п»ї

  Обон почта

ОП-98-01. Досторум Гүлзина, Аида, зачётторуңарга ийгилик! Акчаны азыраак кетиргиле! Анткени бизде кризис. Муну жакшы билесиңер. Нагима 90.
ОП-98-02. Электр энергиясында иштеп жаткан акам Таалайды 22-декабрь кесиптик майрамы менен куттуктайм! Тыным билбей эмгектенип келесиз, / Нечендеген түйшүктөрдү жеңесиз. / Бирге иштеген адамдарды шыктантып, / Күн нурундай жылуу мээрим себесиз. / Карындашыңыз Эркинай.
ОП-98-03. Ош шаарынын тургуну Дөөлөтбаев Нургазы Базарбаевичтин 26-декабрь туулган күнү менен куттуктаймын! Ар дайым жүзүңүздөн күлкү, үйүңүздөн кут, көөдөнүңүздөн ыйман, жүрөгүңүздөн сүйүү кетпесин! Жайна.
ОП-98-04. Мирбек Атабековго салам! Жанусь Роза.
ОП-98-05. Сокулуктагы Айжамал, сени көргүм келе берет. Азамат.
ОП-98-06. Супер СМСчи Амангүл, мага чалчы. Экөөбүз таанышалы. 0558434547.
ОП-98-07. Зуля, ырларың ойго салды. Мүмкүн болсо байланышып койчу. 0773491526. 022884
ОП-98-08. Караш Насер намысың барбы? Өз агаңды агалай албай, өзгөнү сагалайсың да. +79264269ххх.
ОП-98-09. Кочкор-Ата шаарындагы сулуу-сулуу досторума ысык салам! Айжамал.
ОП-98-10. "Обондун" Супер СМСчилерине чоң салам! Айчүрөк 93.
ОП-98-11. Кут болсун туулган күнүңүз! / Кубанычка толсун жүзүңүз! / Бакубат болуп ар убак, / Бактылуу өмүр сүрүңүз! / Элиза.
ОП-98-12. Нуриза, жүрөгүңдөн мага орун барбы? Балким сен да мени жактыраарсың? 0771268ххх.
ОП-98-13. Нагиманы, Алымбекти, Султан 91ди, Эмил 88ди кирип келген Жаңы жылы менен куттуктайм! Чың ден соолук, окууларына ийгилик каалайм! Кийинки жыл ийгиликтүү жылдардан болсун! Элиза 92.
ОП-98-14. Бактыгүл эжемди, Алинаны, Аселди, Айперини, Таннураны Жаңы жылдары менен куттуктайм! Чың ден соолук, узун өмүр, окууларына ийгилик каалайм! Элиза 92.
ОП-98-15. "Обон" гезитинин жалпы окурмандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Элиза 92.
ОП-98-16. Сүйүү бул азап, азап бул жүрөгүңдө так калат. Мына ушул жаман. 0771268ххх.
ОП-98-17. Супер СМСчи Билал козу, аяшым Мадина экөөңөрдүн кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Тоюңарга бара албай калдым. Миң мертебе кечирим сурайм! Очогуңар бузулбай үлгүлүү жаштардан болгула! Бакыт кушу башыңардан түшпөсүн! 0778862ххх.
ОП-98-18. Кызыл-Октябрь айылындагы сүйүктүү жарым Эленаны, балдарымды Жаңы жылы менен куттуктайм! Шымкенттен Нузбира.
ОП-98-19. Эне мээриминен артык, эне мээриминен жылуу күч жок. Ата-энемдин декабрь айындагы туулган күндөрү менен куттуктайм! Элиза.
ОП-98-20. Сени эстеп куса ырын жараттым, / Ыйламсырап автожолдо бараттым. / 0778090ххх.
ОП-98-21. Жалал-Абаддын 1989-88-87-жылкы ыймандуу , жөнөкөй, түшүнүктүү кыздары менен чыныгы дос болгум келет. Мүмкүн болсо чалгыла. 0777656292.
ОП-98-22. Туулуп өскөн айылым Өзгөндүн үстү Кызыл-Тоо ар дайым болгун эсен! / Окшошуп эгиз баладай / Жанашып турат Эркин-Тоо, / Тоолоруң батпай асманга, / Жанарың батпай сайларга, / Сонун жайсың Кызыл-Тоо! / Бейиштин көркү арналган. / Таалай Ж.
ОП-98-23. Менин бир дос кызым бар. Башкага кандай билбедим, бирок, ал мен үчүн кадырлуу. Ал өтө боорукер, бирок, жини тез келет. Мен аны сыйлайм, дос катары жакшы көрөм. Анын аты Амангүл. Мен сага Жаңы жылда жаңы сүйүү тилейм! Сен суперсиң! Сак бол! Келе жаткан Жаңы жылың менен! Таалай Ж.
ОП-98-24. Биз бир кезде дос болуп жүргөн элек. / Бири-бирибизге ишенип жүрчү элек. / Азыр сенде мурункудай жазуу жок, / Неге өчүргүң келет "дося" деген сөзүңдү? / Сен билесиң мен бир кезде сүйүп жүргөм өзүңдү! / Мээрим издеп тиктээр элем көзүңдү! / Мына мен да өзгөрдүм, / Азыр карегимде баягыдай жазуу жок. / Анткени сен өчүрдүң "сүйөм" деген сөзүңдү! / Таалай Ж.
ОП-98-25. Айткылачы инсан барбы жашоодо, / Айыктыраар жүрөгүмдүн жараатын? / Наги 90.
ОП-98-26. Бир нече күндөрдөн соң биздин жашообузга Жаңы жыл, жаңы күн кирип келет! Мына ошол жаңы жыл ар бирибизге жаңы бакыт, жаңы сүйүү, жаңы ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды алып келүүсүн тилейбиз! Албетте, сүйүшкөндөрдүн бактыларына да бакыт кошулсун! Кыргызстаныбыз өнүксүн! Элибизде тынчтык жана молчулук болсун! Ушул СМСти окуп жаткан адамга да узун өмүр каалайм! 0777447ххх.
ОП-98-27. Темир Назаровго ысык салам! 0778865ххх. Кара-Кулжа районунун Жвпром айылынын тургуну байкем Актилекти 19-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Жеңем экөөңөр бактылуу болгула! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Шахризада 91.
ОП-98-28. Жалал-Абаддан жумуш издейм. Жашым 21де. Сырдуу кыз. 0777656292.
ОП-98-29. Ильязга салам! Келе жаткан Жаңы жылың менен! 0771487ххх.
ОП-98-30. Ильяз Абдразаков супер! 0778103ххх.
ОП-98-31. Мирбек Иманбековго салам! Сен мыктысың! Сени кудайым колдосун! 0773910ххх.
ОП-98-32. Салам "Обондун" супер СМСчилери! Жаңы жылыңар менен! Жаңы жылда жаңы, жакшы ийгиликтерди каалайм! Баарыңар сүйгөнүңөр менен бактылуу болгула! Чолпошка 92.
ОП-98-33. Бир орунда турбайт экен жаштык кез, / Бубак басып, чачым кетти агарып, / Адамдын үмүтүн да адам сүрөйт, / Адамдын кайратын да адам бөлөйт. / Акылга, акыйкатка жанаштырып, / Адамга адам гана өмүр тилейт! / Адамга адам өзү кубат берип, / Табигат эркелетип сүйүп өпкөн, эй адам! / Сага теңдеш таба албаймын, / Адамга адам ысымы кандай кымбат? / Айталбайм адам ишин айлап-жылдап. / Эгер ким актабаса адам атын, / Эмгеги, кылган иши өксүп турмак. / Жаңыртат, жандандырат ай ааламды! / Жар салып аны менен ырдай берем. / Адамга адам деген ат жарашып, / Ар дайым жашай берет сыймык менен! / Дайым бар болгула кыргыз элим! Сырдуу кыз.
ОП-98-34. Ала-Тоо менин тирегим, / Ысык-Көл ыйык берметим. / Киндик кан тамган жеримсиң, / Ырыскы толгон мекеним! / Каныбекова Айсулуу.
ОП-98-35. Кыргызстанда "Алтын үн" деген наам болсо Каныкейге берет элем. 0550636ххх.
ОП-98-36. Менин сөзүмө кошулсаң "ооба" деген жооп келсе болду. Мен баарын түшүнөм, уялбай чындыкты айтчы жаным! Байкең.
ОП-98-37. Назира Кадыевага салам! 0555403ххх.
ОП-98-38. "Алтын комуз 2009га" Мирбек Атабеков менен Омар татыктуу! Күйөрмандары барбы? Алга! Sweety girl.
ОП-98-39. Токмок шаарынын Он -Бир-Жылга айылынын тургуну Саралаева Гүлбайра, жээндериңиздин убайын көрүп, бактылуу өмүр сүрүшүңүздү каалайбыз! Бар болуңуз! 0559868ххх.
ОП-98-40. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Пирисавай айылындагы Ж.Турусбеков орто мектебинин 10-классына чоң салам! Айчүрөк 93.
ОП-98-41. "Жаш кыял" бий тобу кандайсыңар? Сайкал.
ОП-98-42. Рахмат, Кудайдын пендеси жооп берип койгонуңа! Келе жаткан Жаңы жылың менен! Баарыңарга мен каалаймын жакшылык / Чыкса дайым ар бир үйдө каткырык! / Атаганат колдон келээр иш болсо, / Койбойт белем баарыңарды жаш кылып! / Кудайдын пендеси мен сага бир гана жакшылык каалайм! Эл сыйлаган чыгаан инсандардан болушуңа тилектешмин! Кудайым сенден жакшылыгын аябасын! Дайым сени колдосун! Сырдуу кыз.
ОП-98-43. Астананын суугуна чыдап жүргөндөргө салам! 0550800ххх.
ОП-98-44. Салам Айгөлөк эже! Кандайсыз? Менин номерим 0778296793. Мага байланышып коюңуз Зуля.
ОП-98-45. Салам Улан! Гезиттерди азыраак окучу. Көзүңө зыян. Сүйгөнүң Гүлжан.
ОП-98-46. Салам Ринат 91! Рахмат жылуу сөздөрүңүз үчүн! Жашоодо жамандык көрбөй, жакшылыкка жанашып жашаңыз! Зуля.
ОП-98-47. Амангүлгө тийишпегилечи, ал менин досулям. Sweety girl.
ОП-98-48. Мен Бишкектен жолуга турган кыздар менен таанышам. 0558434547.
ОП-98-49. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! Жаңы жыл жакшы жылдардан болсун! Ишиңизге ийгилик! Сиз эң жакшы президентсиз! Эльвира.
ОП-98-50. Б. Абдиев мектебинин 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам! Атыраудан Рахат.
ОП-98-51. Бишкек шаарында иштеп жаткан Жолдошева Марипаны билгендер барбы? 0777021ххх.
ОП-98-52. Атай айылында жашаган атам Токтобай, апам Илка жана биртуугандарымды Жаңы жылы менен куттуктайм! +77026051ххх.
ОП-98-53. Мен сени бир көрүп эле сүйүп калганымды билгем. Өзүмдү ошондо чексиз бактылуу сезгем. Сага айтайын дегем бирок, мүмкүн азыр деле кеч эместир. Ойлонуп көрбөйсүңбү? Фея.
ОП-98-54. Жүрөктү оорутпайлы, турмушуң толгон кайгы, / Адамдык ат калсынчы, ансыз да өмүр тайкы. Фея.
ОП-98-55. "Бул дүйнө бирде уудай, бирде балдай. / Бул дүйнө кимдер үчүн жаралгандай? / Эч убакта сүйгөнүңдөн ажыраба, / Бактылуу бол көлдө сүзгөн ак куулардай! / Бирди сүй! Түбөлүккө аны кыйба! / "Сүйөм" деп сүйбөгөнгө көп асылба! / Кечирип өткөн-кеткен күнөөлөрүн, / Кошулган го Жамийла да Даниярга" Сонун айтылган ээ? Фея.
ОП-98-56. Урматтуу "Обон" газетасынын СМСчилери! "Махабат" компаниясы сиздерге эскертет! Сиздин эсебиңизде сүйүү түгөнүп баратат. Эсебиңизди толтурбасаңыз сизди "Жөнөкөй сүйүү" тарифинен "Арман" тарифине өткөрүп салабыз. Кошумча маалыматты "Менин көңүлүм" офисинен алышыңыз мүмкүн. Фея.
ОП-98-57. Менин эң жакын досум Нестанга Аскардын арнаган ыры: "Чолпон сыңар көктөгү жанып турган, / Ойлондурган, адамдын оюн бурган. / Жактырдым жаркыраган бир сулууну, / Жашап турган өзүмдүн айылымдан. Чачтары төгүлүп саамайына , / Жылмайганда жарашып маанайына. / Көргөндөн махабатым алоолонду, / Жаралган ал менин таалайыма! / Сүйлөсө жан эргиткен сөздөрүнөн, / Муз да болсо мөлтүлдөп ээрип кеткен. / Нур чачып карагаттай көздөрүнөн, / Алоолоп ага болгон арзуум бекем. / Мүнөзү мага жагат, абдан жумшак. / Сөздөрүн кунт коюп турсам тыңшап, / Көктөгү жанып турган кош жылдыздай. / Экөөбүз да түбөлүккө жанып турсак!"Бактылуу бол! Досуң Фея.
ОП-98-58. Алмаз, мен дайыма сүйгүм келет. Бул көптүк кылабы? Сырдуу кыз.
ОП-98-59. Менин жүрөгүмдө ар дайым сен үчүн орун бар! Жаным кайдасың? 0773736ххх.
ОП-98-60. Менин саламым Аксы районундагы Мүкүр айылында жашап жаткан Алымкуловдордун үй-бүлөсүнө жолдонот. БИБИ.
ОП-98-61. Кыргыз элин, жолдошум Максатты, балам Илимди Жаңы жылы менен куттуктайм! Келинчегиң Айпери.
ОП-98-62 . Адамга жаралган жалгыз жүрөк, / Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. / 0773736ххх.
ОП-98-63. Салам Кыргызстан! Жаңы жылыңар менен! +79263738ххх.
ОП-98-64. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына албан-албан ийгиликтерди каалайм! Сырдуу кыз.
ОП-98-65. Ноокаттын Ак-Булак айылына Жаңы жылдык салам! Чоң эне, Медет байке, Апиза жеңе, Анувар, Жамиля, Алина бар болгула! 0773266ххх.
ОП-98-66. Саламатсызбы Талай Ж! Кандайсыз? Жазган ырларыңыз жүрөгүмө жакын. Талантыңыз ташкындай берсин! Көптөгөн ийгиликтерди каалайм! Мүмкүн болсо 0778296793номерине байланышып коюңузчу. Зуля.
ОП-98-67. Рахман Разыковго салам! 0555820ххх.
ОП-98-68. Рахман байке, мен куудул болгум келет, жардам бериңизчи? 0555820253.
ОП-98-69. Салам кыргыз элим! Жаңы жылыңар менен! Ден соолук, узун өмүр жана жакшылыктарды каалайм! Гуля.
ОП-98-70. Сагындым жаным көзүңдү, / Сагындым нурлуу жүзүңдү! / Узун сөздүн кыскасы, / Сагындым жалгыз өзүңдү! / Урмат, мен сени сүйөм! Гуля.
ОП-98-71. Кандайсыңар "Обондун" СМСчилери? Келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Баарыңарга кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана окуп жаткандардын окууларына, иштеп жаткандардын иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм! СМСчилер мага чалып койгула. 0550682394; 0700935193 Дин
ОП-98-72. Ошто бригадада иштеген Жети-Өгүздүк Осмонов Асыл 0550474505 номерине чалчы!
ОП-98-73. Таянем Усенбаева Анарканды, таятам Усенбаев Кенжебекти келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! 0773736ххх.
ОП-98-74. Жалал-Абад облусуна караштуу Каракол шаарында жашап жаткан апама салам! 0773736ххх.
ОП-98-75. Ак-Кайыңдылык Баяс, мен сизди сүйөм! Ширин.
ОП-98-76. Мирбек Иманбеков 0773453333 номерине чалып коюңузчу? Мен сизге ыр жазгам.
ОП-98-77. Салам кыргыз элим, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Ушул жылы токчулуктун, тынчтыктын жылы болсун! Сырдуу кыз.
ОП-98-78. Урматтуу кыргыз элим жана "Обонтайдын" жалпы жааматы сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Бар болуңуздар! Нурпери.
ОП-98-79. Алтынга тең келгис атам Кокчоев Эрмек, апам Аликбекова Чынараны Жаңы жылдары менен куттуктап ден соолук каалайм! Нурпери.
ОП-98-80. Салам достор! Смс жазгыла, номерим 0556242356 Сырдуу кыз!
ОП-98-81. ОП-97-04, ОП-97-12, ОП-97-84 абонентери, мен накта кыргыз кызымын. Гузаля деген атты биринчи угуп атасыңарбы? Урматтуу Карина, мен бөлүнгөн жокмун, өзүңөр бөлүп жатасыңар. Оштуктар кыйын деп. Сен да оштук окшойсуң оозуңду көптүрүп сүйлөйт экенсиң.
ОП-98-82. Шайтан адамды уруксат берилбеген иштер менен көбүрөөк алагды кылат. Тактап айтканда узак уйку, ашыкча тамак, суу ичүү, ашыкча көп кийим кийүү жана убакытты бош өткөрүү. Эгерде Кудайдын кулу убактысын үнөмдөп, жакшы иштерге аракет кылгандардан болуп, шайтан аны бул деңгээлге жеткизе албаса, анда аны кийинки деңгээлге көтөрөт.
ОП-98-83. Салам "Обонушка"! Мен сүйүктүү ырчым Азизага кайрылам. Азиза, сен жөнүндө көп сыр уктум, анын канчасы чын, канчасы калп экенин билбейм. Өзүң жөнүндө айткан сырыңды жакын курбуң Зумраттан уктум. Сени "өзүнөн улуу киши менен жүрөт" дейт. Ал өзү деле үй-бүлөлүү киши менен жүрбөдү беле. Аял киши болгондон кийин айтылган сырлар ичте калса болмок. Карышкырга кой кайтартыпсың, ийгилик сага! Айгүл
ОП-98-84. Сүйүктүү атабыз Турганбай, апабыз Жайнак сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Балдарыңыздар Жамшит, Тахмина, Курсант, Максат, Алина жана келиниңиздер, небереңиздер Арсен.
ОП-98-85. Жаным Куштарга чоң салам! Мен сизди чексиз сүйөм, жубайыңыз Бааргүл.
ОП-98-86. Ыймандуу балдар менен таанышам. Жашым он сегизде. 0772 116584.
ОП-98-87. Кечир жаным жүрөк сени ынатты, Саркып алдың мендеги бар кубатты.
ОП-98-88. Ыймандуу жигиттер менен таанышкым келет. Смс жазгыла, дос болобуз. +770518728хх
ОП-98-89. Гузаля Оштун кызынан айлан! Сен чүрөк болуп турмушту кыйратмак белең. Ош.
ОП-98-90. Братым Мирбекти 22-декабрь туулган күнү менен куттуктайм, бешенебизге бар болсун, ден соолугун берсин Кудайым, деп иниңер Медер.
ОП-98-91. Мен балдар-кыздар менен достошоюн дедим эле. Смс менен 0705 204200 Эржан.
ОП-98-92. Канат Кадыржан суранам, ушу номерге чалып койчу, айтылбаган сөздөр бар эле 0705 204200
ОП-98-93. Канат Кадыржан суранам ушу номерге чалып койчу, айтылбаган сөздөр бар эле 0773 597750
ОП-98-94. Астанадагы досторум Исраил, Урал, Эмил, Мурас, Эркин2, Сүйүн, Сапан, Марипке салам жолдойм. Келе жаткан Жаңы жыл ийгилик алып келсин. Амангүл өзүңө жакшы кара, эч нерсеге көңүл бурба, дайыма алга-аа! Заманыбыз тынч болсун, көрө албагандардын ичи күйсүн. Ыймандуу бололучу туугандар! Астанадан силерди сагынып Нурбек.
ОП-98-95. Нарын районунун 8-март айылынын тургундарын Жаңы жылы менен куттуктайм! Окай.
ОП-98-96. Менин саламым Оштуктарга! Алматадан Жоогазын
ОП-98-97. "Обондун" смсчилери Алтынай, Айгөлөк, Канжар, Нурмухамет жана жердеш байкелерим Санжар, Улан, Бекзат келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Саламат -93
ОП-98-98. Жаным Мирлан билбейсиң, мен сени канадай жакшы көргөнүмдү. Билсең дагы мендей сүйө албайсың да. Миргул 83.
ОП-98-99. Жамакеев Бейшеналыны 29-декабрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар дайым бар бол, бактылуу бол! Ата-энең, инилериң.
ОП-98-100. Кымбаттуу, алтындан да ардактуу менин эжем Айгүл менен Рыскүл, байкелерим Максат, Масалды Жаңы жылы менен куттуктайм, сиздерге дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм жана силерди чексиз сүйөм!!! Жазгүл.
ОП-98-101. Гүлчө айылынын тургуну жаным апам Матибалиева Уркуяны жана инибиз Эркинди Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Биз силери жакшы көрөбүз жана сагындык. 07706100хх
ОП-98-102. Чокусу асман тиреген/ Тоолору бийик кыргыздын/ Ала-Тоону жай кылган/ Кыздары сулуу кыргыздын/ Мая 95
ОП-98-103. Адамдагы эң жогорку сапат жөнөкөйлүк ээ! Мая 95
ОП-98-104. Кыргыз элим, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Бактылуу болуңуздар! Мая 95.
ОП-98-105. Саламатсыңарбы "Обондун" смсчилери Билал козу, Таалай Ж, сиздерге терең ыраазычылык , абдан жөнөкөй анан акылдуу экенсиздер, Оорубаңыздар ээ! Мая 95.
ОП-98-106. Айчүрөк Иманалиева эмне үчүн дайыма кепкаңызды башыңыздан түшүрбөйсүз же жолдошуңуздун алдында жашыраак көрүнөйүн дейсизби? Бирок канча аракет кылбаңыз, Таалайдын жанында эжесиндей көрүнөсүз.
ОП-98-107. Энелер бул дүйнөдө жарыксыңар, Энелер бул дүйнөдө асылсыңар. Анюка 92.
ОП-98-108. Айпери, Акылай, Мээримге салам. Ар дайым бар болгула! Анюка 92.
ОП-98-109. Урматтуу кыргыз элим кирип келген Жаңы жылыңыздар менен!!! Милашка
ОП-98-110. "Обонушка" жылдын супер "Тоок жүрөктүүсү" деп Билал козуну тандап койгулачы? Базардан соседкаң.
ОП-98-111. Билал козуга: Ашкананын кыздарын алдадың. Базардагы кыздарды баамдадың. Чач тарачтын кыздарын чайкадың. Кардарыңдын кирпигине кадалдың. Акырында көйрөң короз аталдың. Базардагы соседкаң.
ОП-98-112. Билал козу, кыздан кыз тандап акыры кичинекей тойчик кылып үйлөнүпсүң. Бактылуу бол, алаарың ошол кыз экен го ийнеликтей, көрдүм, базардагы соседка кызың.
ОП-98-113. Машаев Мики, алтын барбы? 1 кг керек. Казарманга барам. 07728317хх
ОП-98-114. Жаным Азиз, мен сизди жакшы көрөм. Качан келесиз? Мен сизди сагындым. 07726790хх
ОП-98-115. Салам смсчилер, "Музканалдын" алыпбаруучуларын колдойлу, баарыңарга ийгилик. Адилет.
ОП-98-116. Салам "Обон" келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл айылынын тургуну Рынага салам! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм 07705705хх
ОП-98-117. Жоомарт Бөкөнбаев №36 мектебинин 11-б классынын С. А. Г. А. Д. А. З. Ч. Н. Н. кыздар группасы Жаңы жылыңар менен! Классташыңар Саламат-93
ОП-98-118. Салам Тынчтык! Жаңы жылың менен! Билесиңби? Биздин сүйүүбүз түбөлүккө таза сакталат, мага таарынбачы. От М……ь
ОП-98-119. "Обондун" смсчиси Мая-95, 31-декабрь 15 жашка толушуң менен куттуктайм! Бактылуу бол кызым. Апаң Гүлнара.
ОП-98-120. Алтындай апам Анарканга салам! Дайым бар болуңуз апаке! Сырдуу кыз.
ОП-98-121. Бардык СМСчилерди Жаңы жылы менен куттуктайм! 0557412ххх.
ОП-98-122. Келе жаткан Жаңы жылыңар менен кыргыз элим! 0557245ххх.
ОП-98-123. Кандайсыңар балдар? Таанышып алалы. 0555712ххх.
ОП-98-124. Ош шаарынын тургуну апам Марипаны келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Апа, дайыма маңдайыбызда бар болуңуз! Айка.
ОП-98-125. Менин сүйүктүү эжем Айгүлдү, жездем Токтосунду, сиңдим Сауле жана иним Санжарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Жаңы жыл ийгиликтерди алып келсин! Сиңдиңиз.
ОП-98-126. Нарын шаарынын тургуну байкем Нурлан, жеңем Зинат, сиңдим Маликаны, иним Нурчикти Жаңы жылы менен куттуктайм! Ден соолукта болгула! Жаңы жыл жаңы бакыт алып келсин! Карындашыңыз.
ОП-98-127 . Бөжөн сарайында жашап жаткан эң кымбат атам Сүйүндүк, апам Керезди, Бурулсунду Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Апа-ата, дайыма маңдайыбызда жаркын жүзүңүздөрдү көрсөтүп жүрө бериңиздер! Жаңы жылда сиздердин бүчүрлөрүңүздөр жакшы ийгиликтерди багынтап, сиздерге кубаныч тартууласын! Көп жашаңыздар! Сиздерди чексиз сүйгөн уул-кыздарыңыздар.
ОП-98-128. Кыргыз элиме сагынычтуу салам! 0771564ххх.
ОП-98-129. Келе жаткан Жолборс жылы баарыңыздарга бакыт алып келсин! 0554712ххх.
ОП-98-130. Мен өз бактымды жолборс жылы тапкым келет. Балдар чалгыла. 0777214ххх.
ОП-98-131. Амангүл СМСчилерден чарчадың окшойт. Мени менен дос болбойсуңбу? Казачка.
ОП-98-132. Бардык СМСчилерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! 0552364ххх.
ОП-98-133. Мен да сени сүйөм Бакыт. Мага качан телефон чаласың? Мен сени күтүп жүрөм. Асел.
ОП-98-134. Келгиле СМСчилер, Жаңы жылды бирге тособуз! Аяз кыз.
ОП-98-135. Менин саламым алыскы Ош шаарында жашап жаткан апама жолдонот! Апа, ар дайым бар болуңуз! Кызыңыз.
ОП-98-136. Менин сүйүктүү курбу кызым Нургүлдү Жаңы жолборс жылы менен куттуктайм! Бактылуу бол алтышка! 0777235ххх.
ОП-98-137. Мага жар керек? Киримди жууганга, тамак жасап мен жумуштан барганда. 0556781ххх.
ОП-98-138. Кыргызым, эми ушул жолборс жылында биригип, экиге бөлүнгөндү токтотолу! 0771524ххх.
ОП-98-139. Перизат, Мээрим, Эльзана Жаңы жылыңар менен! Кайда болбогула аман болгула! Жаңы жыл бакыт алып келсин! Кара короз.
ОП-98-140. Мен сени сүйүп калдым Нурлан. Эмнеге байкамаксан болуп жатасың? Зарина.
ОП-98-141. Келгиле достошобуз! 0557126ххх.
ОП-98-142. Менин саламым жакын курбум Азизага жолдонот! Азиза, ар дайым ушундай сулуу бол! Зайка.
ОП-98-143. Келе жаткан Жаңы жыл баарыбызга жакшылык алып келсин кыргызым! Зайка.
ОП-98-144. Мен Өзгөн районунда жашап жаткан апам Анарбүбүгө салам жолдойм! Зайка.
ОП-98-145. Студенттер сессияңар бүттүбү? Меники бүтүп Таласка кетип жатам. Жаңы жылды жакшы тоскула! Фарида.
ОП-98-146. ОшТунун фк 0б группасына салам! Эс алууңар жакшы өтсүн! Баарыңарга ийгилик каалайм! Ноокаттан группалашыңар.
ОП-98-147. Мен сени сүйүп калдым. Сени көрүп назданып жүрүп калдым Айбек! Келип мага болгон арзууңду тартууласаң боло. Зайка.
ОП-98-148. Ноокаттын Күнгөй-Кожоке айылында жашап жаткан атам Акыл, апам Нуркандын Жаңы жылы менен куттуктайм! Биртуугандарыма чоң салам жолдойм. Эч качан оорубагыла, мен силер менен сыймыктанам! Кызыңар.
ОП-98-149. Казак кызы Амангүлдү ушактай турган кеп калдыбы? Зайка.
ОП-98-150. Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм. Бирок,сен аны сезбедиң. Зайка.
ОП-98-151. Көп эле ар нерсени жаза бербегилечи. Маанилүү сөз жакшы го баары бир. Зайка.
ОП-98-152. Менин саламым Ош шаарына жолдонот! Замир.
ОП-98-153. Айпери, мени менен байланышчы сураныч. Замир.
ОП-98-154. Акылдуу досум Айбектин 25-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым сүрдүү бол досум! Замир.
ОП-98-155. Көппү-азбы билбедим. Бирок сени издедим жаным! Ализа.
ОП-98-156. Мени сүйгөн адамым таштап кетти. Аман бол садагасы! Жаныш.
ОП-98-157 . Калп эле "сүйдүм" деп жаза бербегилечи ээ? 0551247ххх.
ОП-98-158. Менин саламым Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуп, сессиясын тапшырып жаткан студенттерге! Мен силерге ийгилик каалайм! Студент.
ОП-98-159. Ажар эже, мага телефон чалып коюңузчу сураныч. Зайка.
ОП-98-160. Мен сени жакшы көрсөм да айтпайм. Анткени сен сүйүп көргөн жан эмес экенсиң Алибек. Кани.
ОП-98-161. Ким мени менен таанышып дос болот? Кани.
ОП-98-162. Бардык кыргыз кыздарын Жаңы жылы менен куттуктайм! Кани.
ОП-98-163. Ыр жазгылачы. 0552485ххх.
ОП-98-164. Көп ыр жазып жөнөткүлөчү СМСчилер! Келе жаткан Жаңы жылыңар менен! 0554712ххх.
ОП-98-165. Менин атымдан бардык СМСчилерге Жаңы жылда бир жолборс! Студент.
ОП-98-166. Жаңы жылда тамакка жеткиле студентер! Студент.
ОП-98-167. Чөнтөк жолборс жылында шамалдабасын! Кани.
ОП-98-168. Жаңы жылыңар менен "Обон" гезити! Кани.
ОП-98-169. Кар жааса жакшы болмок Жаңы жылда ээ. Кани.
ОП-98-170. Мени көп ойго салган кризис болуп жатат. Зина.
ОП-98-171. Апам Айжамалды Жаңы жылы менен куттуктайбыз! Кыздары.
ОП-98-172. Кыргыздын жигиттери иштериңер алга жылсын! Азамат.
ОП-98-173. Мен өзүнө жарашыктуу кийинген, акылдуу кыздар менен таанышам! Атым Марат.
ОП-98-174. Келгиле кыздар-балдар Жаңы жолборс жылында дос бололу! Марат.
ОП-98-175. Менин саламым апам Касинага жолдонот! Апа, ар дайым аман болуңуз! Зайка.
ОП-98-176. Кар жааса кандай жакшы. Элдин жүрөгү да ак кардай ак болсо андан да жакшы. Марат.
ОП-98-177. Мен Таластык Максатты издеп жүрөм. Максат, мага чалып койчу. Эркайым.
ОП-98-178. Саламым Нарын шаарынын тургундарына жолдонот! Жаңы жылды жакшы тоскула! Нарынбек.
ОП-98-179. Асылка мага чалып койчу, сураныч. Мен сени сагындым! Катя.
ОП-98-180. Жаштарга Жаңы жылда жаңы бакыт каалайм ! Өз теңиңерди тапкыла! Катя.
ОП-98-181. Мени кызыктырган нерсе Жаңы жыл. Ар бири белек менен жакшы маанай тартуулайт. Жакшы ээ? Катя.
ОП-98-182. Мен сени сүйөм, жаным Мирбек. Кайра качан концерт бересиң? Жанка.
ОП-98-183. Мирбек Иманбековго салам! Жаңы жылың менен! Жанка.
ОП-98-184. Амангүл эжеге салам! Жаңы жылды жакшы тосуңуз! Жанка.
ОП-98-185. Салам Амангүл! Эмне жоголуп кеттиң? Жазып турсаң боло? Катя.
ОП-98-186. Бардык эжелериме, жезделериме салам! Катя.
ОП-98-187. Мен силерди сүйөм кыргыз элим! Катя.
ОП-98-188. Келгиле биригип, бир партия түзөбүз СМСчилер! Катя.
ОП-98-189. Мен да сени жактырам жаным. Рая.
ОП-98-190. Мен эми кандай кылам?! Сүйгөнүм кетти таштап алыска. Заке.
ОП-98-191. Бардык кыргыз элим, Жаңы жылды жакшы тосушуңарга тилектешмин! Заке.
ОП-98-192. Салам Каныкей! Кайда кеттиң көрүнбөй? Жанка.
ОП-98-193. Менин жүрөгүмдүн бир бурчунда кыргыз мырзасы үчүн орун бар. Кимиңе берейин? 0557126ххх.
ОП-98-194. Куш бооңор бек болсун! Москвадан досуңар Мээрбек.
ОП-98-195. Кыргыз элим кайда болбо аман болгула, биримдиктүү болгула! Патриот.
ОП-98-196. Ушинтип бөлүнө берсек башка улут бизди бүктөп кетет. Патриот.
ОП-98-197. Дос деген ысыкка күйүп, суукка тоңушу керек. Патриот.
ОП-98-198. Мен да силерди жакшы көрөм кыргызым! Зайка.
ОП-98-199. Адамда бар болгону жалгыз жүрөк, / Ал жүрөк бирди тандап бирди сүйөт. / Андай жүрөк менде да бар, / Ошол жүрөк сени тандап, сени сүйөт! / Сырдуу кыз.
ОП-98-200. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен кыргыз элим! Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин! Инопланетянка Т.
ОП-98-201. Жаңы жыл кыргыз элим үчүн ийгиликтүү жыл болсун! Баарыңарга ийгилик, бакыт жана ден соолук каалайм! Инопланетянка Т.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??