п»ї

Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
Тасманын жаралганына отуз беш жыл болсо да ар бир көрөрман тасманын сюжетинин ийне-жибине чейин унута элек. Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган кинонун уландысы үч жыл мурда тартылып, ал да көрөрмандар тарабынан жакшы кабыл алынган.

Режиссер - Тимур Бекмамбетов
Сценарийин жазган - Константин Эрнст, Алексей Слаповский, Тимур Бекмамбетов
Башкы ролдордо - Константин Хабенский (Костя Лукашин), Елизавета Боярская (Надежда Надеждовна), Сергей Безруков (Ираклий).
Жанр - комедия, мелодрама
Жалпы бюджет - 5 000 000 доллар
Чыккан жылы - 2007-жыл

Режиссер - Эльдар Рязанов
Башкы ролдордо - Андрей Мягков (Женя Лукашин), Барбара Брыльска- (Надежда Васильевна), Юрий Яковлев (Ипполит Георгиевич),
Сценарийин жазган - Эмиль Брагинский, Эльдар Рязанов
Бюджет - 372 миң рубль
Чыккан жылы - 1975-жыл, СССР

Кинонун
кыскача тарыхы
Ынак достор Жаңы жыл астында жыл сайын мончого барып парга отуруп эс алганды салтка айландырышкан. Ленинградга жөнөй турган досунун ордуна самолётко Женя отуруп, өзүнүн дареги менен өз үйүнө кирет. Башка дарекке түшүп калганын мойнуна алгысы келбеген Женя үйдүн кожейкеси менен талашып-тартышып отуруп Надяны жигити Ипполит менен уруштурганга да жетишет. Экөө бири-бирин бир көрүп сүйүп калып, Надя аны артынан издеп келет.
Бирок, Надя менен Женя чогуу боло албай, Надя кайрадан Ленинградга кайтып келип Ипполитке турмушка чыгып кыздуу болушат. Кызынын аты Надя…Арадан отуз жыл өтүп, ал арада Женя да Галинага үйлөнүп Костя аттуу уулдуу болушат… Кайрадан Жаңы жыл, кайрадан достор чогулган мончо…бирок бул жолу Женянын досу Павел бул жолу салтты бузушуп, мончого Женянын уулу Костяны да ээрчитип алышат. Өмүрүндө ичимдик ичпеген Костяга Павел арак ичирет, эс учун жоготкон Костя көзүн ачса бөлөк үйдө жатат… Ошентип, отуз жылдан кийин Женя менен Надянын тагдырын уул-кызы кайталайт. Бул жолу Ипполиттин ордун ийгиликтүү, жаш Ираклий басат. Надя менен Женя отуз жыл мурда чогуу болбой калганына өкүнүп, жок дегенде уул-кызы Костя менен Надянын чогуу болгонуна каниет кылышат.
"Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менендин" уландысын ким ойлоп тапкан?
Кинонун уландысын "Участоктун" автору Алексей Слаповский жазган. Башында режиссер ага: "Надя менен Женяны үйлөндүрүп, кийин экөөнүн балдарын Ипполиттин балдарына жолуктур" деген вариантын айткан. Бирок сценарист өзүнүн фантазиясын иштетип, жогорудагы сюжетти түзгөн. Алексей Слаповский Надянын (Ипполит менен Надянын кызы) ролуна Милла Йововичти чакырууну сунуштаган. Тимур Бекмамбетовго бул идея жагып, актриса менен байланышса, Милла Йовович сунушталган ролдон баш тарткан. Башында клипмейкердин кино тартышына баары каршы болгон, ал тургай Тимур Бекмамбетовду колдогондордун саны саналуу гана болгон. Ал эми Эльдар Рязанов кинонун экинчи бөлүгүн тартуудан баш тартып, бирок бир эпизодго катышууга макулдугун берген.

Кино тууралуу кызыктар
Барбара Брыльски сүйлөгөндө акценти билинип калгандыктан анын сөздөрүн Валентина Талызинага сүйлөтүшкөн. Ал эми гитара менен ырдаган ырды Алла Пугачева аткарган.
Евгений Лукашиндин ордуна Андрей Мироновду, Станислав Любшин, Петр Вельяминовду сынап көрүшкөн. Мироновго Женянын образы жакканы менен анын аткарганын Эльдар Рязанов жактырган эмес. Режиссер Мироновго Ипполиттин ролун сунуштаса, Андрей Миронов макул болбой коюптур. Ал эми Надянын ролуна Людмила Гурченко менен Марина Меримсон ат салышкан.
Олег Басилашвили Ипполиттин ролуна бекитилип келишим түзгөндөн кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ролдон баш тартууга аргасыз болгон.
Кинонун жалпы бюджети 372 миң рублди түзсө, Эльдар Рязанов менен Эмиль Брагинский экөөнө бириктирип 9 миң рубль гонорар төлөп беришкен. Ошол кезде 1975-жылы "Жигули" автоунаасынын баасы 6 миң рубль болчу.
Сьёмка тартып жаткан учурда Ленинграддын көчөлөрүндө кар калбай эрип калгандыктан, кардын ордуна медициналык кебезди колдонушкан.
Кээ бир кыйынчылыктар
Алексей Слаповский (сценарист): "Башында мага сценарий жазууну сунушташканда чынын айтсам чочуп кеттим, "Эч качан тасманын уландысын жазбайм, бул кино ыйык нерсе!" деп безилдегеним эсимде дейт".
Биринчи "Тагдыр тамашасындагы" актёрлордун дээрлик баары, Георгий Бурковдон башкасы (Мончодон такыр мас болбогон Женянын досу Миша) бүт тартылган. Бурковдун киного тартылбаганынын себеби, ал 1990-жылы каза болгон. Андан тышкары Ольга Науменко (Галя) дагы тасмага тартылууга макулдугун берген эмес.
Юрий Яковлев Ипполиттин ролун кайрадан ойногонго көңүлдөнгөн эмес. "Бул эми бүткөн окуя эмеспи, биз айтчу нерсебиздин баарын ошондо эле айтып бүткөнбүз" деген. Кийин ойлонуп көрүп макулдугун берген. Яковлевдин аялынын айтымында ал бир гана гонорарына кызыкканын айткан.
Александр Белявский (Женя Лукашиндин аялы Саша) кинонун уландысына инсультка чалдыккандан кийин тартылган, сьёмка учурунда сүйлөгөнгө алы келбегендиктен анын аткарган ролу кыска жана үнсүз болгон.
Валентина Талызина кинонун уландысында деле башкалардын үнүн дубляж жасаганга макул болгону менен Барбара Брыльскинин үнүн окугандан баш тарткан. Ошондуктан кинонун уландысында Барбара Брыльскинин үнү ичке, өзүнө ылайыксыз болуп калган.

А.Сабырова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"











??.??