п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кызык элесиңер!

Кливень Ак Үйдө үйлөнсө, Ван Бюрен аялы жөнүндө айткысы келген эмес.
Ал эми биздин Айтибай
Тагаев "токолун"
убара кылгысы
келбейт


Дүйнө жүзүнө белгилүү саясатчыларыбыздын жоруктары эл ичинде айтылып, аңыз болуп келгени бул турмуштун дагы бир мыйзамы турбайбы, көрсө. Өзгөчө Америка саясатчылардын сазайын берип, "секреттерин" ачыкка чыгарган жагынан эч кимди алдыга чыгарбай келет. Мисалы, 1949-жылы Америкага президент болуп дайындалган Девид Атчисон бир эле күн өлкө башкарыптыр. Анын да жарым күнүн уктап, төшөктө өткөргөн тура. Американын тарыхындагы дагы бир президент Эндрио Джонсон өзү бычып-тиккен кийимдерди гана кийчү экен. Ал эми дагы бир Гровер Кливень аттуу президент үлпөт тоюн Ак Үйдө өткөргөнү менен аңыз болсо, Мартин Ван Бюрен өзүнүн президенттик креслосун өткөрүп бергенден кийин кызыктуу мемуар жазыптыр. Кызыгы, мемуарынын бир да жерине аялы жөнүндө мындай турсун, анын ысымы да жазылган эмес экен. Ал эми биз аты-жөнүн көп айтып калган президент Билл Клинтон өзүнүн мышыгы Сокстун атынан интернетке атайын сайт ачыптыр. Буларды айтып отуруп, өзүбүздүн саясатчыларыбызга да көз салсак, алардын деле жолдо калган жоруктары толтура (Арийне, биз кызматтан түшкөндөн кийин же өлгөндөн кийин айтат эмеспизби). Бирок, акыркы жылдары биз деле Америкадан калышпай, казып-жазып келебиз. Жакында "Жаңы Ордо" гезити да Баткенге жаңы дайындалган губернатор, мурунку депутат, саясатчы Айтибай Тагаевдин парламентте төрага болуп турган кезиндеги бир жоругун жазып чыгышты. Ошондогу окуяга күбө болгон депутаттар коллегасынын бул жоругуна эмдигиче уялып жүрүшөт имиш. Гезитте Айтибай Тагаев аңыз болгон окуя мындайча баяндалган экен.
"А. Тагаев бир нече депутаттар менен Түркияга расмий сапарга барат. Боордош түрк эли биздин төраганы абдан жакшы тосуп алат. Ал жердеги жолугушуулар бүткөн соң "бош убактыңыз бар. Кай жерге алып баралы?"-деп түрк туугандар сурашат. Айтибай акебиз "Мени жанагы кайыш куртка саткан базарга алып баргыла…."-дейт. Төраганын тамаша чынына түшүнбөй калышып кайра сурашат. Айтибай акебиз "Дордой" базарына көп барып жүрүп көнүп алган го сыягы. Мындайды күтпөгөн түрктөр, ары карап күлүшүп, акыры кыргыз коногунун айтканын эки кылбай кайыш курткаларды саткан чоң жайма базарга алып барышат. Албетте, Кыргызстандан келген сыйлуу чоң конок катары базарга полициянын коштоосунда барат. Мамлекетин, элин сыйлаган бир дагы даражалуу конок Тагаевдей болуп кайыш куртка издеп базарга барбайт экен.
Эми, элестетип көргүлөчү… биздин республикага расмий сапарга келген Россиянын Мамдумасынын төрагасы Б. Грызловдун МАИнин коштоосунда, мегалкаларын күйгүзүп алып "Дордой" базарына барганын элестетип көрүңүздөрчү. А. Тагаев барганча ал жердин айланасына жайнаган жан сакчыларды койдурушуп, базардын ичи кан буугандай тосулуп, ызы-чуу болуп жатып калат. Келген мамлекетин сыйлаган бир дагы чет өлкөлүк чоң даражадагы чиновник бул базарга мынчалык полиция кызматкерлеринин коштоосунда барбайт экен. Протокол боюнча чет өлкөлүк коноктор көркөм музейлерди, опера, балет театрларын кыдырышып, түрк маданияты, искусствосу менен жакындан таанышып чыгышат. Көпчүлүк учурда Турциянын лидери Ата Түрктүн эстелигинин алдына таазим кылып, гүлчамбар коюшат. Кыскасын айтканда, маданий эс алууну протоколдун негизинде өткөрүшөт. Биздин төрага протоколуңду уруп ойномок беле?
Базар кыдырып жүрүү Жогорку Кеңештин төрагасы үчүн да, чет өлкөлүк сыйлуу коноктордун рангасына да, экинчиден протокол боюнча да туура келбейт эмеспи. Төраганын элементардык негизде өз ордун билбегендиги менен түрк туугандардын арасында жалпы кыргыз элин уят кылыптыр.
Бүгүнкү күндө "Дордой" базарында түрктөрдүн кайыш курткалары толуп жатпайбы. Бишкекке келип деле ЖКдан бөлүп берген "семейный" машинасы менен "жаш токолун" базарга жөнөтүп жиберсе, каалашынча кайыш курткаларды алып келип бермек. Ал тургай Туркиядагы Кыргыз элчилигинде кызмат кылган балдарга айтып койсо деле төрага жайгашкан мейманканага беш-он кайыш куртканы алып келип, тандаган соң калганын кайтарышмак болчу.
Ошончо элди убара кылып Айтибай мырза баласы экөө туруп алып утуру күзгүгө каранып, сулуулана керилип- чоюлуп кийип отурганы биздин барган депутаттар үчүн да уят эле иш болду. Утуру размерин өлчөп, жамбашын алдыга, кайра артка чыгара күзгүгө каранып койгонуна күйүп гана кетесиң да. Биздин парламент төрагасы кудум Ош, "Дордой" базарында жүргөнсүп эч шашылбай, кебелип да койбой көптөгөн кайыш курткаларды карап, биринин артынан экинчисин кийип чыкканча күтүп, жакын жерге эч кимди жолотпой түрк полицейлери, жан сакчылары тура беришет. Сыйлуу конок болгон соң айла жоктон чыдап турушту да. Полиция машинасынын коштоосунда бир дагы өзүн сыйлаган жетекчи жан сакчыларды убара кылып жайма базарга барышпаса керек. Эми мындай маңыроо кыргызга боло берет дегени да.
Ар жагында жок болсо да, андай учурда төрагага ким батынып акыл үйрөтө алмак. Кудум эле Ноокаттын базарында жүргөндөй жайма-жай жүргөнүчү. Депутаттар уялгандан араң эле жанында турушкан экен".
Мындай кызыктарды угуп, окуп жатып: "Президенттер, саясатчылар, чиновниктер деле пенде. Андыктан пендечиликте кезикчү таң калыштуу кылык-жоруктар аларга деле чоочун эмес да"-дейт экенсиң.












кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??