Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  күнсүрөт

Абак артында…
Жыл жаңыраарда "Жаман нерсенин баары эски жыл менен кетип, жаңы жыл жагымдуу жаңылыктарды, жакшылыктарды ээрчите келсин" деп ар бир адам тилек кылат эмеспизби. Ошентип, бир жыл көз-ачып жумгуча кантип өтүп кеткенин билбей, уй жылын узатып отурабыз. Чын эле бизге убакыт учуп жаткандай… А абак артындагы адамдарга убакыт токтоп… Алар эркиндикке чыккан күндү күтүп, жыл жаңырган сайын "бир жылымды өтөп бүттүм, эми мынча чыдасам эле…" дешип саат санап отурушат.
Аларга жагымдуу маанай тартуулаганга ырчыларды уюштуруп, 10 жылдан бери түрмөнү түрө кыдырган продюсер Назгүл Насиева 26-27-декабрь күнү Петровкадагы №8 жана Молдовановкадагы №1чи колонияларына жаңы-жылдык концерт уюштуруптур. Ырчылар Жанета Бобкова, Нурбек Дайырбек уулу, Айнура Салахидинова, куудул Назира Жетигенова, Эрмек Нурбаев жетектеген "Тамашоу" лигасынын тамашөкөй балдары менен бирдикте "Обондон" мен да бардым. Көрүүчүлөр ырчыларды кыйкырык-сүрөөн, ышкырык менен гана коштоп жатышты. "Эркиндикте жүргөн адамдарды кол чаап колдобойбуз" дешет. Коштоп бийлеген да өздөрүнүн тили менен айтканда "за подло". Бирок, жүрөктөр толкуп турса кантип бийлебей тура алышмак эле. Эки-үч аксакал адамдар бийлеп- бийлеп алышты. А мен алардын арасында отуруп айрымдарын кепке тарттым.


Баратканыбызда Назира Жетигенова "Петровкада менин бир атам бар. Ал менин чыныгы күйөрманым. Барган сайын дайыма тирүү гүл көтөрүп келип берет " деп айткан эле. Айткандай ал Назиранын алдынан кубанганынан көзүнө жаш алып чыкты. "Дядя Саша" дешет экен. Адам өлтүрүү кылмышы боюнча абакта экенине 11 жылдан ашыптыр. 57 жашта.


"Бирөөнү күнөөлөө аркылуу сен өзүңдү күнөөлөйсүң"
- Жаңы-жылдын астында биздин абалыбызды сурап келгениңер үчүн чоң рахмат. Мен чыдамым түгөнүп, өлгүм келип жүрчү… Качан гана бул жакка Назира кызым келип баштагандан бери жашоомо үмүт пайда болду. Кудай ушундай алтын кызды жаратып койгон экен. Ушул кызды көрүп жашагым келип калды. Мен эч качан ушундай адамдар менен жолугам, сүйлөшөм деп ойлогон эмесмин. Назиранын сөзүн уккан адам жашагысы келип калат. Өзүм төрт күндөн бери ооруп, төшөктө жаткам. Назира келди деп айтканынан араң туруп келдим. Мен аны кызымдай көрөм, андан башка жакын адамым жок. Бир тууган, жакындарымдын баарынын көзү өтүп кеткен. Чынында 12 жаштагы бир кызым бар, аны 2005-жылы бир эле жолу карындашым алып келип көрсөтүп кеткен, карындашым кайтыш болгондон бери аны мага жолуктурганга алып келген киши жок. Кызымды көрбөгөнгө көп болду.
- Эмне болуп бул жакка кабылдыңыз?
- Бул экинчи камалышым. Биринчисинде бирөө менен мушташа кетип, катуу чапкан экенмин. Кокусунан өлүп калган. Төрт жыл отургандан кийин амнистия менен чыккам. Жаңы чыкканымда дагы бир кокустук болуп кетти. Эми аны айтканда эмне… (Угушума караганда жубайын өлтүрүп алган. -Ред. ) "Бирөөнү күнөөлөө аркылуу сен өзүңдү күнөөлөйсүң" деген сөз бар. Мен азыр бул окуяга эч кимди күнөөлөбөйм. Мен Афганистанда кызмат кылып, бир колумду кокустатып келгем. Азыр ошол колум такыр кыймылдабайт. А ал жакка барып келген киши "психоз, невроз" болуп калат экен. Ошол нерсе да менин бул жакка келишиме түрткү болду окшойт. Өзүңдү кармана албай калат экенсиң. Мен эркиндикте жүргөн адамдарга "Абайлагыла" деп айткым келет. Биздин кетирген каталарыбыз үчүн бул жакта өмүрүбүз текке кетип отурат. Буюрса, октябрда бошоп калам деп турам. Эркиндикке чыксам жоготкон жылдарымды кайрып ала албасам да, катамды оңдоп, жакшы жашагым келет. Ошого аракет кылам.
- Кыргызча да сүйлөй алат турбайсызбы?
- Мен өзүм кыргызмын да. Бирок документ боюнча калмакмын. Өз атым Шарипжан, бирок Шарипжан десе, бул жактан эч ким билбейт. Негизи эле менин канымда көп улуттун каны бар. Атам кыргыз. Апам өзбек, Чоң апам калмак кызы болгон. Бишкекте туулуп, өскөм. Акыркы жылдары Караколдо жашап жаткам. Эми минтип көптөн бери Петровкада жашайм. Мурда электрик, теле-мастер болуп иштегем. Шоопур болуп көп жыл иштедим. Колуман баары келчү. Жакшы жашап кеткенге сонун эле мүмкүнчүлүк бар болчу. Мен чоң апамдын сүймөнчүк небереси болуп, апам да, өгөй атам да мага сөз тийгизбей эрке өстүрүп коюшкангабы, өзүм жакшы жашаганга аракет кылгым келбей койду окшойт. Ошон үчүн жашоодон жолум болбой калды. Алар абдан жакшы адамдар эле. Алардын арасында жалгыз мен начар экенмин…
Баязов Жеңишбек, Жалал-Абад областынын Ноокен районунан болот. 1989-жылы туулган. Молдовановкадагы №1- колонияга 164-статья менен түшкөн.
"Менин чыкканга
шартым жок"
- Ата-энем тиричиликтен кыйналып бир үйгө кирип, телевизор, ДВД сыяктуу майда-чүйдө уурдап, биринчисинде эки жыл отуруп чыккам. Көп өтпөй биз ууруга кирген үйдүн тууганынын малы жоголуптур. "Ушул эле уурдады" -деп алар күнөөнү мага жүктөп коюшту. Жалал- Абадда убактылуу кармоочу жайда 6 ай жатып, бул жакка келгениме 10 күндөн ашты. Уурулук кылдың дешип,12 жыл мөөнөт беришти. Ошко ""спец частка" кайрылсак, алар "Негизи бул статья боюнча эң көп 7 жылга кесет. Сага аябай көп берип коюптур" дешти. Ата-энем областка жазаны жеңилдетүүнү суранып, канча жолу кат жазышты, жооп болгон жок. Эми алар Турсунбек Акунга кайрылабыз деп жүрүшөт. Мени менен кошо дагы эки баланы камашкан. Алардын ата-энесинин шарты бар экен чыгарып кетишти. Менин атам деле убагында жооптуу кызматтарда иштеген адам болчу. Азыр экинчи топтогу майып болуп калган. Апамдын да жүрөгү оорулуу. Менден улуу акелерим, эжем өз оокаттары менен алек. Менин чыкканга акчам жок, шартым жок болуп отуруп калдым. Болбосо мен деле тиги балдардай болуп чыгып, бошоп кетет элем да. Эми жок дегенде жаза мөөнөтүмдү жеңилдетип беришсе деп суранат элем.
Кулматов Райымбек, Молдовановкага туптуура 18 жашында келген. Андан бери 5 жылдын жүзү болуптур. Жалал- Абаддын Каракөлүнөн болот.
"Азыр 5 убак намаз окуйм"
- Кафеде досторум менен отурганбыз. Ошол кафеде мени менен чогуу отурган досторум бир таксистти сабап коюшуптур. Мени кармап кетишти. Мен досторумду сатпайм деп, түшүндүрмө жазып бердим. Ошондон бери отурам. Айла жок, эркектик намыс.
- Ошол досторуң каякта?
- Алар көрсө акча дос, арак дос экен. Бир да жолу келишкен жок.
- Анда иштечү белең?
- Жок, Жалал-Абадда суучулдун окуусун окуп жаткам (водолаз). Бишкекке келгениме бир эле ай болгондо ушундай окуя болду… Бул жерде көбү бей-бечера, жетим, ишенээри жоктор отурат. Ал эми акчасы барлар бат эле эркиндикке чыгып кетишет. Акча берсең "делоңду" карайт, болбосо отура бересиң. Же эркиндикте да сага күйгөн бир адам керек.
- Сенин ата-энең каякта?
- Ата-энем Россияда жашашат, ал жактын атуулдугун да алып алышкан. Үч бир тууганмын. Экөө алар менен чогуу. Аларды сагынам, бул жерден тажайм. Жаштыктын баары ушул жерден өтүп жатат. Мен курактуу досторум үйлөнүп- жайланып, машина алып, үйлүү болуп жатат. Мен дагы алар сыяктуу жашагым келет. Бул жерде деле ынтымактуубуз. Жашаган жерибиз таза, курсагың ток, кийимиң деле бүтүн. Бирок, баарыбир эркин жашагың келет. Бергенге жараша мүмкүнчүлүктү бардыгына бирдей берсе. Азыр дүйнөнү сүйүү эмес, акча башкарып калбадыбы. Акчаң болсо калыстык да, сүйүү да болот экен. Мен бул жерде отуруп ошону түшүндүм. Өзүм беш убак намаз окуп жатам.
Нуралы Имашев, 1974-жылы туулган. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунан болот. 11 жылга кесилип, анын 6 жылын өтөп бүткөн.
"Аялым башкага турмушка чыгып кеткен"
- Биринчисинде балдарга кошулуп алып, уурулук кылып түшүп калгам. 4 жыл отурдум. Чыкканыма үч ай болгондо кайра далилсиз бир иш менен алып кетишкен. Адам өлтүргөнгө аракет кылгансың дешти. Аны далилдей албай коюшуп, мал уурдадың деп камашкан. Кыргызстанда эгер сен бир жолу соттолсоң, бир нерсе болсо баарын ошого шылташат. Ал соттолгон, демек ошол эле кылды деп. Мен 4 жыл отуруп чыккандан кийин, эми жаңы жашоо баштайын деп жаткам. Анан эле… Андан бери 6 жыл өттү. Азыр мага эч ким келбейт, ата-энем, бир туугандарым алыста. Аялым болсо башкага күйөөгө чыгып кеткен. Балдарымдын улуусу анда 2 жашта, экинчиси жаңы төрөлгөн. Чоңоюп калышса керек...
Эльмира
Мадиева







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!