п»ї

2010-жылы
сизди эмне күтөт?
2010-жыл барс жылы. Барс - күчтүү энергиянын, кайраттуулуктун жана тайманбастыктын символу. Барс дайым алдыны көздөй жөнөйт. Жашоодо да дайым алдыга жүткүнүп, өз табылгасын оңой эле таап алат. Барс жылында ар тараптан жакшылыктар коштоп, жашоонун чыңдалышы үчүн ар кандай сынактар күтүлөт. Бирмандыктардын илгерки жомогунда Барс Уй менен кармаша кетип жеңилип калган экен. Ошондон бери уйларды жаман көрүп калыптыр.
Астрологдордун 2010-жылга карата ойлору:
2010-жылы Барс жылы абдан ийгиликтерге бай. Адамдар бири-бирине жакшылыктарды кылышып, чыгармачылык чөйрөдө эмгектенгендердин чыгармачылыкка болгон шыгы артып, жашоолору мындан да жакшырат. Астрологдор белгилеп кеткендей, Барс Арстанга окшоп кетет. Канчалык оор болбосун бардык жүктү өзүнүн моюнуна көтөрөт. Бул жылы жаңы бийлик, жаңы экономикалык система жана жаңы жашоого өтүп, бардыгы алмашат. Мунун бардыгы жаман же болбосо жакшы болушу ар адамдын өзүнөн көз каранды.

Чычкан
1924
1936
1948
1960
1072
1984
Жеке жашоосу. Чычкан жылында жарык дүйнөгө келгендер үчүн абдан ийгиликтүү жыл болот. Уй жылы эмнени ойлоп, бирок ишке ашыра албай калган болсоңуз,бул жылы планыңыз ишке ашат. Жолборс жылы бир калыпта гана өтпөстөн, көптөгөн жолборско окшогон чоң жакшылыктарды алып келет.Жеке жашооңузда жыл башталгандан тартып эле сүйүп жүргөн адамыңыз менен мамилеңиз "5" болуп, жылдын орто ченинде үйлөнөсүздөр. Ал эми үй-бүлөлүүлөр үчүн абдан жемиштүү жыл болуп, башыңара дагы бир баш кошулат.
Жумушу. Кандай жумушка иштейм деп жүргөн болсоңуз, алган билимиңиз менен ошол жумушка иштеп кетесиз. Капчыгыңызда акча сиздин керектүү чыгымдарыңызга жете тургандай суммада жүрөт.
Ден соолугу. Өзүңүздү жакшы карагандын жыйынтыгында эч кандай оору-сыркоо болбойт.

Уй
1925
1937
1949
1961
1973
1985
Жеке жашоосу. Бул жылда төрөлгөндөр ар кандай күтүлбөгөн, бирок, маанайды көтөрө турган окуяларга көп учурашат. Иш жаатында да көп нерселерге жетише алышат. Буга чейинки топтоп келген энергияңыз, билимиңиз сиздин жумуштан көтөрүлүшүңүзгө түрткү берет. Жеке жашооңузда болсо, кыялыңыздагы адамыңызга жолугасыз. Чоң сүйүүгө кабылып, кантип баш кошуп калганыңызды билбей каласыз.
Жумушу. Жетекчилигиңиз менен тил табышып, айлык акыңызды көбөйтө аласыз. Күзүндө ишканага кылган ак эмгегиңиздин натыйжасында темир тулпарлуу болосуз. Пландарыңызды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк болот.
Ден соолугу. Башыңыз ооруп жүргөн болсо, айыгасыз. Ар кандай оорулардан алыс болууга жаныңыздагы жакын адамыңыздын тийгизген таасири чоң болот.

Коён
1927
1939
1951
1963
1975
1987
Жеке жашоосу. Эл менен көп аралашып жүргөнүңүз сизге көп жакшы иштерди алып келет. Түрдүү кырдаалдардан оңой эле чыгып кетесиз. Андыктан эч коркпой эле жолборс жылында иштеп жүргөн ишиңизде иштей бериңиз. Жыл ортосунда чоң кыймылсыз мүлктүн ээси болосуз.
Жумушу. Акчаны көп берген ишканага кирип, өзүңүздүн чыгармачылыгыңызды арттырасыз. Кандай иштеген болсоңуз, андан эки эсе көп айлык алып, бизнес ачканга мүмкүнчүлүк пайда болот.
Ден соолугу. Канча ойлонбосоңуз, ден соолугуңузга ошончо жакшы эмеспи. Бул жылы сизди көп муңайта турган деле маанилүү маселе болбойт. Баш оорудан, ж.б. оорулардан бир топ эле алыс болосуз.

Балык
1928
1940
1952
1964
1976
1988
Жеке жашоосу. Эски иштериңиздин баарын бүтүрөсүз. Бул жылы соода-сатык, компьютер ж.б. кыймылсыз мүлк бизнеси менен алектенгендер үчүн жемиштүү жыл. Жыл аягы жакшы кирешени тартуулайт.
Жумушу. Кирешелер биринин-артынан бири агылып келет. Жылдын алгачкы мезгилинде күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болот. Пайдаланып калсаңыз, аракетиңиздин үзүрүн көрөсүз.
Ден соолугу. Спорт менен алектенгениңиз ден соолугуңузга көп жакшы натыйжасын берет. Бул жылы аз ооруйсуз.

Маймыл
1932
1944
1956
1968
1980
1992
Жеке жашоосу. Жылдын башталышы бир калыптагы күнүмдүк иштер менен алек болуу менен өтөт. Урушуп кеткен адамыңыз менен табышып, ынтымактуу жыл болот. Ийгилик жылоологон учурлар биринин артынан бири катарлашып жүрөт. Алдыга эмне пландаган болсоңуз башты өйдө көтөрүү менен ишиңизди аткара бериңиз.
Жумушу. Жетекчилигиңиз менен жолборс жылы жакшы мамиледе болуп, бат-баттан катташып каласыз. Тапшырылган иштерди тез бүтүрүп, өзүңүздүн пайдаңызга да чечесиз. Акчаны үнөмдүү пайдалансаңыз, материалдык жактан эч муктаж болбойсуз.
Ден соолугу. Өз ден соолугуңузга жакшы кам көрүп, оорудан алыс болосуз. Өз убагында эс алып, башыңыз оорубайт.

Тоок
1933
1945
1957
1969
1981
1993
Жеке жашоосу. Эмгек жаатында өзүңүздү көрсөтө алсаңыз, бардык жаатта ийгиликке да, чоң суммадагы акчага де жетише аласыз. Жайдын так ортосунда бюджетиңиздеги капиталыңыз көбөйүп, чоң бизнестерди ача баштайсыз. Кайрымдуулук кылып, көп адамдын алкышына арзыйсыз. Тоокчо чокунуп тапкан ар бир сом жакшы иштерге жумшалат.
Жумушу. Март, апрель айларында атаандаштарыңызды артка калтырып, бизнесиңизди өнүктүрүп кетесиз. Жылдын ортосунда чоң суммадагы акча таап аласыз. Жолборс жылында капчыгыңыз какшып калбайт.
Ден соолугу. Сасык тумоолоп эле калбасаңыз, бул жылы катуу оорулар менен оорубайсыз.

Жолборс
1926
1938
1950
1962
1974
1986
Жеке жашоосу. Көп иштериңиз бул жылы аткарылбай калган болсо, жаз мезгилине чейин бардыгы бүтөт. Жаныңыздагы адамдарыңыз сиздин ишеничиңизге кирип, көп жакшы нерселерди, буюмдарды тартуу кылышат. Жыл ортосу жакшы жаңылыктарга бай.
Жумушу. Ишиңизден бир топ эле жогорку кызматка көтөрүлөсүз. Жайында андан да жакшы ишкана сизди жумушка чакырат. Жакшылап ойлонуп иш кылсаңыз чоң кирешени алып келчү жумушка киресиз.
Ден соолугу. Өнөкөт ооруларыңыздан арылып жыргап эле каласыз. Бул жылы оорукананын эшигин аттабайсыз.

Жылан
1929
1941
1953
1965
1977
1989
Жеке жашоосу. Жашоону өзүңүз каалагандай кылып өзгөрткүңүз келип жүргөн болсоңуз, быйылкы жылдан тартып кирише берсеңиз болот. Бул жылы чиелүү маселеге кабылбайсыз. Жай мезгилинде чоң сүйүүгө жолугасыз. Жаңы таанышкан адамдар менен тез тил табышып, жагымдуу окуяларга кабыласыз. Жылдын ортосунда ишиңизге пайда алып келчү достор менен жакшы мамиледе болосуз.
Жумушу. Бийликке умтулгандар өз максатына жетишет. Күчтүү атаандаштардан анчалык коркуунун кереги жок. Капчыгыңыз кампайып, акчаңыз жардамга муктаждарга жардам кылууга да кенен жетет. Кыймылсыз мүлк ала турган болсоңуз, жакшы буюмга дуушар болосуз.
Ден соолугу. Оор оорулар менен оорубайсыз.

Жылкы
1930
1942
1954
1966
1978
1990
Жеке жашоосу. Быйыл кичине акчага муктаж болуп, чөнтөгүңүз шамалдаган болсо, жолборс жылында андай каатчылык болбойт. Жаз мезгили сиздин жашооңузга жаңы сүйүү алып келет. Ар кимдин сөзүн укпастан, жүрөгүңүздү угуп чечим кабыл алганыңыз туура. Август айында романтикалык кечелер көп болот. Жылдын экинчи жарымына жан дүйнөнүн тең салмагына жетишип, жашоодон болуп көрбөгөндөй рахат аласыз.
Жумушу. Март-июнь, июль айларында турак-жай маселесин чечип аласыз. Квартира сатып алам деп турган болсоңуз аталган айларда мыктысын алууга мүмкүнчүлүк болот.
Ден соолугу. Диетага отурган болсоңуз жакшы натыйжасын берип арыктайсыз. Бирок, аны менен катар "ичеги-карын оорулары менен ооруп каламбы?" - деп ойлонбой койсоңуз болот.

Кой
1931
1943
1955
1967
1979
1991
Жеке жашоосу. Эски байланыштагы адамдар, сизден алар менен кайрадан мамиле түзүшүңүздү өтүнүп келишет. Өзүңүз каалаган бийиктикти багынта аласыз. Көп талыкпай иштегендин жыйынтыгы машиналуу болуу менен аяктайт. Эч кимге ишенип акчаңызды бере бербеңиз. Өзүңүздүн керегиңизге жумшалган акча чоң кирешени алып келет.
Жумушу . Карьера жактан өсүүгө толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эки жакты карап иш алып барышыңыз керек. Жолборс жылы материалдык абалды жакшыртууга алып келет.
Ден соолугу. Оорунун белгилери байкалаар замат доктурга кайрылсаңыз, оорунун андан аркы өнүгүшүнө чек коёт.

Ит
1934
1946
1958
1970
1982
1994
Жеке жашоосу. Ар кандай кырдаалдардан оңой эле чыгып кете аласыз. Жеке жашооңуз бир калыпта өтөт. Бойдоктор сүйүүгө кабылып, жай мезгилинде үйлөнүшөт. Күз мезгилинде этикалык нормаларды сактоо менен жакшы иштерди жасай аласыз. Жыл аягында туугандарыңыз тараптан жагымдуу сюрпризге күбө болосуз. Ал машина же болбосо кыймылсыз мүлк болушу мүмкүн.
Жумушу. Февраль айынан тартып ишиңиз кыймылдуу боло баштайт. Буга чейинки топтогон тажрыйбаңыз менен көп иштерди аткара аласыз. Каржы жаатында ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгү бар.
Ден соолугу. Жайында жайлоого чыгып, кымыз ичсеңиз көп оорулардан алыс болосуз.

Доңуз
1935
1947
1959
1971
1983
1995
Жеке жашоосу. Жыл ичинде жашоо-шартыңыз мурдагыга караганда бир топ оңолот. Жакыныңыз жакшы жолугушууларды тартуулайт. Жогорку тепкичти көздөп келсеңиз, ал тепкичтен да жогору чыгасыз. Алган билимиңиздин үзүрүн көрүүчү мезгил келди. Энергияңызды майда иштерге кетирбестен, маанилүүсүн тандап алыңыз.
Жумушу. Жумуштагы келишпестиктерди жеңип, жакшы маяналуу орунга ээ болосуз. Акча жана жумуш боюнча бул жылы андай чоң маселе туулбайт. Кесиптештериңиз менен мыкты мамиледе болуу менен көп нерселерге жетишесиз.
Ден соолугу. Өз убагында доктурга барып туруу менен көп деле оорубайсыз. Башыңыз анча-мынча оорушу мүмкүн. Бирок, жакын адамыңыз сиздин башыңыздын оорушуна жол бербейт.

Элес Турар






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??