п»ї

  асылзат

Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
Атактуу болууда адамдын аты гана эмес анын фамилиясы да чоң роль ойнойт эмеспи. Кээ бир атактуу айымдарыбыз эл журттун астында кайын-журтунун туусун желбиретип келишет. Кантип дебейсизби? Жолдошунун фамилиясына катталып алып эле. Анда кыргыздын айрым атактуу айымдары жолдошунун фамилиясына кантип катталып алгандыгы туурасында кеп козгойбуз.

Сабира апаны биринчи күйөөсүнүн
фамилиясында
Муратбек ата калтырган
Кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн көрүнүктүү актриса, кыргыз театрынын "Умай энеси" Сабира апа да биринчи күйөөсүнүн фамилиясында Күмүшалиева болгонун эч ким биле бербесе керек. Сабира апа Күмүшалиев деген жазуучу адам менен турмуш жолун баштаган. Ал киши согушка кетип дайынсыз жоголуп кетет. Ал ортодо Сабира апа Муратбек Рыскулов менен арзышып калып, баш кошуп бирге түтүн булатып калышат. Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин Күмүшалиев Сабира апага келиптир. Ортосунда эмне сөз болгонун ким билсин, бирок Муратбек Рыскулов Сабира апага: "Күмүшалиев жаман адам эмес, анын фамилиясында эле кал" деп биринчи күйөөсүнүн фамилиясында эле калтырган экен.

Гүлбүбү Иманалиева:
экс- жолдошунун фамилиясында
Ырчы айым Гүлбүбү Иманалиева да башка атактуу айымдардын катарын толуктап, өзүнүн экс-жолдошу, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин фамилиясын алып жүрөт.

Күлүйпа Керимбаева:
"Бардык документтерде фамилиям Бейшебаева"
Кыз кезимдеги фамилиям Бейшебаева. Менин бардык документтеримде Бейшебаева боюнча элемин. Бирок, элдер мени Керимбаева деп билишет. Мен ырдап чыга электе эле көптөгөн ыр сынактарга катышып жүрчүмүн. Бир күнү жакшы көргөн кайын сиңдим келип "Биздин Керимбаева деген фамилиябыз сиздин атыңызга окшошуп кетет экен. Күлүйпа Керимбаева болуп алсаңыз элдин айтканына оңой болот. Ушул фамилияга эле өтүп албайсызбы?" дегенинен улам жолдошумдун фамилиясына оозеки түрдө эле өтүп алгам. Кээде документтер менен иш алып барыш керек болгондо "Сиз Бейшебаевасызбы"-деп таң калышат.

Тамара Жаманбаева:
"Турмушка чыкканда эле жолдошумдун
фамилиясына өтүп алгам"
- Кыз кезимдеги фамилиям Бакиева болчу. 1974-жылы Жаманбаев Акматбек Сагынович аттуу адамга турмушка чыктым. Ошол эле жылы жолдошум "Менин фамилияма өтөсүң!" деп туруп алганынан, аны кыя албай жолдошумдун фамилиясына өтүп, Жаманбаева болуп калгам.


Жанета Бобкова: "Алгач көгөрүп
жатып, бир күндөн кийин өткөм"
- Менин кыз кезимдеги фамилиям Баялиева. "Бүлдүркөн" деген ырды жаңы ырдап чыкканымда Баялиева болуп чыккан элем. Денис менен баш кошоордо экөөбүз Бакыт үйүнө барып үйлөнгөнү арыз жазып жатканда, мен өзүмдүн эле Баялиева деген фамилиямды жазгам. Денис "Экөөбүз бир үй-бүлө болуп жаткандан кийин сен баш болуп, балдарыбыз да бир фамилияда болушу керек" деп талап койгондо мен көгөрүп болбой койгом. Ошентип, ал күнү арыз жазбай калдык. Бирок, Денис мени бир күндүн ичинде эле кайра көндүрүп койду. Эртеси ээрчишип барып, арыз жазып Бобкова болдум. Фамилиямды көпкө чейин кайнатама уялып, айта албай жүрдүм.

Анжелика Бекболиева:
"Фамилиямды өзгөрткөнүм үчүн кайын-журтум сүйүнүшөт"
- Алгач сахнага чыгып баштаганда Турдушаева деген фамилия менен чыккан болчумун. Ал фамилия менен 2-класска чейин гана жүрүп, андан кийин өзүмдүн атамдын атына Кайрат кызы болуп документимди өзгөртүп алган элем. Турмушка чыкканча ал фамилия менен жүрдүм. Кийин жолдошум экөөбүз баш кошкондон кийин Бекболиева болуп алдым. Анткени, Кайрат кызы менен чет мамлекеттерге чыкканда бир аз кыйынчылыктарды туудуруп калат экен. Эл менин үч фамилиямды алмак-салмак айтышып алмаштыра беришет. Бирок, азыр ырдаганы сахнага чыкканда жолдошумдун фамилиясы менен чыгып жатам. Фамилиямды өзгөрткөнүм үчүн кайын-журтум абдан сүйүнүшөт.


Нурзат Айталиева:
"Кайненеме жагыш үчүн өткөм"
- Биз жолдошум экөөбүз үйлөнөөрдө кайнежем телефон чалып калып, апамдын (кайненем) Айталиева деген фамилияга өтүшүмдү каалап жаткандыгын мага акырын билдирген эле. Анан жаңы барганда кайын-журт дегенге жаккың келет экен. Мен ошентип, кайындарыма жагыш үчүн кайненемдин каалоосу менен "Айталиева" деген фамилияга документалдуу түрдө өткөм. Азыр бардык документтеримде "ЗАГС", "Дипломдук иш" ж.б. Айталиева деген фамилиям жазылып жүргөнү менен ММКларда көнүп калышкангабы, мурунку кыз кезимдеги Токтосунова деген фамилиям айтылып, жазылып жатат.

Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"











??.??