"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?
"Пулуң болсо - кулуңмун" дегендей, азыр биздин өлкөдө да байлар эс алуусун өзгөчө өткөргүсү келишип, чет жерге сапар алганы модага айланып бараткандай. Кээсин мисал келтирсек: Депутат Аскарбек Шадиев өзүнүн кышкы каникулун Европанын белгилүү бир шаарында өткөрүп келген болсо, Исхак Масалиев жакынкы Кытайдын борбору Пекинге барып, кытайлыктардын кышын көрүп келген. Дагы бир депутатыбыз Аскар Салымбеков өзүнүн жубайы Гүлмира Сулайманова жеңебиз менен Кытайдын Хайвань шаарында кышкы эс алуусун кызыктуу кылып өткөрүп келишти. Ал эми Кубанычбек Исабеков болсо Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатына барып эс алганга жетишкен. Ошондой эле "Аврорада" тыпылдаган телеалыпбаруучу Чынара Капарова эжекебиз да жумуштун баарын унутуп, эс алып келип Жаңы жылда ишке жаңы дем менен чыкты. Ал эми айрым инсандарыбыз кайда эс алгандарын өздөрү айтып беришмекчи.

Бегалы Наргозуев: "Төө -Ашуунун төбөсүнөн лыжа тептим"
- Мен 7-8-январда Төө-Ашуудагы Жогорку Кеңештин депутаты Борис Анатольевичтин былтыртан баштап ишке кирген "Төө-Ашуу" лыжа -базасына барып, болушунча эс алып келдим. Биз кесиптештерибиз менен "Жаңы жолборс жылын "Төө ашуу" лыжа базасынан тосуп келели" деген ойлорубуз бар эле. Тилекке каршы, 29-декабрь күнү телефон чалсак ал жакта орун калбай калганына байланыштуу ошол учурда бара албай калдык. Анан 5-январь күнү "Орун бошоду" деп чалган соң, "эки күн болсо да эс алып келели" деп жөнөдүк. Ошентип, 7-8-январда ошол жакта болдук. Калган бош убактымды жылуу үйдө, мештин жанында көңүлүмө жаккан китептерди окуп өткөрдүм.

Өмүрбек Текебаев: "Балдарым менен үйдө болдум"
- "Жумуш-жумуш" деп жүрүп, абдан чарчап калыптырмын. Быйылкы кышкы каникулумду балдарым, жарым менен жылуу үйдө, мештин жанында олтурууну каалап, көп убактымды үйдөн бир карыш чыкпай өткөрдүм. Ал эмес, туугандарымдыкына да көп барган жокмун.


Гүлнур Сатылганова: "Балам экөөбүз лыжа тээп келдик"
- Балам экөөбүз кыштын кычыраган суугуна карабай 4-январдан 11-январга чейин Каракол шаарындагы "Горнолыжная базада" өзүбүздүн кышкы каникулубузду өткөрүп келдик. Жыл сайын Жаңы жылды үйдө тосуп алып эле Ысык-Көлдү карай Каракол шаарына барып карга оронуп ойноп, лыжа тээп келмейинче ыраазы болбойбуз. Муну адатка айлантып алганыбызга төрт жыл болду.


Асел Турдалиева: "Концерттен кийин эле ишке кириштим"
- Жаңы жолборс жылын өзүм ойлогондой эле үйдүн шартында кызым, досторум менен эң мыкты маанайда тосуп алдым. 1-2-январда Бек Борбиевдин концертине катыштым. Кыргызстандын бардык мамлекеттик ишканаларында, мекемелеринде 11-январга чейин эс алуу күнү болгону менен биздин окуу жайда (Улуттук Консерваторияда) сессия башталгандыктан, мен 3-январдан баштап эле жумушка чыктым.

Султан Раев: "Үй-бүлөм менен эс алдым"
- "Иш" деп жүрүп чарчап калгангабы, үй-бүлөмдүн жанында гана болдум. Башка жерге да барган жокмун. Негизи мага Кыргызстандын кышы гана жагат. "Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы" эмеспи. Анын сыңарындай, Кыргызстандын кышы гана мага чыныгы кыштай сезилет. Ошондуктан ар бир кышта Кыргызстанда эле болгум келет. Быйыл да колдон келишинче, бардык жумуштарымды унутуп салып, эч нерсени ойлобой эс алганга аракет кылдым.

Турусбек Мамашов:
"5 жылдык уйкунун планын толтурдум"
- Беш жылдан бери уйкудан аябай куурап кеткен элем, бул жылдагы кышкы каникулумда эч жакка барбай үйдө уктап, беш жылдык уйкунун планын толтурдум (күлүп). Китеп окуп, телевизор көрүп үйдө эле жаттым. Жада калса досторумдун үйүнө да барган жокмун. Үйдө жатып 11 күндүн кантип өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Эми жумушка чыгып иштеп жатабыз.

Гүлзинат
Суранчиева: "Караколго барып келдим"
- Жаңы жылга жакын катуу иштегенбиз. Ошондон абдан чарчап калгангабы, үйдөн чыккым келген жок. Жакында эле сиңдим кышкы каникулга келип, сиңдимди Ысык-Көлдүн Каракол шаарына жеткирип барып, туугандарым менен учурашканча эс алып келдим.