п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жашоо деген ар кандай...

"Байдын кызын - бай алат"
"Ата-энеңди көзү барда сыйлай жүр" демекчи ата-эненин баркын билбей, кагып-силкип, алардын тилин албай жүргөндөр канча? Ал эми ата-энесинен эрте калып, өз киндигин өзү кесип, татаал тагдырга баш ийип, эптеп жан сактап, бирок жаман жолго түшүп кетпей күн көрүп жүргөндөрдү көрүп алып ыраазы болосуң. Биз сөз кыла турган Миңдилде апа да ата-энесинен эрте жетим калып, башынан оор тагдырды өткөргөнү аз келгенсип, ушул учурда кичинекей бөлмөдө сүйлөбөгөн кыз-күйөөсү жана эки небереси менен жараткандын бергенине ыраазы болуп күн көрүп жашап келет.


Энемден эрте жетим калдым
Мен Чүйдүн кызы болом. Мен туулган район мурун Сокулук району эле азыр Беловодский району аталып калды. Ошол жерде чоңойдум. Мен жети жашымда беш айлык иним экөөбүз энемден ажырадык. Атам ишке кетет. Жумуштан келип, бээ саап, уй саап, үй иштери менен бирге эшиктикин кошо жасап жүрөт. Энем өлгөндөн кийин беш айлык баланы багуу менин мойнума жүктөлдү. Күндүз бешигин терметип жатып аны он жолу жыгып, он жолу тургузуп, байкуш инимдин оозуна муздак сүт куюп, эптеп бөбөгүмдү багуунун аракетин кылам. Ошентип ал жылы мектепке бара албай калдым. Атам менин баланы бага албай жатканымды көрүп алып ыйлайт. Биздин айылда мени менен курдаш бир кыз:

Сокулук суусун бойлогом,
Гүлпарышып ойногом.
Аскерге кеткен атакем ай!
Аман-эсен келсе экен! - деп кыңылдап ырдаса, мен кирем:
Энеси бар кыздардын,
Ак куржуну толгон пул болот.
Энеси жок шордуунун,
Акылы толгон муң болот! - деп ырдап калсам атам угуп калып, "Балам, эмне деп ырдап жатасың?" деп ойго батып калаар эле. А атамдан болсо он төрт жашымда калдым.
Италиянын Санта Лючиясын созуп калдым
1957-жылы Бүткүл союздук фестиваль болуп, "Санта Лючия" деген Италиянын ырын үйрөнүп алып, ырдап чыктым. Ал кезде кездеме фабрикада иштеп жүргөн элек. (Азыр "Илбирс" болуп калбадыбы.) Ошол убакта ырдаган кыргыз кыздары абдан аз эле. Ошол жылы күзүндө Опера жана балет театрында вокал-хор студиясы ачылып калды. М.Абдраевдин "Жалыныңа күйөм" деген ырын кароо-сынакта ырдап чыктым. Кароо - сынактын калыстары жакшы ырдаганым үчүн мактоо баракчасын беришти. Келерки жылы күзүндө М.Күреңкеевге окууга барасың дешти. Маданият министри Күлүпа Кондучалова "Ушул кызды окутабыз. Бул кыз биздин келечегибиз!" деди. Мени менен кароого катышкан кыздардын көпчүлүгү онунчу классты бүтүп келишиптир. Мен өзүмчө жаман болуп, алардан өзүмдү пас сезип турдум.

Кыргыздын чыгаан адамдарынан сабак алдым
Кароодон өтүп Опера жана балет театрынан кыргыздын чыгаан адамдарынан сабак алдык. Абдылас Малдыбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Насыр Давлесов сыяктуу алп адамдар үч жылда бериле турган сабакты бир жылдын ичинде окуп үйрөтүштү. Бир жылдын ичинде 4-5 опера даярдадык. Ошол учурда индиянын "Бродяга" деген киносу чыгып, түнү менен андагы актрисалардын бийлегенин-ырдаганын туурай берээр элем. Бир жыл окуп бүткөн соң көптөгөн кыздар кулап, калганыбызды Москвага даярдай башташты. "Айчүрөк", "Токтогул", "Ажал ордунаны" даярдап Москвага бардык.

Кызым майып төрөлүп калды
Ошентип Опера жана балет театрында ырдап жүрүп турмушка чыктым. Беш кыз, эки эркектин энеси болдум. Балдарым азыр орточо турушат. Кыздарымдын төртүнчүсү Гүлмираны жети айлык кылып төрөдүм. Доктурлар кичинекей баланын организмин билишет экен да. Көптөрү "абдан чымыр денелүү кыз экен" деп менин наристеме суктанып жүрүштү. Кулагынын укпай калганын бир жашка чыкканында гана билдим. Менин улуу кыздарым сегиз ай болгондо эле "ата, апа" деп кичинеден сүйлөп калышчу. Гуля бир жашка чыкса да сүйлөбөй жатканын байкап, невропотологго алып бардым. Доктур "Бишкектеги логопедге алып бар. Шаарда кереңдердин, көзү көрбөгөндөрдүн атайын мектеби бар, ошол жакка алып барып көр" деди. Кызымды ошол мектепке алып бардым. Ал жактагы бир аял кызымдын кулагына аппаратын кийгизе коюп, " Гуля" десе, кызым аны карап калды. "Апа дечи?" десе акырын "Апа" деп койду. Мен кызымды карап ыйлап жиберсем, "Мамаша, ыйлабагын, бардыгы жакшы болот. Буюрса кызыңыз супсулуу, акылдуу, жакшы келин болот" деп мени сооротуп кирди.

Кызым кыргызча билбейт
Ошентип кызым ал жакта окуп калды. Мектептин мугалимдери "Тили жаңы чыгып келе жаткан балага же орусча, же кыргызча гана сүйлөгүлө" дешти. Анткени, баланын тили жаңы чыгып келатканда эки тилде сүйлөгөндө, бала ортодо чайналып, эки тилде тең сүйлөй албай калат экен. Кийин кызымдын тили чыгып калды.Бирок, ал жакта жалаң орусча сүйлөп, сабактарын орус тилинде окуп жатып кызым кыргызча билбей калды. Гүлмира дүлөй балдар мектебинен он эки жыл окуду. Иштеп алган акчам 40 сом болсо, 20сомун кызыма барыш үчүн милдеттүү түрдө катып коём. 14 сом менен кызыма барып келсем калган акчама үйдө калган балдарыма шаардан дарбыз көтөрүп келем. Ал убакта биздин айылга дарбызды көп алып барышчу эмес.

Байдын кызын - бай алат
Негизи "Байдын кызын бай алат, кедейдин кызын кедейдин уулу алат" деген чын окшойт. Ошол мектепте окуп жүргөндө кызымдын артынан бир дудук бала чуркап жүрүп, ага турмушка чыкты. Абышкам анда тирүү эле: "Кемпир, кызыбыз төрөсө неберени сен эле бак" деген эле. Бир күнү кызым "Мама, я не хочу родить этого ребенка. Зачем мне? Комната маленькая" дейт. Алдырып салат экен деп коркуп, кайтарып жүрдүм.

Күйөө баламдын жерин бир аял тартып алып…
Бул үйдү болсо чуркап жүрүп кызыма документтерин тууралап бергем. Ушул бөлмөдө эле бешөөбүз жашайбыз. Үйдүн аянты абдан кичинекей. Беш адам мындай бөлмөгө жатмак турсун, отуруп тамак ичкенде да батпайт. Коноктор келип калганда да кыйналганыбызды айтпа. Өзү кичинекей бөлмө болсо да коммуналдык төлөмдөрү бир топ акчаны чапчыйт. Эми мен бул үйдү кичине чоңойтсом деп жүрөм. Азыр өзүм бутум ооруп, баспай да калдым. 2004-жылы депутаттыкка талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган Асел Мамбетова деген аялга киргенимде, ал "Калыс Ордо" жаңы конушунан жер алып берген. Анан эле жердин кызыл китебин ошол жактын эле жашоочусу, бир аял алып алыптыр. Ал жерге биз үйдүн фундаментин да куюп койгонбуз. Тиги аял болсо "күйөө балаңардан сатып алдым", - дейт. "Ай, күйөө балам сүйлөбөсө кантип сатып алдың?" - десем, "жөн эле бош жатканынан жаздырып алдым", - деп жооп берип жатпайбы кашайтып.

Акча болбосо тегерегиндегилер теңине албайт экен
Жашым жетимиштен ашып калды. Ош базардан өлчөмүн 250 сомдон кийиз сатып алып, кичинекей калпак сувенирлерди тигип, ЦУМга 30 сомдон өткөрүп, неберелеримдин окуусуна акча берип турам. Кызыма өкмөт ай сайын акча берип турат. Бирок, ал акча эч нерсеге жетпейт. Өзү да басмаканада иштейт. Эки неберем Бишкектеги француздардын гимназиясында окушат. Алардын чөнтөктөрүндө акча болбосо, чөнтөк телефондору болбосо, тегерегиндегилер теңине албайт экен. Алар жакшы кийинсин, элден калбасын деп тапкан акчамды неберелериме берем.

Төлөбүбү
Касымалиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??