п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Чынжырча

Тележылдыздар
темасы...
Бул жолу "Чынжырча" рубрикасынын терезесин черткилеп телеалыпбаруучулар келишти. Буту-бутуна тийбей, чарчоо эмне экенин билбей иштеген дикторлор менен алыпбаруучулар бири-бирине кызыктуу суроолорду узатышып,
ал-ахыбалдарын сурашып, чынжырчанын чынжырын үзбөй андан ары улантышты. "Обон" алгачкы суроону Эрнис Кыязовго берди.

- Эрнис мырза, бир күндө ишиңизге анан үйүңүзгө канча саат бөлөсүз?
Эрнис Кыязов:
- Мен эртең мененки 8.00дөн кечки саат 19.00гө чейин жумушта болом. Калган убактымды үйгө бөлөм. Алтынчы, дем алыш күндөрү үйдө балдарым менен эс алып, бир туугандарымдын үйүнө барып, кадимкидей чер жазам. Алмаз Касымалиевге суроо узатат элем.
- Алмаз иним, сенин мүнөзүңдү, эфирдеги кыймылыңды, сүйлөгөнүңдү Бактыбек Мамытовго окшоштурам. Өзүң буга кандай карайсың?

Кыял Шаршеева:
- Менин классташым, кесиптешим Алмаз, өзүңдүн иштериң көп болсо дагы, ушинтип мени эстеп ал-ахыбалымды сурап, тынчсызданып койгонуңа чоң рахмат. Мен азыр кандидаттык диссертациямды жактап, колум бошобой жүрөт. Кудай буюрса, илимий иштеримди бүтөөрүм менен кайрадан эфирге чыгам. Мм-м.. Мен кимге суроо берсем экен? Космос телеге жаңы келгенде жашы менден улуу болсо да "Кыял, менин биринчи мугалимим" деп тамашалап калчу. Анын сыңарындай мен дагы окуучум Космоско тамашалуу суроо узатайынчы.
- (Күлүп) Космос, кыздарга көп барып, жубайың Айгеримди таарынтпай элесиңби? Кичинекейиң чоңоюп жатабы?


Чынара Капарова:
- Элге таанымал болгондон кийин анан да жалгыз болсоң эле мындай ушактар ээрчий берет экен. Бул кайсы бир душмандардын чыгарган ушагыдыр. Азыр менде турмушка чыгайын деген ой жок. Учурда эки баламды окутуп, тарбия берип жатам. Өзүң билгендей жумуш менен үйдүн ортосунда жүрөм.
- Шайырбек, атыңа жараша мүнөзүң да шайырбы же...?


Нуркамал:
(Күлүп) Менин арыктап кеткениме ден соолугума байланыштуу эмес. Убагында "Арыктайын" деп атайын "диета" кармап көргөм. Бирок, андан жакшы майнап чыккан эмес. Эгерде Шайырбек, сенде семирүү үчүн жакшы рецептер бар болсо мага бер. Аны да колдонуп көрөйүн.
- Эрмек иним, байкасам жүгүрүп эле иштеп, элге күлкү тартуулап жүрөсүң. Бизди качан келин балалуу кыласың?


Эрмек
Нурбаев:
- Рахмат Нуркамал эже. Буюрса, менден улуу байкем үйлөнүп мага жол бошотсо эле үйлөнөм. Кыргызда улууларга жол бошотуу деген жакшы сый бар го. Болжол менен жарым же бир жылдан кийин сизди келиндүү кылам.


Алмаз
Касымалиев:
- (Күлүп) Эми аябай окшош эмесмин го. Башкалар дагы ушинтип көп айтышат. Бирок, мен атайын деле Бактыбек байкени туурабайм. Өзүмдүн болгон жүргөн-турганым эле ушул. Мен суроомду Кыял Шаршеевага берем.
- Кыял классташым, көрүнбөй кайда жүрөсүң?


Космос
Чыдынов:
- (Күлүп) Жо-ок. Андан кам санаба баардыгы жакшы. Уулум Нурдөөлөт болсо бир жарым жашка чыкты. Мени сүйүнткөнү "ата"деп тили чыгып калды. Башка сөз айта албайт. Апасын дагы, таене-таятасын деле ата дей берет.
Мен кесиптештеримден Чынара Капаровага суроо берейинчи.
- Чынара эже,кирип келген Жаңы жылда чындап эле турмушка чыгайын деп жатасызбы?ы


Шайырбек Арапов:
- Мени бир көргөн адам "Шайырбектин атына заты жарашпайт" деп айтышы толук мүмкүн. Мындай сөздөргө өзүм деле таарынбайм. Анткени, менин мүнөзүм чынында токтоо, оор басырыктуу. Бирок, өзүмдүн досторумдун арасында шайыр эле жүрөм. А Чынара эже сизди көргөндө эмнеге экенин билбейм, олуттуу болгум келе берет.
- Нуркамал эже, сиз аябай эле "диета" кармайт окшойсуз. Мүмкүн бир аз салмак кошсоңуз, мындан да жакшы көрүнмөксүз?






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??