п»ї

  Тамаша кылсак күлөсүңбү? Же...

Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?
"Обондун"тамашасына актриса, ырчы Асема туш болду. Асеманын тамашага түшүшүнө бизге жолдошу Акжол менен Азат Дөөткулов жардам беришти. Алгач Асемага телефон чалып, УТРКдагы Азат Дөөткуловдун студиясында ыр жаздырып жатканын билип, интервью алганга мен да ал студияга жөнөдүм.Тамашанын сценарийинде мен Асемадан интервью алып баштаганда, башка кабарчы кызыбыз анын уюлдук телефонуна кафеде иштеген официант кыз болуп чалды. Мен болсо, биздин кабарчыбыз менен кызуу сүйлөшүп жаткан Асеманы сүрөткө тартып, ошол учурдагы абалын чагылдырдым. А Акжол болсо ал убакта УТРКнын айланасында эле жүргөн. Асема ага канча жолу телефон чалса да атайын алган жок. Анда тамаша башынан болсун.


- Алло, бул Асемабы?
- Ооба, угуп жатам.
- Асема сенин күйөөңдүн аты Акжолбу?
- Да. Эмне болду?
- Мен сага "Азия Ордо" кафесинен чалып жатам. Сенин күйөөң биздин кафеде бир кыз менен олтурат го?..
- (Каткырып) - Ой, боорум ай, сен менин телефонумду кайдан алдың?
- Мурда бизде администратор болуп иштеген Назира эжеден алдым.
- Ал азыр иштеп жатабы?
- Жок. Кыз төрөп, декретке чыккан.
- Акжол азыр менин жанымда олтурбайбы?..
- Кандайча? Ал азыр жанагы кыз менен биздин кафеде олтурат. Күрөң жемпир, жинсы шым, кара куртка, кара топу кийип алыптыр. Топусун болсо тиги кыз кармап олтурат. Столдун үстүндө роза гүл турат. Ишенбесең, кел өзүң.
- Кана анда телефонду Акжолго берсеңиз. Мен сүйлөшөйүн.
- Мен аларга "мешать" этпейм. Биз бул жактагы официант кыздар менен мелдеше кеткенбиз. Ошон үчүн сизге чалып жатам. Же болбосо мен сенин күйөөңдү деле тааныбайт экенмин.
- Мен анда Акжолго өзүм чалып көрөйүнчү?..
Маңдайында олтурган мага карап, "Кимдер тамашалап жатат? Же Акжол мени сынап өзү чалдырып жатабы? "деп, өңү бузулуп, жолдошуна чала баштады. Акжол болсо трубкасын таптакыр алган жок. Мындайды күтпөгөн Асеманын маанайы түшүп, жанындагы Азат Дөөткуловго:
- Азат байке, "Акжол азыр бир кыз менен кафеде олтурат"деп "Азия Ордодон" официант кыз чалып жатат.
Азат: - Жинди болбочу. Акжол азыр кайда эле?
- Жумушуна кеткен.
- Анда болду да. Ал официант сенин телефонуңду кайдан алыптыр?
- Биз ал кафедегилерди тааныйбыз. Администратор эжеден алыптыр.
- Сен тааныган кафеге Акжол башка кыз менен барбай калсын. Барса да, тааныбаган кафеге барат да.
- (Азат байкеге эркелеп, мурунун чүйрүп) Жөнүңүзчү, кийген кийимдеринен бери айтып жатпайбы. Роза гүлү бар экен. Кара топусун кармап турат деп коёт. Хмм-хмм... А эмнеге менин телефонумду албайт анда. Берсеңиз сиздикинен чалып көрөйүн.
- Сиздикин да албай жатат.
- Эй, кайда бармак эле. Болду эми. Кайра-кайра чалсаң алат. Мен азыр келем. Силер олтуруп тургула деп, Азат мырза сыртка чыгып кетти.
- Мына, жашоо деген ушундай. Маанайым түшүп калды. Чын элеби?.. Же... деген маалда Азат байке менен Акжол кирип келди.
- Эй, Акжол сен мени текшерип жатасыңбы?
- Бул "Обон" гезитинин тамашасы болчуда.
- Ай, ий, баарыңар калпычы турбайсыңарбы? Азат байке, мен сизди азыр өлтүрөм. (Күлүп) Эмнеси болсо да кыйын экенсиңер. Силерге таң бердим.




- Асема, официант кыздын айтканына дароо ишендиңби?
- Башында ишенген жокмун. "Кафеде бир кыз менен олтурат"- дегенде күлкүм келип, боорум эзилип калды. Анан эле кийип жүргөн кийимдерин, топусуна чейин айта баштаганда ишендим. Жиним келип кетти. Кызганганда адамдын жини келип кетет го.
Акжол: - Ой, каяктагы кафе? Кыял базарына барып, балага сонун "пижама", атайын бир жашка деген кичинекей маасылар бар экен, сатып алдым. Анан үйгө барып апамдын жанына олтуруп, балага кийгизип, саат бирде кайра бул жакка чыкпадымбы. Адахан болсо маасыны кийип алып, кичинекей болсо да жаңы экенин билди окшойт, улам-улам башын ылдый кылып бутун карап коёт.
Асема: (Күлүп) - Ий, анан сонун болуп калдыбы?..
Акжол: - Ооба.
- Акжол, абдан баласаак окшойсуз?
Акжол: - Баласаак элемин. Кыргызда "Атанын назары балага түшсө жаман"деп коёт го. Бул да бекер жерден айтылган сөз эмес да. Ошон үчүн өтө жакын болбоюн деп калам.
- Үйдө кимиңер көбүрөөк кызганчааксыңар?
Акжол: - Асеманын чыдамы жок. Ойлодум эле, тамаша экенин билбей, интервьюнун ортосуна келгенде кетип калат го деп.
Асема: - Охо, тапкан экенсиң, кафеге барбайт болчумун. Ансыз да бул жакта ишим көп болчу. (Күлүп) Кечинде үйгө барганда айтмакмын да. Чын эле билбейм эмне кылмакмын. Жиним аябай бат келет.
Акжол: - Асемага бир чети "удар" эле болду окшойт. Анткени, кандай жумуш болбосун, кайда болсом дагы телефонду алам, же смс жазам. Бул жолу таптакыр байланышпай койсом, ишенди окшойт да.
Асема: - Бир жолу тойго бардым. Мага Акжол чалып жатат. Баары бир угулбайт деп албай койгом. Үйгө келсем, "Сага бала керекпи, бул керекпи, тиги керекпи?" деп жинденип калыптыр. Улам-улам колумдан тарткылап, түртүп алган. Мен болсо Акжолдун ошондогу кебетесин көрүп алып, аябай күлкүм келди.
Акжол: - Элестет. Мен үйдө бала менен олтургам. Жанымда апам бар. "Мынчада келем" деп курбусунун тоюна кеткен. Жок. Убакыт өтүп, "лимити" түгөнүп баратат... Анан жиниң келеби?..
- Экөөңөрдүн таарынычыңар кызганычтан улам эле чыгат экен да?
Асема: - Көп учурда Акжол мени элдин көзүнчө уят кылат. Мисалы, тойго барганда мындай кылалы, тигил жерден минтип айталы деп чогуу эле кеңешебиз. Анан коноктон ошол шансты коё бербей айта калайын деп чыйпылыктасам, "Качан мен ошеЫнтип айттым эле?-дейт. Үйгө келгенде ошонун айынан урушуп жатып калабыз. Кээде убактым жок деп айтып калсам, "Дордойго, кийингенге убактың бар, ушуга жокпу?"деп мени чычалатат. Жакшы эле таарынайын дейм, бирок, бат жазылып кетем.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"











??.??