оо, Спо-орт!

Калчылдаткан кышкы спорт
Кыштын суугунан көбүбүз сыртка чыккыбыз келбей, үйдө жылуу-жумшак жаткыбыз келет. Ал эми спортсмендер мезгил тандашпайт. Алар кышында лыжа менен жарышып, муз үстүндө бийлеп спорт күйөрмандарына кызыктуу картина тартуулап келишет. Кыскасы, сөз кар үстүндөгү жана муз үстүндөгү кышкы спорттун түрүнө кирчү оюндар жөнүндө болмокчу.

Муздагы спорт
Бобслей
Мында атайын жасалган, башкарыла турган "боб" чаналары аркылуу тоодон атайын муздан жасалган жол менен, ар кандай бурулуштардан өтүп, ылдыйды карай түшүшөт. Бобслейдин өлкөсү Швейцария. 1888-жылы Англиянын Уилсон Смит аттуу окумуштуусу Санкт-Морица шаарынан эки тактайды бириктирип алып саякатка чыккан. Ошол эле жерден бобслейдин спорт клубу ачылып, чана экипажы эки аял, үч эркектен турган. Андан бери бобслей чаналары бир топ алмашылып, андагы экипаждардын саны да көбөйдү. Азыркы учурда бобслей боюнча мелдештер Европа өлкөлөрүндө, Австрияда жана Германияда өткөрүлүп келет.

Муз үстүндө бийлөө
Музыканын коштоосунда жалгыз же болбосо өнөктөр муздун үстүндө конькинин жардамы менен бийлешип, секиришип, бир буттап айланып-тегеренип, ар кандай кыймылдарды жасашат. Бул оюндун жаралуу тарыхына кайрылсак: Байыркы конькилер Одессадан анча алыс эмес жердеги Түштүк Буганын жээгинен табылган. Голландия өлкөсү музда бийлөөнүн мекени аталат. Алгачкы темирден жасалган конькилер Голландияда пайда болгон. Темирден жасалган конькини тебүүдө ар кандай фигуралар пайда болгон. Ал эми 1742-жылы Улуу Британияда коньки тебүүчүлөрдүн биринчи музу пайда болуп, ошол эле жерден музда бийлөөнүн эрежелери кабыл алынган. Ошол учурда конькинин башы аттын башы менен кооздолгондуктан, орустар "Коньки" деп атап алышкан.

Коньки менен чуркоо
Мында берилген убакыт аралыгында муз жолду мүмкүн болушунча эртерээк басып келиши керек. Коньки менен чуркоо спорттун эскирип бараткан түрүнө кирет. 1763-жылы Улуу Британияда музда чуркоо боюнча биринчи мелдеш өткөрүлгөн болсо, XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта ал өнүгүүгө ээ боло баштаган. Биринчи оюнчу ички, экинчи оюнчу сырткы муз жол менен чуркашат. Коньки тээп чуркоо боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону Эден, ал эми Европанын чемпиону болуп шведдердин Эрикссон аттуу спортсмени эсептелет. Эки спортсмен тең 1983-жылы бул наамга ээ болушкан.

Чана спорту
Бир канча убакыт мурда даярдалган чана жана даярдалган жолдогу жарыш. Спортсмендер бутун сунуп чанага жайгашып отурушат да денелерин кыймылдатуу менен керектүү багытка чананы багыттай алышат.
Чана жарышынын эрежеси эң оңой. Ким биринчи болуп белгиленген убакытта даярдалган жолду басып өтсө ошол жеңүүчү болот. Эгерде жолдо кетип баратып чанадан жыгылып кетсе, кайра эле отуруп алып, жолун андан ары уласа болот. Бирок финишке чанасы менен гана кириш керек. Мындай болбосо оюнчу мелдештен чыгарылат.

Скелетон
Эч кандай башкаруусуз эле чана менен өйдө жактан ылдыйды карай муздан түшөт. Жеңүүчүлөр 3-4 айланганда гана аныкталат. Скелетонду алгач Канадада жашаган индеецтер башташкан. Скелетондун биринчи чаналары 1887-жылы Швейцариянын Санкт-Морица шаарында жасалган. Ошондон тарта Швейцарияда Креста-Ран шаарында аталган спорт өткөрүлүп келет. Спорттун бул түрү боюнча алгачкы чемпион Дженнисон Хитон эсептелет. 1982-жылдан тарта скелетон боюнча мелдештер өткөрүлүп келет.

Шорт-трек
Абдан тар муз аянтчасы. 111,11 метр болгон муз аянтчасында спорсмендер чогуу чуркашат. XX кылымдын башталышында Канадада пайда болгон. 1992-жылдан тартып Олимпиадалык оюндардын программасына кирген.




Кардагы спорт
Лыжа жарышы - атайын бир белгиленген аралыкта, атайын дайындалган жолдо белгилүү бир жаштагы, жыныстагы оюнчулардын жарышы. Спорттун бул түрү боюнча алгач Норвегияда лыжа жарышы болуп өткөн. Андан кийин гана шведдер, финдер жана Европалыктарга тараган. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башталышында гана лыжанын клубдары ачыла баштаган.

Өзүнчө жарышуу
Өзүнчө бөлүнүп жарышууда спортсмендер белгилүү бир убакыт аралыгында жарышышат. Эреже боюнча жарыш 30 секунд убакытты түзөт. Ким биринчи болуп чыгаарын спортсмендин рейтинги боюнча аныктап, кимдин рейтинги күчтүү болсо, ошол спортсмен баштай алат. Ал эми финалдык жыйынтык оюнчунун чуркаган убакытынын негизинде аныкталат.

Артынан түшүү жарыштары
Оюнчулар бири-биринин аркасынан түшүп алышып жарышышат. Жарыштар бир нече этаптардан турат. Мында эки жол менен жарышышат. Биринчиси тыныгуу менен өтсө, экинчиси "дуатлон" деп аталган ат менен эч кандай тыныгуусуз өтөт.

Сноубординг
Катуу ылдамдыктагы жүрүш. Көбүнчө эңкейиште өтүп жаткандан кийин катуу ылдамдыкта жүрөт. Ал эми сноубордингдин түрлөрүнө - параллелдүү буруулар (слалом), супергигант жана параллелдүү гигант-буруулар кирет. Андан сырткары эркин түшүүнү өзүнө камтыйт.

Биатлон
Биатлон - Кышкы олимпиадалык спорттун бир түрүнө кирет. Мында лыжа менен жарышып, ошол эле учурда биатлонго тиешелүү болгон мылтык менен көрсөтүлгөн белгини мээлеп атып, эки оюнду бир айкалыштырат. Биатлон өзгөчө Германияда, Россияда жана Норвегия мамлекеттеринде популярдуу. Бул спорттун тарыхына кайрыла турган болсок: Биатлонду алгач 1767-жылы Швецария менен Норвегиянын чек арасындагы турган чек арачылар уюштурушкан экен. Ага чейин бул аскерлерди көнүгүү жасатыш үчүн гана колдонулса, XIX кылымда гана спорттун бир түрү болуп аныкталган. Биатлондун алгачкы жеңүүчүсү болуп швед спортсмени К. Лестандер аталган.
Биатлондо лыжа менен каалагандай кыймылда болсо болот. Ал эми лыжанын жана лыжа таягынын узундугу спортсмендин боюнун узундугуна жараша болуш керек. Андан сырткары мылтыгы 3,5 кг салмакта болуп, спортсмен далысына асынып жүрөт. Окторунун колибрасы 5,6 ммди түзөт.

Фристайл
Лыжа спортунун бир түрү болуп эсептелет. Фристайлдын курамына лыжанын акробатикасы, ски-кросс (лыжа жарышы), могул жана скиинг кирет. Лыжа балети - фристайлдын дисциплиналарынын бири. Балет спортсмендин лыжа менен ар кандай өнөрлөрүн (кыйгачтап, кадам таштап, секирип) музыканын коштоосу менен өткөрүлөт.

Лыжа акробатикасы
Спортсмен ар кандай оор секирүүлөрдү жасайт. Андан сырткары атайын бир калыпка келтирилген трамплиндерден белгилүү бир деңгээлдеги секирүүлөрдү, айланып-тоголонууларды, чимирүүлөрдү (сальта) жасашы керек. Жасалган трамплиндин (секиртме) бийиги 3,5, кичинеси 2,1 метр бийиктикти түзөт. Ал эми спортсмендин алган баасы анын трамплинден канчалык узун секирип жана жерге түшүү элементтери менен гана каралбастан, ал оюнчунун ойноо техникасына да карап баа берилет.

Могул
Бул дөбөлүү бирок, эңкейиштен ылдыйды карай бет алуу. Мында оюнчу лыжа менен бир оңду, бир солду карай кадам таштап жүрүп олтурат. Дөбөлүү жол (трасса) 2 трамплинди (секиртмени) өзүнө камтып, спортсмен андан секирүүнү жасашы керек болот. Калыстар тобу оюнчунун бурулуштарды жасоо техникасына, секирүүнүн жана аны аткаруунун сапатына ошондой эле жерге түшүү убактысына карап баа беришет.

Ски-кросс
Тоодон ылдыйды карай ар кандай бийик трамплиндерди (секиртме) толкундарды жана тоскоолдуктарды жогорку ылдамдыкта лыжа менен жарышып түшүү. Ски-кросс боюнча мелдеш эки этап менен өтөт. Биринчи этапта атайын багытталган жолду оюнчулар биринин аркасынан бири лыжа менен чуркап өтүшөт. Экинчисинде спортчуларды топ-топ кылып бөлөт. Ал эми финалда биринчи келген жеңүүчү аталат.