п»ї
 Таанышуу жарыясы


Аздек Намазбекова
Көз
мончок
Эңсеткен эркиндик
Биз күткөн сот процесси башталып, фамилияларыбыз "селектордон" айтылганда баарыбыз дүрбөп калдык. "Жараткан, колдой көр!" деп күбүрөнүп, Көктөн суранып-тиленип, ар кимибиз өз кезегибизди күтүп, жарданып турдук. Коркконумдан тизелерим титиреп, ага үшүгөнүм кошумча болуп калчылдап чыктым. Жазгы суук жандан өтүп, дене бойду чыйрыктырган муздак шамал согуп, күндүн көзү көрүнбөйт. Кабагын түндөй түйүп, башын жерге салып терең ой басып өзүнчө четте турган биздин отряддагы бир эже мени карай коюп:
- Коркпо, буюрса кетебиз. Түндө түшүмдө отряддын ичинде бешөөбүздүн керебеттерибиз ордуларында жок, биз издеп жүрөбүз. Төлгө түш деп жакшыга жооруп турам. Ошон үчүн ойлонуп өзүңдү-өзүң жей бербе. Эми буюрганы болот дечи, - деп соороткондой болду.
- Рахмат эже, оозуңузга май! Сиз айткандай эле болсунчу, - дедим жылмайып. Жакшы сөздүн күчү кандай! Жакшы сөзгө, жылуу мамилеге зар болуп турганың өзгөчө ушундай учурда билинет тура.
Он беш аялдан мен жетинчи болуп кирдим. Соттун сүрү деген кыйын да! Кирип барып эле эреже боюнча өзүмдү тааныштырып, статья, алган жылымдан өйдө айтып туруп калдым. Көп кишинин ичинен жакынсынтып, жардам күткөндөй жал-жал тиктегеним эле отрядымдын начальниги. Ал да менин абалымды түшүнө билинээр-билинбес жылмайып койгону мага чоң дем бергенсиди. Ийнимди түзөй, өзүмдү ишенимдүү кармап, коркунуч сезимим кайдадыр жоголду.
Прокурор: (Сол жакта олтурган эркек киши прокурор экен деп менден мурун кирип чыккандардан уккам)
- Намазбекова, кылган ишиңе өкүнөсүңбү? Олтурган жылдардан сабак алдыңбы? - деген маанидеги суроо берди.
- Өкүнөм, экинчи кылмыш ишине барбайм. Жаштыгымды уурдаттым, турмушум бузулду, жакындарымды кайгыга салдым деп кейийм бирок, мен камактан көп нерсени үйрөндүм, - дедим.
- Мм…м… Көп нерсени үйрөнгөнүң жакшы… Кеп, көп нерсенин ичине эмнелер киргенинде. Жакшы жактарынан сабак, тарбия алды деп эсептейли, - деп жумшак чыккан коңур үнүнөн эмнегедир ишимдин оң жагына оой турганына ишенип турдум. Ошол замат кулагым тунуп "зың-ң…" деген үн жаңырып, эч нерсени укпай калдым. Бул мен катуу толкунданганымдан болгонун түшүнүп, муруңку соттогу абалымды эстедим да азыр өтүп кетет, угуп калам деп өзүмдү-өзүм жооткоттум. Сот сүйлөп жатты. (аял киши экен) Менин бул абалым бир нече секундга же мүнөткө созулдубу айта албайм. Айтор өзүмдүн бош экенимди начальнигимдин каш кагып каалганы көрсөткөнүнөн улам боолголоп: - Рахмат! - деп сыртка шашыла кадам шилтедим. Кулагымдын чуулдаганы токтоп сырттагы аялдардын:
- Эмне болдуң, өттүңбү? Эмне дешти? - деп чурулдашкандарын даана уктум.
Сот бүткөндө жүрөгүм сүйүнүчтөн дүкүлдөй тез-тез кагып, кубанычтан карегим ысык жашка толду. Токтоно албай ыйлап жибердим. ДПНКнын ары жагында улам-улам мойнун созуп, биз тарапты тигиле тиктеп, кабатырланып күтүп турган Дарыяга жетпей жүгүрүп келаттым. "Дубачкалардын" "Бул жерге чогулуп турбагыла, отряддарыңарга тарагыла!" дешкендерине кыйылып тарап кетишип, кайра айланып келип эле чогулуп алып он бешибизди күткөн көптөгөн аялдардын:
- Апе-ей, ыйлап алыптыр, өтпөй калган го?! Ка-ап…
- Жок ай, тигине көздөрү күлүп келатпайбы, өтпөсө күлмөк беле? - дешкендерин эшиттим.
- Мен өттүм, мен бошондум! Эртең буюрса үйүмө кетем! Дарыя, мен кандай гана бактылуумун! - деп жете келип кучактап калдым. Ал болсо мага кошулуп ыйлап, туш келди өпкүлөп, чачтарымдан сылап жатты.
- Куттуктайбыз! - дешип он бешибизди тааныган-тааныбагандар деле сүйүнүчүбүзгө ортоктош экендерин билдирип жатышты. Бактыбызга жараша бул сотто он бешибиз тең өтүптүрбүз. Онообуз дароо үйүбүзгө чыксак, бешөө колония-поселенияга кетишет.
Бул күнү аба ырайы бузулуп, асманды түнөргөн сур булут каптап келип, жаан себелеп жаап киргенине карабай беш отрядда тең күлкү, кубаныч жаңырып турду. Менин көкүрөгүмдөгү жеңилдик, кубаныч сезимимди айланамдагыларга тең бөлүшкүм, аз да болсо аларды ойдон, санаркоодон алаксыткым келди. Дарыяга сөз берип койгон ашкабак мантуну жасаганга киришип, "проходума" болушунча кенен дасторкон жайдым. Ушул жылдар аралыгында мага санаалаш, муңдаш, туздаш болуп калган беш-алты аялды чайга чакырдым. Кечки "проверкадан" кийин чогулуп, бир топко чейин көңүлдүү олтуруп тарадык.
- Берекем, мындан кийинки жашооңдо кайгың аз, кубанычың көп болсун! Ушул сыныңдан жазбай түз жүр. Бактың ачылсын! - деп алкашып;-Кийин сырттан кезигишип калсак жаныбыздагыларга сыр бербей (Эмне, түрмөдө чогуу олтурдук эле демек белек?!) "Ии-й, "Незабудка" деген эс алуучу жайда чогуу эс алдык элек" деп учурашып, унутпай эстей жүрөөрсүң,- деп күлүп узашты.
Баары ойдогудай өттү. Бир гана "отбойдун" алдындагы көңүл кирдеткен окуяны эске албаганда.
Жуунучу бөлмөгө кирсем, жакшы сүйлөшүп, ымала санашып калган бир апа бар эле. Бетин жууп жатыптыр. Жана чайга чакыраарда отряддын ичи-сыртын эки айланып таппай калгам. Көзүмө чалдыкканы ушул.
- Апа, кайда жүрдүңүз, жана издедим сизди. Уктуңуз да соттон өттүм, буюрса эртең чыгарышат деп жатышат. Сиздин да эртерээк бошоп, неберелериңиздин жанына барышыңызга тилектешмин! - десем эле кабагын чытып, сөзүмдү жактырбагандай мурдун чүйрүй:
- Ии-и! Ошентип силерге окшогондор абакка бир бутуңар кирип-кирбей жатып эле кайра кете берет турбайсыңарбы?! Биз бечара, минтип мунапыска да илинбей, арызыбыздан деле оңчулуктуу жооп албай, ай караган текедей мөөнөтүбүздүн аягына чейин күтүп олтурабыз да! - деп колунун суусун силке сүйлөнсө эле, ысык илебиме суу сепкендей муздап, эмне дээримди билбей жалдырап туруп бердим. Наркы кранда бет аарчысын жууп жаткан Зейне аялды таңыркай тиктеп:
- Кызыксыз го, жаш кыз сизди "апалап" сыйлап, жакшы көрүп сүйүнүчүн айтса, сиздин бул эмне деп турганыңыз?! Сүйүңкүрөбөй турсаңыз деле сыр бербей, кары киши катары жакшы сөзүңүздү арнап койбойсузбу! Кекетесиз да тим эле. Сизден эрте бошонсо демек, маңдайына ошондой жазылган. Мунун статьясы амнистияга илинип, сиздики илинбей калганы үчүн Аздек күнөөлүү эмес да! СИЗОдо чогуу олтурган аялдарыңыз "ичине таруу айланбаган ичи тар, көрө албас катын" дешсе, "Жо-ок, сонун апа! Эч ким менен иши жок, өзүнчө эле күнүн өткөрүп жүргөн немени да ушактап жөн койбойсуңар" деп таламыңызды талашып жүрсө. Көрсө… - деп оозун жыя электе ачууланган аял колундагы суу болгон самыны менен Зейнени бетке чапты. Зейне мындайды күткөн эмес эле, алактай, ийниндеги сүргүлү менен кайра аялды бет талаштыра коюп калды. Мен чырылдап ортого түшө калсам, арачыга алты таяк дегендей, аял мени чачтан апчый кармап, жуунучу кранга күч менен түрттү эле бетим менен күзгүгө бир тийдим. Жүзүмдү колум менен калкалай теңселе туруп калдым. Зейне болсо, ал учурда аялды кантип жерге жыкканын билбейм, карасам эле тырпырап айкырып ыйлап, чачтары саксайып, жоолугу босогодо, өзү полдо жатат.
- Зейне-е токтот! - деп кыйкырганымдан кийин гана Зейне аялды жекире бир тиктеп алып сыртка чыгып кетти. Ызы-чууну уккан эки-үч аял чуркап киришип, тургузуп калышты.
- Ар-рам гана мастаке! Мени чапкан колуң көтөрүлбөй, менин жашыма жетпей калгыр! - деп каргап-шилеп, кыйкырып ордуна жетти.
Аялдар чуу эмнеден чыкканын түшүнүшпөй, "Эмне болуп кетти?!" деп үчөөбүздү алмай-термей карап калышты.
- Как башыңа көрүнсүн! Ой, өзүңөр деле билесиңер да, "Аздеке, айланайын, сенден секет кетейин" деп эле мунун жанын койбой жалынып-жалбарып, өпкө жүрөгүн чаап жүрчү эмес беле?! "Кыздарынын шарты болбой, үйүнөн киши келбесе, боорум ооруйт. Жакшы апа" деп Аздек муну бөтөнчө бөпөлөп, буга байпак токуп берип, кызыл чайын ичирип жүрчү эмес беле?! Эми болсо кетээринде "Рахмат кызым, сыйыңды көрдүм. Батамды берейин" дебей чыгып баратканына ичи тарып, көрө албай ачуу тилин агытып жатпайбы. Мына ушундайлардын айынан биздин аялдарда ынтымак жок, жарыбай жаман жерде отурабыз да. Турмушубуз шорлуу. Эмне, мунун "срогун" Аздек кошо өтөшмөк беле?! Ар кимдин жолу ар башка да. Кайра калп да болсо кошо сүйүнбөйбү?! Ии-ий, баары бир түшүнбөйсүң, сага корогон кайран сөз! - деп колун шилтей, жини менен жуурканын силкип, жатып алып: - Ай кыз, аңырайбай кимдин-ким экенин ажыратып билип жүр! Боор ооручу элең, боорго тептиби?! - деп мени да каарып алды. Күйгөнүнөн айтып жатканын түшүнүп, унчукпадым.
Ойдо жок жерден болуп өткөн жагымсыз окуяга жүрөгүм ооруп калды. Пендечилик кылып, бирөөнүн бактысына экинчи бирөө көз артып, жакын эле "хлебкалар" бири-бирин жамандыкка кыйып, өзгөлөргө ушактап, ууру тутунткан учурлар далай эле болгонун угуп жүргөм. Бирок… Бирөөнүн эркиндикке ачылган эшигине арам ою, ачуу сөзү менен бөгөт болоорун эмнегедир ойлогон эмес экенмин.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"











??.??