п»ї
 Таанышуу жарыясы


  мына сага!

Интернетке президент Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош Сулейман Гинлей жөнүндө маалымат жарык көргөн. Дунган улутундагы бул адам Казакстан сыналгысы аркылуу өзүн кыргыз президентине өтө окшош экендигин сыймыктануу менен жарыя кылган болчу.
Бирок бул маалымат жөнөкөй бир тамашадан чыгып кеткенин айтат.

Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош
улейман Гинлей
- Көчөдө кетип баратсам же базарга барсам "Ой, Курманбек Салиевич кандайсыз" дешет. Кээде МАИ кызматкерлери да машинамды токтотушуп, бирок президентке окшош экенсиз деп күлүп кетирип жиберген учурлар болот. Ушундан улам бир күнү жакын досум кандайдыр бир тандоо туурасындагы жарыяны алып келди. Анда өлкө башчыларына окшош адамдарга тандоо жүрүп жатат деген маалымат жазылыптыр. Сен ушуга катыш, биз да кинодон сени көрүп калалы деп тамашалады.
Чынында өткөн жылдын октябрь айында режиссёр Эрнист Абдыжапаров Орусия менен биргелешкен кинону тартуу үчүн Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өңдүү мамлекеттердин башчыларына окшош адамдарга тандоо жарыялаган. Бирок Сулейман Гинлей ал тандоого барган деле эмес. Болгону мындай маалыматты уккан. Казакстандын телеканалынын журналисттери Сулейман Гинлейге кайрылып, маек берүүсүн суранышкан.
- Мен алгачкы кайрылууларга макул болгон эмесмин. Бирок, КТКнын журналисттери улам-улам чалганынан жолугууга макул болдум. Алар менден кайда иштегеним, кайсы окуу жайды аяктаганым туурасында гана сурашкан. Анан албетте, тамаша ирээтинде менин өлкө башчысына окшош экеним туурасында айтышкан болчу. Мен да тамашалап жооп бергем. Мынчалык дүрбөлөң болуп, "К. Бакиевге окшош адам" деген атка конуп калаарымды чынында күткөн эмесмин. Азыр ММКга маек бергенден коркуп калдым. Тамашаны чынга айлантып жибергендерге өзүм да түшүнбөй турам.
Интернет окурмандарын дүрбөлөңгө салган Чүй аймагынын тургуну Сулейман Гинлейдин айтымына караганда, аны жакын достору менен айылдаштары "Курманбек Салиевич" деп көп тамашага салышат.
Интернет сайттары "Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош" деп жазып чыккан Сулейман Гинлей 1958-жылы Казакстанда төрөлүп, Кыргызстандын Нарын аймагында чоңойгон. Чоң апасы кыргыз болгон. Учурда Чүйдүн Ивановка айылында жашайт. Айылдык, райондук кеңештерге депутат жана жеке ишкер.
"Азаттык"
сайтынан алынды




  Он собол

Кайсы белгилүү инсанга окшошкуңуз келет?
Айжан, студент:
Мен голливуд жылдызы, актриса Джессика Альбага окшошкум келет. Себеби, анын сулуулугу, аткаруучулук чеберчилиги мага абдан жагат.
Айзада, үй кожейкеси:
Өзбек ырчысы Шахзодага окшошсом деп тилек кылчумун. Мага мээримдүү, ажарлуу айым катары жагат. Чачынын жасалгасы, өзгөчө көкүлү адамды өзүнө тартып турат.
Гүлиза, үй кожейкеси:
Мен вице-спикер Чолпон Баековадай болгум келет. Бардык жагынан төп келген, мээримдүү, сулуу, акылдуу анан колунан мыкты иш келген күчтүү айым.
Элиза, студент:
Мага телеалыпаруучу Лунара Мамытованын сүйлөгөнү, өзүн алып жүргөнү, модалуу кийингени жагат. Лунарадай сулуу, эл тааныган айым болсом деп кыялданам.
Рысбек, мугалим:
Генерал Өмүрбек Субаналиевдин адамдык бийик сапатын, чынчылдыгын, акыйкатчылдыгын, эл үчүн тикеден-тик туруп иштегендигин сыйлап, мен дагы ал инсанга окшошкум келет.
Касымбек, сатуучу:
Ырчы Бек Борбиевди кумир тутам. Анын ырларын угуп өзүнчө кубат алам. Бектин мүнөзү да абдан жагат. Мен ага окшошконго аябай аракет кылам.
Назгүл, лаборант:
Ырчы Неля ар дайым өзүн бактылуу сезет. Мээримдүү эне, сүйкүмдүү ырчы экенин көргөндө өзүмдү Неляга окшоштургум келип кетет. Анын боёнгондору, кийингени да жарашыктуу.
Динара, чач тарач:
Өзүм чач тарачта иштегендиктен көп ырчылар менин кызматымдан пайдаланып кетишет. Алардын арасынан Гүлнур Сатылганованын сырткы келбетин, чач жасалгасын жактырам. Кээде аны туурап боёнгонго аракет кылам.
Султан, студент:
Россиянын мурунку президенти Владимир Путиндей белгилүү инсан болгум келет. Эл үчүн мыкты кызмат аткарып, патриот болгону жагат. Аны менен жолугуп, кол алышкым келет.
Айдана, окуучу:
Мен алыпбаруучу болгум келет. Чоңойгондо журналистика факультетине тапшырам. Назира Айтбековадай тыпылдап сүйлөгүм келет. Назира эжеге жолугуп кол тамга алсам, аны эстеликке катып коймокмун.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??