п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саламат плюс

Кимге кандай дарт мүнөздүү?
Адам болгондон кийин дарты жок, оорубаган жан болбосо керек. Ар бирөөбүз эле өзүбүзгө тиешелүү оорулардан жапа чегип келебиз. Ким кайсы жылдыз белгисинин алдында төрөлсө, ошого мүнөздүү ооруларды талдап, карап чыктык. Көз жүгүртүп көрүңүз, балким сиздин учурда бир жериңиз ооруп дартка даба таба албай жатсаңыз, төмөнкү макаланын пайдасы тийип калаар.


Кой жылдызы:
Бул жылдыздын астында төрөлгөндөрдүн ден соолугу табиятынан чың болгону менен тилекке каршы көпчүлүгү ден соолугуна кам көрө алышпайт. Кой жылдызындагылардын талуу жери-башы. Ошондон улам жайкысын башына бат күн өтүп, кышкысын баштын тамырлары көп ооруйт. Баш менен бет өзгөчө сезимтал болгондуктан көбүрөөк жаракат алуулары мүмкүн. Өзүңүздү сакташ үчүн болоор-болбос нерсеге нервиңизди коротпой, жан-дүйнөңүздүн тынчтыгын биринчи орунга коюңуз. Андан соң тамактанууну күчөтүп, иммунитетти көтөргөнгө аракет кылыңыз.

Букачар:
Букачарлардын талуу жери-тамагы, ичеги-карындары. Көптөгөн оорулар тамагынын сезгенишинен башталат. Эң негизгиси тамакка жакшылап кам көрүп, өтө муздак же ысык суусундуктарды ичүүдөн алыс болуңуз. Букачарлардын көбү тамакты түрү менен жегенди жакшы көрүп, аз кыймылдагандыктан толуп кетүү коркунучу көп туулат. Өзүн жакшы сезип, сергек жүрүш үчүн букачарлар көбүрөөк кыймылдап, дене тарбия менен машыгышы керек. Канчалык көп кыймылда болсоңуз ден соолугуңуз ошончолук чың болот.

Эгиздер:
Бул жылдыздардын өкүлдөрүнүн ден соолугу бала кезинен жабыркап, көбүнчө психологиялык ооруларга көп туш болот. Өзүнө-өзү ишенбөөчүлүк эгиздердин иммунитетинин алсызданышына, бат чарчашына алып келет. Көпчүлүк убакта стресс болуп, эмоцияга бат алдырышкандыктан териси аллергияга көп чалдыгат. Ар кандай тамак-аштан, дары-дармектен организми сезгенип турат. Эң негизгиси фосфор менен кальций витаминдерине бай азыктарга басым жасап, таза абага чыгып, тынч уйкуну көздөңүз.

Бөйөн:
Бөйөндөр эгиздер сыяктуу эле эмоцияга бат алдырышып, сезимтал болушат. Булар сасык тумоого бат-баттан чалдыгышып, тамак (ангина ) оорусуна көп кабылышат. Тынчы жок дайыма алып-учуп жүрүшкөндүктөн, ашказан жарасы да пайда болушу мүмкүн. Бөйөндөргө суюктукту көп ичүү сунушталбайт, мындан сырткары майлуу тамактарды, кумшекери, крахмалы көп азыктарды колдонуу сунушталбайт. Сизге керектүү эң негизги кеңеш-майда-барат нерселерге тынчсызданбай өзүңүздү колго алганды үйрөнүңүз. Себеби- сиздин жан-дүйнөңүздүн тынчтыгы түздөн-түз жүрөк, муун ооруларына байланыштуу.

Арстан:
Арстандар биринчи кезекте омурткаларын, жүрөк кан тамырларын сакташ керек. Статистика боюнча дал ушул жылдыздын астында төрөлгөндөр инфарктка көп чалдыгышат. Жүрөгүңүздүн кагышын бир калыпта сактоо үчүн буудайдын данынан жасалган боткону көп жеңиз. Буудай- жүрөктүн иштешин жакшырткан, калийге бай азык. Мындан сырткары бадыраңдын ширеси, грек жаңгагын күнүмдүк тамактанууңузга аралаштырыңыз. Дене тарбиядан болсо, тоону беттеп чуркасаңыз ашыкча салмак коштурбай жакшы жардам берет.

Бийкеч:
Бийкечтер өзүнө караганда өзгөлөрдүн ден соолугуна көп көңүл буруп,өзүнүн ден соолугу солгундаса да камырабай жүрө беришет. Бийкечтердин талуу жери- ичегилери менен ашказаны. Азыктарды тандоодо майлуулугу аз, сиңиргенге оңой боло турганын тандаңыз. Бийкечтердин териси өтө сезимтал болгондуктан бат-баттан түлөп, болоор-болбос нерселерге аллергия боло берет. Мындай жагымсыздыктардын алдын алыш үчүн өтө ачуу, майлуу тамактарды жебеңиз.

Тараза:
Таразалар бөйрөк жана омуртка оорусунан жапа чегишет. Экзотикалык тамак-аштарга ыктап, соустарды, ачуу тамактарды көп колдонгон таразалар суусундукту көп ичип бөйрөккө күч келтиришет. Сыртынан телегейи тегиз бактылуу көрүнгөнү менен таразалардын көбү ичинен сызып, ден соолугунун азабын көп тартышат. Бул жылдыздарга жаратылыштын койнунда, жакшы атмосферада эс алган пайдалуу.

Чаян:
Чаяндар өздөрүнө ооруну ар нерсени ойлоп, санаага батып жатып чакырып алышат. Чаяндардын буттун тамырлары, мурун көңдөйү, омурткалары көп ооруйт. Ар түрдүү инфекциялык ооруларды жуктуруп алганга да эптүү болушат. Колдонгон азыктардын ичинде сөзсүз түрдө жер-жемиш (капуста, редиска, кара алча, кара өрүк) болуш керек. Аталган азыктар жугуштуу инфекцияларды жуктурбоого, аларды алдын алууга жардам берет.

Жаачы:
Жаачылардын эң негизги органы-боору. Жаачылар туздалган тамактарды жанындай көрүп, аларсыз тамактанышпайт. Туздуу тамак эртели-кеч боор оорусуна алып келет. Боор ооруну алдын алгыңыз келсе ачуу тамактардан азыртадан баш тартыңыз. Эгер ачуу азыктарды жегиңиз келип жатса таттуу кызыл калемпир менен чектелсеңиз болот. Жумуртканын сарысы, кара карагат да жакшы жыйынтык берет.

Текечер:
Текечерлердин эң алсыз жери -тиши менен сөөктөрү. Сөөктү бекемдетүү үчүн жаңгак, банан, буурчак сыяктуу азыктар жардам берет. Текечерлер тамакты жакшы сиңире албагандыктан майлуу, ачуу тамактардын ордун белок менен темирге бай азыктарга алмаштырыңыз. Текечерлер күнгө көп кактанып, тоонун абасына чыкса жакшы жыйынтык берет. Организмди бир калыпта кармаш үчүн витаминдерди көп жеп, массаж жасатып турган пайдалуу.

Суупери:
Муун оорулар, кан басымдын жогорулашы сууперилерге мүнөздүү. Ошондуктан В жана Е витаминдерине бай азыктарды колдонуңуз. Аба алмашууну башынан оор кечиришип, кан басымы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп сууперилер азапты жакшы эле тартышат. Бул тоскоолдукту жеңүү үчүн бат-баттан аба алмаштырып, жер которуп турган пайдалуу.

Балык:
Балыктар чын тийбес келишип, бир жери кичине ооруса трагедия кылып айланадагыларын кошо түйшүккө салат. Балыктардын эң негизги көйгөйү - иммунитетинин алсыздыгы. Көптөгөн оорулар ушундан улам козголуп, иммунитет алсыз болгон үчүн микробдор менен күрөшө албайт. Андан сырткары балыктар бутуна, таманына көп көңүл бурганы оң, себеби, бут оорусу бара-бара варикозго алып келиши мүмкүн. Варикоздун алдын алыш үчүн бутту деңиз тузуна, дары чөптөрдүн тундурмасына салып, таманыңызды дайым кургак, жылуу-жумшак алып жүрүңүз.

А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??