дарамет

Бактыгүл
Бадыева:
Көпчүлүк мырзалардын көзүн күйгүзгөн ырчы, Бактыгүл Бадыеваны өзүнө кышкы эс алуу жарыялап, үйүндө олтурган кезинде маекке тарттык.

"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
- Бактыгүл, Америкадан келгенден кийин үшүп-тоңбой үйдө олтурайын дегенсиң го, көрүнбөйсүң?
- Чынында эки айдай алыста жүрүп апамдарды сагыныптырмын. Чыгармачылыгыма эс алуу жарыялап, апама, бир туугандарыма эркелеп, жылуу-жумшак үйдө олтурган кезим. Эч кандай жаңылык деле жок.
- Анда үй оокаттарын жасап, апаңа өз колуң менен тамак жасап берип жаткан турбайсыңбы?
- Учурда апам, жээним менен чогуу жашайм. Көңүлүм келгенде үй оокаттарынын баарын жасайм. Азыр эми заманга жараша жакшы эле техникалар чыгып калбадыбы. А тамак жасаганды аябай жакшы көрөм. Бейшемби күн сайын жыт чыгарып, боорсок бышырып, түшкү тамакка аш басам. Апам экөөбүз ошол күнү жакын туугандарыбызды тамактанууга чакырып турабыз.
- Америкадан кеп козгобойсуңбу?
- Америкага чыгармачылыктагы досторум, жакшы кесиптештерим менен баргангабы, өткөргөн күндөрүбүз кызыктуу болуп, мага аябай жакты. Буга чейин бир топ чет өлкөдө болгом. Азыр акчаң болсо, каалаган өлкөңө бара аласың. Америкага деле өзүм бармакмын, бирок, ырчылар менен чогуу барган кызыктуу экен. Бир туугандай болуп урушпай барып келдик. Бизге уюштуруучу болуп, "Жүргүлө кеттик" деген продюсер, Миргүл Эсеналиевага ыраазычылык билдирем.
- Англис тилинен кыйналган жоксуңбу?
- Англис тилинен чет өлкөгө чыккан сайын кыйналам. Дайыма жаныма котормочу алып жүрчүмүн. Бул жолу көп деле кыйналган жокмун. Анткени, Миргүл, Микаэль, Омар англис тилинде жакшы сүйлөшөт. Чогуу жүргөндө бизге алар жардам берип жатышты. Кээде дүкөндөрдү өзүм жалгыз кыдырган күндөрүм деле болду. Андай учурда сөздүк китепчесинен керектүү сөздөрдү карап жаттым. Түшүндүрөм десең эле түшүндүрө алат экенсиң. (Күлүп)Аябай болбой баратса эки колуңду жаңсасаң деле болот да.
- Өзүңө жардамчы ээрчитип жүргөнүңдү көрөбүз?
- Дайыма жардамчы ээрчитип жүргөнгө өзүм кызыкпайм деле. Кээде ишиң көп болуп, эки жакка барганга жетишпей каласың. Ошондуктан жумушумда жардамчымдын болгону жакшы.
- Азыр кээ бир ырчы кыздар жардамчы эмес, жан сакчы да жалдап калышпадыбы?..
- Менин жансакчым Кудай. Эгерде өлтүрөм десе жансакчыңа деле карабайт. "Сактансаң сактаармын" дегендей, Кудай деп жүрсөң, эч нерседен коркпойсуң.
- Машинаңда дайыма кайсы буюмдар жүрөт?
- Мурда машинамды өзүм айдап жүргөндө кереги барбы, жокпу, болгон буюмумду салып алчумун. Өзгөчө косметикаларым, сахнага кийген кийимдерим көп болчу. Азыр ноутбуктан башка ашыкча буюмум деле жок. Анткени, айдоочум машинаны ирээттүү жыйнап, өзү тазалап, жуудуруп, карап турат.
- Кийимдердин коллекциясын чыгардың эле. Сыр болбосо бир көйнөктүн баасы канча турат?
- Коллекция боюнча айтсам, кичинекей кезимден бери куурчактарга кийимдерди тикчүмүн. Бир жыл ичинде жалаң кийимдердин эскизин тарттым. Анан өзүм үчүн бир жылда бир жолу 40-50 көйнөктү чыгарсам болот экен деп, былтыр жеке концертимде коллекциямды эл алдына көрсөттүм. Көйнөктөрдүн эскиздери мага эргүү сымал келет. Ал учурда дароо кагазга көчүрүп калам. Алардын баасы кымбат деле эмес, 200-500 долларга чейин болду. Башкалар туурап эле чыкпаса, эксклюзив. Бир тигилген көйнөк кайра кайталанбайт.
- Өзүңдү сулуу көрсөтүш үчүн кандай аракет кыласың?
- Ар бир аялзатын сулуу деп эсептейм. Кудай аялзатын жаратканда өзгөчө нур чачып берген. Эң негизги сулуулук жандүйнөнүн анан адамгерчиликтин сулуулугу деп ойлойм. Ошентсе да сырткы келбетке сулуулук кошо турган "макияж", чачыңдын жасалгасы, анан жарашыктуу кийим да адамга сулуулук берет. Кыз болгондон кийин өзүндү карашың керек. Мен дайыма "фигурная", ден соолугум чың болот дечүмүн. Өзүңдү карабасаң ооруп калат экенсиң. Ден соолук бизди артка тартышы мүмкүн экен. Ошентсе да 24 жылдан бери өзүмдү бардык жагынан бактылуумун деп эсептейм.
- Өзүң жөнүндө ушак укканда кандай абалда болосуң?
- Мен ушактарга көңүл бөлбөй, өзүмдүн ишимди кылып жүрө берем. Бекерчилер, көрө албагандар, өздөрү сендей боло албагандар ушак айтышат. Жумушу бар адамдар бирөөнүн ишине кийлигишпейт. Мени башкалар канчалык көп ушакташса, менин күнөөмдү азайтышат. Шариятта да ушак айткан күнөө.
- Сен деп жүргөн мырзалардын үмүтүн үзүп, качан турмушка чыгасың?
- Жеке турмушум жөнүндө айтып, жарыялагым келбейт. Менде азыр баары жакшы. Жигитим бар. Жүрөгүм бош эмес. Кудай буюрган күнү балким, эртең турмушка чыгаармын. Бул менин жашоом.
- Кичинекей балдарга жакын. Аларды эркелеткенди жакшы көрөт деп айтышат, жакындарың?
- Ооба. Наристелерди, кичинекей балдардын баарын жакшы көрөм. Аларды периштелер деп эсептейм. Өзүмдүн байке-эжелеримдин балдарын "Маленький мой, сладкая моя"деп эркелетип баштайм. Кудай мага ден соолук берсе көп балалуу болгум келет.
- Кышында чана, лыжа тепкенге кызыгасыңбы?
- Чана тепкенге караганда лыжаны жакшы көрөм. Былтыр январь айынын башында апамдар менен үч-төрт күндөй лыжа тээп, тоодо эс алганбыз. Быйыл бара элекпиз. Балким, жакшы кар жааса барып калабыз.
Айнура Касымова