п»ї

Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"
Кирип келген Жаңы жылда жаш ырчы Бегимай Карабаеваны маекке тартып, жеке жашоосундагы жаңылыктары, чыгармачылыгындагы жетишкендиктери деги эле өзү жөнүндө сурап, сыр бөлүштүк.

- Бегимай, 2010-Жаңы жылды кантип, кимдер менен тостуң?
- Жаңы жылды быйыл Бишкектен тостум. Анткени, жолдун алыстыгынан Баткенге баралбай калдым. Саат он экиге чейин бир туугандарым менен бирге болуп, он экиден кийин досторума жолуктум. Апамды телефон чалып куттуктадым. Атама болсо интернеттен куттуктоо жөнөттүм.
- Эмнеге атаңды интернет аркылуу куттуктадың?
- Атам аскер кызматкери, учурда Москвада иштейт. Башында атамды сагынып телефон менен сүйлөшкөндө ыйлай берчүмүн. Азыр эми чоңоюп калбадымбы. Интернеттен бат-бат кат жазып турам. Ал эми апамды сагынганда эле Баткенди көздөй жөнөйм. Апамдын Баткен шаарында өзүнүн чакан бизнеси бар. Ал жакта жашайт. А мен иним менен Бишкекте чогуу турам.
- Сага демөөрчү болгон ата-энең экен да?
- Ооба. Менин чыгармачылыгыма жардам берип, демөөрчүлүк кылган атам менен апам, анан бир туугандарым. Өзүм байлыкка көп деле кызыкпайм. Мен ойлойм, эгер чыгармачылыгыңда ийгиликтер жаралып, эл колдоп турса андан өткөн демөөрчү жок болсо керек.
- Азыр жаш ырчы кыздардын көбү машина айдап, же болбосо жетээр жерине чейин акчасы жок болсо да намыс үчүн таксиге олтуруп калышпадыбы?..
- Мен дагы машина айдаганга абдан кызыгам. Бирок учурда машинам жок. Эл менен чогуу коомдук транспорттордо эле жүрөм. Мен жөө жүргөндөн намыстанбайм. Акчага да бекем эмесмин. Акчалуу болсом эле базарга жөнөп калам. Эмнегедир апама белек бергенди жакшы көрөм.
- 2009-жылдын аягында эл алдына көп чыкпай, көрүнбөй кеттиң эле. Тыныгуу кылдыңбы?
- Ошондой десем да болот. Бирок, биз чыгармачыл адамдар эл алдына чыкпаганыбыз менен баары бир жаңы ырларды жаздыруу, клип тартуунун үстүндө болобуз. Чынында шаарда болуп жаткан концерттерге катышкан деле жокмун. Бирок, ырларым радиолордон кетип, жеке концертимди киндик кан тамган жерим Баткен шаарына бергенге үлгүрдүм. Буюрса Жаңы жылда дагы жаңы ырларды жаздырып, жаңы стиль, жаңы клип менен иштейин деп жатам.
- А окууңа кантип жетишип жатасың?
- Мен азыр Ош мамлекеттик окуу жайынын бажы тармагында сырттан окуйм. Быйыл 5-курстун студентимин. Сырттан окуйт десе эле акча берип, сабактарга катышпайт деп ойлошот болуш керек. Менде андай жок. Сессия учурунда сабактарымды калтырбаганга аракет кылам. Мугалимдерим, бирге окуган группалаштарым мени менен сыймыктанышат. Алардын той-топурларына, кечелерине барып ырдап берем. Мугалимдерим мени колдоп, дайыма мага жардам беришет. Мен да аларды уят кылбаганга болгон аракетимдм жумшайм.
- "Сулууга суктанбаган жан жоктур" дегендей, сага да ашык болгон жигиттер көп болсо керек?
- Мени жактырып, торлоруна илгиси келип, сөз айткан жигиттер бар. Бирок, сүйлөшкөн жигитим жок. Жүрөгүмдүн ачкычын эч ким таба элек дебейинби.
Ар бир кыз эне болгусу келет. "Кыздын бараар жери күйөө" дегендей, мен дагы шоу бизнесте ийгилик жаратып, окуумду бүтүп анан турмушка чыгам деп кыялданам. Ошон үчүн өзүмдүн келечегимди курууда ойлонуп-толгонуп жети өлчөп бир кеским келет.
- Жүрөгүңдүн ачкычын мырзалар кантип тапса болот?
- Азыр сөзүнө турган жигиттер аз деп ойлойм. Мага мактанчаак, эки сүйлөгөн, ата-энесинин байлыгына чиренген мырзалар таптакыр жакпайт. Анан өтө сулуу жигиттер менен мамиле кургум келбейт. Анткени, "Сулуу эркек баарыныкы" деп коёт го. Болочоктогу күйөөмдүн өтө сулуу болушун каалабайм. Ал үчүн сарсанаа болуп, кыйналгым келбейт.
- Сулуу жигиттерден көңүлүң калган окшойт?
- Чынын айтсам, көңүлүм калган. Андан көрө өзүнүн ишин так билген, чечкиндүү, тазалыкты сүйгөн мырзалар жүрөгүмдүн ээси боло алат.
- Жигиттерди го сындадык. А өзүңдүн келин болгонуңду кантип элестетесиң?
- (Күлүп) Ооу, мен жакшы келин болом деп өзүмө ишенем. Кыргызстандын кайсы жерине келин болуп барбайын, эч убакта өкүнбөйм. Айылда жер үйдө эле жашап, сырттын да, үйдүн да жумушун кылып чоңойгон кызмын. Кээде олтуруп, "Менин кайненем ким болсо дагы, жасаган ишимди көрүп сүйүнөт болуш керек"деп өзүмчө бактылуу болуп алам. Болгону пол жууганды жаман көрөм. (Күлүп)Бирок, айла жок аны деле жууйсуң да.
- Ачык-айрым мүнөзүң кимди тартты эле?
- Атама мурунумдан башкасы: оозум, каштарым, көздөрүм анан кекчил мүнөзүм куюп койгондой окшош болсо, ачык-айрым, бетке айткан жагынан апамды жазбай тартыптырмын. Тулку боюмду, баскан-турган кыймылымды көрүшүп "Чоң энесинин эле өзү" деп күлүп калышат. Кыскасы, атам менен апамдын ортосунан чыккан бактылуу кыз экенмин да...
- Эми сөздү кайра чыгармачылыкка буралы. Сахналашың Мирбек Иманбеков экөөңөр ага-карындаштай эле жакын мамиледе болуп калсаңар керек?
- Албетте. Мирбекти мен өзүмдүн байкемдей көрөм. Бир туугандай эле болуп калдык. Алгачкы жолу чоң сахнага да Мирбек Иманбековдун жеке концертинде ырдап чыккам. Ал экөөбүздү бир туугандай жакындатып, ынтымакташтырып, чоң сахнага жетелеген продюсерибиз, Асыл Апасова. Чынында Асыл эже бизди өз балдарындай эле көрөт. "Кызга кырк үйдөн тыюу"дегендей, тартипти да бекем кармайт. Мен ооруп калсам, мени менен кошо ооруйт. Сүйүнсөм чогуу сүйүнөбүз дегендей.
- Үчөөңөрдүн ортоңордо болгон кызыктуу окуялар болсо керек?
- Бир жолу кыздар менен туулган күнгө бармай болдук. Курбу кызым менин үйүмө келип анан экөөбүз чогуу чыкмакпыз. Курбум кечигип баштаганда "Эй, эртерээк келбейсиңби, аябай жасанып кийинип жатасыңбы? Болбойсуңбу батыраак?"деп, телефонуна смс жазып жибердим. Бир маалда "доставлено" деген "отчётту" карасам, Асыл Апасова деп турат. Жүрөгүм түшүп калды. "Ий, эми мени тилдейт го"деп, "Кечирип коюңузчу, Асыл эже. Дос кызыма жиберем деп сиздин номерди терип алыптырмын"деп Асыл эжеге кайра жөнөтсөм, "Ой, эч нерсе болбойт. Түшүнөм" деген жооп келгенде аябай сүйүнгөм. А Мирбек менен кээде тамашалашып калам. Ал менин бийлегенимди туурап, боорумду эзет. Мен болсо анын сахнада ырдап жаткандагы кол жаңсоолорун, дайыма жасаган адаттарын туурайм. Мирбек сахнанын босогосун менден биринчи аттагандыктан, мага кеп-кеңешин көп айтат, ар убак жардамын да аябайт.
- Байкасам, аябай арыктап алыптырсың. Атайын арыктоонун эрежелерин колдонуп жатасыңбы?
- Жо-ок. Арыктайын деп "диета"деле кармаган жокмун. Сиз айткандай жолуккан адамдардын баары эле "Эмне арыктап кеткенсиң?" деп сурап жатышат. Бирок, мен тескерисинче, каалаган тамагымды, өзгөчө камыр тамактарды көп жеп жатам. Мен семирсем, дароо бетим семирет. Ошон үчүн бир чети семирбей деле койсом болот деп койбоюнбу.
- Сени көбүнчө гастролдо жүрөт деп угабыз. Гастролдо жүрүп кыйынчылыктарды сезесиңби же тескерисинче ырахат аласыңбы?
- Башкалар кандай ойдо экенин билбейм. Менин оюмча гастролдун кыйынчылыгы да, ырахат ала турган жагы да бар. Алыскы айылдарда жашаган күйөрмандарыбызга концерт берип, жагымдуу маанай тартуулагандын өзү ырахат. Бирок, ошол эле учурда кыйынчылыктар да, көңүл калуулар да көп болот. Концерт коюп бүткөндөн кийин кайсы айыл болбосун "мен айылдын атаманымын" деген төрт-беш бала келип тартипсиз, шоктугун көрсөтүп, ар нерсени кылышат. Таш ыргытып, кыйкырып-өкүрүп, керек болсо "Силер биздин аба менен дем алып ырдап жатасыңар. Жуткан абаңарга акча төлөгүлө"деп "За воздух" акча сураган жигиттер бар. Эмне үчүн кыргыздын патриот мырзалары мындай жорукка барышат деп таң каласың.
- Ал эми бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
- Мен кикбокска абдан кызыгам. Менин спорттогу кумирим, кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев. Бош болгондо дароо машыгуу залына жөнөйм. Өзүм арык болсом дагы мээлей кийип алып, болгон күчүм менен "грушаны" соккулап калам. Андан сырткары тил үйрөнөйүн деп англис, түрк тилине атайын курстарга барайын деп жатам. Анткени, Түркиядан айымдардын кийимдерин, саркеч буюмдарын алып келип, чакан бутик ачайын деген да пландарым бар.
Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??