п»ї
 Таанышуу жарыясы


Күйөөгө тие албай Нурбекке жабышкан Азиза менен Айнура
"Досуң ким экенин айтсаң, мен сенин кимдигиңди билем"-демекчи, ар ким өзүнүн деңгээлине, шартына жараша дос табат эмеспи. Ырчы менен ырчынын достук мамилелеринин бекем сакталышын эстрада жылдыздары: Азиза, Айнура Салахидинова жана Нурбек Дайырбек уулу далилдеп, "Обондогу отуруш" рубрикасына конок болушуп, дасторкон үстүндө бири-биринин кылыктарын айтып, сырларын ачып
беришти.


- Куш келипсиңер, "Обондун отурушуна". Төрдөн орун алгыла.
Азиза: - Чоң рахмат.
Нурбек: - Мындай өзгөчө интервьюну биринчи көрүп жатам. Тамагын, чайын да берип, анан гезитке чыгарып.
Азиза: - Биринчи нандан ооз тийиш керек. Биз дароо эле тамакка кириптирбиз го. Менин эң жакшы көргөн тамагым куурдак да. Өзгөчө жаңы союлган козунун этин картошка менен кызарта кууруп алып, шилекейиңди куюлту-у-п жесең, кандай сонун. Анан салаттардын туздуу жасалганын да жакшы көрүп жейм.
Айнура: - Мага болсо кандай тамактын түрү болбосун картошка жагат.
- Силер качан, кантип, кайсыл жерден тааныштыңар эле?
Азиза: - Айнура менен "Жоокер жылдыз" долбооруна катышканда таанышкам. Эки жарым жылдан бери жакын доспуз. А Нурбек менен бир жарым жыл болду. Нурбек, сен экөөбүз кантип тааныштык эле?
Нурбек: - Кантип, качан таанышканым эсимде жок. (Күлүп)
Азиза: - Койчу эй, чындап эле эсибизде жокпу?
Айнура: - Мен болсо Нурбек менен институтта чогуу окуп, жакшы дос болуп келатабыз. Орто жерден өзү жок болуп кетип, кайра пайда болду дебейинби.
- Байкашымча, күн сайын жолугуп турасыңар го?
Азиза: - Айнура экөөбүз жок дегенде бир күндө бир жолу телефон чалып, ал-ахыбал сурашпасак, башыбыз ооруйт. Ал эми Роза үй-бүлөлүү болгондон бери биз менен тез-тез жолугуша албай калды. Бирок, жакшылыктарда баарыбыз чогулуп турабыз. Нурбек менен деле жок дегенде телефон менен сүйлөшөбүз.
- Нурбек, мырза катары Азиза менен Айнуранын кантип мактайт элең?
Нурбек: - Азизанын мага көп сапаты жагат. Жакпаганы болсо аябай шашма. Болор-болбос нерсеге эле чыйпылыктай берет. (Күлүп) Айнуранын жаман жактары өлө көп. Айнурага "Мени деле үйүңө алып барбайсыңбы?"десем, "Үйдө курулуш бүтө элек" дей берет. Бирок, Фарида, Азизалар барып эле жүрбөйбү. Ошон үчүн бул жөнүндө жаман да жакшы да айтпайм деле.
Айнура: - Эй, шүмшүк, качан барба деп жатам. Бир жолу үйгө чакырсам, өзүң "Бош эмесмин"-деп дос балаңды жиберген турбайсыңбы? Сен мага качан үйүңө чакыр дедиң?.. Нурикти мен жамандайынбы, өлө көп ичет. (Тамаша) Бул жигит баарыбыздын көңүлүбүздү көтөрүп, эч нерседен тартынбайт. Биздин арабызда Айгүл экөө куудул, комиктер. Бирок, Нурик каадаланганды жакшы көрөт.
Азиза: - Нуриктин мага жаккан сапаты, сөз ташыбайт. Ичимдеги болгон сырымды коркпой айта алам. Комуз менен да, эстрада менен да жакшы ырдайт. Жаман жагы кечке таарына берет. Анан мактанчаак.
- Майрам күндөрү чогулуп калмай адатыңар бар эле?
Азиза: - Биз жакын дос болгондуктан майрам күндөрү, туулган күндөрү гана эмес, жөнөкөй күндөрү деле бирөөбүздүн үйүбүзгө чогулуп, тамак жасап сүйлөшүп олтуруп калмайыбыз бар. Кээде бири-бирибизди түштөнүүгө, кечки тамакка чакырабыз.
Айнура: - Баарынан көп Азизанын үйүнө чогулабыз. Башка иш менен жүрсөк деле Азизанын үйүнө келсең, ошол жактан чогуу чыгып кетебиз деп анын үйүн аялдама кылып алганбыз.
Азиза: - Нурик бирөөнүн үйүнө барганда дароо салаттын түрүн, тамак жасап кирет. Лагмандын камырын укмуш жакшы чоёт. Анткени, кафеде ашпозчу болуп иштеген да. Бирок, бизди таптакыр өзүнүн үйүнө чакырбайт.
- Тойлорго да чогуу барасыңарбы?
Айнура: - Мен көбүнчө Азиза менен барам. Үйлөнүү тойлорго барып калганда, Азиза баштайт. "Ий, Айнура, өзүбүз жакшынакай эле кызбыз, канча кишиден бата алып жүрөбүз, биз дагы качан моминтип ак көйнөк кийип, күйөөгө тийебиз"дейт. Ага кошулуп менин да маанайым түшүп калат. Анан кайра "Ээк, экөөбүз деле жакшы күйөөгө тийебиз, ээ?"деп, бири-бирибизди сооротуп коёбуз.
Нурбек: - Булар ушинтип күйөөгө тие албай эле, "Нурик бизди алчы" дей беришет. Мурда Айнура, Азиза, Фарида, Айгүл, Роза бешөө болчу. Азыр Роза күйөөгө тийип, төртөө калды. Төртөөнү тең алсам, гастролдоп жүрүп, миллионер болуп кетмек болушубуз керек.
- Өзүң качан үйлөнөсүң?
Нурбек: - Азыр сүйлөшкөн кызым бар. Мындан сулуураак болсом билбейм, эмне болмокмун. (Күлүп) Мага кыздар өздөрү жабышат. Кудай буюрса эмки жылы үйлөнөйүн деп жатам.
- Силерчи, сулуулар, качан турмушка чыгасыңар?
Айнура: - (Күлүп) Күйөө алса эле тиебиз. Ала тургандар бар, бирок, жүрөгүмдүн ээси жок болуп жатат. Кудай буюрса, мен да 2010-жылы күйөөгө тием.
Азиза: - Кудайдын буйругу менен экен да. Мени алам деген мырзага мен тийгим келбейт, мен тийем деген мырзалар мени албайт.
- "Шерине", "Чёрный касса" деген сыяктууларды уюштурасыңарбы?
Азиза: - Мурун кыздар арасында ар бир айда алтын буюм бермей, кылып алганбыз. Бирок, ал оюнубуз аягына чыкпай калды. Бир жылдан бери кимдин туулган күнү болсо, кагазга аттарыбызды жазып чучукулак кармап, бири-бирибизге белек бермейди салт кылып алганбыз. Ошол күнү туулган күнү болгон адам гана эмес, баарыбыз күтүлбөгөн белектүү болобуз.
Нурбек: - Чучукулак кармаганда ким-кимге белек берээрин айтпай турабыз да, чогулган күнү сюрприз кылабыз.
- Ичимдиктин кайсы түрүн ичесиңер?
Айнура: - Нурик дагы, Азиза экөөбүз дагы ичпейбиз.
- Башынан эле ичпейсиңерби, же таштап койдуңар беле?
Азиза: - Мен 2000-жылдан баштап ичпейм. 1-курста бир стакан шампан менен 50 грамм аракты ачкарын аралаштырып ичип алып, мээме чыккан. Анда эмне баарыбыз жашпыз, эч нерсе болбосо керек деп ичип көргөнбүз.Мен мас болсом чыр чыгарбай, сүйлөбөй эле күлө берсем керек деп ойлой берем.
- Азыр үчөөңөр тең бойдоксуңар. Жаштар сүйгөндөрү менен таарынышып, урушуп кеткенде тамак ичпей калышат эмеспи. Силер андай эмессиңерби?
Азиза: - Мен тамак ичпей калсам, жанымдагы адамдарга жинденип, өзүмчө эле кыялымды көрсөтүп калам. Жигиттерге таарынганда башка нерсени жасашым мүмкүн бирок, тамак жебей коё албайм. Ошондуктан башкаларга окшоп, "диета" да кармай албайт болушум керек. Убакыттын тардыгынан тамак ичпей калышым толук мүмкүн. Мен ыйлаакмын. Жакын адамың бийик тон менен сүйлөп коёт го. Ошондо ушунчалык жаман болуп кетем. Туура эмес сүйлөп алдымбы, чын эле ушул адам мага ушундай сөздү айттыбы?- деп айткан сөзүнө ишенбей кетесиң. Андай учурда күчүңдүн баарын ыйдан чыгарып, телефондорумдун баарын өчүрүп, үйдө жалгыз дисктерди көрүп олтурам.
Айнура: - Мен дагы жигитиме жиним келгенде өчөшүп келип тамак жейм. Эмне анан ачка калмак белем. Бирок, өткөндө ооруп калып, табитим тартпай эки күн бою суу эле ичтим. Ооруган жаман экен. (Күлүп) Азизаны айтайынбы, чын эле аябай ыйлаак. Жигити менен урушканда түнкү саат эки-үчтөрдө мага чалат. "Да" деп телефонду алсаң, "Айнура, мне плохо"деп чалып, ыйлайт десеңер...
Азиза: - Эй, жөнчү, ашыкча болуп калды. Башка бирөөнүкүн меники кылып айта бересиңби?..
Нурбек: - Айнура болсо, сүйлөшкөн кызымдын мага жазып, смс кылып жиберген ырларын көчүрүп алып, өзүнүн жигиттерине смс кылып жөнөтөт. Эмне болсо эле "Нурик, кызың сага жаңы ырларды жаздыбы, мага жакшы смс керек болуп жатат" деп сурап жүрөт.
- Нурбек, сени куудул, комик деп жатышпайбы. Күлкүлүү окуялардан айтып бербейсиңби?
Нурбек: - Бир жолу Айт майрамында Фарида боорсок жасап, баарыбызды үйүнө чакырып калды. Чай ичип бүткөндөн кийин мен куран окумай болдум. Эркектер куранды үн чыгарып, кырааты менен окуйт го. Окуп жатып бир жеринен адашып кеттим. Мойнума шайтан минди окшойт, күлүп жибердим. Ичимден кой эми аягына чыгайын деп, күлкүмдү тыйып куранды андан-ары улантып, жанымда олтурган Азизаны карасам, кыткылыктап телефонун кармалап олтуруптур. Аны көрүп араң турган жаным кайра күлүп жибердим. Бирок, аягына чейин чыккам. Ошондон бери боорубуз эзилгенче күлө элекпиз.

Нурбектен анекдот:
- Бир жолу Токтобүбү эже кесиптештерине калп эле "Ооруп жатам" деп айтып, Италияга бармай болот. Апасына: "Мага жумуштагылар чалса, Италияга кетти деп айтпаңыз, ооруп, ооруканага жатты" деп коюңуз дейт. Бир топ күндөн кийин эженин үйүнө ыраматылык Эстебес Турсуналиев агай чалып: "Апа, кандайсыз, Токтобүбүнү сурап коёюн дедим эле. Эмне жумушка келбей жатат?"десе. Апасы: "Ал ооруп, ооруканада жатат"- дейт. Апей, "Кайсы ооруканада экенин айтып коюңуз, биз барып, алөахыбалын сурайлы" десе,
"Билбейм, өзүнөн сурайын, эртең чал"-дегенинен, Эстебес ага эртеси чалса, апасы "Ай, Эстебес кайра-кайра чалбачы ай, орустар жаман көрүп жатат. Мен кошунанын үйүнөн сүйлөшүп жатам" десе, Эстебес ага Токтобүбү эженин үйүнүн номерин кайра-кайра карап, түшүнбөй калыптыр да.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Мен тием деген мырза албай..."
2-бет
"Мен өзүм кыздарга жакынмын"
3-бет
Нурбек Айдаров:
"Ин шаа Аллах"- деген сөздү көп колдоном"

4-бет
Продюсерлер пикирин билдиришет
5-бет
Аял кетирген, оорукчан баласы бар адамга алакачып беришип…
6-бет
Кызык элесиңер!
7-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
8-бет
Биттин баркын билген белгилүүлөр
9-бет
КүЙөөГө ТИЕ АЛБАЙ НУРБЕККЕ ЖАБЫШКАН АЗИЗА МЕНЕН АЙНУРА
10-бет
Жаңы жылдык базар баасы жана "жардыргычтар"
11-бет
Алмакан Мойкобаева:
Кезинде директор элем, эми пол жууган сокур кемпирмин"

12-бет
Көз
мончок

13-бет
ПОРНО
Жылдыздарынын жашоосунан

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Билеттин баасы арзан, белектин аты шампан"










??.??