п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Биттин баркын билген белгилүүлөр
Баарыбыздын итиркейибизди келтирген бир кичинекей "жандык" бар. Өзү кичинекей,бирок баскан жолу татаал биттер жөнүндө сөз кылмакчыбыз.


Бит тууралуу биз билбеген кызыктар


Бит деген адамдын каны менен тамактанган канаты жок жандыктар. Алар өмүрүнүн акырына чейин адамдын каны менен тамактанышат. Бит кийимде жана башта болушу мүмкүн. Кийимдеги бит төшөктөн кийим аркылуу адамдарга бири-биринен оңой жугат. Баштын битинен арылуу алда канча кыйыныраак. Чачтагы биттен чачты боёп же устара менен алып арылса болот.


Эгерде дүйнө жүзүндөгү биттердин баары бир багытка секирсе анда 1947-жылы Гоби-Алтайдагыдай чоң жер титирөө болушу мүмкүн.


Жер шарындагы баардык биттердин көлөмү пилдердин көлөмүнөн 15 000 эсе оор.


Палентологдор эң биринчи жолу биттерди кескелдириктерден табышкан. Алардын каны динозаврлардыкынан алда канча ысык келет.


Биологдордун пикири боюнча биттер эң кызыктуу жаныбарлар. Адамдардын кыжырын келтирген биттердин зыянынан башка пайдасы жок деген ойдо болобуз, чынында андай деле эмес экен…


Мессопотамияда илгери үйлөнө турган жубайлар баш кошоорго бир жума калганда биттерин бири-биринин башына ташташкан. Эгерде биттер "тил табышып" ынтымактуу жашап кетсе жакшылыкка жорушчу. Биттерди айырмалоо үчүн колуктунукун басма, күйөөнүкүн хна менен боёп коюшкан.


Биттин майы менен эң биринчи жолу Иоган Гуттенбергдин тамга терген машинасын майлашкан.


Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Стейнбек "Чычкандар жана адамдар жөнүндө" деген китеп жазганда "Прогресс" басмаканасынан ката кетип,"Биттер жана адамдар жөнүндө" деген аталыш менен чыгып калган. Албетте комиссиянын курамы ал эмгекти жаратпай, "мындай адабиятка орун берилбейт" деген чечим чыгарышкан.


Адатта биттердин жашоосунун узактыгы бир жылга созулат. Жалкоо, көп кыймылдабаган адамдарга жабышкан бит кырк жылга чейин "ичээр суусу" түгөнбөшү мүмкүн. Ушунча убакыт жашаш үчүн алар үч-төрт кишини алмаштырат.


Башы кир адамдарга караганда биттер башы дайыма таза жуулган баштарды тандашат. Себеби, таза баштан кан соруу алар үчүн кыйла жеңил.



Небраска, Айова, Вайоминг штаттарында биттеген адам алдын ала атайын медициналык көзөмөлдөн өтөт. Ал тургай мыйзамдуу түрдө үч күнгө эмгек эс алуу (отпуска) алышат.


Биттин көлөмү анын "ээсине" көз каранды. Мисалы, киши канчалык арык болсо биттин көлөмү ошончолук кичинекей. Ал эми канчалык толук болсо ошончолук чоң болот.


Биттин ургаачысы чачка жабышып 20-30 күндүн ичинде күнүнө 10 дон жумуртка таштап турат. Алар 8-10 күндөн кийин сирке болуп, 10-15-күндөн соң чоң битке айланат.





Биттедиңиз беле?
Гулнара Калдарова ырчы: "Беш жашымда биттегем"
- Беш жашымда таенемдикинде жүргөндө чачым сиркелеп, биттеп кеткен. Өзүм кичинекей болсом да чачымды кырдырбай ыйлаганым эсимде. Таенем биринчи битти тергенден эринип "чачыңды кырам" дегенине көнбөй койсом, кайра өзү бирден терип тазалап берген. Негизи көп биттеген адам бай болот деп угуп калам, өзүм да ушул сөзгө кандайдыр бир деңгээлде ишенем.


Ильяз Агыбай уулу куудул: "Шымдын кырына тизилип алышып"
- Ии-й биттер жөнүндө айта берсең сөз көп. Окуп жүргөндө жакшы эле биттедим. Өзгөчө жанагы жынсы шымдын кырына тизили-ип бир катарды бузбай ынтымактуу туруп алышат эмеспи, үтүк менен бассаң барсылдап кандары чачыраганын айт. Гастролдордо көп жүрүп Россиядан Бишкекке келе жатканда поездден да барсайган митис биттер көп учурайт. Аларда орустун да,кыргыздын да каны бар. Арасында анда-санда немис биттер да кездешип калат. Ар бир эле адам жок дегенде бир жолу биттесе керек.


Нурзат Токтосунова алып баруучу:
"Өзүм президент болсом…"
- Бит боордогу жаман кандарды тазалаганга жардам берет деп укканым бар. Мектепте окуп жүргөндө үч жыл президент болдум. Жуманын ар бир үчүнчү күнү тазалык секторлорду ээрчитип алып класстарды кыдырып, кадимкидей эле көйнөктөрүн чечип, баштарын карап текшерчүбүз. Кокус бит чыгып калса кыйкырып класстын баарына жайбай эле ошол бит чыккан окуучуну катуу көзөмөлгө алчубуз. Мен, үй-бүлөм менен биттеген деле жокмун. Өзүм президент болсом, анан башым бит болсо…


Аскат Сулайманов актёр:
"Үч ай жайлоодо жүрсөм каяктан жуунмак элем?.. "
- Биттин сарыкка пайдасы бар деп уккам. Сарык оорусуна кабылгандарга битти тамагына билдирбей кошуп берсе айыгат деп жүрүшөт. Анан да бит ден соолугу чың, оорубаган адамдарда болот. Муну мен даана билем. Дагы биттеген адам бай болот деген ырымдарды уккам. Мен деле эл катары окучу кезимде төртүнчү класста окуп жатканда жайлоого таякемдикине үч айга баргам. Мал кайтарышып, тоодо жүрсөң көп деле жуунбайсың да. Ошентип Балыкчыдагы үйгө биттеп келгем. Апам кайра-кайра жуунтуп, мончого эки саат камап, чачымды устара менен алып биттен арылтканы эсимде.


Жолдошбек Жанжигит
уулу актёр:
"Битти дары катары
пайдаланышат"
- Битти цыгандар дары катары пайдаланып, ал тургай сатат экен деп уккам. Ии, баса бит дагы сарык оорусуна дары экенинен кабарым бар. Мен өмүрүмдө биттеп көргөн эмесмин, биттесем уялбай эле айтып бермекмин. Мени апам биттетпей мектеп учурунда таза бакты.


Бактияр Токторов ырчы: "Балдардан битти жугузгам"
- Битти мен жакшы көрөм, сыйлайм. (Күлүп) Ал деле Кудайдын жараткан бир жандыгы да. Өмүрүндө биттебеген адам болбосо керек. Мен деле мектепте окуп жүргөндө чөп чапкан балдар менен чогуу жүрүп алардан жуктуруп алгам. Окуп жүргөндө мектепте тазалык сектор дегендер болчу эмес беле, алардын колуна түшүп битимди карматып уят болгонум жок. Кээде эле колдоруң кесилгенин айтканы болбосо…Анын үстүнө мектепте окуп жүргөндө өзүм класском болчумун, ошондонбу айтор көп текшеришкен жок.



Икая
Балтыр бит башка чыгат
Короо кайтарган иттин терисинде бир бит жашаптыр. Эч нерсеге көз каранды эмес, кийими бүтүн, курсагы ток…Бир күнү ал биттин мурдуна таза жүндүн, теринин жыты келет. Эмне болду экен деп кызыгуу менен мойнун созо караса иттин жанында эчки уктап жаткан болот.
"Качантан бери ушундай жумшак жайга муктаж болуп жүрдүм эле. Бул иттин терисинде жан багыш кыйын болуп калды, уят-сыйытты жыйыштырып коюп тынымсыз кашынып, тиштене берип аз күндө мени өлтүрөт. Мунун тишинен, тырмагынан сактанып жүрүп куурадым. Эчкинин териси алда канча жылуу, жумшак болсо керек" деген ойго алданып иттикинен эчкинин терисине секирет. Бирок, биттин үмүтү акталбай, эчкинин жүнү алда канча жыш, териси катуу болуп чыгат. Терисинин катуулугунан кан соро албасына көзү жеткен бит кайра итке кайтып барып, мурункудай эле күн кечире берүүнү чечет. Араңдан зорго эчкинин жүнүнөн чыкса ит эчак кетип калганын көрөт. Ичи ачышып, ызага баткан бит ошентип эчкинин жүнүндө адашып, ачкадан өлүптүр.



Пил астынан чыккан чычканга ызырынып:
- Сен дүйнө жүзүндөгү эң шүмшүк жырткыч, жан койбогон жандыксың!
Чычкан чыйпылдап:
- Кайталап -койсоңуз, сураныч,- Мен сиздин айткан сөздөрүңүздү жаттап алып коңшу жашаган бир тааныш битиме айтайын…
ххх
Эки бит кетип бара жатса алдынан үчүнчүсү чыгып:
- Каяка жөнөдүңөр?
- Ташматка…
- Андан көрө Эшматка барбайсыңарбы анын чачы узун экен.
- А биз ансыз деле Эшматтыкында жашайбыз, Ташматтыкына муз тепкени баратабыз.


А. Сабырова













кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??