п»ї
 Таанышуу жарыясы


Шоу-бизнестеги кыймылды күчүнө келтирип, канчалаган талант ээлерин алдыга сүйрөп, артынан жөлөгөн азыркы тил менен айтканда "продюсерлер" макталып да, көп учурда жаман атты да болуп келишет. Кыргызда "Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска" деген жакшы сөз бар эмеспи. Бул адамдардын эмгеги бааланбай келсе да, чын-чынына келгенде алардын кылган ишин, жасаган эмгегин айтып кетпесек болбойт. Бизге мейманга келип, кызыктуу маек куруп беришкен продюсерлер: Назгүл Насиева, Асыл Апасова, Мурат Жолукеев, Нурслан Сыдыгалиев жана Семетей Мырзакановдор болушту.

Продюсерлер пикирин билдиришет
- Алгач сиздерге мындай суроо бергим келип жатат. Продюсер дегенди ар ким ар кандай түшүнөт эмеспи. Кыргызстанда биринчи жолу ким продюсер болду эле?
Назгүл: - Продюсер деген бизге чейин болуп эле келген. Мурда продюсер эмес, администратор, көркөм жетекчи деп айтылчу. Абдумалик Шерматов биринчи жолу эстрадалык топ ачып, продюсерлик кылган. Андан кийин бир топ эстрадалык топтор ачылып, аларга жардамчы, колдоочу катары администраторлор иштешкен. Анан эле продюсер дегенди ким баштады эле деп башташат.
Мурат: - Сөздүн ачыгын айтайын, продюсер илгертеден бери шоу-бизнестин тарыхында келатат. Продюсерсиз шоу-бизнес болбойт. Ырчыны ырчы кылып жаткан продюсерлер. Бир нерсе болсо эле "Продюсерлер ырчылардан акча таап жатышат"-деп айтылат. Ал эми ырчыга кеткен убакытты, ага корогон нервди, жумшаган акчабызды эч ким билбейт. Медалдын эки тарабын тең караш керек да.
Асыл: - Продюсер жөнүндө эч убакта жакшы сөз айтылбайт. Мен дагы интернеттен карап көрдүм. Белгилүү "Ламбаданы" ырдаган ырчы азыр кемпир болуп калыптыр. Ошол деле продюсери жөнүндө жакшы сөз айтпай жатат. Ар ким өзүн жакшымын деп айтат экен. Мен башында ошого чычалачумун. Азыр көнүп калдым. Анткени, сенин жумушуңду эч ким сендей кылалбайт, сен өзүң гана кылаласың.
- Иштешип жаткан ырчылар менен сөзсүз түрдө келишим түзөсүздөрбү же анын зарылчылыгы жокпу?
Мурат: - Ар бир адам өзүнүн ишин баштап жатканда юридика боюнча Кыргызстандын мыйзамына жараша иш алып барат. Ырчы менен продюсердин ортосундагы келишим, бирөө үй салып жатса, прораб менен "Үйүмдү толук бүтүрүп, ачкычымды колума бересиң"деп келишим түзгөн сыяктуу, биздики деле ошондой нерсе да. Ырчы менен продюсердин ортосунда келишим сөзсүз болуш керек. Анткени, так иштегенге жакшы.
Назгүл: - Келишим деп жатпайбызбы, башка продюсерлерде бар келишим менде да бар. Мага келген ырчылар: Аида Кулуева, Эрмек Маматов ошол келишимди окушкан. Бирок, мен алардын сөзүн алып, Эрмектин "Мен сизге эркекче сөз берем. Бул деген жөн эле кагаз. Бир кагаз эч нерсени чечпейт. Мен өзүмдүн адамгерчиликтүүлүгүмө салам"деген сөзүнө ишенгем. Аида да ушинтип айткан. Мен булардын чыгармачылыгын нөлдөн баштагам. Эл алдына чыгарып, ырчы кылгандан кийин минтип күтүүсүз жерден кетип калышты. Элдер деле "Эмнеге Назгүлдөн ырчылар кете беришет?"деп ойлошот да. "Сүйлөй, сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң"дегендей, мен эми өзүмө-өзүм катуу чек койдум. Адамдын көз карашына, сүйлөгөн сөзүнө ишене бербеш керек экен.
Мурат: - Туура. Адамдын эмгегин билиш керек. Мисалы, Нурсландын эмгегин айтсам, азыр Америкада жүргөн Омар деген ырчы жөн эле "кабакта" ырдап, көп ырчынын бири болуп жүргөн кезинде эл алдына алып чыгып, ырчы кылган ушул Нурслан. Клибин тартып, жанталашып аны менен Юрмалага өзү кошо барып, демөөрчүлөрдү, акча таап,..
Назгүл: - Ошону айтсаң, бардык продюсерлер Омар үчүн эмес, Нурсландын кадыры үчүн колубуздан келген акчалай жардамыбызды бергенбиз.
- Анан Омар Нурсланды таштап кеттиби?
Мурат: - Таштаган жок. Ич ара өздөрүнүн сөздөрү бардыр... Биз ага кийлигише алган жокпуз. Негизги продюсердин ишин айтып жатабыз. Ошончо деңгээлге көтөрдүк. Эмне үчүн маалымат булактарында ушул баланын эмгеги айтылбай, Омар кыйын болуп чыга келет? Себеби, мен Нурсландын күнү-түнү иштеген эмгегин билем. Эмне үчүн мунун эмгеги бааланбайт?.. Ким жакшы?.. Омар жакшы. Нурслан болбосо, Омар болмок эмес. Омарга окшогон ырчылар толтура. Андан да күчтүүлөрү бар.
- Эмнеге Нурслан, сиз бул тууралуу Омардын өзүнө айткан эмессиз?
Нурслан: - Эми темирди ысыгында чабыш керек болчу да. Азыр ал бала тиги жакта жүрсө, мен бул жерге олтуруп алып мындай же тигиндей деп айтсам, туура эмес болуп калат. Ушундай болдубу, ий, болуптурда. Мен ал жөнүндө эч нерсе айтпайм. Кудайга шүгүр, жардам бердим, ийгиликке жетиштик. Мага жардам берген Омар эмес, ушул жерде олтурган продюсерлер болгон. Калган кыйынчылыктарды айтпай эле коёюн.
- Продюсерлер өздөрү ырчыларды биринчи планга коюп жатса, башкалар ары жакта эмне болуп жатканын кайдан билсин? Келишимде сиздер ырчыларга: "Ар бир интервью бергениңерде продюсердин эмгеги жөнүндө айткыла"десеңер болбойбу?
Нурслан: - Мисалы ар бир соодагер кайсы мезгилде эмне сатса жакшы өтөөрүн билет. А мен келишим түзүп жатканда "мен сени беш жылдын ичинде жылдыз кылам" деп эч убакта айта албайм. Түзүлгөн келишим бир кагаз экен. Андан бийик адамгерчилик деген нерсе бар да. Мейли соттоштук, ызы-чуу салдык, элдин баарына угуздук. Эгер ал жакшы юрист таап койсо, же тааныштары бар болсо ошол эле келишим менен мени бүктөп коёт. Бул жерде эң биринчи орунда адамгерчилик турат.
Асыл: - Азыр ырчы көп болгондуктан эл кабыл алалбай калды. Мурунку муунда да ушундай болгон. Билеттер кымбат, эл концертке келбей калган. Азыр ошондой "застой" башталды. Бир-эки жылда бул ырчылар бүтөт дагы, жаңы муун келет. Менин айтаарым ушул. Анан ырчыдан да көп нерсе көз каранды. Жалгыз продюсердин колунан эч нерсе келбейт.
- Ушунча түйшүктү моюнга алып, жаман-жакшы көрүнүп жатканыңардын залакасы үй-бүлөңүздөргө тийбейби?
Семетей: - Албетте, тиет. Акчанын кетип жатканына, башка түйшүктөргө чыдайбыз. Аларды макул дейли. Эң негизгиси ошол ишке кеткен убакытты өзүңдүн башка иштериңе жумшасаң болот.
Нурслан: - Залакасы тийип эле жатат. Эртең менен балдарың уктап жатканда туруп кетесиң, келсең балдарың уктап жаткан болот. Өзүңдүн балаңдын бактылуу мүнөттөрүн көп деле көрбөйсүң.
Назгүл: - Мен Динара Акулова менен иштешип жүргөндө эже мага "Арканды алыс таштасаң, ийгиликке жетесиң"деп көп айтчу. А менин кол алдымда иштеген ырчылар ошол арканды алыс таштай алышкан жок.
Асыл: - "Ким?"-десе, "мен тигинин, мунун продюсеримин" деген мага жакпайт. Анткени, менин өзүмдүн атым бар. Ошол алып жаткан ырчы же башка эле киши, кичинекейинде шокаладга тоюш керек. Эгер (курсагын көрсөтүп) бул жери ачка болсо, ал адам эч качан болбойт. Анткени, курак, атак, акча аны бир паста жок кылып салат. Ошон үчүн мен баланы кичинекейинде шокаладга тойгузуш керек деген чечимге келдим.
- Продюсерлер жакшы акча табышат дешет. Эмне үчүн өзүңүздөргө жакшы көңүл бөлбөйсүздөр?
Асыл: - Бул өзүбүздүн минусубуз да. Ал эми акча жагын айтсам, мен эч нерсе таппай калдым дебейм. Тапчу жерден жакшы эле табам.
Назгүл: - Мисалы, мен өзүмө-өзүм жакшы карайм. Көбүнчө сьемкада, иш үстүндө болгондуктан кычырап кийине албайсың. Анткени, ишибизге жараша ыңгайлуу кийимдерди киебиз.
Семетей: - Ырчылар ичинен бөлүнөт. Менин долбоорум коммерциялык эмес, имидж болду. Ошондуктан мен акча таптым деп айта албайм, тескерисинче жумшадым.
Мурат: -. Мен долбоорлорумдан, той-аштардан жакшы эле акча табам. Менин долбоорум эл алдына чыгып жатса мен ошондон ырахат алам. Албетте, өзүбүздү карачу жерден жакшы эле карайбыз. Анан ырчылардын бир жерин баса белгилеп айтып кетиш керек. Ырчылар акча бар жерде көздөрү күйөт. Бул жакта той, тигил жакка барып ырдап кой десең, сенден биринчи барып, айттырбай иштеп келишет. А акча жок жерге келгенде кечирип койгула мени, ооруп калат, дагы бир нерсе болот же онунчу шылтоолору даяр.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??