п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Майрам төр

Жаңы жыл-жалпыбыздын майрамыбыз
Бир жылда бир келчү Жаңы жыл майрамын баарыбыз кучак жайып тосуп алып майрамдаганыбыз менен көпчүлүгүбүз бул салтанаттын кайдан, кантип келип чыкканын билбесек керек. Жаңы жылдын көркүн чыгарган балаты, ага илине турган оюнчуктар да бир топ жолду басып, белди ашып өтүшүптүр.

Алгачкы оюнчуктар
1848-жылы Тюрингдеги Лауш шаарчасында эң биринчи балатынын оюнчуктары пайда болот. Түстүү, тунук айнектердин сыртын жылтырактар менен кооздоп, көркүнө чыгарышкан. 1867-жылы Лаушде газ заводу ачылган, анын жардамы менен ар кандай көлөмдөгү, формадагы жаңы шарлар жасала баштайт. Ошентип балатыга илинген оор жасалгалар чыныгы оюнчуктарга алмаштырыла баштаган. ХХ кылымдын башында Чехиядан, Польшадан, Япониядан, АКШдан кооз, сапаттуу оюнчуктар жасалып чыга баштаган. 1900-жылга чейин балатыларды түстүү оюнчуктар менен кооздоо модада болсо, убакыттын өтүшү менен айнек оюнчуктарды ар кандай формада кесилген катуу картон кагаздар менен жасалгалоого өтүшкөн. 1990-жылдан баштап келе жаткан жыл кайсы жаныбардыкы болсо ошонун формасындагы айнек оюнчуктарды илүү популярдуу боло баштаган. Балатынын оюнчуктарына болгон мода төрт жылда бир алмашып турат. Андыктан убагында популярдуу болгон оюнчуктарды балатыңызга илип, калган коллекцияны убактылуу ката турса болот.

Балаты кантип пайда болгон?
Ар бир үйдөн орун алган балатынын башаты Европада пайда болгон. Башында балатынын ордуна пирамиданын формасындагы жыгачка ар кандай жасалгаларды илип жүрүшкөн. Чыныгы балаты пайда болгонго чейин Германияда мындай жыгачты Жаңы жылды көркүнө чыгара турган эң негизги нерсе катары карашкан. 17-кылымда гана биринчи балатылар Германияда пайда болуп андан кийин гана Скандинавия өлкөлөрүнө тараган. Ёлканын жанына шам жагуу идеясын Мартин Лютер ойлоп тапса, кийинчерээк шамдарды электрлик гриляндыларга англиялык телефонист Ральфу Моррис алмаштырган. Көчөлөрдөгү балатыларга жармаштырылган гриляндылар 1906-жылы Финляндиянын көчөлөрүндө пайда болот. Гриляндылардын аркасынан балатыны конфет, жаңгак, гүл, жер-жемиштер менен кооздоп башташкан.

Жаңы жыл кайдан келип чыккан?
Жаңы жыл - ар кайсы өлкөдө ар башка белгиленүүчү байыркы майрамдардын бири. Бул майрамдын тамыры терең жайылып, убагында Вавилондо Жаңы жылды күн менен түн теңелгенде майрамдашса, Византияда майрам 25-март күнү белгиленген. Биздин доорго чейин Юлий Цезарь Байыркы Римдиктерге жаңы календарь киргизип, ошол боюнча Жаңы жылдын башталышы 1-январга туура келген. Кытайдын тургундары бул майрамды он беш күн катары менен майрамдашса, еврейлер үчүн аталган майрам сентябрь же октябрдын ортосуна туура келет. Грецияда Жаңы жыл түнү кичинекей балдар эшиктин алдына (Ыйык Василий белек таштап кетет деген үмүт менен) чокойлорун чыгарып коюшат. Шотландиялыктар жаңы жылды "Хогмэни" деп аташат. Алардын түшүнүгүндө бул күнү эски жылды өрттөп туруп жаңысына кадам таштоо керек. Ошондуктан алар бочкага чайырды салып өрттөп алышып шаарды айландыра тоголотуп чыгышат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??