Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"
Жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, бир үйдөн түтүн булатып келе жаткан жубайларга суроолорду бири-бирине билдирбей берип, "Жакын туруп алыспы же жакын туруп жакынбы?"-деп текшерип келебиз. Рубрикабыздын бул жолку меймандары ырчы жигит Нурбек Айдаров менен жубайы белгилүү ди-джей, алыпбаруучу Жанара Атабекова болду.

Нурбек Айдаров:
Жанара эже кандай гезиттерди көп окуйт?
Н.А. - Билбейм, мен алып келген гезиттердин баарын эле окуйт.
Ж.А. - Эт оролуп келип калган гезитти гана окуп калбасам, көбүнчө интернеттен "Пресс kg" сайтына кирип окуп алам.
Алгач кайсы жерден, кандай жагдайда тааныштыңыздар эле?
Н.А. - 2004-жыл болуш керек. Филармониядан концерттен таанышканбыз. Мен электриктин ролун ойногом.
Ж.А.- Филармониядан 23-апрель 2004 -жылы Айнура эженин (Сакиш) "Үч кемпир" аттууу концертинде Асел Турдалиева эже тааныштырган.
Кайсы кол жаңсоону же болбосо мимиканы көп колдонот?
Н.А. - Мимикаларын деле билбейм. Кыйкырганды, жинин балабыздан анан менден чыгарганды көп колдонот (күлүп).
Ж.А. - Бир нерсени кол менен көбүрөөк жаңсап түшүндүрөм, андыктан көп колдоном деп айтсам болот. Мурдумду чойгон адатым да бар.
Театрларга бир айда канча жолу барат?
Н.А. - Театрларга барбайбыз деле. Келинчегим да көп барбайт.
Ж.А. - Көп деле барбайм.
Сизди жакшы көргөнүн кантип билдирет?
Н.А. - Кучактап, өпкүлөп, эркелейт. Акыркы учурда антпей да калды.
Ж.А. - Жакшы көргөнүмдү жалынып, бетинен өөп билдирем.
Кантип таарынат жана канча убакытта таарынычы жазылат?
Н.А. - Таарынганда такыр сүйлөбөй коёт. Мен өзүм кечирим сурамайынча тултуюп жүрө берет.
Ж.А. - Катуу таарынганда бир-эки күн сүйлөбөй коём.
Дайыма себинип жүргөн атыры?
Н.А. - Бир жолу "Орифлейм" деген фирманын атырын алып бергем. Азыр болсо кандай атыр себинип жүрөөрүн билбейм.
Ж.А. - Атыр себинбейм, Нурбек менин табигый жытымды гана жактырат.
Шиш такасынын бийиктиги канча сантиметр?
Н.А. - Бою кичинекей да. Мага тең болуш үчүн бийик такаларды көп киет. Такасы канча сантиметр экенин билбейм.
Ж.А. - Ар кандай. Күнүгө жумушка сегиз сантиметр бийиктикте болгон бут кийим кийсем, концерт учурунда 10-12 сантиметрге чейин бийиктикте кием.
Кандай музыканы жактырат?
Н.А. - Жанара классикага жакын.
Ж.А. - Классиканы жактырам.
Күнүгө кайсы жакка көп барат?
Н.А. - Дааратканага (тамашалап) жана үйдүн жанындагы дүкөнгө баламды ээрчитип алып көп барат.
Ж.А. - Жумушка, бала бакчага жана үйүмдүн жанындагы "Кызыл аскер" деген дүкөнгө көп барам.




Жанара Атабекова:
"Нурбектин "Жано-о"- деген сөзү оозунан түшпөйт"
Жанара Атабекова:
Сиз жумушта жүргөндө Нурбек байке канча жолу СМС билдирүү же канча жолу чалат?
Ж.А. - Жаңы үйлөнгөндө 10 мүнөттө бир чалып турчу, азыр кээде чалса, кээде чалбай да коёт.
Н.А. - Бир күндө бир чалам, чалсам да "Каяктасың?" деп эле сурайм. Акыркы учурда көп чалбай калдым. Мурун көп чалып, көп СМС жазчумун.
Сиз жасаган кайсы тамакты абдан жактырып жейт?
Ж.А. - Менин каттамамды абдан жакшы көрөт.
Н.А. - Мантысын, оромосун, каттамасын бат-баттан жасатып жейм.
Кандай жерде эс алууну жактырат?
Ж.А. - Үйдү бекитип алып,телефонду өчүрүп, мени кучактап жатып эс алганды жакшы көрөт.
Н.А. - Жайында тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Азыр болсо тынч үйдө эс алгым келет.
Канча саат уктайт?
Ж.А. - Мурун көп уктачу. Кечки саат ондо жатса деле түшкү он экиде турчу. Машинелүү болгондон бери эртең менен эрте балабызды балдар бакчасына, мени жумушка алып барат. Уйкуга убактысы жок.
Н.А. - Уйку боюнча конкурс болсо мен биринчи орунду алмак болушум керек. Бирок, акыры күндөрү эрте туруп калдым. Баламды бала бакчасына, Жанараны жумушуна эрте алып барып жатам.
Күнүмдүк турмушта көп колдонгон сөзү?
Ж.А. - "Жано-о"-деп мени чакыра берет. "Жано-о" деген оозунан түшпөйт.
Н.А. - Келме келтирем, ыйман жолуна түшүп жаткандыктан "Ин шаа Аллах" дегенди көп колдоном.
Чыгармачыл чөйрөдө кимдин чыгармачылыгын баалайт?
Ж.А. - Досу Жаныш Момуновдун чыгармачылыгын баалайт.
Н.А. - Азыркы жаш ырчылардын, досторумдун чыгармачылыгын баалайм.
Атасына же болбосо апасына окшош сапаттары?
Ж.А. - Апасына кээ бир сапаттары окшош. Жеңилдиги, келбети, ак көңүлдүгү. Ал эми кайнатасына окшоп арык.
Н.А. - "Эркек бала апасына окшош болот" деп коюшат го. Мен да апама окшошмун. Айрыкча апамдын ак көңүл мүнөзүн тарткам.
Достору менен бильярд ойногону канча убакытта бирден барып турат?
Ж.А. - Мурун бильярдга көп кызыкчу эмес. Акыркы күндөрү кызыга баштады. Бир айда бир-эки, көп болсо үч жолу достору менен барып ойноп келет.
Н.А. - Мурда бильярдга көп деле кызыкчу эмесмин. Акыркы күндөрү аябай кызыга баштадым. Көбүнчө Жаныш досум менен барам. Бир айда 3-4 жолу барып ойноп келебиз.
Темир тулпарына күнүнө канча литр май коротот?
Ж.А. - Аз короткондо күнүнө10 литр, ак көңүлү кармап кеткенде 20 литрге чейин коротуп жиберет.
Н.А. - Негизинен минимум дегенде күнүнө 10 литр май кетет. Кээде 20 литрге чейин катип коротуп жибергенимди билбей калам.
Белектерден эмнени алганды жана эмнени бергенди жактырат?
Ж.А. - Менин берген белектеримди алганды жактырат. Өзү кымбат атырларды, зер буюмдарды көп берет. Айрыкча күмүшкө басым жасайт.
Н.А. - Жанара ар бир майрамды калтырбай белек берип турат. А менин унутуп калмай адатым бар. Аялзатына негизинен зер буюмдарын белекке берүү жакшы деп ойлойм. Мен көбүнчө күмүш бергенди жакшы көрөм. Ал эми мага чын жүрөктөн берилген белектин баары жагат.