Кат куржун

"Ударный" ушактар
Шакирти устатына: ушак укса аны кайталап бирөөгө айткан адаты бар экенин жашырбай айтат. Анда устаты айткан экен: - Кайталаган күнөө эмес, башкысы- өзүң кошпосоң болду.

(Элдик казынадан)



- Саламатсыңарбы "Обон" гезити жана журналисттер! Мага бир суроого жооп алып бере аласыңарбы? Абдан кызык болуп жатат. Ырчы кыз Айгүл Чалова акыркы күндөрү аябай ачылып кетти эле го. Анын баары жигитинин "заслугасы" экенин өзү деле жашырбай гезит беттерине маек берип жүрбөдүбү. Эми ошол жигити Айгүл менен эки тарапка кетишип, ага сатып берген баалуу "Джип" машинесинен баштап, үстүндөгү шуба, колундагы соткасынан бери тартып алганы чынбы?

Кайыргүл, Кара-Балта.
Айгүл Чалова:
"Ооба, мен бердим, ал алды!"
- Экөөбүздүн мамилебиз келишпей эки жакка кеткенибиз чын. Ал менен урушуп кеткенде "Мага машинеңдин кереги жок" деп берип салгам. Машиненин ичинде толтура эле буюмдар бар болчу. Ал алгандан уялбаса, мен бергенден эмнеге уялмак элем. Негизи урушкан сайын машинени алып, жарашканда кайра берип, бул ага көнүмүш эле болуп калган. Ал эмес колумдагы соткадан бери кайра алып алганда мен таң калган жокмун. Башкалар деле таң калбай эле койсун.

Икая
"Жүрөктү аягыла!"
Бир айылга бир акылман адам келип, байыр алып жашап калыптыр. Ал кичинекей балдарды жакшы көргөндүктөн, алар менен көп убактысын өткөрүп, дайыма белек берип турчу экен. Бирок, берген белеги негедир бат сынып кала турган оюнчуктар. Кичинекей балдар оюнчуктарын бат эле сындырып алышып, ыйлаганын коюшпайт. Тиги адам кайра сатып бергенин койбойт. Бирок, белеги мурункудан да бат сынып кала тургандар. Бир курдай балдардын ата-энелери чыдабай, чогулуп келишип: - Сен ушунчалык акылдуусуң, биздин балдарыбызга да жакшылык гана тилейсиң. Сен аларга сонун, кооз оюнчуктарды белек кыласың, бирок алар көпкө ойногонго жетпейт, бат эле сынып калат. Муну балдарыбызды ыйлатканы атайын кыласыңбы? - дешип таарынышат. Мезгил өтөт-деп күлүп, акылман сөзүн улантат. "Бир күнү ушул балдардын ар бирөөсүнө кимдир бирөө өз жүрөгүн тартуулашат. Ошол баалуу белекти сындырып-бүлүндүрүп албасын деп, эмитен колдонгонду үйрөтүп жатам".


- "Обон"! "Сахнада да жашоодо да жакын курбуларданбыз, ай сайын шерине ойнойбуз" -деп бири- бирин, биринен- бири өтүп мактап жүрүшкөн сегиз курбу кыздын (Жайнагүл Калчаева, Салима Балтаева, Дилшат Кангелдиева, Гүлбүбү Иманалиева, Орозгүл Токторбаева, Нуриса Абазова, Айчүрөк Султанова, Гүлзат Байзакова) экөөсүн көрбөй калдык. Акыркы тартылган клиптерде, теле- көрсөтүүлөрдө Орозгүл менен Гүлбүбү такыр эле жок. Мен "Орозгүлдү белгилүү чиновник жолдошу чыгарбай коюптур, ал эми Гүлбүбүнү курбулары өздөрү "жүрүм-туруму" үчүн чыгарып жиберишиптир" -деген каңшаар кеп уктум. Эми ошол чынбы же…?
Тамара, Бишкек
Дилшат Кангелдиева:
"Орозгүл чоң-чоң концерттерге гана катышат, Гүлбүбү болсо… "
- Эми Орозгүл "уважительный" себептер менен чыкпай жүрөт. Бирок, мамлекеттик жана өкмөттүк чоң-чоң концерттерге катышып, ырдап турмакчы. Жаңы-жылдын алдында телевидение уюштурган "Жыл жаңырыгы" концертине деле катышмак, ошол учурда мүмкүнчүлүгү болбой калды. Биз ал менен дагы деле курбуларданбыз, шеринебиз уланып жатат.
Ал эми Гүлбүбү үй-бүлөлүк бир себептерге байланыштуу биз менен бирге чыкпай калды. Ал биз менен деле эмес, азыр өзүнчө дагы ырдабай эле жүрөт.

- Ырчы Бека акыркы күндөрү такыр эле көрүнбөй калды. Ал "наркотик колдонот" экен деген ушак чын эмеспи? Өзүнөн эле сурап көргүлөчү?
Темир, Азат, Бишкектен
Бека:
"Наркотикти 99% эркектер колдонот"
- Кыргызстанда 99% эркек наркотик колдонот. Ата-бабабыз колдонуп келаткан нерсени эмне менден кайра сурап жатышат. Ошол балдар өздөрү деле колдонот болуш керек. Эгерде түгөнүп калса мага келишсин.


- Мен сүйүктүү ырчым Азизага кайрылам: "Азиза, сен жөнүндө көп сөз уктум. Анын канчасы чын, канчасы калп билбейм. Өзүң жөнүндө ырчы курбуларың, бир туугандарың жөнүндө айткан сырларыңды өзүңдүн курбуң Зумраттан уктум. Сени өзүңдөн улуу киши менен жүрөт дейт. Ал өзү деле үй-бүлөлүү киши менен жүрчү эмес беле? Аял киши болгондон кийин айткан сырлар ичте эле калса болмок беле? Ийгилик сага!
Айгүл, Бишкек
Азиза:
"Менин Зумрат эмес,
Зита деген курбум бар"
- Менин Зумрат деген курбу кызым жок. Ошол СМС жазып жиберген Айгүл деген кыз менин өзүм менен байланышса жакшы болмок, өзүнөн сурайт элем: "Кайсы Зумрат?" -деп. (Ойлонуп…) З тамгасынан башталган Зита деген курбум бар. Ал экөөбүз бармактайыбыздан чогуу чоңойгонбуз. Бала-бакчага чогуу барып, бир партада отуруп окуганбыз. Анын беш маал намаз окуган жакшы күйөөсү бар. Ал мен тууралуу ушак айтпайт деп 200 % кепилдик бере алам.


Икая
"Жакшылык унутулбайт"
Эң жакын эки дос узак сапарга жөө кетип баратышып, уруша кетишет. Бири экинчисин жаакка тартып жиберет. Ал унчукпастан кумдун бетине: "Бүгүн менин эң жакын досум жаакка чаап, таарынтты"-деп жазат. Андан ары жол улаган эки дос оазиске туш болушат. Сууга бир чайынып алууну көздөшкөн эки дос, эки башка тарапка түшүшөт. Бир убакта жанагы жаакка жеген досу сууга чөгүп баратканын көргөн берки досу, аны өлүмдөн сактап калат. Эсине келген досу дагы унчукпастан, таштын бетине чегип: "Бүгүн менин эң жакын досум, мени бир өлүмдөн алып калды"- деп жазат. Таң калган досу: "Эмнеге сен менин жаакка чапканымды кум бетине жазып, ал эми суудан чыгарганымды таш бетине чегип жаздың?"- деп сурайт. Анда досу "Таарынычты кум бетинен шамал учуруп кетет, ал эми ташка чегилген жакшылыкты эч ким өчүрө албайт"-деген экен.

Э.Мадиева