п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Мирлан Муратов:
НБТ биринчи шаардык телеканалынын "Музканал" көрсөтүүсүнүн режиссёру, Мирлан Муратов биздин мейманда болду.

"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"
- Мирлан, өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?
- Мен жыйырма төрт жаштамын. Алыскы Баткен шаарында төрөлгөм. Учурда "Музканал" көрсөтүүсүндө режиссёр болуп иштеп жатканыма беш ай болду.Теле жаатындагы ишимди алгач "Замана" студиясына оператор болуп иштөөдөн баштагам. Бир жыл иштегенден кийин "Жаштар KG" телекөрсөтүүсүндө режиссёр болуп иштедим. Андан сырткары, "Браво" көрсөтүүсүндө Канат Култаевге жардам берип жүрдүм. Ошонтип, кичинеден топтогон тажрыйбамдын аркасы менен Нурдин Урмамбетов агай менен иштешип калдым.
- Эмне себептен режиссёрлук ишке ыктадың?
- Бул иштин оор, түйшүктүү, жеңил эмес экенин билсем дагы, эмнегедир өзүмө жагат. Көрсөтүүнүн форматы, декорациянын жасалышы, алыпбаруучулардын кийген кийими, сүйлөгөн сөздөрүнөн бери мен жооп берем. Кокусунан, бир алыпбаруучу туура эмес сүйлөп алса, ашыкча кыймыл жасап койсо дагы, дароо режиссёрго чалышат. Башкача айтканда, эфирдеги жоопкерчилик режиссёрдун колунда.
- Алыпбаруучулар менен режиссёрдун ортосунда пикир келишпестиктер болобу?
- Албетте. Жумуш болгондон кийин ортобузда пикир келишпестиктер көп эле болот. Канча адам иштесе, ошончосунун ар кандай кыялы бар да. Режиссёр, бардык операторлор, алыпбаруучулар деги эле жалпы жамаат менен иштегендиктен, баардыгынын кыял-жоругуна чыдашың керек. Иштин жыйынтыгы жакшы болгондон кийин кыйынчылыктын баары артта калат. Бир гана биздин каналда эмес, негизи эле теле жаатында алыпбаруучулар жаңы ишке келгенде "Байкелеп, эжелеп" келишет да, эки айдан кийин эч кимди көзгө илбей, "Мындай кыл, тигиндей бол"-десең, "Өзүм билем" деп, менменсинип калышат. Ачыгын айтканда, жылдыз оорусу менен ооруй башташат.
- Сен "Музканалдын" алыпбаруучуларын ал оорудан кантип айыктырасың?
- Бизде тартип катуу. Мен "Музканалдын" алыпбаруучуларын андай деңгээлге жеткирбейм. Эгерде ошончолук эле бой көтөрүп, эфирге чыгып, "Мени эл тааныйт"деп мамилеси, көз караштары бузула баштаса, жетекчи менен кеңешип, кандайдыр бир деңгээлде чара колдонобуз. Кудай сактасын, андай нерселер бизде боло элек. Болбой деле койсун, дебейинби.
- Жаңы жыл күнү түз эфирде кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Жаңы жылдык түз эфирге катуу даярдыктарды көрүп жатабыз. 31-декабрь күнү "Музканал" адаттагыдай эле 15:20 да башталат. Өзгөчөлүгү түз эфирге келген ырчылар, коноктор болбойт. Жылды жыйынтыктоо иретинде төрт алыпбаруучубуз чыгып, кызыктуу маек курушуп, көрүүчүлөрдөн келген Жаңы жылдык куттуктоолорду окушуп, майрамдык сюжеттер да көрсөтүлөт. Калган өзгөчөлүктөрдү ошол күнү түз эфирден күбө болосуздар.
- Ал эми жамаатыңар чогулуп, Жаңы жылдык кече уюштурдуңарбы?
- Ооба. Биз дагы башка кесиптештерибизге окшоп, Жаңы жылдык банкетти уюштурдук. Мындай чоң кечени жалпы жамаатыбыз менен экинчи жолу уюштуруп жатабыз. Бизди куттуктап бир топ ырчылар келишти. Аяз ата, аяз кыздын ролун да кесиптештерибиз мыкты аткарып, кызыктуу сюрприз, белектерди тартуулашты.
- "Музканал" жөнүндө ар кандай ой-пикирлер болуп жатса керек?
- Бизге келген каттардын, билдирүүлөрдүн негизинде "Музканал" жөнүндө мактоолор, сын-пикирлер айтылууда. Бир жолу "Эфирден алып баруучулар күлө беришет, кыска юбка кийишет"-деген смс келиптир. Мындай пикирлер да бизге абдан керек. Сын айтылып турбаса өсүү болбойт эмеспи. Бирок, биздин программа жаштар үчүн көңүл ачуучу көрсөтүү болгондуктан, талапка карата иш кылабыз. Мен ойлойм, ар бир каналдын алыпбаруучуларынын көрсөтүүгө жараша кийинүү стилдери болот. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы эле кыргыз элин, биздин күйөрмандарды келе жаткан Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир үйдө жаңы ийгиликтер көп боло берсин!
Акыл Карачач








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??