"Балам, балалуу болгондо билээрсиң..."
Дал ушундай ураан менен Анжелика "Өмүр багы" деген жаңы ырына клип тарттырууда. "Өзүм эне болгондон кийин апамдын мени кантип чоңойтконун, тарткан түйшүгүн, эмгегин түшүндүм. Ырымдын мааниси да эне-бала темасын камтыйт" дейт ырчы. Клиптин өзгөчөлүгү Анжеликанын өзү ойлоп тапкан кийимдердин кичи коллекциясы жана башка стилисттердин колунан чыккан көйнөктөр да клипке кошо камтылат. Башкы каармандардын ролдорун ырчынын жакындары аткармай болушту.


"Жыйырманчы жаз" 20 санын ырымдаганда
"Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын автору, башкы режиссёру Алим Токторов декабрдын жыйырмасында фильмге катышкан жыйырма каарманды чогултуп, белгилүү кафелердин биринде Жаңы жылдык чакан кече уюштурду. Жыйырма деген санды ырымдаган режиссёр, баардыгы болуп дасторконго жыйырма түрлүү тамак-аш даярдаган. Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү кечки саат 20-00дөн кийин жаштар үчүн жыйырма музыкадан турган дискотека коюлду.


Жаңы жылды жылдыздар жана Жылдыз менен бирге тосуңуз!
Бишкек шаарыбыздагы ири кафе-бардын биринде т.а " Live Bar" да 31 -декабрь күнү түнкү саат 12 -00дөн өткөндөн кийин Жаңы жылдык сыйкырлуу программа өтөт. Анда Аяз ата менен Аяз кыз келген конокторго европалык деңгээлдеги салтанат уюштуруп, белектерин тапшырат. Бул Жаңы жылдык шоуга стилист Жылдыз айым жолборс жылына арналган "Жолборс боди- арт", "Жолборс чач тарамы" аттуу өзүнүн коллекциясын конокторго тартуулайт. Жылдыздан жана "livebar"дан келген конокторго атайын белектер күтүп турат. Эгерде четин чыгара турган болсок эң шамдагай, шайыр айым жана мырзаларга "Айым" сулуулук салонунан 30% арзандатылган бир жылдык дисконттук карточкалар тапшырылат. Кечеге кыргыз шоу бизнесинин өкүлдөрү да чакырылып, Жанета Бобкова жолдошу Денис Бобков менен, Съездбек Искеналиев жана Самат Дөөлөтбаков жубайлары менен келишсе, бойдоктор Айжан Газиева, Нэна, Омалар достору менен келип таң тосушмакчы. Эгерде жолборс жылын сиз да өзгөчө, шаңдуу жана шайыр тоскуңуз келсе, анда түз эле "Live Bar"га жөнөңүз.


Ырчылардын жандуу үнүн уккуңуз келеби?
"Миң кыял fm" радиосунда жаңыра баштаган "Патефон" деген аталыштагы программаны угармандар күтүп угушууда. Себеби, ар жекшемби сайын жаңы чыгып келаткан ыр ышкыбоздору, белгилүү ырчылар бир сааттык түз эфирде жалаң жандуу үн менен ырдашат. Программада ырчылардан түзүлгөн эки командага угармандар телефон чалып, смс добуш аркылуу өздөрү жактырган ырчыларына добуш беришет.


Сапардан Жаңы жылдык чай концерт
20- декабрда Сапар Сопубеков "Ысык-Көл" ресторанында Жаңы жылдык чай концертин уюштурду. Кечеге жыйырмага жакын ырчы достору, "Рахат" бий тобу катышышты. Концерттин көркүн Мисс-Ала-Бука- Сапар Эркебаев, Мисс-Кочкорка- Марат (Назминин бир тууган агасы), Мисс-Жети Өгүз-Мирлан Жетигеновдор көркүнө чыгарышты. Алар кыздардын кийимдерин кийип алышып бийлеп, столдо отурган эркектердин тизесине улам бирөө кылыктанып отура калып, келген коноктордун боорун эзишти. Чай концертти Элмара Турсуналиева, Нурдөөлөт Копоев, Байыш Момуновдор кезек менен алып барышты. Кечеге бойдок кезинде Сапарга жабыштырып жүргөн сахнадагы өнөктөшү, жакында эне болом деп турган Назми да келип, Сапарды колдоп ырдап берди. Экөөнүн тандеми Назми турмушка чыкканына карабастан уланып келет.