п»ї
 Таанышуу жарыясы


Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…...
Айнагүл аттуу кыз биздин редакцияга өзүнүн кумирлеринен кеп-кеңеш алып берүүбүздү өтүнүп, башынан өтүп жаткан тагдырын жазып жиберген. Айнагүлдүн катынын мазмуну мындай экен: Жаш турмушка чыккан Айнагүлдүн күйөөсү аракка жакын келип, андан ажырашып кетет. Араң жүргөндө апасынын төркүндөрү мажбурлап бир аял кетирген, оорукчан баласы бар балага алакачып беришиптир. Анда сөз башынан болсун.


Күмөндөр Абылов: "Айнагүлдү алчу бала жакшы жигит болсо керек"
- Балким апасынын төркүндөрүнүкү да туурадыр. Эми улуу кишилер баланын баскан-турганын байкап, баамдап билишкендир. Ата-энеси ага жаман нерсе каалабайт да. "Кызыбыздын биринчи жолу турмуштан жолу болбой калса, мүмкүн экинчи жолкусунда жакшы болуп кетээр" деген үмүттө алчу балага макул болушту да. Айнагүлдү алчу бала да жакшы жигит болсо керек, ошон үчүн эки жак кеңешип, кыз менен баланы "эки бакыр, бир тукур" кылып үйлөнтүп коёлу дешсе керек. Бул бир жагы. Ал эми экинчи жагын алып караганда кыздын апасынын төркүн жагы туура эмес кылып жатышат. Кыз өзүнүн каалаган адамына турмушка чыккысы келет, туурабы? Ошондуктан кызды антип элдин көзүнчө тилдеп, жаман сөздөр менен урушканы туура эмес. Эгерде Айнагүл биринчи күйөөсүнө турмушка чыгаарда жаман иш кылып коюп, ата-энесинин сөзүн укпай, бир үй-бүлөнү бузуп, шок кыз болгон болсо, урушканы туура. Күнөөсү жок немени "Сендей кызыбыз жок!" деген сөз мыйзам жагынан да, адамкерчилик жагынан да алып караганда жакшы көрүнүш эмес. Эң негизгиси Айнагүл бардыгын баамдап, өз турмушун өзү гана чечиш керек.

Айжан Газиева: "Кийин туугандарың сага жалдырап келишет"
- Айнагүл, көп кайгырбастан өзүңдүн үстүңдө көп иштешиң керек. Өзүңдүн жан дүйнөңдү моралдык, физикалык жактан тарбияла. Бул деген турмуш. Турмушта оош-кыйыштын болушу мыйзамдуу көрүнүш. Апаңдын төркүндөрү туура эмес кылып жатышат. Сен алгач алган билимиңди андан ары өркүндөтүп, жогорку билимдүү болуп, талыкпай иштесең баары сен ойлогондой болот. Бардык ойлогон ой-максаттарыңды ишке ашыргандан кийин сенден баш тарткан туугандарың өздөрү жалдырап келишет. Эң негизгиси эч кимге таянбастан, өзүңдүн гана күчүңө ишенип, иш кыл.


Биринчи күйөөм алкаш болуп чыкты
Атым Айнагүл, 22 жаштамын (аты өзгөртүлдү). Кыргызстандын тоолуу районунан болом. Мындан туптуура бир жыл мурун мени менен чогуу окуган Айзат деген группалаш кызым мени өзүнүн алысыраак туугандарынын баласына ала качып берген. Үйдөгүлөрүм "Кирген босогону аттаба, кызым" деп мени олтургузуп коюшту. Ал бала менен жашаганга таптакыр көнө албай койдум. Күндө ичип келет, акча таппайт, иштегиси да келбейт. Күйөөм ичкени аз келгенсип, алкаш достору да үйдөн чыгышпайт. Менин атамдын берген акчасы менен үч ай жашадык. Сабагымдан да аксап кеттим. Андан ары жашай албасыма көзүм жетип, кайненеме, өзүмдүн чоң энемди чакырып, болгонун-болгондой айтсам, мени чоң апам алып баса берди. Ошентип окуу жайын бүтүрүп, шаардагы ишканалардын биринде иштеп жүрсөм, таякем үйүнө чакырып калды. Мен дагы "олуттуу иш болуп жаткан го" деп бара калсам, үйүндө жашы отуздарга чукулдап калган жигит апасы менен чай ичип олтурган экен. Кирээрим менен эле апасы эшикти көздөй чыгып кетти. Таякем "Айнагүл таанышып алгыла. Бул жигиттин аты Улан, Кочкордун Ак-Жар айылынан болот. Эгер сөзүңөр бир болуп калса экөөңөрдү үйлөнтүп коёбуз" деди дароо эле.


Таякем мажбурлап алакачып берди
Ал мага жаккан жок. Эч нерсе менен ишим жок иштеп жүргөн кезимде баягы таякемдин кызынын туулган күнү болуп калды. Экөөбүз ынтымактуу элек, куттуктап үйүнө барсам, мени менен таанышкан баягы бала дагы олтуруптур. Таякемдин кызы "Айнагүл, кафеге барган жатканбыз. Жүрү!" деп мени ээрчитип, кафеге жөнөдүк. Бирок, биз айткан кафенин жанынан өтүп кеткенде, жүрөгүм бир нерсени сезгендей болду. "Жазгүл, эмне сен айткан кафеге олтурбай калдыкпы? Кайсыл тарапты көздөй кетип баратабыз?" десем, жаныбыздагы дагы бир эже (көрсө ал тигинин жеңеси экен) "Биз сени алакачып баратабыз. Биздин балабызга жагып калыптырсың. Баш кошуп алсаңар, биздин бала деле жаман балдардан эмес. Үй, оокат, мал силердики болот" деп ар нерсени айтып менин макул болушумду гана күтүп жаткандай болду. Кочкорго жеткенче "концертти" коюп бардым. Үйүнө келгенде мени машинадан чыгара албай коюшту. Кечки саат беште баргам, онго чейин машинадан чыкпай олтурдум. Кемпирлер келип, жалынып-жалбарып "Олтуруп эле кал. Маанайың жарык кыз экенсиң. Балабыз жактырып калыптыр" деп чурулдашып, акыры айылдын чоң балдары келип мени үйгө алып киришмей болду. Аңгычакты таяжем шаардан келип калыптыр. Менин машинадан чыкпай олтурганымды көрүп, жини келгенинен бетине заары чыгып кетти. "Эмне олтурбай жатасың мастан! Биз сени жаман жерге берип жатыптырбызбы?! Эмне өзүңдү "кыз" сезип жатасыңбы?! Сени бир эрге тийип чыккан катын деп коёт! Дагы ушинтип сени "кыздай" кылып көшөгөгө олтургузуп жатканына сүйүнбөйсүңбү! Мындан башка сага эмне керек! Бир аялды кетирген бала болсо эмне экен?! Сен деле бир базардан өтүп келбедиңби! Жиниме көп тийбей, олтуруп кал!" деп машинадан сыртка сүйрөп чыгармай болду. Мен күйөө дегенден көңүлүм калгандыктанбы, көгөрүп туруп алдым. Анүстүнө менин шаарда сүйгөн жигитим бар эле. Ал уккан окшойт, түнкү саат он бирлерде 4-5 бала менен келип калышты. Аларды көрүп таяжемдин ого бетер жини келип, шаардагы таякеме чалып, мага трубканы берди. Таякем "Көп кыңылдабай барган жериңден келбе! Ошол жакка олтур! Сен жаман балага барган жоксуң! Сага мындан башка дагы эмне керек?!" деп жаман сөздөр менен мени телефондон тилдеп жатты. Он саат машинада олтургандан кийин таяжем "Сиздерге абдан уят болдук. Бул мастан бизди уят кылды. Балаңарга башка эле кыз алып бериңиздер" деп мени шаарга алып келди.Бир аял кетиргени аз келгенсип, тиги баланын оорукчан баласы да бар экен.


Апам, туугандарым менден баш тартып жатышат
Үйгө келгенде таякем "Биздин сендей тууганыбыз жок! Сен бетиң жок кыз экенсиң! Ушундай кыялыңдын айынан биринчи күйөөң кетирип салды да. Туура кылган. Эми сен күйөөгө тийбей өтөсүң! Бар, кайдан келсең ошол жагыңа жогол! Экинчи менин босогомду аттаба!" деп кууп чыкты. Айылдан апам чалып алып, ал да "Сендей кыздын барынан жогу! Өлүгүңдү көрөйүн ит десе! Барган жериңде эле отуруп калбайсыңбы! Менин сендей кызым жок! Сен мен үчүн өлүк жансың!" деп трубканы коюп салды. Ошентип, апам да, анын туугандары да мени тескери карап калышты. Атам байкушка эле жаман болду, эки ортодо калып. Биринчи күйөөмдүн арак ичип, жумуш таппаганы үчүн мен күнөөлүү эмесмин да. Жашап кетиш үчүн мен деле колуман келген бардык аракетимди кылгам. Ата-энеси оңдой албаган баласын мен кантип оңойт элем. Бир күйөөдөн чыктым деп эле, сүйбөгөн адамга турмушка чыккым келген жок. Менин өз бактым үчүн күрөшүүгө акым бар деп ойлойм.


Роза Аманова: "Түбөлүгүңдүн түз болушун тиле, кызым"
- "Төгүлгөн аяк толобу?" дегендей, эми болгон нерсени кайра калыбына келтире албайбыз. Айнагүл өзүңдүн түбөлүгүңдүн түз болушун Кудайдан тиленишиң керек. Биздин өлкө "Ислам" динине көбүрөөк көңүл бургандан кийин, динде баары бир аял кишинин сөзү кыска. Ошондуктан үй-бүлөдө эркек кишинин болгону жакшы. "Көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, сенин да алдыңда жакшынакай кыргыздын азаматы турса керек. Бул тагдырда "мындай-тигиндей" болом деп айтууга болбойт. Анткени тагдыр бизди кайсыл тарапка бурган болсо ошол агым менен кете берет эмеспизби. Эч кайгырба, баары жакшы болот! Ал эми сенин ата-энеңе ата-энелик бакыт каалайм. Эгер алардын кызы бактылуу жашаса, алар да сүйүнүп, алардын жүзүнөн да бакыттын учкуну көрүнүп калат. Кайсы ата-эне өзүнүн баласына жаман нерсе кааласын.


Гүлнара Тойгонбаева: " Ага бекер үй жумушчу керек турбайбы"
- Эң негизгиси Айнагүл өзүңдүн ички сезимиңди угуп иш кыл. Ата-эне деле балага жамандык каалабайт да. Бирок көңүлү тартпай турган адам менен кантип жашамак эле. Ал эми тиги адамга баласын бакканга бекер бала баккыч, үйүн жыйнаганга бекер жумушчу керек окшойт го. Ата-энеңдин сени мажбурлап, сен жакшы көрбөгөн адамга "турмушка чык" дегенге акысы жок. Статистика боюнча дүйнө жүзүндө 4 миллиард эркек бар. Эч коркпо! Сенин жолуңдан да мыкты-мыкты жигиттер чыгат. Сен сөзсүз бактылуу болосуң сиңдим! Сени жакшы көргөн жигитиң бар турбайбы, демек аны менен бактылуу болом деп тилек кыл. Кайгыдан пайда чыкпайт.


Төлөбүбү
Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??