п»ї

  Махабат майданы

ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

Ар бир адам өзү каалагандай турмушту тандап, көңүлүнө эмне жакса жашоосун ошол нукка бурат эмеспи. Жашоодо жан багуунун жолу толтура. Мисалы, порно кинолорго тартылып… Эркектердин, аялдардын бүйүрүн кызытып, ошол эле учурда кыжырын кайнаткан порно жылдыздардын жашоосуна көз чаптырдык.

Бритни Скай
Порно сүйүүчүлөрдүн кумирине айланган Бритни Скай кино дүйнөсүнө 2001-жылы аралаша баштаган. Анын башка актрисалардан айырмасы жоон үнү менен тасмага тартылып жатканда кыйкырып-сөгүнгөнү. Миңден ашык эркектердин арасында "кайсы порно актрисанын талантын баалайсыз?" деген суроо жүргүзүшкөндө көпчүлүгү Бритни Скайды белгилешип, анын каргылданган үнү укмуштуудай дүүлүктүрөөрүн билдиришкен. Скай порно киного тартылууга түшкөн сунуштардын арасынан эң кирешелүүсүн, өзүнө жакканын гана ылгап алат. Учурда анын "багажында" үч жүздөн ашык тасма бар.


Анита Бленд
Сексуалдык каалоосуна чек коё албаган актриса Анита Бленд Венгриядан Италияга көчүп келгенде 1995-жылы порно продюсер менен таанышып, мамиле түзгөнгө киришкен. Порномоделдер жакшы акча табаарын мурдатан кулагы чалгандыктан кандай жол менен болсо да актриса болууну максат кылган. Сырткы келбети жакшынакай, денеси ийилчээк кызды көргөн продюсер аны алгач өз төшөгүнөн өткөргөндөн кийин жумушка алган. Анита Бленддин башка актрисалардан бир айырмасы-ал киного тартылуу учурунда эч качан аналдык секске барбайт. Актриса үчүн секстин бул түрү өтө ыплас жана кир. Анита Бленддин эсебинде жүзгө жакын тасма бар.


Азия Каррера
Элиталык порно жылдыз Азия Каррера кичинесинен мектепти жакшы окугандыктан он алты жашынан баштап англис тилинен сабак бере баштайт. Эркиндикти эңсеген Азия он жети жашка чыкканда үйүнөн качып кеткен. Ата-энеси милиция кызматкерлеринин жардамы менен таап, колледжге окууга тапшыртышат. Күндүзү окуп, кечкисин стриптиз бийлеп, баскан-турганына өз алдынча акча тапканга жетишет. Атасынын улуту япон, апасы немка. Азия деген псевдонимди азиялык болгондуктан тандап алган, бул ат анын ою боюнча кулакка жагымдуу угулат. Стриптизден сырткары журналдардын биринчи бетине сүрөткө түшүп жүрүп ал сүрөттөр порно продюсер Баду Линин колуна тийген. 1993-жылы биринчи жолу кино жаатында тушоосу кесилип, сексуалдык карьерасына баш-оту менен киришип колледждеги окуусун таштап салган. Продюсери Бада Лиге турмушка чыгып, алты жылдан кийин ажырашып кетишкен. Учурда ал карьерасын башка тармакта сынап көрүү үчүн веб -дизайн, режиссерлук менен алектенүүдө. Бош убактысында компьютердик оюндар жана эротикалык оюнчуктар менен ойногонду жактырат. Тынымсыз иштеп арыктап кеткендиктен көкүрөгүнүн өлчөмү кичирейип кетип, силикон көкүрөк жасатууну туура көргөн. Өзүнүн жасалма көкүрөгүнө суктанып, үйдө жүргөндө белине чейин жылаңачтанып чечинип алмай адаты бар.


Ария Джиованни
Кеннеди деген псевдоним менен элге кеңири таанылган порно жылдыз Ария Джиованни 1-ноябрда Калифорнияда 1978-жылы туулган. Журналдардын биринчи бетине сүрөткө түшүүдөн тажабаган актриса барган сайын ачык-айрым жыныстык жашоону каалап, түшүнө эротикалык түштөр кирип анысы акырында ооруга айланган. Досторунун кеңеши менен 1999-жылы порнографиялык тасмаларга тартыла баштайт. Кызыгы, ушул убакка чейин Ария Джиованни бир эле жолу эркектер менен тартылганы болбосо жалаң лесбиянканын ролун аткарып келет. Бош убактысында сүрөткө түшкөндөн, интернетке отургандан тажабайт. Айрым маалыматтарга караганда Кеннеди жеке жашоосун ойлонбойт. Биринчи орунга карьерасын коюп, тапкан акчасын рахаттануу менен коротот.


Магдалена
Бир эмес бир нече псевдонимге жашынган Магдалена Венгрияда төрөлгөн. Көпчүлүк бул назик кызды көрүп: "Эмнеге моделдин карьерасын жазаган жок? Ушул келбети менен мынчалык ачык чечинбей деле кандай журнал болсо деле сыртын кооздомок" деген пикирди айтып келишет. Дүйнөлүк деңгээлдеги порно жылдыз жер шаарын кыдырып саякаттаганды жакшы көрөт. Он тогуз жашында фотомодель болууну самаган Магдаленага кызыктуу сунуштар түшкөн эмес. Күндөрдүн биринде жумуш издеп жүрүп Пьер Вудмандын студиясына баш багат. Ал жылаңач кыздардын сүрөтүн алдына таштап "ушинтип сүрөткө түшө аласыңбы?" деп маселени кабыргасынан коёт. Кандай жерге туш болгонун түшүнбөй актриса артын карабай качкан. Бирок, баары бир акчага муктаж болуп, эки айдан кийин баягы студияга кайра баш баккан. Пьер Вудман кызды тузагына түшүрүп, эң биринчи эркеги болуп түрдүү ыкмаларды үйрөтүп кызматка алган.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??