Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…
"Сулуулук дүйнөнү сактайт" деп байыртан эле айтылып келет. Биздин ай чырайлуу айымдарыбыз өздөрүнүн сулуулугу менен дүйнөнү болбосо да үй-бүлөнү сактап калгысы келип, жарынын жанында сулуу бойдон калгылары келет. Ар бир айым өзгөчө майрам алдында косметологдордун кеңешине муктаж болоорун эске алып, борбор шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан "Фа эстетик" косметологиялык-салонунун жетекчиси Фатима Шарафутдиновна менен маектештик.


Бизде адамдын жүзүнө карата операцияларды жасайбыз. Мурун, кулак, көздүн формасын өзгөртүүнү каалагандар азыр бизде арбын. Көзгө сурма койдургандар андан бетер. Жашы улгайып калгандар бетиндеги бырыштарын тарттырыш үчүн көп кайрылышат. Ушундан биз кыргыз аялзаты да коомдо өзүн алып жүрүүнү өздөштүрүп, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгусу келип, өң-келбет жагынан лидерликке умтулуу деген сапаттарга эбак эле эгедер болуп калганын билсек болот.
- Майрамдарда салондорго кезекке тургандар көбөйүп калат эмеспи?
- Эми биз чач тарач болбогондон кийин, кезек күткөндөр көп деле болбойт. Бизде тескерисинче кардарлар жылдын төрт мезгилинде тең бирдей келе беришет.
- Бетке кам көрүүдө үйдө жасалган ыкма менен салондогу ыкманын айырмасы бир топ эле болсо керек?
- Негизи ар бир аялзаты (мырза деле) бетке кам көрүүдө биринчи аны тазалоодон башташ керек. Улам-улам бет май, упа сүйкөп боёнгонго же болбосо тазалабай туруп маска жапканга болбойт. Чачты деле жууп турбаса кирдеп жатпайбы, бет деле ошондой да. А биз көбүнчө жууп коюп эле таза деп ойлойбуз. А теринин астында канча деген микроб жатат. Мен аялзатына өзүмдүн салондо жасалган ыкмамды айтып берейин; алгач келген адамдын бетин таза жуудуруп, атайын лосьон менен тазалайм. Андан соң бууга ("паровая ванна") 15-20 минута аралыгында отургузам. Буудан чыккандан кийин терини сүртүп, маска коем. Эгер адамдын бетиндеги безеткиси көбүрөөк болсо, масканы эки ирет жапканга туура келет. 15-20 минута коюлган маскадан кийин тери жылымык суу менен жуулат. Бардык процедура бүткөндөн кийин беттин майлуулугуна жараша крем-гель сүйкөп коём. Ал эми көйгөйлүү терилүү беттерди (кара так, сепкил, жара, безетки) ал жалпы организм менен байланыштуу болуп жаткандан кийин эмнеден улам чыкканын анализ тапшырттырып, аныктап анан тазалоого өтөбүз.
- Атайын маска, гелдерди каяктан аласыздар?
- Мурда бардык бет майларды "спермацидди" киттин майынан жасашчу. Азыркы продукциялар жалаң синтетикалык негизде болуп калды. Шамдар (свечи) мурун башкача күйгөн болсо, азыр таптакыр башкача күйүп жатпайбы, бизде да ошол сыяктуу болуп калбадыбы. Азыр жогорку сапаттагы дарыларды жасоо үчүн жогорку сапаттагы чийки заттар керек. А бизде ага мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Израилдин даяр продукциясын заказ берип алдыртабыз.
- Дене-түзүлүшүн оңдотконго келген кардарлар канча убакыт ичинде өзүнө керектүү нерсени ала алышат?
- Ар кандай. Мисалы, кол-буттагы, беттеги жүндөрдү кетирүүгө бир жыл убакыт талап кылынат б.а. беш-алты жолу келип улам-улам алдыртып туруш керек. Ал эми чачтын түшүүсүн калыбына келтирүү үчүн үч айдай убакыт керек. (Маска коюлат, ар кандай витаминдер менен массаж жасалат ). Көзгө сурма койдурам деген кыз-келиндер бир ай убакыт чыдаш керек.
- Сиз менен жыл тогошоор алдында маектешип отурабыз. Жаңы жылда аялзатына эмне каалоо-тилек айтат элеңиз?
- Мен да аялзаты катары ар бир аялзатына сулуулукту, аруулукту, жаштыкты анан албетте аялдык бакытты каалар элем. А айымдардын сулуулугу үчүн биздин жамаат ар дайым кам көргөнгө даярбыз. Келаткан жолборс жылы ар бир адамга өзүнө окшогон кайратмандыкты, эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү ала келсин.

Жаңы жылдык кечеге кандай макияж коюш керек?
31-декабрдан 1-январга караган сыйкырдуу түндө ар бир айым өзү да сыйкырдуу көрүнгүсү келет эмеспи. Анда эмесе, айымдарга Жаңы жылдык макияждын жаңы модадагы түрлөрүнөн сунуштайбыз.
Келерки жылы көздү ачык түстөгү боёктор менен боёо модада болот. Мисалга алсак, алтын, күрөң жана бозомтук түстөр. Буларды бетиңиздин өңүнө жараша колдонсоңуз жакшы жыйынтык берет. Көздүн астына ичке карандаш же болбосо "подводка" коюп койсоңуз, кечедеги башка кыздардын көздөрүнөн да чоңураак көрсөтөт. Ал эми эриндеги помадаңыз көзүңүздөгү боёк менен шайкеш келиши керек. Жаңы жылдык түн абдан узун болгондуктан, макияжды эртең мененкиге жете тургандай кылып койсоңуз кеченин ханышасы сиз болуп, кеченин падышасы сиздики гана болот!


"Кар ханышасынын" образы
Алгач бетиңизди, моюндарыңызды бирдей түстөгү упа менен сүртүп алыңыз. Бетиңиз чагылышып турушу керек. Бетиңиздин эки жаагына кызыл өңдөгү (румяна) көлөкө түшүрсөңүз бетиңиз арык ичке көрүнүп калат. Көзүңүздүн үстүнө күмүш түстөгү көлөкө (тень) түшүрүп, астына ак өң берип, ал эми сурма жагына боз өңдөгү көлөкөнү түшүрүңүз. Мындай макияжга кошумча кирпик чаптап алсаңыз жарашат. Көзүңүздү боёп бүткөндөн кийин жылтырак карды чаптап алсаңыз, "Кар ханышасы" болуп каласыз. Эриндериңизди көзүңүздөгү боёктун өңүнө түспөлдөшкөн өңдөгү помада менен боёгон соң үстүнөн жылтырак помада менен боёңуз. Үстүңкү эриниңизге күмүш түстөгү көлөкөнү кылдат түшүрүп койсоңуз эриндериңиз калың көрүнүп, чагылышып да калат. Кашыңызга каштын атайын гелин сыйпап жыйнактуу кылып, карандаш же болбосо ачык түстөгү көлөкө менен боёп, Жаңы жылдык кечеге жөнөй берсеңиз болот.
Жолборс ханышасы
Бетиңизди күнгө күйүп калгандай сары-күрөң өң менен боёңуз. Бет майдын жардамы менен (тональный крем) бардык аймакты бирдей кылып боёгон соң, ага шабдалынын өңүндөй "румяна" коюшуңуз керек. Жалтырак упаны бетиңизден баштап, моюндарыңызга чейин сүйкөп чыгышыңыз керек. Көзүңүзгө "мышык көз" стилиндеги макияж менен көзүңүздү өзүнүн формасынан да узун көрсөткөн көлөкө түшүрүп алсаңыз кеченин ханышасы болосуз. Түшүрүлгөн көлөкөнүн өңү ачык түстө гана болууга тийиш. Эриниңизге помадаңызды ачык түстө тандап алып, четине ошол өңгө түспөлдөшкөн карандаш менен чийип коюңуз.

Гүлдөрдүн ханышасы
Бетиңизге бирдей упа сүйкөп, жаактын үстүңкү жагына "румяна" түшүрүңүз. Көзүңүздү кара карандаш менен ылдыйдан баштап, сурмасына чейин чийиңиз. Мындай сүрөт сизди кызыктуу көрсөтөт. Кызыл-көк түстөгү боёк менен өсүүчү көлөкө түшүрүңүз. Көзүңүздүн кыйыгына ар кандай ачык түстөгү боёктор менен гүлдүн сүрөтүн тартып алсаңыз "Гүлдөрдүн ханышасынын" образын дал өзүндөй чагылдырган болосуз. Кирпиктериңизди узартуучу тушь менен боёңуз. Көзүңүздүн чет жагына жасалма кирпик чаптап алсаңыз да болот. Оозуңузду күлгүн түстөгү помада менен боёңуз.

Чыгыш ханышасы
Бетиңизге бет майды бирдей деңгээлде колдонуңуз. Көзүңүздү ак же болбосо, агыш түстөгү карандаш менен чийиңиз. Алтындын өңүнө окшогон өң менен көлөкө түшүрүп, кара-күрөң түс менен боёңуз. Оозуңузга кызыл түстөгү помада коюп, үстүнө алтын өңдөгү жылтырак көлөкө түшүрүп боёсоңуз болот.

Түндүк ханышасы
Бетиңизге бет майды тегиз, жылмакай сүйкөп, "подводка" , карандаш менен көздүн ички жагына чийип, үстүнө жылтырактарды сүйкөсүз. Андан кийин кашыңыздын алдына ак же болбосо көгүш түстөгү көлөкөнү түшүрүңүз. Кирпигиңизди көк же кара тушь менен боёп, эриниңизге жылтырак помада койсоңуз, жакшы жыйынтык берет.






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!