п»ї

  шыр маек

Кубаныч Сатаев:
"Жыл жыйынтыгын чыгарып, отчёттук концерт берип калайын" деп жан үрөгөн ырчылардын катарында Чубак уулу Кубанычбек да бар. Ырчынын 25-декабрда Спорт ордосунда боло турган жеке концерти тууралуу кененирээк маалымат алдык.

"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"
- Кубаныч, сиз да жеке концерт бергени жатыптырсыз го?
- Ооба, болгону бир гана күн 25-декабрда биринчи жолу Спорт ордосунда чоң программадагы отчёттук концертимди берейин деп турам. Быйыл эмгектин аркасында көптөгөн жаңы ырлар жаралды. Бирок, алардын ичинен атамдын "Кара көз"деген ыры элге бат сиңип кетти. Ошон үчүн концерттин аталышын "Кара көз" деп атадым. Алгач "Концерт берсемби, же бербей эле койсомбу?"деп ойлонуп жүрдүм эле, күйөрмандарым, тааныш-билиштерим менен жолугуп калганда "Ырларың бир топ эле болуп калыптыр, концерт бербейсиңби?"-деп сурашса, демөөрчүлөрүм да "Концертиңе биз колдоо көрсөтөбүз,"-деп, азыр кудайга шүгүр колдоп жатышат.
- Жаңы жылдын алдында концерт берген ырчылар көп эмеспи. А сиздин концертиңизде кандай жаңылыктар болот?
- "Быссымылда" дегенде эле алып баруучулардан баштайын. Концертти жакын досум, манасчы, акын Жылдызбек Турсунбаев менен Нурзат Токтосунова алып барат. Концерттин жүрүшүндө жаңы ырларымды, атамдын ырларын аккордеондун коштоосунда жандуу үн менен ырдайм. Кудайга шүгүр, репертуарым жакшы эле болуп калды, конокторду көп чакырган жокмун. Келе жаткан Жаңы жылга арнап, залда олтурган көрүүчүлөргө атайын кызыктуу оюн уюштурулат. Жеңүүчүлөр албай калды дегенде бир шампан менен үйлөрүнө кайтышат. Андан сырткары КВНчи досторум "Тамашоу"командасынын балдары көрүүчүлөргө күлкү тартуулашат.
- Чыгармачылык жагы кудайга шүгүр экен. Ал эми билет сатуу жагына келгенде кыйналган жоксузбу?
- Чынында көрүп-билип эле жүрбөйбүзбү, кээ бир концерттердин билеттеринин баасы 500-800 сомго чейин көтөрүлүп, залга эл толбой калган учурлар болот. Менин концертим башкаларга салыштырмалуу арзан. Билеттин баасын 200-250 сом деп койдук. Канча эл келсе дагы жүрөктөн чыккан ырларымды гүлдесте катары сунуп, элдин көңүлүн көтөрөйүн деп жатам.
- Ырчылар концерттеринде ата-энелерин сахнага алып чыгып тааныштырышат го. Сиздин да апаңыз келсе керек?
- Албетте, атайын Таластан апам келет. Өзүңүздөр билгендей, менин күйөрмандарымдын жетимиш пайызы атам Чубактын күйөрмандары. Дайыма концерт бергенимде, тойлорго барганда "Атаң мындай киши эле, мындай ырдачу эле. Сен да анын атын өчүрбөй, жолун улантып кет"дешип жакшы каалоо-тилектерин айтып, баталарын беришет. Албетте, атамдын кадыр-баркы, атамдын аркасы менен ушундай ийгиликтерге жетишип, менин да атым эл арасына чыгып жатат деп ойлойм. Атамдан кийинки эле апам болгондуктан апамдын көңүлүн оорутпаганга аракет кылып, колумдан келишинче бапестеп турам.
- Казактардын "Музарт" тобу Чубак аганын "Арман" аттуу ырын казакчага которуп ырдап жүргөндөрүн билебиз. Ал топ менен тыгыз байланышыңыз барбы?
- Ооба. "Музарт"тобундагы ырчы балдар менен жакын достук мамиледебиз. Жакында эле алар Бишкекке биринчи жолу концерт бергенде эки күн алар менен бирге болдум. Мен Казакстанга барганда алар да мага сый көрсөтүшөт. Мен да аларды колумдан келишинче сыйлаганга жетиштим. Өзүмдүн жеке концертиме конок катары катыштырайын десем, Жаңы жылдык кечелерге тартылышат экен. Ошон үчүн келе албай калышты.
Акыл Карачач








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??