п»ї

  кызыктар дүйнөсүндө

Жаңы жылда жалгаган кызыктар
Ар бир майрамдын өзүнчө майрамдык шааниси болот эмеспи. Жыл аяктап, тагыраак айтканда 31-декабрдан 1-январга караган түнү көптөн күткөн Жаңы жыл кирип келет. Мына ошол Жаңы жылды ар ким өз деңгээлине жана фантазиясына жараша тосушат. Ал эми так ушул күнү эң бактылуу деген наристелер жарык дүйнөгө келишет. Жаңы жылда буга чейин кандай жакшы жана кызыктуу жаңылыктар болгонун, ким бул түнү сыйкырдуу чоң белек алганы тууралуу тарыхый окуяларды барактадык.


Эң кызыктуу аяз аталар
1949-жылы Жаңы жылга эки гана мүнөт калганда БУУнун берген буйругу боюнча Кашмирдеги көгүлтүр от өчүрүлгөн. Ошол учурда адамдар сүйлөмөк тургай, иттер да үргөндү токтотушкан. Анткени, Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн аймак талашкан биринчи жолку согушу аяктаган эле. Эң кызыктуусу алардын мамлекеттик аяз атасынын кийими ак түстө.


Жаңы жылды СССР официалдуу майрамдай баштаган
1935-жылы Сталин Россияга жана ага кошулган өлкөлөргө Жаңы жылды официалдуу түрдө майрамдоого шарт түзүп берген. Ар бир аянтчага Жаңы жылдык балатыларды тиктирип, аларды кооздогондон тышкары оюнчук тракторлорду, танктарды жана комбайндарды балатынын астына илдирген. Ал эми аяз атанын кийген кийиминин өңүн кызыл түстөгү материалдан тиктиртип берген.


Жаңы жыл күнү болгон тарыхый окуялар, белгилүү даталар жана майрамдар:
1-январь тарыхта орустардын католик доорунун башталышы.
Дүйнөлүк тынчтык күнү;
Кытай Республикасынын күнү;
Австралиянын көз карандысыздык күнү;
Литванын желегин майрамдоо күнү;
XV кылымда Литванын буга чейинки тарыхый желегинин өңү кызыл түстө болуп келген болсо, 1918-жылдан тарта мамлекеттик желек болуп калган.
Андан сырткары кээ бир тарых барактарын барактай турган болсок, анда так гана Жаңы жыл күнү 1-январда:
*1515-жылы Францик I ушул күнү Людовик XII өлгөндөн кийин өлкөгө падыша болуп дайындалат.
*1785-жылы 1-январда Лондондун күн сайын чыгуучу гезити The Daily Universal Register (кийин The Timesдеп аталып калган) биринчи жолу жарыкка чыккан.
* 1788-жылы Англиянын "Таймс" гезити чыга баштаган.
* 1801-жылы 1-январда астроном Джузеппе Пиацции биринчи эң чоң астероид "Церераны" ачкан. Джузеппенин ири астероиди 2006-жылы дүйнөлүк окумуштуулардын чечими менен эң кичинекей астероид болуп калган. Цереранын диаметри -930км, күндөн орточо аралыгы - 2,77км, салмагы - жер планетасынан 6 миң эсеге кичинекей. Астрономордун билдиргенине караганда, Церера өзүнө көп суу запасын камтыйт.
* 1907-жылы 1-январда АКШнын учурдагы президенти Теодор Руцзвельт 8513 адамдын колун кармаган. Бул мамлекеттик ишмерлер үчүн чоң рекорд.
* 1967-жылы СССРдин биринчи жолку маалыматтык программасы "Время" көгүлтүр экранга чыккан.
* 1997-жылы БУУнун генералдык секретары болуп Кофи Атта АННАН (Гана) шайланган.

Жаңы жылда төрөлгөн атактуулар:
* Лоренцо Медичи Италиянын жазуучусу жана саясатчысы, Флоренциянын башкаруучусу 1-январда төрөлгөн.
* Сигизмунд I Польшанын падышасы да ушул күнү жарык дүйнөгө келген.
* 1618-жылы Бартоломео Мурильо Испаниянын живописчиси төрөлгөн.
* 1644-жылы 1-январда Италиянын белгилүү архитектору, 50дөн ашык статуяны өз колу менен жасаган Джезеппе Маццуола туулган.
* 1827-жылы 1-январда орустардын физикохимиясын түзгөн түзүүчү Николай Николаевич Бекетов жарык дүйнөгө келген.
* 1863-жылы француздун коомдук ишмери, педагог, азыркы олимпиадалык кыймылдын түзүүчүсү, Эл аралык олимпиадалык комитеттин ардактуу президенти Пьер де Кубертен (Coubertin) (Pierre de COUBERTIN төрөлгөн.
* 1893-жылы генерал-майор Иван Васильевич Панфилов 1-январда төрөлгөн наристелердин катарына келип кошулган.
* 1949-жылы крим авторитет, "мыйзамдагы ууру", Япончиктин кыйышпас досу Тайванчик деген крим аты менен Алимжан (Турсунович) Тохтахунов да 1-январь күнү бактылуу адамдардын катарын толуктап, белгилүү датада төрөлгөн.


Аскерлер Санта Клаустай кийинишип…
1959-жылы 1-январда Че Гавара аттуу эр жүрөк жигит өзүнүн аскерлерине Санта Клаустун кийимин кийгизип, Санта-Клара шаарын курчап алган. Шаардын дидактору Ф.Батист буга чейин эр жүрөк болуп келген болсо, Санта Клаустун ырларынан кийин эле шаардан качып кетүүгө аргасыз болгон. Ошондон тарта Кубада Жаңы жылда "Революция үчүн!" деген тосттор айтылып келет. Ал эми балдарга Жаңы жылдык белекти Фидель Кастро берет.


Акыркы жүз жылдыктагы Жаңы жылдык чоң сюрприздер
Жаңы жыл түнү ар бири өз кыялынын орундалышын каалайт эмеспи. Кээ бири "Болду ушул Жаңы жылдан баштап тамеки чеккенди, арак ичкенди токтотом" деген болсо, кай бирлери "ушул жылы сөзсүз машиналуу болбосом" деген максаттарды коюп келишет. Эгер капчыгың толо акча болсо, мындай күнүмдүк маселелерди оңой эле чечүүгө болот. Акча анчалык эле чөнтөккө батпай жаткан болсо, бир гана өзүңдү эмес, элди да таң калтыра турган сюрприз жасаганга кантип болбосун? Муну биринчи болуп Юлий Цезарь 31-декабрдан 1-январга караган түнү жыл тогошкон күндү ойлоп тапкандан башталган. Андан кийин эле Жаңы жылда сюрприз кылууну түрктөр баштаган. Алар так гана 1-январь күнү эң маанилүү мыйзамдарды кабыл ала башташкан. Ал эми 1912-жылы 1-январь күнү Кытай эли өзүнүн эң акыркы алты жаштагы императорун бийликтен кулатышып, жаңы Кытай Республикасын түзүп алышкан.


Күтүлбөгөн Жаңы жылдык чоң белек
* 1980-жылы Швеция өлкөсүнүн ханышасы башындагы "Ханышанын коронасын" өлкөнүн мурдагы падышасы Карл Густаванын 3 жашар кызы Викторияга белек кылган.
* 2000-жылы Жаңы жыл түнү Россиянын президенти Борис Ельцин эл алдында президенттик толук кандуу бийликти Владимир Путинге өткөрүп берген.


Норвегиянын борбору Кристиана Ослого алмаштырылган
1925-жылы Жаңы жылдык кайталангыс белекти өзүнүн элине Норвегиянын падышасы Хокон, өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын күнүнүн алдында 1-январда борбор шаары Кристианияны мурдагы аталыштагы Ослого алмаштырган. Бул өз кезегинде Норвегия эли үчүн Жаңы жылдык абдан чоң белек болгон.

Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??