терип, топурак тегиз жатсын үчүн жерин тырмап да келесиз.
- Чыныңбы, тамашаңбы?-деп түшүнбөй калды тиги аял.
"Тамашалашып жүрдүк беле, оң айтса тетири сүйлөйт" дегендей Зейне аны жактырбай тиктеп, унчукпай койду.
- Ай, Аздек, сен эмне жука көйнөкчөн чыгып алгансың? Өпкөңө суук өтсө оңбойсуң го. Ме, менин чыптамамды кийип же жамынып тур,- деп менин катарымдагы апа чыптамасын чечип калды.
- Жо-ок, апа, өзүңүз үшүп каласыз, ырахмат!-дегениме көнбөй:
- Тилимди алсаң, меники ичимде эки кабат. Мен эмне, жашаарымды жашадым, жаанды деле тоотпой калдым. Сен жашсың, карачы калчылдап чыктың. Жамынып ал.
- Рахмат!- деп ичимден ыраазы боло алып, жүзүмдөн ылдый куюлуп жаткан жаандын суусун алаканым менен аарчый башыма жаптым.
Зейне айткандай эле беш отряддын "зечкалары" көптө тизилип, түнкү "проверка" башталды. "Деги толук болсо экен! Эч кимиси качпаса экен?!" деп тиленип турдум ичимден. Кимдир-бирөө өтөөр жаза мөөнөтүнүн аягына чейин чыдабай, тобокел деп боз дубалдан ашып түшүп кеткен болсо…анда ал качкын аял табылгыча, кармалгыча көнөктөп куйган жамгыр да токтобой, биз да ушул бойдон үшүп, көгөрүп тизилип тура берчүдөй элестетип алып, кайра өз оюмдан чочуп башымды чулгуйм. Ал аңгыча кабактарын бекем түйүп калың "бушлат" кийинишкен "дубачкалар" менен нарядчица фонарик көтөрүнүп биздин отрядга жете келишти.
"Ух!" дедим ичимден. Толук экенбиз. Зейненики туура чыкты. Кийин мындай күтүүсүз "проверкаларда" кыштын кыраан чилдесинде бутубуздан сыз өтүп, калчылдап тоңуп, жайдын мээ кайнаткан ысыгында көлөкөгө зар болуп далай жолу тизилип турдук. Кайсы бирин жазайын деп ойлойсуң кээде ызага муунуп. Кайра туруп камак-абак мени көп нерсеге үйрөтүп көзүмдү ачты, турмуш мектеби болду деп өзүмдү-өзүм сооротуп жүрдүм
ххх
Бир күнү жумуштан кечки "ужинге" чарчап келе жатсам, өткөндөгү уулу бар эже жолугуп калды.
- Аздек, проходума өтүп кел чай ичелик. Апам "свиданкага" келген экен "балаңды алып кетип багып берейин, бул жерден оору-сыркоо жуктуруп аласың" деп чебеленип. Үч жашына чейин көз алдыма чоңойсун, анан…деп кетирдим. Ушул жерде уулум үчүн эле карманып жүрөт окшойм. Болбосо, мен деле чегип, ичип,сайынып кетмек белем? - үшкүрүнө бойтоңдоп ары-бери чуркап жүргөн уулуна мээрим толгон көздөрү менен тигиле тиктеп койду.
- Жакшы болгон экен, берип коюңуз, апаңыз небересин сизден артык караса карайт, кем карабайт чыгаар. Өзүңүз да алаксып иштеп аласыз. Жакында чоң мунапыс чыгат деп айтып жатышат го биздин отряддагылар. Ага илинсеңиз аз арада уулуңуздун артынан үйүңүзгө барып каласыз. Чөкпөңүз, - деп жооткото жол уладым.
- Ай, сен айткандай болсо кана?! Менин статьям амнистияга түшпөйт, - деп калган көздөрүн жашылдантып.
Айткандай эле зонадагы аялдардын башы бириккен жерде "жазында чоң амнистия чыгат экен, чыдагыла, үйгө кетебиз. И-ий, оозуңа май!" деп жүрүштү кышы бою. Эми эле чыгып кетчүдөй кээси кудуңдап сүйүнүшүп, айрымдары ал сүйлөшкөндөрдү жактырышпай, сөздөн качып кабагын түйүп жүрүштү. "Ал мурдагы срогунда амнистия менен таза чыгып кеткен да. Кайра оор статья менен кайрылып келбедиби. Эмкисинде түшпөйт, анткени "ООРу" бар, ошон үчүн" деп ал аялдардын артынан күбүр-шыбыр кеп кылып калышат "первоходочницалар". Көрсө, бир нече жолу оор кылмыш менен соттологондорду "особо опасный рецидивист" деп коюшат экен. Алар "звонок" олтурушат. Мунапыска да көбүнчө учурда илинишпейт. Карап туруп кээде зээниң кейийт.
- Үчүнчү "отряддан" бир өзбечка аялга жазган "касачкасынан" жооп келип, беш жылы алыныптыр. Ушул жумадагы комиссияга коюулуп, "УДО" (Условно досрочное освобождение) менен кетет экен. Тим эле сүйүнүп, бүт отрядындагыларга чифир коюп жууп жүрөт. Кандай бактылуу неме ээ?-деп келди Дарыя. -Баса, "санчастагы" эркек баласы бар "мамочка - нянькага" Жогорку соттон үч жылы алынып келиниптир. Сүйүнүп "спецчаста" иштеген аялды бетинен өөп жүрөт. Бул кабарды угуп өткөндө эле кейип-кепчип жүргөн "мамочка" эже үчүн сүйүнүп калдым.
ххх
Биздин "отрядда" эртеден-кечке "Шансон" радиосу жаңырып турат. Ал жакта уккан ырларды жаттап да бүттүк. Көбүнчөсү "биздин турмушка" байланышкан ырлар. Укпай да коё албайсың, а уксаң жүрөгүң ооруйт. Азыр да орус ырчысы Михаил Кругдун "Владимирский централ" деген ырына "отряддагы" "малолеткалар" кошулуп ырдап жатышты…

Весна опять пришла и лучики тепла,
Доверчиво глядят в моё окно
Опять защемит грудь и в душу влезет грусть
По памяти пойдёт со мной.

Пойдёт разворошит и вместе согрешит
С той девочкой что так давно любил.
С той девочкой ушла, с той девочкой пришла
Забыть её не хватит сил

Кайырма:
Владимирский централ (Ветер северный)
Этапом из Твери (Зла немерено)
Лежит на сердце тяжкий груз
Владимирский централ (Ветер северный )
Когда я банковал (Жизнь разменяна)
Но не очко обычно губит.
А к одиннадцати туз.

Там под окном зэка, проталина тонка,
И всё ж то не долга моя весна.
Я радуюсь что здесь, хоть это-то но есть,
Как мне твоя любовь нужна.
Кайырма:








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??