сыр маек

Тынчтыкбек Кожобеков:
Акыркы эки айдан бери кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчө стили, оригиналдуу аты менен вулкандай атылып чыккан "Импульс" тобун продюсер Тынчтыкбек Кожобеков жектектеп келет. Үч кыздан турган аталган топ менен сиздерди тааныштырабыз.

"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
- Тынчтык мырза, "Импульс" кыздар тобун кандайча ачып калдыңыз?
- Азыркы учурда шоу-бизнестеги ырчылардын баардыгынын кийген кийимдери, ырдаган ырлары бири-бирине окшош. Конкреттүү, атактуу болуп турган эч ким жок. Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков чуркап иштеп жүрүшөт. Бирок, өзгөчө стили менен чыккан Тата Улан, Каныкей гана болду. Биздин топ дагы конкреттүү стилди өзүнө камтыйт. Башталышында поп музыкадан баштадык, буйруса кийинчерээк рокту да алабыз.
- Эмне себептен "Импульс"деген атты тандап алдыңыз?
- "Импульс" эл аралык термин. Алгач топко ат коюш үчүн бир топ кыргызча сөздөргө токтолдук. Алардын арасында "Жүнбайпак, Роза гүлү" ж.б болду. Кеңешип олтуруп, кулакка жагымдуу, сулуу ат "Импульска" токтолдук. Медициналык жактан караганда "пульс" жүрөктүн согушу эмеспи. Башкача айтканда биз күйөрмандарыбызга ар дайым "пульс" берип туралы деген жакшы ниеттебиз.
- Топко атайын жалаң кыздарды тандадыңызбы?
- (Күлүп) Мен өзүм кыздарга жакынмын. Сулуулукту жакшы көрөм. Көлдүк болгондуктан Кыргызстандагы сулуу кыздардын баарын "Көлдүк кыздар" дей берчүмүн. Анын сыңарындай, азыр эң татынакай кыздар "Импульстун" кыздары десем болот. Ачык эле айтыш керек. Бул коммерциялык долбоор. Эч кандай элдин духу, руху деген нерселерди алып чыкпайбыз. Бирок, ошол эле учурда кыргыздын менталитетине каршы мамиле жасабайбыз.
- Коммерциялык долбоор болсо, анда ортодо түзүлгөн келишимдин талаптары катуу экен да?
- Келишимде көрсөтүлгөн сырлар айтылбайт. Себеби, анда мага да, кыздарга да милдеттемелер киргизилген. Кыздар кимдир бирөөлөргө менин уруксаатым жок интервью бергенге мүмкүн эмес. Албетте, жеке жашоолоруна, баскан-тургандарына да көзөмөл кылабыз. Келишим бүтмөйүнчө күйөөгө тийгенге, жигит менен сүйлөшкөнгө болбойт. Айта кетсем, бул топтун башкы продюсери мен болсом, аткаруучу директору Мирлан, финансы, реклама жагын Назира караса, кыздардын костюмдары, чач жасалгалары, имидждери боюнча да тиешелүү адамдар эмгектенишет. Учурда "Казино"аттуу биринчи альбомунун алгачкы "Жок-жок", "Тагдыр" аттуу тректери жазылып бүттү. Клиптеринин монтаждары жүрүүдө.
- Бойлору тең, сулуу, бири-бирине окшошкон кыздарды кайдан таап алдыңыз?
- Биз топту ачаарда кастинг жарыялаганбыз. Биринчи кастинг 21-февралда болуп, ар кандай критерийлердин негизинде бир топ катышуучунун арасынан жалгыз Мунараны тандап алганбыз. Биз көп талаптарды койгондуктан кастинг узак убакытка созулду. Жыйынтыгында 200гө жакын кыздар тандоого катыша алышты. Бизди сүйүндүргөнү интернет сайттарына да жарыя кетиргенбиз. Берилген жарыя аркылуу Астана, Кытай, Дубай, Москва шаарларынан да телефон чалып, смс кат жазгандары болду. Демек, кыргыздын шоу-бизнесине кызыккан чет жерде жүргөн кыздарыбыз бар экен. Тандоодон биздин талапка жооп берген кыздар табылбагандыктан, сураштырып жүрүп Алиманды таптык. Үчүнчү кызды Мунара өзү эрчитип келген. Сегиз-тогуз айдан кийин активдүү иш алып бара баштадык. Ал убакта кыздар бир ай "Кыргыз тили музыканттар үчүн"-деген сабак алышты. Андан сырткары "Агама" бий тобунан бий үйрөнүштү. Ал эми калган жүктүн баары аткаруучу директор Мирланга жүктөлгөн. Кудай буюрса, топту элдер жакшы кабыл алып жатышат.





"Импульстун" идеалдуу кыздары
- Кыздар, "Импульс" тобуна кастингден өткөнүңөргө өкүнбөйсүңөрбү?
Алиман: - Кастингге бизден дагы сулуу кыздар катышкан. Анан минтип, буйруктан болуп, топко алынып калдым. Мен ойлойм, бири-бирибиздин жылдызыбыз келишкен үчүн жакын дос, кесиптеш болуп калдык. Топко кошулганга чейин көп деле ырдачу эмесмин. Жөн жерден эле кастингге катышып калдым. Топко чейин тентек кыз болчумун. Кыздар менен согушкан мен үчүн мода болчу. Албетте, "Импульста" ырдап калганыма өкүнбөйм.
Мунара: - Мен дагы топко кошулганыма өкүнбөйм. Тескерисинче, кубанычтамын. Биздин институтка жарыя илинген эле. Катышып көрсөм, "Өтпөй калып уят боломго" деп, анан өзүмдү-өзүм сынап көрөйүн деп катышып, өтүп кеткенде аябай сүйүнүп жүрдүм.
Элнура: - Кыздардай болуп эле топко тандалып калганыма мен дагы сүйүнөм. Албетте, кыялың ишке ашса ким кубанбасын. Эл алдына чыгып ырдоо менин бала кезимдеги тилегим болчу.
- "Импульска" келгенден бери, силерде кандай өзгөрүүлөр болду?
Мунара: - Топко келгенге чейин менин аудиториям аябай эле чектелүү болчу. Башкача айтканда, мамиле курган адамдарым аз эле. Топко келип, жакшы адамдар менен таанышып, көп дос таптым. Учурда менин чыгармачылыгыма ата-энем да кубанып жүрүшөт.
Алиман: - Мен дагы мурункуга караганда жашоону түшүнүп калдым. Кыргыз тил сабагына катышып, пайдалуу көп нерселерди үйрөндүм. Мен мурда ушунчалык ээн баш, эч кимге баш ийбеген кыз болчумун. Атамдан башка эч кимди укчу эмесмин. Азыр эми токтолуп, жоопкерчиликти сезип, директорубуздан коркуп калдым дебейинби.
Элнура: - Менде ишке болгон, ырга болгон жоопкерчилик ойгонду. Тынчтык, Мирлан байкелердин, Назира эженин, берген кеп-кеңештери менин жандүйнөмө чоң сабак болду.
- Бири-бириңерге кандай мүнөздөмө бересиңер?
Алиман: - Мунара, абдан токтоо, түшүнүктүү, акылдуу кыз. Дайыма кеп-кеңешин бергенден чарчабайт. Ал эми Элька, шайыр, ак көңүл кыз. Мен ойлойм, "Импульс" тобу аркылуу үчөөбүз бир туугандай эле болуп калдык.
Мунара: - Алиман, ачык-айрым, ичине кир сактабаган сулуу кыз. Элнура дагы менин көңүлүмө жаккан кыздардан. Азырынча экөөнүн тең жаман сапаттарын байкай элекмин. Байкабай деле коёюн.
Элнура: - Оо, булар, менин эң жакын адамдарым эле болуп калды. Ар бир адамдын жакшы, жаман сапаттыры болот. Бирок, мен үчүн экөө тең бирдей. Иштерине жоопкерчиликтүү, шайыр, мыкты кыздар.