п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жыл жаңыраарда белгилүү айымдардан "Кимди аяз атага татыктуу деп ойлойсуң?", ал эми мырзалардан "Ким аяз кыз болсо жарашат?" деп сурамжылаганбыз. Жыйынтыгында Анжелика менен Оманын ысымы көп аталып, алар алдыга озуп чыгышты. Ошентип, "Обон" гезитинин 2009-жылдагы Аяз атасы Ома, Аяз кызы Анжелика болду.

Анжелика: "Аяз ата деп Оманы эсептейм"
- Анжелика, ырчы мырзалардан кимди аяз атага ылайыктуу деп ойлойсуң?
- Ким мени аяз кыз деп тандады билбейм. Мен болсо, сырткы келбети, чыныгы жүзүндөгү жылмаюусу, ак көңүл мүнөзү менен кыргыз эстрадасынын аяз атасы деп Оманы тандайт элем. Анткени, Ома, кайрымдуулук иштерди да көп жасап келет.
- Эски жыл сен үчүн?..
- 2009-жыл мен үчүн мөмөлүү жылдардын бири болду. "Цирк ханышасын" алдым, кичинекей кезимден бери "Барам"деп кыялданып келген Швецария өлкөсүнө болгондо дагы "Камбаркан" фольклордук тобу менен кыргыздын жүзү катары барып келдим. "Жаңы жылды кандай тоссоң, бир жыл бою жашооң ошондой болот" дегенге толук кошулам. Былтыр Жаңы жылды жолдошум экөөбүз Дубайдан тосуп келдик эле, быйыл ал жактан чакан ишкана ачып, бир бутубуз ошол жерде болуп жатат. Үйдө болсо кожейке катары жакшы даярданып жатам. 27-декабрда сулуулук салонундагы кесиптештерим менен Жаңы жылдык банкетке барып, жакшы кече уюштуруп, көңүлдүү кайттык. Жалпы кыргыз элине бакубат жашоо каалайм!


Ома: "Анжеликага аяз кыз болгон жарашат"
- Ома, ырчылардан кайсы айымды аяз кыз деп айтаар элең?
- Чынын айтсам, Анжелика мени аяз ата деп айтып мактап койгондон улам эмес, мен дагы Анжеликаны чын эле аяз кызга татыктуу деп айтаар элем. Анткени, башка өлкөлөрдүн жылдыздарын карап көрсөк, баардыгы супсулуу, өздөрүн карап жакшы алып жүрүшөт. Биздин ырчылардын көпчүлүгү салмактарын сакташпайт. Ошондуктан бардык жагынан алып караганда Анжелика аяз кыз болгонго жарашат.
- 2009-жыл кандай жыл болду?
- Эң башкысы мамлекет тараптан, президенттин атынан алган белегим мен үчүн күтүлбөгөн сюрприз болду. Эл үчүн иштеген эмгегим мен күтпөгөндөй болуп акталды. Мага болгон ал ишеничти он эсе аткарганга аракет кылам. Август айында да Америкада болуп өткөн фестивалга катышып, олжолуу болдум. Жакында эле 27-декабрда Муса Баетовдун жалгыз кызы мага телефон чалып: "Кагылайын балам, сен Муса атаңдын ырын ырдап жүрөсүң, үйгө келип, менден бата алып кетчи?"деген чакыруусу менен үйүнө барып батасын алып келдим. Атамдын өзүнөн бата алгандай эле болдум. Албетте, мындай нерселер мага чексиз бактылуулукту тартуулайт.

Аскат ата болду
Сахнадагы кош жылдыздардын бири ырчы, Аскат Мусабеков менен кылкыякчы, Залина Касымова ата-эне болушту. Тактап айтсак, 21-декабрь күнү эки жаш "кызыл алтын" кыздуу болушуп, небересине чоң атасы Акзыйнат деген ысымды ыйгарды. Учурда салмагы 3кг, 200 гр төрөлгөн наристенин жана апасы Залинанын ден соолугу жакшы. Ал эми ата болгон Аскат мырза, келинчеги менен кызына Жаңы жылдык белек даярдап, кудуңдап жүргөн кези.

Розаларга дагы бир Роза кошулду
"Министрдин кызынын махабаты" аттуу фильмде Зинанын ролун жараткан Роза Азимбаева шоу дүйнөгө биротоло аралашты. Бир гана кинодо, цирк дүйнөсүндө өзүнүн талантын сынабастан, эми сахнага ырдап чыгат экен. "Өнөрүң болсо өргө чап" демекчи, жакында Роза Азимбаева сөзү, Алтынбек Алымовго, обону Өктөм мырзага таандык "Өкүнүч" аттуу жаңы ырды созолонтот. Жаңы жылда жаңы ыры менен күйөрмандарын сүйүндүргөн Розага биз да ийгилик каалайлы.

Элмирбек эми бешик терметет
"Сүйүнчү, сүйүнчү!"деген жакшы кабарды ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин жакын досу бизге сүйүнчүлөдү. Себеби, төкмө акын Элмирбек мырза 25-декабрь күнү түш ченде шаарыбыздагы №4 төрөт үйүнүн алдында жүрөгү жарылганча сүйүндү. Ушул күнү келинчеги Нурзада айым агабызга балканактай уул төрөп берди. Жаңы жылдын алдында балалуу болгон акын агабыздын "Бешик боосу бек болуп, кичинекей наристесинин жана келинчегинин ден соолугу чың болсун" деген куттуктоо сөзгө "Обон" гезитинин жалпы жамааты да кошулмакчы.


Жаңы ысым
1987-жылы 2-февралда Өзбекстанда төрөлүп, Жалал-Абад областына караштуу Шамалды-Сай шаарчасында чоңойгон. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр окуу жайында "Театр жана кино" факультетинде 5-курста окуйт. Хоббиси - ар кандай трюктарды жасоо.

Сүйүналы Малабаев:
"Космос менен түз байланышым бар"
- Сүйүналы, ыр дүйнөсүнө аралашканыңа канча убакыт болду?
- Ыр менен алектенип жатканыма бир жыл болду. Өзүмдүн кесибим актёр. Искусство институтунда бешинчи курста окуп жатам. Бала кезимде ырчы болгум келгени менен мектепти аяктаганда актёрлук жакка тапшыргам. Анан бир жыл мурда айылдаш аранжировщик бала менен таанышып калып, "Жоготкум келбейт" аттуу жаңы ыр жаздыргам. Ошондон кийин кандайча ырга ыктап калганымды өзүм деле түшүнбөй калдым.
- Музыкалык билим алдың беле?
- Ачыгын айтсам менде музыкалык билим жок. Азыр болбосо дагы кийинчерээк музыкадан билим алам деген оюм бар. Анткени, башында актёрлукту биринчи орунга, ал эми ырчылыкты хобби катары көрсөм, азыр экөөнү тең бирдей жоопкерчилик менен карап калдым. Музыкалык билимим болбосо дагы талыкпаган эмгектин аркасында жаңы үч ырды жаздырып бүттүм. Буюрса, жаңы жылдан кийин репертуарымды жаңы ырлар менен толуктайм.
- Башка ырчылардан өзгөчөлөнүп чачыңды атайын тасырайтып алдырып салдың беле?
- Эгер мага убагында кеңешин берген адамдар болбогондо өзгөчөлүк эмне экенин билбейт болчумун. Шоу дүйнөдөгү белгилүү продюсердин жардамы менен сахнага өзгөчө стиль "Лысый" чач менен чыгууну туура көрдүм. Менин космос менен да түз байланышым бар. Бул тууралуу кийинчерээк айтып берем. Азырынча сыр бойдон калсын.
- Продюсер менен иштейин деген оюң барбы?
- Продюсер менен иштешейин деген деле оюм жок. Себеби, менин мүнөзүм оор, ачуум бат келет. Бир жолу белгилүү продюсерлердин бири менен иштешпей жатып эле, ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кеткен. Ойлоп көрсөм, мен эркиндикти көбүрөөк жакшы көрөт экенмин. Өзүңө-өзүң ишенип, ар нерсенин өз жолун билсең, ийгилик жаралат деп ойлойм.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы жылыңыздар менен!
2-бет
"Убагында контрабанданы таштабасам, балким, чоң бизнесмен болмокмун"
3-бет
Кайсы ай эмнеси менен эсиңизде калды?
4-бет
Жаңы жылда жалгаган кызыктар
5-бет
2010-жылды орус жылдыздары кандай тосушат?
6-бет
Улуулар унутулбайт...
7-бет
Абак артында…
8-бет
Аскат ата болду
9-бет
2009-жылы уй жылында...
10-бет
Майрам төр
11-бет
2010-жылы
сизди эмне күтөт?

12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Жаңы жылда
сулуу болгуңуз келсе…

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Бизге мактоолор да, сын-пикирлер да айтылат"










??.??